Жантай

Кыргызстандын ар бир облусунда мал базар бар, алардын белгилүүлөрүнүн бири Бишкектеги “Жантай” базары. Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка айыл аймагында  жайгашкан. Бир караганда, базарда башаламандык өкүм сүргөндөй сезилет. Бирок бул жердин туруктуу эрежелери, ар биринин өзүнүн ролу бар. Бул жерде бир нече топ бар. Алар: малын сатууга алып келген малчылар, алып сатарлар, кой, уй жана башка жаныбарларды сатып алууга келген кардарлар, союш менен алектенген касапчылар. (more…)