Без рубрики

Кыргызстандагы Таблиги жамааттын аялдар канаты эмне иш кылат?

08.05.2018

Таблиги Жамаат диний кыймылынын катарына эркектер гана эмес аялдар дагы активдүү түрдө тартылууда.


На русском

Макала Таблиги Жамаат тууралуу көп жылдан бери изилдөө жүргүзүп келе жаткан Борбордук Азиядагы Америка Угиверситетинин доценти Мукарам Токтогулованын атынан баяндалат. IFEAC француз изилдөө борбору уюштурган Борбордук Азиядагы радикалдашуу боюнча тегерек үстөлдө ал “Диний мобилдүүлүк “Мастурат”: Кыргызстандагы Таблиги Жамааттын аялдарынын тажрыйбасы” деп аталган доклад жасады.

Мукарам Токтогулова. Фото: auca.kg

Таблиги Жамаат — Кыргызстандагы эң активдүү диний кыймылдардын бири жана кошуна өлкөлөр бул кыймылды расмий түрдө экстремисттик топ деп таап, эчак эле ишмердүүлүгүнө тыюу салышкан. Таблиги Жамаатка 2006-жылы Тажикстанда, 2009-жылы Өзбекстан менен Орусияда, 2013-жылы Казакстанда тыюу салынган. Кыргызстанда дагы бул кыймылдын ишмердүүлүгүн токтотуу аракети көрүлүп, бирок кайра калтырылган болчу.

Кыргызстандын Таблиги Жамаат боюнча саясатын карап көрсөк, бир жагынан эч кандай тыюусу жок, ээн-эркин эле өзүнүн миссионердик ишмердүүлүгүн улантып жатат деп айта алабыз, экинчи жагынан алып карасак – мамлекет тарабынан катуу көзөмөлгө алынган. Алардын айрым практикаларына тыюу салышты, мисалы, жакында алардын “Гашт” ишине  тыюу салынды (Кыймылдын жактоочуларынын үймө-үй эшик каккылап, эркектерди мечитке барып “баян” (ислам тууралуу маалымат) угууга чакыруу ыкмасы). Дагы башка мисал, алардын пакистандык кийимдерин жергиликтүү кыргыздын кийимине алмаштырууну талап кылышты, же даваатка чыгуу үчүн жашаган жеринен маалымдама кат, жубайынын уруксат кагазы болушу керек деген талаптар коюлду.

Таблиги Жамаат тууралуу массалык маалымат каражаттарында жазылган ар кандай мифтерден улам дагы бул кыймылдан шектенүүлөр көп.  Мисалы, 2012-жылдан тартып “мастурат” диний-экстремисттик уюму” тууралуу жазылып келди. Биздин журналисттер “мастуратты” өзүнчө диний-экстремисттик уюм катары көрсөтүп келишти.

Алар миссионердик ишмердүүлүктөрүн кантип жүргүзөрүн, мисалы, “мастураттын аялдары” кара кийимдерди кийинип алып, кымбат баалуу машинелерди айдаганын, кыздарды эрте турмушка чыгууга (14-15 жашта) мажбурлап, аялдарды иштебей үйдө отурууга мажбурлары сүрөттөлүп келген.

Мындай мифтер мамлекеттин динге жаңы диний кыймылдарды жана практикаларды катардагы адамдар кандай кабыл аларын дагы көрсөтүп жатат. Кадыр Маликов (ислам боюнча эксперт) жана Замир Чотаев (Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчисинин орун басары) айтып кеткендей, Исламды туура эмес өңүттө көрсөтүү чыр-чатактык кырдаалды жаратып жатканын мен “мастураттын” тажрыйбасынын негизинде талкууну уланткым келип жатат.

Алардын мисалында мен эл исламдын радикалдашуусун кандай түшүнөрүн, кайсы бир диний топтун коркунучун кантип аныктаарын, аны менен катар эле Борбордук Азиядагы радикалдашуу изилдөөнүн илимий ыкмалары тууралуу айткым келет.

Бул суроолорго жооп берерден мурда мен “мастурат” деген кимдер экенин айтып берейин. Араб тилинен которгондо бул сөз “аял” дегенди түшүндүрөт, тагыраак айтканда, мааниси нейтралдуу, эгерде бул сөздү даваатчылардын өзүлөрү кандай колдонуп жүргөнүн карасак, Таблиги Жамааттын эркек мүчөлөрү аялдарын “мастурат” деп аташып, аялдары менен чогуу өткөрүлгөн даваатты “мастурат даваат” деп коюшат.

Бул аялдар ар кандай иш чараларга тартылышкан: “таалим” – бул жумасына бир жолу ислам тууралуу аялдар үчүн өткөрүлгөн сабактар, аялдар чогулушуп диний тексттерди окушат. Мисалы, фадаиль (тилеги тазалар) жана амаль (артыкчылык берилген практика) же хадистер (Мухаммад пайгамбардын насааттары жана тажрыйбасы). Экинчиси – “мастурат даваат”. Буга чейин айтып өткөндөй, бул үйбүлөлүк давааттарда эркектерди аялдары же эже-карындаштары, апасы коштоп жүрөт.  Үчүнчүсү – бул “баян” – бир айда бир жолу Таблиги Жамааттын эркек активист мүчөсү мечиттен келип аялдарга лекция окуп кетет. Бул лекциянын мааниси динге чакыруу.

Кыргызстанда «мастурат» Таблиги Жамааттын ичинде гана эмес, бардык диний иш-чараларга активдүү катышат. Мисалы, көпчүлүгү араб тилин үйрөнүшөт, имамдардын сабактарына катышышат. Бул аялдарды практика жүзүндө Борбордук Азиядагы башка салттуу мусулман аялдардан айырмалаган өзгөчөлүктөр бар, — советтер союзунун убагында (ага чейин дагы) Борбордук Азиядагы аялдардын диний практикасы ритуалдык ислам менен чектелчү. Мисалы, Х.Фатхи, Ж.Тэтт, Д.Кандиоти сыяктуу изилдөөчүлөр бул аймактын аялдары мечиттерге барышпаганын, ар кандай диний ритуалдарды үйүнөн жасаганын, ислам тексттерин окугандан алыс экенин жазышкан. Алардын тажрыйбасында исламдык жана салттуу маданият камыр-жумур болуп аралашып кеткенин байкоого болот.

“Мастураттын” диний практикасында дин менен маданияттын ортосундагы чекти даана көрүүгө болот. Алар көбүнчө текстуалдык жана ортодоксалдык исламга (хадистер, ислам тексттери) кызыгышат. Мындай өзгөчөлүктөр биздин коомду (карапайым адамдарды, айрым журналисттерди) чочулатат, алар мындан ислам менен салттын карама-каршылыгын көрүшөт.

Мисалы, ислам менен кыргыз салтындагы карама-каршылыктарга кантип күрөшсө болот деген маселе көтөрүлүп жатат. Алар мындан кооптуу жагдайды көрүп жатышат, алардын айтымында, калкта “исламдашуу” эмес, “арабдашуу” жана “пакистандашуу” жүрүп жатат.  Бул кыймылдын практикасындагы көрүнүштөр жергиликтүү маданият үчүн жат нерсе. Айрым “мастураттар” узун, кара түстөгү кийим кийишсе, айрымдары жүзүнөн бери жаап алышат. Кыймылдын мүчөлөрүнүн түшүнүгүндө аялдар эркектердин көңүлүн өзүнө бурбаш үчүн ачык эмес түстөгү кийимдерди кийиниши керек. Жергиликтүү маданиятта кара түстөгү кийим адам өлгөндө кие турган түс. Алардын практикасында үн дагы “аурат” (жашыра турган дене мүчө) болуп саналат, тагыраак айтканда, аялдын үнүн күйөөсү, атасы жана бир тууган ага-инилеринен башка эркектер укпашы керек. Бирок Таблиги Жамааттын көпчүлүк аялдары бул эрежени сактай алышпайт, анткени, алар эки жыныстын өкүлдөрүнүн укуктары бирдей каралган жерлерде иштешет; бирок бул эрежелерди даваат жана “баян” учурунда сакташат. Ал жакта аялдар жана эркектер өздөрүнүн миссионердик иштерин өзүнчө жүргүзүшөт; аялдар имамдын “баянын” тосулган парданын артынан угушат, суроону түз бере алышпайт, суроосун кагазга жазып эркектер аркылуу беришет. Чындыгында Таблиги Жамааттын идеологиясында катаал эрежелер бар, бирок алар практика жүзүндө ишке ашпайт.

Кыргызстанда “Мастураттын” катарын коомдун ар кандай катмарындагы адамдар толуктайт, алардын арасында коомдук турмушка активдүү катышкандары дагы бар, ар кайсы адистин өкүлдөрү – мугалимдер, врачтар, соодагерлер, инженерлер кездешет. Жыйырма жылдын ичинде Таблиги Жамаат катарына ар кандай адамдарды тартканга жетишти. Алардын көбүн караңгы адамдар деп айта албайсың, көпчүлүгүнүн жогорку билимдери бар, кала берсе батыштан окуп келгендери дагы бар. Алардын тажрыйбасын изилдеп көрүп, биз аялдардын укугу жок, үйүндө бекинип эле отурат деп айта албайбыз. Мен бир интервьюдан мисал келтиргим келет.  Балдарыңар кандай билим алуусун каалайт элеңер деген суроого “мастураттын” көпчүлүгү балдары “билимдүү шайтан” болбошу керектигин айтып, жооп беришкен. Мага интервью бергендердин бирөө баласын сапаттуу жана светтик билим менен катар диний билим дагы ала ала турган мектепке жиберерин айтты. Алардын көпчүлүгү идеалдуу вариант катары “Давха” мектебин аташты. Бул окуучуларга сапаттуу билим менен катар исламды дагы окуткан кымбат мектеп. Бул мисал алардын сапаттуу билим алууга умтулганынан кабар берип турат. Демек, алар үчүн секулярдык билим берүүнү тануу эмес, бул билимди диний практика менен айкалыштыруу маанилүү.

«Импорттолгон ислам»

Эми ислам практикасын изилдөөдөгү ыкмаларга көңүл бургум келет. Биринчи ыкма, дайыма исламды изилдөөдө колдонуп келген ыкма – ислам менен заманбап жашоону карама-каршы коюу, салттарды карама-каршы коюу. Бул ыкмага ылайык, башынан баштап эле исламдык практика караңгылыктын белгиси катары кабыл алынып келет, бул жагынан алганда “мастурат” практикасы дагы караңгылык катары кабылданат, ошол эле учурда биз Таблиги Жамааттын идеологиясы жана анын ишке ашуусу дал келбей турганын көрүп жатабыз. Биз бул жерде Таблиги Жамааттын жалпы идеологиясы боюнча жалпы суроолорду эмес, Кыргызстандагы бул кыймылдын практикалары тууралуу конкреттүү суроолорду коюшубуз керек. Алардын практикалары кандай учурларда биздин прогрессибизге тоскоол болуп, коомчулукка кооптуу жагдай жаратып жатат? Кыргызстандын көпчүлүгү Таблиги Жамааттын катарына кирип калышына кандай факторлор таасирин тийгизди?

Мен токтолгум келген экинчи ыкма бул – импорттолгон ислам менен жергиликтүү исламды карама-каршы коюу ыкмасы. Импорттолгон ислам коркунучтуу, ал эми жергиликтүү ислам тынчтыкты туу туткан дин дегенди угууга болот. Айрымдар өзүбүздүн салттуу “ортоазиялык исламды” кайрадан жаратууга чакырып келишет.  Салттуу ислам дегенди сырттан келген таасирге кабылбаган салттын маданияты менен динди айкалыштырган исламды айтышат. Көпчүлүк окумуштуулар салттуу исламдын кайра жаралышын радикалдуу исламга каршы жана экстремизмге каршы күрөшүү ыкмасы катары көрүшөт.

Биз глобалдашуу доорунда жашап жатабыз, жана глобалдашуу батыштык баалуулуктар, батыштык массалык маданият жергиликтүү маданиятка терс таасирин тийгизген вестернизация түрүндөгү бир эле формага ээ эмес. Ал мусулмандык глобалдашуу формасына дагы ээ болуп отурат, батыштык окумуштуулар аны “альтернативдүү глобалдашуу” деп аташат. Бул аныктамага ылайык, мусулмандык баалуулуктар, символдор, предметтер дүйнөгө таралып глобалдуу болуп жатат. Ушундай контексттеги глобалдашууда биздин мусулмандарды сырткы исламдын таасиринен коргоо мүмкүн эмес деп эсептейм. Бүгүнкү күндө чек аралар ачык, эл заманбап технологияларды колдонот, адамдар мобилдүү болуп калышты.

Мындай кырдаалда Таблиги Жамаатты же “мастурат” практикасын башка өлкөлөрдөгү исламдын өнүгүүсү контекстинде караган жакшы болмок. Мусулман дүйнөсүндө аялдардын текстуалдык жана ортодоксалдык исламга кызыгуунун өсүү тенденциясы жүрүп жатканын эске алуу керек. Окумуштуулар бул аялдарды эки топко бөлүшөт: биринчи топтогулары социалдык турмуштун ар кайсы чөйрөлөрүндө активдүү болгон, жакшы билимге ээ, азыркы замандагы демократиянын жетишкендиктерин активдүү колдонгон коомдун жогорку катмарынан чыккан аялдар.  Экинчи топтогулар эч жерде иштебеген, үй иштери менен гана алек болгон жөнөкөй аялдар. Бирок, бул эки топтогу аялдарды дагы исламдагы моралдык баалуулуктар кызыктырат. Алар исламдын тексттерин артка кайтуу үчүн эмес, исламдын моралдык принциптерин жакшы түшүнүп, аларды өз жашоолорунда пайдалануу үчүн окушат.

Эгер “мастуратка” кайрылып келсек, Кыргызстанда Таблиги Жамааттын диний практикаларына кызыгуулар өсүп жатканы байкалат, ислам адабияты көп которулуп жана басылып чыгып жатат, имамдардын лекцияларына баргандардын саны дагы көбөйүүдө. Кыргызстанда Таблиги Жамааттын мүчөлөрүнө ислам боюнча билим алууга жана ислам практикасына таасир эткен факторлор башка, бирок окшош учурлары дагы бар. Бул факторлор эл турмушунда күн сайын кездешкен баарынан мурда социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу.  Бир респонденттин апасы анын уулу даваатка чыгып, исламды карманганына кубанычта экенин билдирген. Анын айтымында, азыр жогорку билимге ээ болуунун дагы кажети жок, анткени, баары бир жумуш жок, окууга жөн эле акча кетиргиси келбейт. Айылдарда жумушу жок балдар оңой эле алкоголдук ичимдиктерге берилип кетишет, ал эми анын уулу исламдын адеп принциптерин карманып жашоонун туура образында жашап жатканына курсан. Дагы бир аял ажырашкандан кийин белгилүү динаятчы Чубак ажынын лекцияларына жана “таалимге” бара баштаган. Анткени, анын кайын журтунда “келиндик” ролу оор болуптур. Аны үй кызматчысы катары гана көрүшчү экен. Бул келиндин айтымында, биздин кыргыздын салтына караганда исламда аялга көбүрөөк укук берилген. Исламда аял, эркек жана кайынжурт баары Кудай алдында бирдей.

Бул мисалдар менен мен исламдын практикаларын жалаң жакшы жагынан көрсөткүм келбейт же Таблиги Жамаатты актайын деген оюм жок. Болгону бул кыймылга тыюу салуу менен мамлекет эч нерсеге жетишпейт дегенди түшүндүргүм келет. Башка өлкөлөр бул кыймылга тыюу салганы менен алар жоголуп кеткен жок. Анткени, кыймылдын жактоочулары дагы ошол эле өлкөнүн жарандары, алар ошол жерде жашайт жана эч жакка көчүп кетишпейт. Ал жарандарды кадимки турмуштагы көйгөйлөр тынчсыздандырат, жана айрым учурларда ал көйгөйлөр чечилбесе аны чечүүнүн жолдорун исламдан издешет. Ошондуктан, баарынан мурда элди ар кандай диний кыймылдарга түртүп жаткан коомдогу көйгөйлөргө көңүл буруу зарыл.

Даярдаган Жаныгүл Капарова.

Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган «Giving Voice, Driving Changefrom the Borderland to the Steppes Project» алкагында даярдалды.

Последнее

Популярное