© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы аялдардын диний негизде радикалдашуусу

“Динчилдиктин өсүүсүнөн, дегеле жалпысынан алганда кыргызстандагы калктын консервативдик көз карашты кармануусунан улам, тилекке каршы өлкөдөгү бул багыттагы мамлекеттик саясат же ар кандай эрежелерге карабай,  гендердик теңсиздик  теңирден тескери натыйжаларды көрсөтүүдө», — дейт CABAR.asia. агенттигине берген маегинде эксперт Чинара Эсенгул.

Киришүү ордуна

Тартип коргоо органдарынын берген маалыматына караганда, 2010-жылдан 2016-жылдын июнь айына чейинки мезгилде 863 кыргызстандык атуул Сириядагы согушттук аракеттерге тартылып өздөрүн “Ислам мамлекети”  деп атаган экстремисттик топко кошулуп кетишкен жана алардын 188 аялдар түзүшөт.[1]

Чындыгында үй-бүлөө коомдун радикалдашуусунда же калк арасында экстремизмдин күчөшүндө бир жагынан о­ң, ошол эле мезгилде терс таасирин тийгизээри турган иш. Айрыкча со­ңку жылдары эмгек миграциясынын айынан көп сандаган жаштар өз ата мекенин ташташып, үй-бүлөө мүчөлөрүнөн алыс жүрүшкөн чакта, сөзсүз түрдө алардын кайсыл бир экстремисттик топторго алданып азгырылып кетүү мүмкүнчүлүгү күчтүү экендигин танууга болбойт. Албетте, эгерде Кыргыз Республикасында үй-бүлөө институту күчтүү болуп, жаш муундар кыргыз элинин каада салтына, маданиятына ылайык тарбияланып, алардын келечекте бөтөн чөйрө менен аралышып кетүүсүнө үй-бүлөөдө жеткиликтүү деңгээлде  жакшы даярдалышканда, биздин жаштарыбыз ар кандай азгырууларга алданышпайт эле, жана  жакшы жашоону табуу үчүн согуш болуп жаткан өлкөлөргө да кетишпейт эле. Ошол эле мезгилде, көптөгөн жаш кыздар жана аялдар согуш талааларына өздөрүнүн үй-бүлөөсүн сактап калуу максатында  тууганынын (күйөөсү, атасы, агасы, кудасынын) чакыруусу менен  Сирияга кетишкен.[2]

Ар кандай мамлекеттик жана бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү менен сүйлөшө келгенде, кыз-келиндердин диний негизде радикалдашуу процессинде, алардын эч биринде ИГИЛ экстремисттик топко тартылганга чейин,  «бул уюмга өз каалоом менен кирем» деген ою болбогондугу аныкталды.  Аялдардын мындай аракеттерге баруусуна баардык эле учурда «зомбилөө» же аларды азгыруу болбогондугун аялдар өздөрү айтып беришти. Ошол эле мезгилде, эмне үчүн аялдар ойлонбой жана өздөрү каалашпай туруп, мындай жаман көрүнүштөргө тартылып кетишет? Эмнеге аялдардын өз каалоосу менен ИГИЛдин курамына кошулууга жөнөп кетиши өтө сейрек кездешет? Бул жана башка суроолорго 2017-жылдын экинчи жарымында «БУУнун аялдары» агенттиги үчүн жасалган иликтөөгө таянып жооп бергенге аракет жасайын.

Көйгөйлөргө жана контекстке талдоо

Согуш болгон өлкөлөргө кеткендердин жаш курагын, билим деңгээлин жана башка  өзгөчөлүктөрүн талдап келгенде ар түрдүүчө маалыматы аныктоого болот. Тартип коргоо органдары көбүнчө жашы 22 ден 27 чейинки жумушсуз, билими тайкы, аз камсыз болгон үй-бүлөөдөн чыккан жаштар кетип жаткандыгын айтышат. Ал эми бейөкмөт уюмдардын берген маалыматы боюнча, согуш талааларына орто үй-бүлөөдөн чыккандар деле кетишүүдө. Ошол эле мезгилде, кетип жаткан аялдардын канчасы турмушка чыккандар экендиги тууралуу маалымат жок, бирок канча аял күйөөсүнүн артынан кеткендиги тууралуу так маалымат бар. Мындан сырткары кеткен аялдардын билим де­ңгээли тууралуу расмий маалымат жок.

Мамлекеттеги бир катар иликтөөлөрдүн жыйынтыгында атуулдардын Ирак, Сирия сыяктуу бөтөн жердеги согушка кетүүсүнөн өзүнчө бир маанилүү бүтүм чыгарууга болот. Иш жүзүндө радикалдашуунун жана экстремизмдин себептери өтө көп, бирок атуулдардын мындай кадамдарга баруусуна белгилүү бир факторлор түрткү болоорун унутпашыбыз керек. Мындай факторлордун катарына төмөндөгүдөй:  ар бир атуулдун жеке өзгөчөлүгү, өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, анын ичинде дискриминация, оор жашоо шарт, диний кырдаал, гендердик фактор жана гендердик теңсиздик, диний саясат, тартип коргоо органдарынын адилетсиз мамилеси, калктын билим деңгээли, сабатсыздыгы, өлкөдөгү коррупиянын деңгээли сыяктуу факторлорду кошууга болот. 

Диний кырдаал

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын берген маалыматы боюнча, соңку жыйырма жылда өлкөдө калктын динге берилүү деңгээли өтө тездик менен өсүүдө.[3] Учурда өлкөдө ислам дининин эле жыйырмадан ашуун түрлөрү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө. Мындай шартта, өзүн светтик, демократиялык өлкө деп жар салган Кыргызстанда жогорудагыдай диний көп түрдүүлүк менен иш алып барып, аларды  башкаруу жеңил  эмес экендиги айтпаса да түшүнүктүү.

Бул жерде көңүл бура турган нерсе, өлкөдөгү салттуу ислам динин карманган атуулдар  менен ислам динин өздөрүнүн сасий жана башка максаттарына жетүү үчүн колдонууга аракет кылган диний агымдар менен болгон өз-ара мамилесинде карама-каршылыктуу жагдайлар бар деп айтууга толук негиз бар. Мисалы Хизб-ут-Тахрир саясий-диний партиясы жана анын мүчөлөрү Борбор Азиядагы мамлекеттерде халифат курууга чакырышат. Ошол эле мезгилде ИГИЛ уюму Ирак жана Сирияда халифат курууну көздөйт. Ушул өңүттөн алганда, өз мезгилинде Хизб-ут-Тахрир уюмунун өкүлдөрү атуулдарды ИГИЛ уюмуна киргизүүгө чакырбаганы менен өзүнүн идеологиялык багыты боюнча дүйнөдөгү ИГИЛ сыяктуу эксремисттик жана террорчул уюмдарга социалдык база болуп берип жатканын жокко чыгарууга болбойт.  

Башка өлкөлөрдүн эксперттери сыяктуу эле Кыргызстандык эксперттер өлкөдөгү Таблиги Джамаат исламдык агымынын ишмердүүлүгү тууралуу бир пикирде эмес. Аталган уюмдун ишмердүүлүгүнө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда гана ураксат берилген. Ал тургай эгерде аталган агымдын ишмердүүлүгүн Кыргызстанда токтотууга бара турган болсо, анда мындай кадам өлкөдө радикалдашууну алдын албай, тескерисинче күчөтүп жибериши ыктымалдуулугун айтышат, эксперттер. Анткени иш жүзүндө аталган уюмдун билимдүү мүчөлөрү чыныгы радикалдык уюмдарга карама-каршы туруп аларга тең салмактуулукту сактап келе жаткандыгын жокко чыгарууга болбойт, дешет алар. Ошол эле мезгилде, аталган кыймылдын ишмердүүлүгүн жабуу зарылчылыгын көтөрүп келе жаткан атуулдар, Таблиги Джамаат идеологиялык жактан Деобанди консервативдүү окуусу менен жакын экендигин айтышып, ага 1960-жылдан бери Таблиги Джамаат менен салафизмдин ортосундагы өз ара карым-катнашты мисалга келтиришет. Башкача айтканда, эгерде кылдаттык менен талдай турган болсок, Таблиги Джамааттын принциптери «учурдагы ислам экстремизминин үлгүсү болгон экстремисттик ваххабиттик-деобани окуусуна барып такалаарын танууга болбойт».[4]

Социалдык-экономикалк абал

Жогоруда сөз болгондой, со­ңку жылдары калктын динге берилүү деңгээлинин жогорулашы менен катар эле өлкөгө жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн атуулдардын келүүсү да көбөйдү. Мындан сырткары жумушсуздук өлкө жаштарын кандай болсо да Россия жана Казакстанга же башка өлкөлөргө барып жумуш издеп кетүүсүнө аргасыз кылууда. Мигранттардын көпчүлүгү жаш, ишенчээк, билимсиз, эң өкүнүчтүүсү алардын үй-бүлөө мүчөлөрү, биринчи кезекте, балдары кароосуз, ата-энесинин тарбиясынан сырткары өсүшүп, жаштайынан капа болуп, жашоосунда ар кандай  көңүл калуулар көп болгондуктан соңку жылдары мектеп окуучуларынын арасында өзүнүн жанын өзү кыйган учурлар өтө көп кездешүүдө.[5]

Өлкөдөгү миграцияга жооп берген мамлекеттик органдын берген маалыматына караганда, соңку жылдары өлкөдө аялдар миграциясынын саны өстү. Учурда аялдар өлкөдөн сыртка кетип жаткан жалпы мигранттардын 48% пайызын түзөт. Мындай көрүнүш өз мезгилинде миграциядагы аялдарга байланыштуу көйгөйлөрдү  көбөйтүүдө.

Гендердик кырдаал

Калктын арасында динге берилгендердин жана жалпысынан эле консервативдик көз караштагылардын санынын көбөйүшү өлкөдө ыймандуулуктун жакшырышына алып келгени менен, тилекке каршы гендердик дискриминациялык көрүнүш, өлкөдөгү саясат жана формалдык эрежелерге карабай, башканы көрсөтүүдө. Алардын айрымдарын тизмелей кетсек, алар: эрте турмушка берүү, көп аял алуучулук, каттоосу жок турмушка чыгуу сыяктуу көрүнүштөр. Мындай корүнүштүн баары аял катары укугун тастыктоочу тиешелүү документтин жоктугунан улам болуп жаткандыгын айтууга болот. Мындай көрүнүш аялдарга жана балдарга тиешелүү. Мындан сырткары мигранттардын аялдары жолдошунун үйүндө калып, физикалык жана психологиялык оор шартта күн өткөрүшөт. Ошондой эле айрым учурда жаш кыздардын ата-энелери бойго жеткен кыздарын болушунча кымбатка сатууга кызыкдар болгон учурлар да катталат. Ошол эле мезгилде, үй-бүлөөдөгү аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулуктар тууралуу айтпай коюга болбойт. Коомчулукта дагы деле кыз ала качуу кездешет. Өкүнүчтүүсү кыз ала качууда тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин өз ишине жоопкерчиликсиз мамилесинен улам кайгылуу окуялар оорун алган учурлар да бар. Ага мындан бир аз илгери оорун алган Бурулайдын окуясын келтирүүгө болот. Бурулайды ала качып кетип бара жаткан бала милициянын имаратында кызды бычактап өлтүрүп койгон.[6]

Кыздар жана аялдар жогорудагыдай оор жагдайлардан кутулуу аракетинен улам башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушат. Эң оору качан гана аялдар турмуштун айынан миграциянын оор кыйынчылыктарына кабылышып, өз мекенине келишкенде алар ар кандай сын пикирге кабылышат (миграцияда жүргөндө туура эмес жүрүм турумга ээ болушуп, башка эркектер менен жүрүп алган, деген сыяктуу. Ал эми мындай ушакка эркектер кабылышпайт.)

Албетте жогорудагыдай оор кыйынчылыктарды көргөн айрым аялдар айла жоктон өз өлкөсүн таштап, башка Сирия сыяктуу өлкөлөргө да кетүүгө аргасыз болушат. Ал эми «зомби» сыяктуу эле өз эрки менен эмес, жолдошун же башкаларды ээрчип кетип калган кыз келиндер жөнүндө сөз кылганда, алардын да көпчүлүгү эрте турмушка чыкандын айынан, тогузунчу класстан кийин билим албай калып, жолдошусуз өз алдынча жашап кетүүгө көзү жетпеген кыз келиндер экендигин көрүүгө болот. Мындай кыз келиндердин баары тең жолдошунун жана үй-бүлөө мүчөлөрүнүн айткандарын жүз пайызга унчукпай аткарууга мажбур болушат.

 Сунуштар

Канткенде аялдардын диний негизде радикалдашуусуна жол бербөөгө болот? Бул максатка жетүү үчүн эң башкысы биринчи кезекте өлкөдөгү баардык атуулдардын укуктарынын тең сакталуусуна жетишип, мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, өлкөдө кош стандарттулукка жол бербей, ар бир адамдын коопсуздугун камсыз кылып. ошондой эле эң маанилүүсү өлкөдөгү ар бир адамдын анын ичинде ар бир кыз келиндин келечекте эне жана аял болуусу үчүн алардын светтик жана диний билим алуусуна толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө жетишүү.

Мындай максаттарга жетүү үчүн төмөндөгүдөй өзгөчө сунуштар топтомун ишке ашырууну сунуштайбыз:

-Согуш болуп жаткан өлкөлөрдөн келген атуулдардын кайрадан коомго аралашып кетүүсү үчүн өзүнчө программаны иштеп чагып аны ишке ашырууга жетишүү.

-Сирияга кеткен атуулдардын үй-бүлөө мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүү боюнча программаларды иштеп чыгып, турмушка  ашыруу (көптөгөн апалар, аялдар үй-бүлөөнүн башка мүчөлөрү тарабынан зордук –зомбулукка учураган учурлар кездешет).

-Жогорудагыдай максатка жетүү үчүн ар бир жердин, аймактын көйгөйлөрүн жеринде иликтеп, чечүүгө багытталган мамлекеттик жана донордук программа, долбоорлорду иштеп чыгып аны турмушка ашыруу (алгач чечүүгө зарыл болгон көйгөйлөрдү иликтеп чыгуу, андан соң маселени биргелешип чечүүнүн планын иштеп чыгуу).

-Юстиция министрлигинин калкка бекер юридикалык жардам берүү программасын колдоого алуу (калктын укуктун билим деңгээлин жогорулатуу, анын ичинде аялдардын, ошондой эле башка өлкөлөргө кетүүнүн маани –маңызын, натыйжаларын толук түшүндүрүү).

-Өлкөдө эрте турмушка чыгуу, көп аял алуучулук, кызды уурдоо жана башка кыз–келиндердин укуктарын тебелөөчү көрүнүштөрдү токтотуу боюнча масштабдуу маалымат кампаниясын ишке ашыруу(НПО жана эл аралык умюмдар мындай көрүнүштү көздүн сыртында калтырбоосу зарыл).

-Билим берүү тармагында мектеп жашынан баштап ар бир атуулдун өз алдынча ойлонуу, өзүнө сын көз караш менен кароого болгон жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү боюнча программаларды иштеп чыгып, аны ишке ашыруу (ар бир жаш балага жаштайынан жамандан жакшыны ажырата билүүгө, чечим кабыл алып, ал үчүн жоопкерчилик тартууга үйрөтөт).

-Мамлекеттик башкарууда өлкөдөгү аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө, радикалдык диний көз караштарды жайылтууга каршы күрөштө кыз келиндерге кандай оорун берилээрин тактоо. Мындай аялдарга зарыл болгон билим тажрыйбаны берүү. Тартип коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу менен өлкөдөгү ар кандай бөлүнүп жарылууга жол бербөө.

Автор: Эсенгул Чинара — Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин докторанты.

Булактар:

[1] По данным МВД КР, бывший 10 отдел

[2] Согласно обнаружениям исследования проведенного для агентства ООН Женщины, июнь 2017 г.

[3] подробнее см. сайт ГКДР http://religion.gov.kg/ru/category/analyz_rel_sit/

[4] Комиссина Ирина Николаевна, старший научный сотрудник отдела исследований современной Азии РИСИ «Движение «Таблиги джамаат»: теория и практика радикализма» Международная Политика, стр.49. [https://riss.ru/images/pdf/journal/2011/1/Komissina_2011_1.pdf] 

[5] На основе интервью с представителями администрации школ и социальными педагогами.

[6] Подробнее см. https://kaktus.media/doc/375354_my_za_prava_jenshin._v_bishkeke_proydet_miting_posviashennyy_pogibshey_byrylay.html

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: