© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Алтайдан Кыргызстанга маралдарды көчүрүү иши Тянь-Шань маралдарын тукум курут кылышы мүмкүн

2022-жылдын май айында Талас облусундагы Беш-Таш улуттук коругуна Алтайдан 35 маралды алып келишкен. Илбирс сыяктуу эле марал да кыргыздардын ыйык санаган тотемдик жаныбары. Ошондуктан маралдардын көчүрүлүшү коомчулукта жылуу кабыл алынды. Бирок илимдин көз карашы боюнча кубанууга себеп аз. Алтай маралдары Кыргызстанды мурдатан байырлаган Тянь-Шань маралдарын жок кылышы ыктымал.

Беш-Таш

Беш-Таш улуттук коругу Талас Ала-Тоосундагы 13 миң гектарды ээлеп жатат. Корук жетекчилиги чөптүн уруктары кийинки жылга топуракта калышы үчүн июнь айына чейин жергиликтүү тургундардын малдарын жайлоого киргизбейт.

Беш-Таш коругу Сүрөт: CABAR.asia

 Алтайдан алынып келинген маралдарды көрөбүз деп 5-май күнү эрте менен Беш-Таш коругуна бардык. Директор Самар Узгеновдун айтымында, Таласта акыркы жолу маралдарды өткөн кылымдын 50-жылдарында көрүшкөн. Мурдагы губернатордун демилгеси менен 2022-жылдын май айында Алтайдан Кыргызстанга 35 маралды алып келишти. “Альянс Алтын” компаниясы каржылык колдоо көрсөтүп, бул ишке 2,5 млн сом ($28,5 миң) бөлгөн. 

Корукка кирүү туристтер үчүн акылуу. Сезон баштала элек болгондуктан  мында азыр киши деле жок. 

Парктын жаңы директору 2023-жылдын июнь айында дайындалган жана жергиликтүү активисттердин айтымында, мурда башталган иштерди тез арада иретке келтирди. Кесиби боюнча токойчу болуп, “Токой чарбасы” багыты боюнча билим алып, токой системасында 20 жылдан ашык иштеген Узгенов кыска мөөнөттө чарбаны тартипке келтире алды.

«Корук ага чейин ишке кирген, келип дароо эле баарын иретке келтирди, көчөт отургузуу иштери, жаңы долбоорлор башталды, корукка баш багуу азыр жагымдуу болуп калды», — дейт активист Калыйбек Разакулбек уулу.

Маралдарды көзөмөлдөө КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас облустук башкармалыгы тарабынан ишке ашырылат.

«Жол алыс, Алтайдан Кыргызстанга бараткан жолдо беш марал каза болду. Бири бул жакта бутун сындырып алды, ал да каза болгон. Дагы экөө жардан кулап түштү. Жаныбарлар ак илбирстен качкан деп ойлойбуз. 28и калган болчу, бирок өткөн жылы 8 марал төлдөгөн. Азыр биздин эсеп боюнча, тоолордо 35 марал жашайт. Алар эркин оттоп, ыңгайлашкан. Биз аларга дайыма кам көрөбүз — кышында тоют, туз сөзсүз болот. Алар азыр эркиндикте, күн сайын байкап турабыз. Биз алардын көбөйүшүн каалайбыз. Алар көбөйсө, Кыргызстан боюнча бөлүштүрөбүз», — дейт директор. Бул маалда биз аскалуу жолдор менен коруктун ичине кирип бараттык. 

Талас тоо кыркасындагы түбөлүк мөңгүлөрдөн азыктанган, куймалары кеңири тараган Беш-Таш дарыясы коруктун бардык аймагын аралап өтөт. Парктын ичи жарлар менен ажыратылып, боорлорунда арча токойлору, андан жогоруда карагайдын сейрек түрлөрү бар.

Беш-Таш маралдар үчүн жылуу, чөптөрү мол жана эң ыңгайлуу аймак болуп чыкты. Жергиликтүү мергенчилердин жалгыз коркунучу – бул жерди байырлаган ак илбирстер.

Негизги дарбазадан жарым саат жол жүрүп,  дарыяны бойлой тосулган жерди көрдүк. Маралдар жапайы жаратылышка кадам таштаганга чейин ушул жерде жашашкан. Жанында маралдарга кам көрүү вазыйпасын мойнуна алган адамдын үйү турат.

Сүрөт: CABAR.asia

Токой зонасынын чегинен жогору карай жашыл шалбаалар башталат. Мында мөңгүлөрдүн салкын деми сезилет. Жаныбарларды издеп, мөңгүлөрдүн жанындагы көлдөргө чейин бардык.

«Беш-Таш» аталышына байланыштуу кызыктуу уламыш бар. Илгерки кербенчилик заманда түштүк менен түндүктүн ортосунда товар ташылган жолдордун бири ушул жерден өткөн. Жолду каракчылар көзөмөлдөп, алардын атагы бүткүл аймакка тараптыр. Күндөрдүн биринде тонолгондордун бирөөсү каракчылар айылдашынын уулдары экенин таанып, окуяны аксакалга айтып барат. Карыган ата балдары ага кол салар-салбасын билмекчи болуп, айылдаштары менен чогуу баягы жолго аттанат. Азыркы Беш-Каракчы деп аталган жерге жакындаганда каракчылар күттүрбөй тосуп чыгат. Алардын бири атасын аттан кулатууга аракеттенет. Атасы аны таанып, уулдарын «бешөөңө тең каргыш тийсин» деп каргайт. Ошентип, беш бир тууган балбал таштарга айланган экен. 

«Жергиликтүү тургундар ушундай уламышты айтып жүрөт. Алыстан карасак, таштар калпак кийген беш кишиге окшош. Балбалдардын түп нускалары Эрмитажга көргөзмөгө алынып, кайра кайтарылган эмес. Ошондуктан жергиликтүүлөр алардын ордуна кадимки таштарды коюуну чечишти», – дейт Самар Узгенов. 

Беш-Таш көлү. Сүрөт: CABAR.asia

Маралдарды издеп, коруктагы сегиз көлдүн эң чоңуна — деңиз деңгээлинен 3000 метр бийиктикте жайгашкан Беш-Таш көлүнө чейин бардык. Көлдүн тереңдиги 28 метрге жетет, сыртта май айы болгону менен, анын бетин муз каптап турат. Маралдарды биз кайра артка жол алган кезде алыстан гана көрө алдык. Бир көрүнүп, заматта көздөн кайым болушту. 

Бул долбоор – Кыргызстандын жаратылышына жасалган чыккынчылык 

Кыргыздар үчүн тарыхы тамырлаш Алтай аймагынан маралдарды көчүрүп келүүнүн биз билбеген жактары да бар экен, көрсө. 

Алтай маралдары. Сүрөттү С. Аликов берди

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору Аскар Давлетбаков жаныбарларды эркиндикке кое берүүгө катуу каршы. Биологдун айтымында, учурда Беш-Таш коругу толугу менен коркунучта. Беш-Таш коругуна чек аралаш турган Батыш Тянь-Шань, Узун-Акмат, Сары-Челек, Падыша-Ата коруктары – Тянь-Шань маралдары байырлаган жерлер. Тянь-Шань мараларды Кыргызстандын гана тоолорунда жашайт, алар маралдардын уникалуу түрчөсү болуп саналат.

“Алар [Алтай маралдары] эки жылдан бери эркиндикте жүрүшөт, – дейт академик. – Бул жакта туулгандары токойго кетип, биздин жергиликтүү түрчөлөр менен аралаша баштайт. Буга таптакыр жол берилбеши керек. Жаратылыштагы гибриддер жашоо чөйрөсү эриш-аркак аймактарда гана пайда болот жана алар жалпы популяцияга таасир этпейт. Азыркы долбоордо болсо маралдардын жат түрүн жергиликтүү маралдар жашаган жердин так борборуна алып келишти. Бул трагедия. Сибирде жашоо шарттары башка, алардын өзгөчө оорулары бар. Биз жергиликтүү жаныбарларды жаңы белгисиз ооруларга чалдыгуу коркунучуна кептедик жана биздин маралдар аларга каршы иммунитетке ээ эмес. Ар бир түрчө өзүнүн жашоо чөйрөсүндө уникалдуу, башка эч жерде жок. Ар бир региондо өзүнчө түрчө. Бул морфологиялык, генетикалык, физикалык жактан баарын бузат. Алар жергиликтүү Тянь-Шань маралдарын жок кылышы мүмкүн жана бул долбоор биздин мыйзамдарды бузат — аңчылык чарбасы жана биологиялык ар түрдүүлүк конвенциясы жөнүндө мыйзамга ылайык, бөтөн түрлөрдү жана түрчөлөрдү алып келүүгө жана жаратылышка кое берүүгө катуу тыюу салынат. Маралдардын Тянь-Шань түрчөсү Кызыл китепке киргизилген, ал эми Алтай түрчөсү аңчылыкка ылайыкташылган”.
Алтай маралдары. Сүрөттү С. Аликов берди

Маралдарды реинтродукциялоо долбоорунун авторлору аны ишке ашыруудан мурда Улуттук илимдер академиясына кайрылышкан жана аларга уруксат берилген. Бирок маралдар жабык аймакта кармалат, аларга аңчылык жасалат, мүйүздөрү жыйналат деген талап бар болчу. Бирок Давлетбаковдун айтымында, эмнегедир алып келинген маралдар жаратылышка эркин кое берилген. Окумуштуу дароо коңгуроо кага баштады. Ошол кездеги министр Динара Кутманованын атына Алтайдан алынып келинген маралдар боюнча тез арада чара көрүү зарылдыгы жөнүндө кат жазган. Аларды кармап, кайрадан жабык аймакка киргизүү же атуу үчүн бригаданы уюштуруу керектиги айтылды. 2023-жылдан бери ал азыркы министрге эки жолу кайрылган. Бирок эч кандай чара көрүлгөн жок.

Анын айтымында, министрлик мындай бизнес-долбоорлорго уруксат берип, бирок ата мекендик илимди өнүктүрүүгө жолтоо болууда.

«Биз шумкарларыбыздын жолун, кайсы аралыкты басып өткөнүн, кайда тамактанарын ж.б. көзөмөлдөө үчүн радио өткөргүчтөрдү орноткубуз келди. Бирок бизге уруксат бербей жатышат, ошол эле кезде бүткүл дүйнө жаныбарларды көзөмөлдөө үчүн жаңы технологияларды колдонууда. Алар илимдин ишине тыюу салып жатышат. Жаратылыш министрлигинин айрым кызматкерлери маанилүү долбоорлорго уруксат бербей, атамекендик илимди муунтуп, бирок бөтөн түрчөлөрдү алып келүүгө жана жаратылышка чыгарууга уруксат берип жатышат», — дейт Давлетбаков.

Батыш Тянь-Шанга маралдарды көчүрүү

Буга чейин 2015-2018-жылдары Кыргызстанда «Маралдарды Батыш Тянь-Шанга реинтродукциялоо» долбоору ишке ашырылып, анын алкагында Нарын мамлекеттик коругундагы Тянь-Шань маралдарын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим аймагына алып келишкен. Долбоордун автору Гамал Соронкулов Кристенсен фондунун колдоосу менен Леонардо Ди Каприо фондун каржылоого тартып, фонд 30 миң доллар бөлгөн. Үрмарал айылынын тургуну болгон Соронкулов маралдардын Талас тоолоруна кайтып келишин көп жылдар бою кыялданып келген.

«Совет мезгилинде топографтар, картографтар бурмалап Үрмарал деп жазышкан. “Үйүр-Марал” — маралдардын үйүрү. Мен муну изилдеп көрдүм, аксакалдардан сурадым. Үйүр-Марал дарыясынын куймаларындагы Кара-Коюн деген жерде да маралдар абдан көп болгон жана аксакалдардын айтымында, акыркы 11 маралды 1926-жылы кызыл армиячылар жок кылышкан. Ошондон бери маралдар бизде жок. 21-кылымдын башында бизде маралдар Нарын коругунда гана калган, андан кийин Чоң-Кемин (Чүй облусу) жана Ак-Суу (Ысык-Көл облусу) аймактарында пайда болгон», – дейт Соронкулов.

2009-жылы Соронкулов Айтматовдун “Ак кемесиндеги” атасы менен чогуу маралдарды күткөн Нургазыдан таасирленип, маралдарды батыш Тянь-Шанга реинтродукциялоо боюнча долбоор жазган. Долбоорду илимий жактан негиздөөгө Аскар Давлетбаков жардам берген, андан кийин 7 жыл каражат издеп, анан мамлекеттен уруксат алган.

Соронкулов каражатты кокустан таап алганын моюндайт. Ал конференцияда Кристенсен фондунун өкүлү менен таанышып, өзүнүн идеясы жөнүндө айтып берет. Алар аркылуу Соронкулов Леонардо Ди Каприо фондуна чыгып, каражат бөлдүргөн. Бирок негизги тоскоолдук мамлекеттен уруксат алуу болду.

«2015-жылдын аягында долбоорду ишке ашыра алдым. Ошондо Алмазбек Атамбаев Көчмөндөр оюндарына актерду чакыргысы келген, бирок ал долбоорлор иштеген өлкөлөргө гана келерин баары билет. Мен маралдарды которууга уруксат берсе, актерду чакырууга даяр болдум. Анан уруксат алдым. Тогуз баш марал Нарын мамлекеттик коругунан Аксы районундагы Авлетим капчыгайына алынып келинди. Негизи мамлекет жасай турган ишти мен аткардым», – дейт Соронкулов.

Алтай маралдары. Сүрөттү С. Аликов берди

Маралдарды Алтайдан Таласка реинтродукциялоо боюнча долбоордун концепциясы да экологго таандык. Долбоор түп нускасында “Бугу эненин изи менен” деп аталат. Уламыш боюнча Бугу Эне балдарды Алтайдан Ысык-Көлгө алып барып өлүмдөн сактап калат, ошол жерден “бугу” уруусунун тарыхы башталат. Адис маралдарды өстүрүү боюнча Алтайдан чарба таап, жергиликтүү биологдор менен байланышып, генетикалык анализ жасагысы келип, бул үчүн Аскар Давлетбаковго кайрылды. Маралдардын генетикалык айырмасы болгон учурда аларды короолордо кармоо керектиги белгиленген. Ошондой эле маралдар үчүн эң сонун аймак— Үйүр-Марал тандалып алынган. Соронкулов каражат издеп, Талас облусунун губернаторуна кайрылып, долбоор менен тааныштырган. Бирок идея автордун катышуусуз ишке ашырылган. 

«Эки жыл мурун 1-майда маралдарды Алтайдан алып келишкенин билдим. Мен жетишкен жалгыз нерсе – бул короонун аймагын өзгөртүүгө аракет кылуу болду. Мага жергиликтүү егерлер чалып, тосмо жасап жатышканын айтышты. Түнкүсүн Динара Кутмановага (мурдагы министрлик башчысы) телефон чалып, маралдарды киргизүүнү пландап жаткан жер алар үчүн туура келбей турганын, жаныбарлар ошол жерде каза болуп каларын айттым. Жадагалса, министр маралдарды көчүрүп келе жатышканын билген эмес экен. Маралдарды уруксатсыз алып келишкен. Мыйзам бузулуп, долбоор илимий колдоосуз ишке ашты. Ошондо мен маралдар кандайдыр бир жол менен короодон сырткары кое берилгенин билдим», – деп алакан жаят Соронкулов. 

Артык кылам деп тыртык кылышты

Күтүлгөн реинтродукциянын ордуна интродукция пайда болду — жергиликтүү жаныбарлар жашаган жерге бөтөн маралдар алынып келинди. Маралдар бир эле түр болгону менен, булар ар башка түрчөдөн. Түрчөлөрдүн аралашуусу чек аралаш айтамактарда табигый түрдө ишке ашышы мүмкүн. Мындайда жаныбарлардын негизги массасына коркунуч болбойт. Бир түрчө байыр алган жерге башка бир түрчөнү көчүрүп баруу – жергиликтүү түрчө үчүн коркунучтуу. 

Кыргызстанда буга чейин да интродукция боюнча долбоорлор ишке ашырылып, анда жергиликтүү флора же фауна жабыркап, айрым жерлерде таптакыр жок болуп кеткен. 2007-жылдан 2011-жылга чейин Ысык-Көлгө кое берилген форель мындагы чабак балыгын дээрлик толугу менен жок кылган. 2019-жылы америкалык норка Ысык-Көлдөгү ондатр, кыргоол жана коендорду жок кылып жатканы тууралуу кабар чыкты.

Алтай маралдары жигердүү көбөйүп, тоолорду карай бет алууда.  Табигый парк үчүн маралдардын пайда болушу жакшы окуя. Бирок бул жагдай жергиликтүү Тянь-Шань маралдарынын генофондуна кандайча таасир этерин убакыт көрсөтөт. 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: