Соңку бир нече жылда Бишкектин түштүк кичи райондорундагы бак-дарактар тилкеси жок кылынды. Борбор калаанын экологиясында маанилүү роль ойногон жашыл аймакты башкы пландагы талаптар да сактап кала алган жок. Азыр ал жакта көп кабаттуу үйлөр турат. Аткаминерлердин айтымында, башкы планды бузуу үчүн мыйзамда жаза каралган эмес. Көз карандысыз эксперттер болсо чукул чаралар кабыл алынышы керек дешет.
Негизги максаттарынын бири бак-дарактарды сактап калуу, ушул багыттагы инфратүзүмдү өнүктүрүү болгон башкы планды эске алган жан болгон жок. Мыйзам боюнча анын талаптары кынтыксыз аткарылышы керек эле. Кесепетинде Бишкекте эң маанилүү жашыл тилкелер кыйылып жок болду.
Тоо этегинде жайгашып, жапайы жаратылышты цивилизациядан ажыратып турган каражыгачтуу токой бир кезде калаага нымдуу, салкын аба берип турчу. Түштүк кичи райондорунун тургундары болсо мында эс алар эле.
«Көпчүлүк ал жакка 1-майда чыкчу, жапайыраак аймак болчу, ата-энең менен чатыр тиге коюп, жүрүштөргө чыксаң болор эле», — деп эскерет эксперт-эколог Дмитрий Переяславский. Ал дал ошол түштүк кичи райондордо чоңойгон.
Азыр бул кол жеткис кыял сыяктуу угулат, бир кезде жашыл аймак болгонун элестетүү да кыйын.
Ким эле мыкты райондо жашап, өз терезесинен тоолорго суктанышты эңсебесин. Куруучулар ушул ой менен баарын тыптыйпыл кылышты.
Он жылдын тегерегинде бак тилкеси жок кылынды. Анын ордуна бийик үйлөрдөн турган элиталык кварталдар пайда болду. Бишкектин калган жашоочулары үчүн тоо тарапты таптакыр көрүнгүс кылчу курулуш иштери азыр да уланууда.
Эстетикалык жагы – өзгөрүүнүн эң жаман жери эмес. Жок кылынган бак-дарактардан улам шаардын бүт экосистемасы жапа чекти: ысык күчөдү, аба кургак тартты, а калаа болсо чаңга толду. Бул – бир кездеги Советтер союзундагы эң жашыл шаарда бак-дарактарды жок кылуунун бир эле мисалы.
Жашыл аймактардын баалуулугун советтик доордо эле эмес, көз карандысыз Кыргызстанда деле түшүнүшкөн.
Бишкектин биринчи жана азырынча жалгыз башкы планы 2025-жылга чейин күчүндө. Ал бак-дарактарды сактоого жана көбөйтүүгө багытталган болчу. Бирок иштин баары тескери кетип, дарактарды сактабай эле кыя башташты.
Жерлерди сактап калабыз деп сатышкан
«Чоң эле токой болчу, бирок жакшы сугарылбай, өсүшү начар эле. Ошентсе да калааны кычкылтек менен камсыздап турган. Аны шаардын “өпкөсү” деп аташчу», — деп эскерет архитектор Бейсен Кариев.
Ал түшүндүргөндөй, калааны долбоорлогондордун ою боюнча тоодон келген аба агымы ушул жашыл буферден өтүп, шаарга салкын, нымдуу абаны жеткириши керек эле.
Бишкек Гипподамова системасы боюнча курулган – көчөлөр түз бурчта кесилишет да, аба агымы калааны эч тоскоолдуксуз шамалдатып турат.
«Бизде негизги шамал батыштан чыгышка жүрөт, калаа абдан жакшы желденип турчу. […] Күндүз шаар ысыйт, а түнү жылуу абаны тоодон келген муздак, таза агым алмаштырат. Бул кубулуштар кезинде биздин шаарыбызды куткарып турчу, бизде аба тынымсыз тазаланып турар эле», — дейт Кариев.
Анын айтымында, мындай система Советтер кезинде жакшы иштеп, абанын булганышы менен күрөшүүгө көмөктөшкөн. СССР ыдырады да, көз карандысыз Кырызстандын, башаламан курулуштун доору башталды.
«Албетте, бактар жок кылынып, абанын булганышы боюнча көйгөй тереңге кетти», — дейт архитектор.Кара жыгачтарды дароо кыйып салышкан жок. Көп убакыт бою мамлекет аларды коргоп, кол тийгизбей турду, бирок аларга да кезек жетти. Шаар куруу жаатындагы жетекчилер бак-дарак тилкеси калааны куткарыш үчүн кыйылганын айтышат. Алардын пикиринде, азыркы көп кабаттуу үйлөрдүн ордуна жер үйлөр түшмөк да, аз гана адамды батырмак.
2005-жылы Кыргызстандагы Жоогазын деп аталган биринчи революциядан кийин аймактардан көптөгөн кишилер каршылык көрсөтүү үчүн келишти. Алардын баары эле кайра кеткен жок, бир бөлүгү калаада калып, жерди басып алмай башталды.
Адамдар калаанын ар кайсы бөлүгүнөн тилкелерди ээледи, кийин жеке үйлөргө толгон жаңы конуштар пайда болду. Кара жыгач тилкесине да кол салышты.
«Жерлерди массалык басып алууну токтотуш үчүн өкмөт түштүк бөлүккө көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун иштеп чыгуу боюнча шашылыш тапшырмасын берди. […] Жер тилкелерин тез арада лотторго бөлүп, аукциондо сатышты», — деп түшүндүрөт Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиева.
Эмне үчүн өкмөт мыйзамга таянып, жашыл бактарды коргоп калуунун ордуна калаа үчүн маанилүү бак тилкесин кыйып, жерин сатууну чечкени белгисиз. Бирок «Биздин укук» коомдук фондунун башчысы Калича Умуралиеванын өз божомолу бар.
«2005-жылы төңкөрүш болгондо эл бул жерлерди басып алып, бизге бергиле деген талаптарын койду. Милиция алардын колун кайрып: “Бул эмне дегениңер, бул жалпы колдонуудагы жерлер го, ал жакта бак-дарактар турбайбы деген”», — деп эскерет ал.
«Бирок кийин башкалары пайда болду, бей-бечаралар эмес, колунда бийлиги барлар. Алар бул жерлерди жеке менчик курулушуна бере баштады. Бак-дарактардан дээрлик эч нерсе калган жок», — деп сөзүн улады ал.
Анын пикиринде, кара жыгачтарды жок кылуунун негизги себеби – коррупция.
«Тоолорго жанаша жаткан ошол аймактын баарына үй салганга болбой турганын алар билишкен жок беле? Экологиялык маанисинен бейкабар беле? Алар баарын түшүнүп эле турушкан», – дейт Умуралиева.
Сүрөт: CABAR.asia
Ошентип, аймакта курулуш жанданды. Кара жыгачтардын ордуна көп кабаттуу үйлөрдөн турган жаңы элиталык кварталдар “өсүп” чыга келди да, калааны тоолордон да, шамалдан да тосуп калды.
Калаанын «өпкөсүн» жок кылышты
«Ал жакта желаргы жүрөт. Аба таза болуп, шамал жүрүшү үчүн бак-дарактар тилкеси керек. […] Биз тоо алдында турабыз, аба агымы күн сайын кирип келип, баарын тазалап чыкчу», —дейт Умуралиева.
Архитекторлор калаада шамалдын жүрүп турушун жакшы ойлонуштурушкан, бирок алар шаардык климатта көп күч менен өстүрүлгөн дарактар келечекте жок кылынарын элестете алышкан эмес.
«Ал жерде парк зоналарын түзүү каралган эле. Биринчиден, жанаша жерде тектоникалык жарака өтөт, экинчиден, аба агымын тосконго болбойт», — дейт эколог Дмитрий Переяславский.
Ал түшүндүргөндөй, кичи райондордо төрт кабаттуу үйлөр салынганы бекеринен эмес, калааны желдетиш үчүн алардын үстүнөн шамал өтүп турат. Көп кабаттуу үйлөр болсо тоодон келген аба агымын тосуп калды.
«Азыр биз шаардын жогорку бөлүгүндө курулуш жүрүп жатканын көрүп жатабыз. Шамал агымы бузулууда. Мындан улам шаар демигип баратат», — дейт Переяславский.
Архитектор Кариев да ушул эле көйгөйдү айтат.
«Ошол аймактарды болушунча курулушка толтуруп жатышат, а бул аталган кварталдагы микроциркуляцияны бузат. Ал жерде аба агымы жакшылап кыймылдай албайт, себеби кичинекей кварталды 14-16 кабаттуу үйлөргө толтуруп салышты», — дейт ал.
Коштогон көйгөйлөр
Бишкекбашкыархитектуранын башчысынын орун басары Азирет Акимов курулуштар экологияга таасир этет дегенге макул. Бирок анын пикиринде маселе башкада – жаңы имараттар күн нурлары үчүн чагылдыруучу бетти түзүүдө. Натыйжада нурларды жер жутпай, кайра эле абага чагылат да, аба табы көтөрүлүп жатат дейт ал.
Аталган райондо аба табы чындыгында жогорулады. Азыр ал Бишкектеги эң ысык жерлердин бири. «Арча демилгеси» коомдук фонду 2021-жылы түзгөн термалдык картага таянсак, ал жактагы температура – шаардагы эң жогоркулардын бири жана 42-44 градуска жетет.
Бирок маселенин баары күн нурларынын чагылып жатканында эмес, бак-дарактар көлөкөсү аркылуу температураны түшүрүүгө жардам берет. Мындан сырткары дарактар абаны нымдаштырууга, чаң менен күрөшүүгө көмөктөшөт.
«Буга чейин кечки желаргы калаага киргенин, абаны нымдаштырып, температураны түшүргөнүн сезип келсек, азыр ээн жер аба табынын жогорулашын шарттап жатат. Аба да кургак, мунусу чаңдын булагы болот», — дейт Переяславский.
«Өсүмдүктөрдүн жоктугунан чаң көп болуп жаткан үчүн аллергия менен жабыркагандар да көп. Ири чаң аллергияга алып келет», – деп кошумчалады ал.
Кечки желаргы салкын абаны гана алып келбейт, күн бою булганган абаны тазасына алмаштырып, шаарды тазалап турчу. Ал соңку жылдардын негизги көйгөйү болгон ышты айдап кетиши керек эле. Бишкек абанын начардыгы боюнча жайкысын алдыңкы отуздукка кирсе, кышкысын дүйнөдөгү эң кир шаарлардын антирейтингинде биринчи орунга да көтөрүлүп жүрөт.
Шаар кеңейүүдө, аны булгаган унаалардын саны улам өсүп жатат. Кышкысын меш менен жылытылган, кээде мешке тиричилик калдыктарын да салып жиберген жер үйлөр абалды ого берет оорлоштурат. Шаар үстүндөгү аба агымынын тосулушу менен жайкысын деле ыш байкалат.
«Булганган аба таза абадан оорураак, ошондуктан тоодон келген түнкү желаргы аны өйдөгө көтөрө албайт», — дейт архитектор Кариев.
Бирок Бишкекбашкыархитектуранын өкүлү аны менен макул эмес. Акимовдун пикиринде, түштүк бөлүктөгү курулуштар калаанын шамалдап турушуна өтө деле олуттуу таарисин тийгизбейт.
Ал шамал агымынын ылдамдыгы азайганын моюндайт, бирок анын пикиринде, мындай абал жерге жакын жерде байкалат, ал эми ыш чогулган жогорку жактарда абал өзгөргөн жок.
«Шамалдын бийиктиги 3 чакырымга жетет. Ылдамдык ылдыйкы бөлүктө гана жайлайт, жогору жакта ошол эле агым менен жүрөт», — дейт Бишкекбашкыархитектуранын башчысынын орун басары.
Турмуш өзгөртүүлөрдү киргизди
Совет доорунда Бишкек (ал кездеги Фрунзе) эң жашыл шаарлардын бири эле. Архивдик сүрөттөрдү карап отуруп борбор чын эле жашыл калаа болгонуна ишениш кыйын. Акыркы жылдарда Бишкек ондогон гектар бак-дарагын жоготту, эки ири парк жана 36 сквер талкаланды.
«Экологиялык көз караштан алганда шаардын жайгашышы абдан жакшы, аба массалары жүрүп турат. Бирок кайра куруу башталып, жеке менчик укугу пайда болду да, өлкөбүз алгачкы капиталды чогултуу дооруна кептелди. […] Ал мамлекеттик жерлерди соодалоого, жалпы колдонуудагы аймактарды басып алууга алып келди», — дейт Калича Умуралиева.
Көз карандысыздыктын алгачкы 15 жылында курулуштарды тартипке салуу, токой-парк аймактарын сактап калуу кыйынга турду, себеби шаар курууну жөндөгөн эч кандай документ жок болчу. 2006-жылы алгачкы башкы план пайда болду. Ал 2025-жылга чейин эсептелген.
Башкы пландын артыкчылыктуу максаттарынын бири болуп бак-дарактарды калыбына келтирүүгө, ыраттуу өнүктүрүүгө басым жасоо менен шаарды комплекстүү түрдө кайра уюштуруу саналган.
«Эгер биз совет доорунда иштелип чыккан башкы планды же азыркысын кармансак, азыр бакча-шаарда жашамакпыз», — дейт Переяславский.
Тилекке каршы, шаар куруу тармагындагы аткаминерлердин эсебинде, башкы план жалпысынан 20 пайызга гана аткарылган. Тагыраак карасак, кайсы бир тармакта иш ашыгы менен жасалды, жашылдандыруу сыяктуу башка бир тармактарда көрсөткүч андай эмес.
«Алсак, жаңы аймактарды өздөштүрүү жагынан биз 120 пайызга жеттик, жол куруу жагынан 50 пайыз, турак-жай курууда 100 пайызга жеттик дейли, бак-дарактарды отургузууга келсек, кайсы бир парктарды курдук, тилекке каршы, ал абдан эле аз», — дейт Бишкекбашкыархитектуранын башчысынын орун басары.
Башкы планды бекитүү тууралуу өкмөттүн токтомунда план так аткарылышы керектигин айтылганы менен, сызыктан чыгып кеткен учурлар ого эле көп болду.
Азирет Акимовдун айтымында, мунун баары божомолдонбой турган окуяларга байланыштуу. Мисалы, революциялар, аны арты менен келген жер басып алуулар чоң өзгөртүүлөрдү киргизди.
«Башкы планды иштеп чыккандар алдыда кандай окуялар күтүп турганын билген эмес. Башкы планда каралган идеялар, стратегиялык багыттар, тилекке каршы, белгиленген өңүттө ишке ашырылган жок. Себеби турмуш өз өзгөртүүлөрүн киргизди», — дейт ал.
Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Замира Кангелдиеванын пикиринде, чегинүүлөрдүн дагы бир себеби – башкы планды аткаруу процедурасын, андан чегинүү үчүн кандай жаза болорун аныктаган мыйзамдар жок.
«Башкы планды ишке ашыруу тууралуу кандайдыр бир инструмент, рычаг, мыйзам керек. Башкы планды бузуу үчүн мындай жоопкерчилик бар деп жазылышы керек. Башкы планды ишке ашыруу тууралуу мыйзамдын жоктугунан улам ал коргоосуз калууда», — дейт ал.
Кангелдиева мындай мыйзамды иштеп чыгуу тууралуу мурда эч ким ойлонбогонун, эми жаңы план мурдагысынын тагдырын кайталабаш үчүн мыйзамды иштеп чыгуу азыр эң негизги милдет экенин кошумчалады.
Дарак жана таза аба үчүн күрөш
Аткаминерлерди башкы пландын сызыгы менен жүрүүгө милдеттендирген мыйзамдар азырынча жок. Ал ортодо активисттер бак-дарактарды башка жол менен сактап калууга аракеттенип келет. 2015-жылы «КРдин калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо тууралуу» мыйзам долбоору иштелип чыкты. Документ парламент депутаттары менен биргеликте иштелип чыккан менен, демилге эл өкүлдөрүнүн баарына эле жага берген жок, жыйынтыгында долбоор кабыл алынбай калды.
«Калктуу конуштарды жашылдандыруу суу менен камсыздоо, канализация, жылуулук же дагы башка шаардык инфраструктуралык кызматтар сыяктуу эле абдан маанилүү», — деп айтылган мыйзам долбоорунун таасири боюнча анализде.
Ошол эле мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, 2004-2015-жылдарда Бишкек 15,78 га бак-дарактан айрылган, негизги себеби – курулуштар.
«Арча демилгеси» уюмунун изилдөөсүнө карасак, 2015-жылдан бери деле абал жакшы жагына өзгөргөн жок. 2014-2021-жылдарда борбор калаа жашыл аймактарынын дагы 20 пайызынан айрылды. 250 га жаңы бактар пайда болгон менен, 479 га бак жок болду.
Башкы пландын максаттарын бири – бир адамга 21 чарчы метр бак-дарак деген норманы аткаруу. Бирок башкы план тууралуу өкмөттүн токтомунда курулуш жүргүзгөндө ушул документти так карманыш керек деп айтылганына карабай, азыркы учурда адам башына 3,5 чарчы метр гана бак-дарак туура келет. Бул нормадан 6 эсе аз.
Мыйзам долбоору боюнча анализ жасаган изилдөөчүлөрдүн пикиринде, адам башына өтө аздан туура келген бак-дарактар «адамга сырткы факторлордон толук кандуу коопсуздукту камыздап бере албайт».
«Бардык жакта, айрыкча биздин чөлкөмдө бир да шаар бактарсыз жашай албайт. Бизде чукул континенталдык климат, бүт жагынан чөл, талаалар менен курчалганбыз, ал жактан ысык, кургак аба тынымсыз согуп турат. Шаарларда парктарды болушунча көбөйтүү керек. Парктар жагымсыз факторлордон коргоочу буфер сыяктуу кызмат кылат», — дейт Бейсен Кариев.
Бак-дарактар үч кызматты аткарат: декоративдик, рекреациондук жана экологиялык.
Рекреациондук жана декоративдик функцияларды оңдоп кетсе болот. Активисттер бул күрөшүн көп жылдан бери улантып келет.
«Төртүнчү кичи райондогу кичинекей тилкени паркка айландырууга жетиштик. Чуркадык, күрөштүк, митингге чыктык. Азыр ал жерде сквер – бүтүндөй микрорайон үчүн кичинекей коомдук аянтча бар. Бак-дарактарды жакшы карашат», — деп кичинекей жеңиши менен бөлүштү Калича Умуралиева.
Бирок мындай майда жеңиштер калаага чоң жардамын тийгизе албайт. Себеби жашылдандыруу абдан көп күчтү алат, а парк кылчу жерлердин саны өтө тездик менен азаюуда. «Арча демилгеси» уюмунун активисттеринин эсебинде, 2021-жылга карата жашыл аймакка айлантууга мүмкүн болгон муниципалдык тилкелердин калаанын жалпы аянтындагы үлүшү 0,6%ды гана түздү. Переяславскийдин айтымында, борбор аймагынын 3%ын гана парктар түзөт, бул абдан аз.
Мындан сырткары активисттер шаарды аз да болсо жашылдандыра алган күндө да калааны каптаган кара түтүн жана шамал жүрүү маселелерин чече албайт.
«Өсүмдүктөр вегетациялык мезгилде: жаз, жай, күздө иштейт. Кышкысын бизди ыш каптаган маалда ал дээрлик иштебейт. PM 2.5 бөлүкчөлөрү абдан майда жана эч жерге түшпөйт. Жалбырактын баары жерге түшүп калган, бутактарга гана кичинеден топтолушу мүмкүн. Бул эч кандай ролду ойнобойт», — дейт Переяславский.
Активисттер менен экологдордун пикиринде, көйгөйдү бурулуштуу аракеттер гана чече алат – түштүк бөлүктө курулуш жүргүзүүгө тыюу салуу жана аба агымын тоскон көп кабаттуу үйлөрдү бузуу.
«Азыркы абалыбыз – биз газ камерасындабыз, ага аба киргизген кичинекей жылчыкча турат. Жакында баарыбыз ошол жылчыкча үчүн күрөшүп калабыз», — дейт Переяславский.