© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: үйдөгү зордук-зомбулук учурунда эмне кылуу жана кайда кайрылуу керек?

Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын  1-кварталында эле Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулуктун 2141 фактысы катталган. Ал иштердин 79%ы токтотулган.


2021-жылдын  5 айында КР КЖК 75-беренеси  («Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук») боюнча 378 учур катталган.  Салыштыруу үчүн: 2019-жылы аталган берене боюнча 427 иш козголуп, 316 учурда аялдар укук коргоо органдарына өздөрү кайрылган. 2020-жылы 794 иш болуп, жардам сурап 709 аял кайрылган. 2020-жылы зордук-зомбулуктун кайталануусунун 16 учуру катталса, 2021-жылдын 5 айында 8 учуру катталган.

Аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү – Кыргызстандагы бир кыйла курч көйгөйлөрдүн бири. «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» фондунун маалыматтары боюнча, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка  кабылган  аялдардын бешөөнүн ичинен экөө гана жардам сурап кайрылат. Фонддун 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, аялдардын милицияга кайрылбашынын көп кездешкен себептери катары  төмөнкүлөр аталган:

  • зордук-зомбулук тууралуу башкаларга билгизбөөгө аракеттенүү жана уялуу;
  • милицияга ишенбөөчүлүк;
  • милиция баары бир эч нерсе кылбайт деген божомол ой.

Тилекке каршы, жардам сурап кайрылбай коюу кээде трагедия менен аяктайт.  2020-жылдын октябрында Ошто эркек киши кош бойлуу аялын өлүмгө жеткире сабап салган. Аялдын сегиз айлык боюнда бар эле. Өлүмгө алып келген себеп кызганыч болгон.

Ушул эле себептин айынан 2021-жылдын майында Сокулук районунда эркек киши аялын өлтүрүп салган.

2021-жылдын 5 айында аялдарды үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан өлтүрүүнүн 3 фактысы катталган. 2020-жылы мындай учурлар 14 болсо, 2019-жылы 17 учур катталган.  

«Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулованын айтуусунда,  аялдарды өз жанын кыюуга жеткирген учурларга көп эле күбө болгон.

«Оштон бир кыз келди, төрт баланын энеси экен. Ал күйөөсүнөн бир эле баласы менен качып келиптир, калган балдарын ала албаптыр, алып бара турган жери да жок экен. Экинчи баласы реанимацияга түшүп калганда, кайра Ошко кеткен. Бир аз убакыттан кийин ал кыз өз жанын кыйганын уктук. Ал 27 жашта гана болчу», – деп ой бөлүштү Рыскулова.

Бүбүсара Рыскулова жана юрист Айжан Орозакунова менен биргеликте Кыргызстанда аялдар кандай укуктарга ээ экенин жана үйдөгү зордук-зомбулук же куугунтуктоо учурунда кайда кайрылууга боло турганын талдоого аракеттенип көрөлү.

Кыргызстанда аялдардын кандай укуктары бар?

            Кыргызстанда аялдардын укуктары мыйзам менен корголот. Алар Конституцияда, Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш-жаза кодекстеринде, ошондой эле Жоруктар жөнүндө кодексте жазылган.

Конституциянын  24-беренесинде Кыргызстандын жашоочуларынын, анын ичинде, аялдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө эч кимдин акысы жок экени даана-так белгиленген. Ошондой эле жыныстык айырмачылык боюнча дискриминацияга тыюу салынган.

Ошону менен катар эле Баш мыйзамда так көрсөтүлгөндөй, Кыргызстанда эркектер жана аялдар бирдей укуктар менен эркиндиктерге жана аларды жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. Бирок аялдардын укуктары көп учурда бузулуп жатканы реалдуу көрүнүш болуп саналат.

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылган аял укук коргоо органдарына, бийлик органдарына жана сот органдарына кайрылуу укугуна ээ. Анын укуктарын Акыйкатчы институту же аксакалдар соту да коргой алат.

Мындан сырткары,  Кыргызстан 1996-жылы БУУнун Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жок кылуу тууралуу Конвенциясына  кошулган. Бул болсо, өлкө аялдарга карата дискриминацияны, анын ичинде үйдөгү зордук-зомбулукту да жок кылуу саясатын жүргүзүү милдеттенмесин өзүнө алганын билдирет.  

Үйдөгү зордук-зомбулуктун кандай түрлөрү бар?

Зордук-зомбулуктун төрт түрү айырмаланып жүрөт – физикалык,  психологиялык,  экономикалык жана сексуалдык («Гендердик маселелерди ЖМКда кантип чагылдыруу керек?» курсунун маалыматтары боюнча).

Физикалык зордук-зомбулук катары төмөнкү учурлар саналат:

  • уруп-соксо же түртсө;
  • үйдөн чыгарбаса же үйгө киргизбесе;
  • өлтүрөм деп коркутса, ден соолукка, коопсуздукка же өмүргө коркунуч туудурган кырдаалдарды атайылап түзсө;
  • алкоголь ичүүгө же баңгизаттарды пайдаланууга мажбурласа;
  • тамак ичирбесе, эс алууга же уктоого жолтоо кылса;
  • күч колдонуу, коркутуу, алдоо аркылуу өлкө ичинде жүрүүгө же чет өлкөгө чыгууга мажбурласа.

Психологиялык зордук-зомбулук деген:

  • системдүү  түрдө басынтуу-кордоо же манипуляциялоо;
  • сөз, ымдоо-жаңсоо, мимика аркылуу ызалантуу, таарынтуу;
  • артынан түшүү, көзөмөлдөө, коркутуп-үркүтүү;
  • негизсиз эле сындоо, сезимдерди, ойлорду, каалоо-ниеттерди тоотпоо;
  • опузалоо.

Экономикалык зордук-зомбулук катары төмөнкүлөр эсептелет:

  • сиз ээ болгон турак-жайдан, кийим-кечеден, башка мүлктөрдөн же акчадан атайылап ажыратуу;
  • акчага жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө;
  • кайырчылык-тилемчилик кылууга мажбур кылуу;
  • иштегенге же окуганга уруксат бербөө;
  • акча же мүлк менен опузалоо.

Сексуалдык зордук-зомбулуктун учурлары:

  • зордуктоо;
  • дененин интимдик бөлүктөрүнө эркке каршы тийүү, кармалоо;
  • бойдон алдырууга же кош бойлуу болууга мажбур кылуу;
  • сойкулук менен алектенүүгө мажбурлоо;
  • башка адамдар менен секске мажбурлоо;
  • зордукчулдун жыныстык актысын карап турууга мажбурлоо.

Кыргызстанда кылмыштардын оордугуна жараша классификация Жоруктар кодексинде жана Кылмыш-жаза кодексинде берилген.

Мисалы,  жоруктарга  65-берене – «Уруп-согуулар», 66 – «Ден соолукка жеңил зыян келтирүү», 67 – «Байкабастыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү», 68 – «Венерикалык ооруларды жугузуу», 84 – «Абийир жана дин тутуу эркиндигине болгон укукту ишке ашырууга тоскоолдук кылуу» ж. б. кирет..

Үй-бүлөдөгү бир кыйла оор кылмыштар үчүн жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодексинде көрсөтүлгөн. Бул жерде ден соолукка оор зыян келтирүү, кыйноолор, катуу уруп-согуп кыйноолор жна башкалар болуп бөлүнөт (КР КЖКнын  138-149-беренелери).

Үй-бүлөдөгү физикалык зордук-зомбулук фактылары  баарынан көп кездешет. 

Психологиялык жана экономикалык зордук-зомбулук, эреже катары, анча байкала бербейт.

Зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканымды кантип билсем болот? Болгону анын ачуусу чукул.

«Сезим» кризистик борборунун директору Бүбүсара Рыскулованын айтуусу боюнча, аял зордук-зомбулукка дуушар болуп жатканын өздүк туюм-сезимдер аркылуу баамдап билсе болот.

«Ар бир адам дискомфорттук абалды сезип-туюуга тийиш. Тилекке каршы, бизде эл зордук-зомбулук деп ырайымсыз, катаал мамилени гана эсептейт. Бирок андан  башка да психологиялык зордук-зомбулук деген бар. Кээде бизге келген адамдар психологиялык басым жасагандан  көрө бир нече жолу чаап жиберген жакшы экенин айтышат», – дейт ал.

Физикалык зордук-зомбулукту ажыратып-таануу баарынан оңой. Эгер күйөөсү уруп-соксо, демек, бул – зордук-зомбулук. Эгер аялга дайыма тыюу салып турса, чектесе, жада калса туугандары менен жолуктурбаса, психологиялык зордук-зомбулук орун алганын билсе болот. Экономикалык зордук-зомбулукта  аялга акча бербейт, жемелей берет. Аялынын макулдугу болбосо деле сексуалдык асылуу да зордук-зомбулук катары саналат.

Мен өзүм зордук-зомбулуктун автору экенимди кантип баамдасам болот?

Эгер адам үй-бүлөдө башкаларга кол көтөрсө, психологиялык басым жасаса, башкача айтканда,  такай эле урушуп турса, нааразы боло берсе, ошондой эле башкалардын иш-аракеттерин жана кыймыл-аракеттерин чектесе, ал зордук-зомбулуктун автору болуп эсептелет.  Буга өнөктөшүнө акча бербеген жана аны финансы каражаттарынын жоктугу үчүн жемелей берген адамдар да кирет.    

Мени күйөөм сабайт. Эмне кылсам болот?

Эгер сиз күйөөңүздүн зордук-зомбулугуна дуушар болсоңуз, өлкө боюнча жалпы болуп саналган 102 телефону боюнча милицияга кайрылышыңыз керек. Андан кийин  диспетчер сизди милициянын жашаган жериңиздеги тиешелүү бөлүмү менен байланыштырат. Сиз милиция кызматкерлерин үйүңүзгө чакыра аласыз, же бөлүмгө өзүңүз барып арыз жазсаңыз болот. Кандай болбосун, укук коргоо органдары арызыңызды кабыл алууга милдеттүү, арыз кандай формада берилгени маанилүү эмес.

Арызыңыз кабыл алынганына ынануу үчүн,  милиционерден атайын көчүрмөнү талап кылыңыз, анда факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) катталганы көрсөтүлүшү керек.

CABAR.asiaга милициядан түшүндүрүшкөндөй, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу факт же арыз келип түшкөндө, окуя, биринчи кезекте,  КЖБРде Жоруктар жөнүндө кодекстин 75-беренеси «Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук»  боюнча каттоого алынат. Андан соң тергөөчү тиешелүү экспертизаларды дайындап, зордук-зомбулук ырасталса, беренени өзгөртүп квалификациялайт. Эгер арыздануучу зордук-зомбулук системдүү түрдө болуп келгенин айтса жана тергөөчүдө далилдер болсо, мында да беренени тиешелүү башка беренеге өзгөртөт.

Медициналык же психологиялык экспертиза  тергөөчүнүн жөнөтүүсү боюнча көпчүлүк учурларда  аймактык ооруканаларда жүргүзүлөт.

Милиция арызды кабыл албай койду. Кайда кайрылсам болот?

Юрист Айжан Орозакунова белгилегендей, милицияга кайрылганда, укук коргоо органдары арызды, мейли, ал оозеки түрдө, мисалы, телефон аркылуу айтылганына карабастан,  каттоого милдеттүү. Эгер милиция арызга эч кандай реакция кылбаса, сиз Башкы прокуратурага жана Акыйкатчы институтуна кайрылууга акыңыз бар.

Башкы прокуратура – 0(312) 54 24 63, 54 28 18 

Акыйкатчы институту – түз линия 115, 0(312) 66 32 80. Дареги: Бишкек ш.,  Тыныстанов көч. 120.

Ошондой эле  Президентке же министрлер кабинетинин төрагасына кайрылуу жолдоого болот.

Ошол эле учурда, «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» фонду менен «Жарык нуру» демилгесинин изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча, сурамжылоого катышкан 70 аялдын үчтөн бири милиция кызматкерлери жабырлануучуларды коргоо көрсөтүү стандартын аткарбаган, жардам көрсөтүүнү каалабай, кабинеттен кабинетке жөнөткөн учурлар бар экенин айтышкан.  Аялдардын үчтөн экиси  аларды сурамжылоо зордукчулдун көзүнчө жүргөнүн, ал айтылгандын баарын укканын билдиришкен, бул да эреже бузуу болуп саналат.

Андан сырткары, изилдөөлөрдө айтылгандай, милиция кызматкерлеринин 70%га жакыны гана жардам сурап кайрылган аялдарды алардын укуктары тууралуу кабардар кылышса, болгону 57%ы гана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткандардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери тууралуу маалымат беришкен.  

Күйөөмдөн кетип калгым келет, бирок ал таап алып, мени жана балдарымды сабайт деп корком. Эмне кылуу керек?

Эгер сиз өз өмүрүңүз үчүн кооптонгондуктан күйөөңүздөн кетип калуудан корксоңуз, тезинен милицияга кайрылуу керек. Укук коргоо органдары сизге коргоо ордерин берүүгө тийиш.

Бүбүсара Рыскулова аялдарга, баарынан мурда, кетип калуу чечимине келүүнү кеңеш кылат, анткени андайга чыдап жүрө берүүгө болбойт.

«Ким жардам бере аларын ойлонуштуруп көрүү зарыл. Ачуу келип, каар кайнап турган мезгилде, албетте, токтоосуз 102ни чакыруу зарыл. Эгер андай жок болсо жана жашоого мүмкүн болбой калса, кийинки турмуш тууралуу ойлонуш керек.  Баарыдан мурда, өзүң жөнүндө, андан кийин балдар жөнүндө ойлоо зарыл. Көчөдө калбаш үчүн, калыбына келтирүү борборунан же туугандардыкынан жай издөө абзел», – дейт ал.

Рыскулова кризистик борборлорго кайрылууга боло турганын белгилейт, ал жерде жардам көрсөтүп, баш калка беришет. Бирок, анын айтуусуна караганда, аялдар милицияга кайрылганына карабастан, күйөөлөрү көп учурда таап алышат.

«Милиция кызматкерлери зордукчул менен жакшы тааныш болгондуктан, эч кандай чара көрбөй койгон учурлар бар»,- дейт Рскулова.

Кыргызстандагы борборлордун даректерин жана байланыш телефондорун бул жерден табууга болот.

Мага коргоо ордерин беришкен, бирок мурунку күйөөм дагы эле артыман аңдып жүрөт. Эмне кылсам болот?

Зордук-зомбулуктан жабыркагандардын өмүрүнө  кооптуулук туулса, милиция тарабынан аларга коргоо ордери берилет.

Эгер сизге коргоо ордери берилген болсо, бул, демек,  милиция кызматкери, көпчүлүк учурда тилкелик нускоочу, такай келип, сиздин ал-абалыңызды текшерип турат дегенди билдирет. Эгер күйөөңүз тарабынан зордук-зомбулук же артыңыздан түшүп куугунтуктоо кайталанса, маселе Кылмыш-жаза кодексине ылайык каралат. Милициядан түшүндүрүшкөндөй,  ар бир учур өз-өзүнчө каралат.  

Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча, 2021-жылдын 5 айында убактылуу коргоо ордерин аткарбоонун 2 фактысы катталган, 2020-жылы мындай фактыдан 1 болсо, 2019-жылы катталган эмес.

Зордук-зомбулуктан жабыркаган аял акысыз адвокатка укугу барбы?

Аракеттеги мыйзамдар боюнча, акысыз адвокат калктын жакыр катмарына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, ошондой эле кылмыш кылууга шектелген адамдарга берилет.

Жакырлар же ден соолугунан  мүмкүнчүлүгү  чектелгендер категориясына кирбеген жабырлануучу аялдарга акысыз адвокат берилбейт. Бирок Айжан Орозакунова белгилегендей, парламентте гендердик зордук-зомбулуктан жабыркагандарга да акысыз юридикалык жардам көрсөтүлүшү керектигин караган мыйзам долбоору каралып жатат.

Азыр акысыз юридикалык жардам алуу үчүн Pro Bono Борборуна кайрылууга болот.  Юристтер бүткүл Кыргызстан боюнча жабырлануучуларга жардам көрсөтө алышат.

Борбордун байланыш телефондору: тел. 0555 66 96 59 (Алика), 0777 66 96 59 (Мира)

email: office@centradvokatov.kg

Дареги: Бишкек ш., Токтогул көч. 96. Борборго дүйшөмбү–ишемби  күндөрү саат 9.00дөн 18.00гө чейин кайрыла аласыздар.

Көрсөтүлгөн байланыш телефондоруна өлкөнүн бардык аймактарынан кайрылууга болот. Юристтер аймактардагы кесиптештерин координациялап, сизге жардам жөнөтүшөт.

Абьюзер жазадан кутулуп кетти/ эркиндикке чыкты же ага эң аз жаза берип коюшту. Өч алуудан кантип сактанууга болот?

Биринчи кезекте, коргоо ордерин алуу зарыл. Ошондой эле милицияга чара көрүү өтүнүчү менен кайра кайрылуу зарыл.

Эгер артыңыздан түшүп куугунтуктоо улана берсе, абьюзер сизге 100 метр аралыктан жакын келбөөсүнө соттук тартип менен чектөө коюуга болот.  Мындай практика  Кыргызстанда бар.

Зордук-зомбулуктун кесепеттери менен кантип күрөшсө болот?

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткандардын калыбына келүүсү кыйын, өзгөчө, психологиялык жактан абдан оор.  Түзүлгөн кырдаалдан чыгууга жакын туугандар же психологдор жардам беришет. Психологдорго акы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор үчүн кризистик жана  реабилитациялык борборлор бар, ал жерде акысыз жардам көрсөтүшөт.

Алар өлкөнүн бардык аймактарында орун алып, аялдарга психологиялык жана каржылык жардам көрсөтүлөт. Мындай борборлордун байланыш телефондорун жана даректерин бул жерден   табууга болот.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркагандарга акысыз психологиялык жардам көрсөтүү механизмдери мамлекет тарабынан жолго коюлган эмес.

Кимдир бирөө үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка дуушар болуп жаткандай туюлса, эмне кылуу керек?

Эгер зордук-зомбулукка күбө болсоңуз, 102 номери менен милицияга кайрылууңуз зарыл.  Андан сырткары, зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аял менен сүйлөшүп,  коопсуздандыруунун жолдору тууралуу кеңеш берүү алгылыктуу болот. Биринчи кезекте, анын укуктары тууралуу айтып берип, жардам көрсөтө ала турган уюмдардын байланыш телефондорун берүү керек.


Публикация Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн колдоосу менен Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Борбор Азияда жаӊы медиаларды жана санарип журналистиканы ѳнүктүрүү» долбоорунун насаатчылык программасынын алкагында даярдалды. Публикациянын мазмуну IWPR же Улуу Британия Ѳкмѳтүнүн расмий кѳз карашын чагылдырбайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: