© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Бишкек: батут коопсуздугуна эч ким жооп бербейт

Жылдын жылуу мезгилинде шаарда балдардын арасында батут популярдуу. Бирок алардын көпчүлүгү мыйзам бузуулар менен иштетилет, ал эми муниципалдык органдар коопсуздук стандарттарын сактабайт.


Биздин  Facebook баракчабызга жазылыңыздар


Бул журналисттик иликтөө «ПолитКлиника» интернет-басылмасынын журналисттери менен бирге даярдалды.   

Бишкек шаарында балдардын көңүл ачуусу жана эс алуусу үчүн көптөгөн оюн-зоок жайлары бар.  Алардын арасынан баарынан популярдуусу бул батут оюндары. Бирок алардын баары эле коопсуз болуп саналбайт жана туура эмес пайдаланганда зыянын да тийгизиши ыктымал.

Бишкекте батут – балдар арасында кеңири тараган оюн-зоок. Фото: lalafo.kg

Батут бул балдар жана чоңдорго ылайыкталган үйлөмө түзүлүш  Алар ар кыл формада, өлчөмдө жана түстө болот, абдан бекем ПВХ материалдарынан даярдалат. Формасын кармаш үчүн дайыма желин үйлөтүп турчу компрессорду пайдаланышат. Адатта, мындай батуттардын коргоочу торчосу болот, алар 2 жаштан 12 жашка чейинки балдардын секиргенине ылайыкталат.  Батуттун салыштырмалуу арзан баасы алардын Кыргызстанда да популярдуу болуп, кеңири таралышына шарт түздү. Батут парктарда, соода түйүндөрүнүн тегерегинде, эл арбын эс алган жайларда орнотулат.

Ушул жылдын жай айында Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, батут кулап кетти. Андан сегиз бала жабыркап, төртөө ар кандай жаракат менен ооруканага кайрылды. Алардын арасынан үч жашар кыз башынан катуу жабыркады. Балыкчы шаарынын ооруканасынан наристени Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун реанимация бөлүмүнө которушту.  Бирок алган жаратынан улам 19-июнда ал чарчап калды. Наристе кыз кулаган кезде анын улуу бир тууганынын да тизеси сынган деп диагноз коюшту.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2019-жылы балдар үчүн орнотулган батуттарга байланыштуу сотко чейинки 4 иш катталган.

«2019-жылдын январь айынан 22-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жоруктар бирдиктүү реестринин автоматташтырылган бирдиктүү маалымат системасында сотко чейинки өндүрүштө 4 иш катталган. Бир киши кайтыш болгон. Азыркы учурда жогорудагы документтер өндүруштө турат»,- деп билдирди Башкы прокуратура.

Шаардын парктарында батуттар эч кандай сертификаты жок эле иштетилип жатат

Бишкек шаарынын И. В. Панфилов атындагы шаардык паркында  («Панфилов паркы» деген аталыш менен белгилүү», – эскертүү. ред.) жылдын жылуу мезгилинде 3 батут иштетилет. Алардын арасынан эки батут  Евразиялык экономикалык комиссия Кеңешинин 2016-жылдын 18-октябрында кабыл алынган ЕАЭК ТР ЕАЭК 038/2016 «Аттракцион коопсуздугу тууралуу» чечими жана Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 18-апрелинде күчүнө кирген чечиминин негизиндеги коопсуздук эрежесине туура келбейт.

«Ак үй» тарапта орнотулган батут жерге бекитилип байланган эмес, батутту жерге бекитип байлоо боюнча ЕАЕКтин «Аттракцион коопсуздугу» тууралуу техникалык регламенти талап коёт. Батут анкер же балласт буроолору менен жерге сөзсүз бекитилип коюлушу керек. Батуттун ар тарабы атайын түйүндөр менен бекитилет.

Шаардын дагы бир, Кемаль Ата Түрк атындагы паркында («Ата Түрк паркы» катары белгилүү», – эск. ред.) 4 батут иштетилген. Алардын бирөө дагы жерге балласт системасынын жардамы менен атайын анкер же трос менен бекитилген эмес. ЕАЭКтин жогоруда аталган регламентине ылайык, ар бир батуттун эксплуатациялык документтери жана уруксат сертификаты болушу керек.

Панфилов атындагы паркта батут тиешелүү түрдөбекитилип коюлган эмес. Фото: авторлордуку
Бул тиешелүү түрдө бекитилген батут. Фото: sreconomica.ru

 

 

 

 

 

 

 

 

Панфилов паркында батут иштетип жаткан Гүлбара Ибраимова батут иштетүүгө уруксат сертификаты жок экенин мойнуна алды:

«Чынын эле айтайын: менин эч кандай сертификатым жок. Биз парктын администрациясынын уруксаты менен эле иштейбиз»,- деп айтты ал.

Ишкерлер батут коопсуздугуна жоопкерчиликти алышат 

Батут коопсуздугуна, иштетилишине жоопкерчиликти ала турган органды издеп, биз шаардын бир катар  муниципалдык мекемелерине бардык:

– Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык мамлекеттик инспекциясына;

– Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы жер ресурстары башкармалыгына;

– Бишкекбашкыархитектурага;

–«Шаардык парктар» муниципалдык ишканасына жана жогоруда аталган парктардын директорлоруна;

– Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык мүлк башкармалыгына;

– Бишкек шаардык мэриясына.

Жогоруда аталган мекемелерге көптөгөн кайрылуулардан кийин, мамлекеттик бир да мекеме, орган батут иштетүү коопсуздугуна жооп бербей турганы анык болду.

«Биз жерди ижарага берип жаткандан кийин, келишимде каралган талаптарды гана текшере алабыз. Мисалы, жердин ижара акысынын гана төлөнүшүн»,- деп айтты Бишкек шаарынын жер ресурстарын башкаруу башкармалыгынын бөлүм башчысы Мирлан Ахметов.

Ата-энелер балдарынын коопсуздугуна кандай карашат? 

Бишкек шаарынын тургуну Шайыр күн жылуу болгон учурларда баласын «Ала-Тоо» кинотеатры тараптагы батутка ойноткону алып келет. Ал  үйлөмө аттракциондордун коопсуздугу тууралуу эч качан ойлонбогондугун айтты.

Журналисттин батут жерге бекитилип коюлбаган экен, бул баласынын ден соолугуна тобокелчилик жаратпайбы деген суроосуна шаар тургуну мындайча жооп берди:

«Мен аны көргөн эмесмин. Батут бак-дарактуу жерде жайгашкан. Биз балдарыбызды карап турабыз да. Ошондуктан кооптонбой эле баламды батутка ойнотуп жатам. Андан башка баланы кантип алаксытыш керек?» деп ал бизге суроолуу карады.

Ишкер Алтынбек Бейшеналиев өзү иштеткен батуттан балдар жабыркап кала турган болсо, жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди:

«Биз жерди ижарага алып, батут иштетип жатабыз. Айына  25 миң сомдон ижара акысын төлөп турабыз. Бизди комиссия текшерип кеткен» деди Бейшеналиев.

Бишкекте жерди ижарага алууга үч жылга мораторий жарыяланган. Бирок батуттар мурдагыдай эле иштетилип жатат

Бишкек шаардык жер ресурстары башкармалыгынын жеңилдетилген объекттер боюнча бөлүмүнүн башчысы Мирлан Ахметов азыркы учурда батутту орнотуу жана иштетүү мыйзамсыз экенин белгиледи:

«2019-жылдын 2-апрелинен тартып Бишкек шаардык кеңеши муниципалдык жерди ижарага берүүгө мораторий жарыялады. Тыюу салуу үч жылга эсептелген. Бул жакын арада батут орнотууга жер ижарага берилбейт дегенди түшүндүрөт.  Бирок биз алардын техникалык коопсуздугун текшере албайбыз. Бишкекте мыйзамдуу иштетилген үч гана батут бар. Батут иштетүү мезгилдүү иш, ар бир беш айда келишим жаңыланып турушу керек. Бирок биз алардын эч кимиси менен жерди ижарага алуу келишимин түзгөн эмеспиз. Батут иштетип жаткан ишкерлердин эч кимиси биз менен келишим түзгөн эмес»,- деп билдирди бөлүм башчы.

Муниципалдык ишкана-мекемелер бизге Бишкек шаарында иштетилип жаткан батуттардын так санын бере алышкан жок.

Ушул материалдын авторлорунун эсебинде, 2019-жылдын сентябрь айына карата И.В. Панфилов атындагы паркта 3 батут, «Ата түрк» паркында – 4, «Ала Тоо» кинотеатры тарапта -1, Курманжан датканын эстелигинин жанында-1, Ахунбаев жана Магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде-1, Бишкектин Эмен багында (Курманжан датканын эстелиги тарапта) -1, Жаш Гвардия бульварында -1, Аламүдүн базары тарапта 1 батут иштетилет.

Ошентип, Бишкекте батут коопсуздугуна жооп берген орган жок экени аныкталды; шаардык мекемелер батут жайгашкан жердин ижара акысын гана көзөмөлдөйт. Батутта ойногон балдардын коопсуздугу үчүн эч ким жоопкерчилик тартпайт.


Бул материал «Giving Voice, Driving Change — from the Borderland to the Steppes Project» долбоорунун негизинде даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: