© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Орусиянын акча которууга чектөөсү кыргыз ишкерлерге кандай залакасын тийгизет?

Быйылкы жылдын 16-апрелинен баштап, Россиянын Борбордук банкы Казакстан, Кыргызстан, Кытай жана Въетнамга төлөм системалары аркылуу акча которууларга чектөө киргизди. Эми Россиядан Кыргызстанга банкта эсеп ачпастан, бир айда 100 миӊ рублдан ашпаган суммада акча которууга уруксат берилет. Чектөө эмгек мигранттарына таасир эткен жок, бирок ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратты. 


Россиянын Борбордук банкынын берген маалыматы боюнча, 2017-жылы физикалык жактар тарабынан ири суммадагы трансферттер Швейцария, Өзбекстан жана Тажикстанга ишке ашырылган.

2018-жылы  Өзбекстанга, Швейцарияга жана АКШга баарынан көп акча которулган.

Россиядан эӊ көп акча которулган лидер өлкөлөрдүн ондугунда Кыргызстан, Казакстан жана Кытай акыркы орунда турат. Бирок, Борбордук банктын анализдерине ылайык, «көшөгө артындагы импорт» –  чындыкка туура келбеген жарыялоонун эсебинен төмөндөтүлгөн тарифтик төлөмдөр менен чек арадан өткөрүлгөн товарлар дал ушул өлкөлөрдөн келет.

Россиялык ишкерлер акча каражаттарын Кытай менен Въетнамдык өндүрүүчүлөргө, ал эми Казакстан менен Кыргызстанга алып сатарларга которушат. Анын үстүнө, бул ишкерлер ишмердүүлүгүн каттоодон өткөрүшпөйт жана салыктарды төлөшпөйт.

Мына ушул себептерден улам, үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинен тартып, Россиянын Борбордук банкы аталган мамлекеттерге төлөм системалары аркылуу акча котрууларга чектөө киргизди.  Эми Россиядан Кыргызстанга банкта эсеп ачпастан, бир айда 100 миӊ рублдан  (1587 АКШ доллары) ашпаган суммада акча которууга уруксат берилет. 

Жөндөөчүнүн ою боюнча, мындай чектөө акча каражаттарынын көзөмөлсүз агымына чекит коюп, ишкерлерди расмий иштөөгө мажбурлайт. Чектөө эмгек мигранттарына таасир эткен жок, бирок ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратты.

Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, Кыргызстан ИДПга акча которуулардын көлөмү боюнча 214 өлкөнүн ичинен 33,6% менен экинчи орунда турат. 2018-жылы мигранттар мекенине 2,69 млрд.$ которгон. Акыркы 10 жылдын ичинде бул цифра 1,2 миллиарддан 2,7 миллиардга чейин өзгөрүп келет.   

Каражаттардын көпчүлүк бөлүгү Россиядан которулат, бирок чектөө киргизилгенден кийин акча которуулардын көлөмү маанилүү өлчөмдө кыскарды.  

Чектөө бизнесмендерди көшөгө артына кетүүгө мажбурлайт

«Мекенчил жаш» жаштар уюмунун лидери  Темирлан Бекботоев көп жылдар бою Москвадагы кыргыз диаспорасынын жана мигранттардын көйгөйлөрү менен иштеген. Анын пикиринде, Борбордук банктын чектөөлөрү мыйзамсыз ортомчулардын кызматтарына суроо-талаптын көбөйүшүнө алып келет.

Темирлан Бекботоев. Фото: Facebook

«Чындыгында Москвада бизнес жүргүзүү чет өлкөлүктөр үчүн абдан эле оор. Ошондуктан, көптөрү юридикалык жак катары эмес, физикалык жак катары эмгектенишкен. Чектөө мындай адамдарды дароо эле ЖЧКларды каттоого түртпөстөн,  башка жолдорду издөөгө мажбурлайт деп ойлойм», – дейт Бекботоев.

Анын айтымында, базардагы соодагерлер адатта ортомчулардын кызматтарын колдонушат, мисалы,чет өлкөдөгү кимдир-бирөөгө төлөп бериш керек, ал эми акча которуунун комиссиясы кыйла жогору болгон учурларда. Мындай кырдаалда алар үчүн чет өлкөдө төлөп берүү мүмкүнчүлүгү бар адамдардын кызматтарына кайрылышат, ал эми Россияда анын өкүлү аркылуу эсептешип алышат.   

Ишкер Бактияр Абдыкаров мунун дагы бир жолун тапкан. Ал көп жылдан бери Москвада Бишкекте өндүрүлгөн тор буюмдарды сатуу менен алектенип, сатуучулар менен акча которуу системалары аркылуу эсептешип келген.

«Бул абдан ыӊгайлуу болчу. Банк аркылуу физикалык жак катары ири суммаларды которуу көбүрөөк көйгөй жаратат, себеби дароо эле шектенүү пайда болот. Киреше булактары менен Россиядагы ишмердүүлүк тууралуу сурап башташат, ал тургай террористтерди каржылоого да шек санашат», – дейт ишкер.

Анын айтымында жеке ишкердин патентин алууда дагы кыйынчылыктар көп. Ошондуктан, учурда сый акы үчүн Бишкекке акча которууга макул болгон адамдарды издөөгө мажбур.

«Орточо алганда айына 10 миӊ долларга жакын акча которчумун, андыктан азыр муну жасоону 8-9 кишиден  суранып жатам», – дейт Абдыкаров.

Россияда мындай кыргыз ишкерлеринин канчасы бар экендиги тууралуу расмий статистика жок. Эксперт  Азамат Аттокуровдун пикири боюнча, цифра 300 миӊ кишиге чейин жетиши ыктымал. Буларга өндүрүүчүлөр, ташуучулар жана алып сатарлар кирет.

Азамат Аттокуров. Фото: Facebook

«Салт катары, жай мезгилинде соода активдешет жана «Россия-Кыргызстан» чынжырына көп кишилер кошулат. Булар өндүрүүчүлөрдүн өздөрү, ташуучулар, алып сатарлар. Жана бул чектөөл өр булардын баарына теӊ таасирин тийгизет. Мисалы, ишкер убагында товар үчүн төлөп бере албай калса, өндүрүүчү жумушчулардын эмгек акылары мындай турсун, өз учурунда сырье ала албай калат», – деп эсептейт  Аттокуров.

Төрт жыл мурун Кыргызстан Россия, Беларусь жана Казакстандын Евразия экономикалык альянсына расмий түрдө кошулган. ЕАЭБ алкагында катышуучуларга төрт эркиндикти: капитал, товар, кызматтар жана жумушчу күчтү өткөрүүнү камсыздоону убада кылышат. Ал эми  экономист Искендер Шаршеев  акча котрууларга чектөө киргизилишинин өзү эле чектөө деп эсептейт.

«Бизде капитал өткөрүүдө эркиндик барбы? Бул жагдайда бар жана чектелген эмес. Бирок, шарттар бизнесмендерди катуу алкакка түшүрө тургандай кылып өзгөртүлдү. Бизге да ЕАЭБ мыйзамдары улуттук мыйзамдардан артык болот деп убада кылышкан, бирок абал ошол бойдон эле», – дейт Шаршеев.

Ошентсе да, Кыргызстандын өкмөтү Россиянын Борбордук банкынын чечимине каршылык билдирүүгө ниеттенген жери жок. Экономика министрлигинде бул жагдайда кыргыз ишкерлери мыйзам чегинде иш-аракет аткарган учурда алардын укуктары бузулбагандыгын билдиришти. 

Ведомствонун макроэкономика башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиевдин айтуусуна караганда, бул жөн гана Россиянын көшөгө артында товар жүгүртүүлөргө каршы күрөшүү стратегиясы. 

«Бул биздин ишкерлердин укуктары бузулган кырдаал эмес. Биз деле мыйзамдуу ишмердүүлүктү гана колдоого тийишпиз. Албетте, акча которууларга кичине таасир тийгизет, бирок, негизги которуучулар – эмгек мигранттары болгондуктан, бул таасир андай деле олуттуу болбойт», – деп билдирди Шамшиев.

Эксперт Нургүл Акимова акча которуулардын критикалык төмөндөшү болбойт жана алыскы келечекте Борбордук банктын чектөөсү ишкердик ишинин түзүлүшүнүн өзгөрүүсүнө алып келет деп эсептейт.

Нургуль Акимова. Фото: Facebook

Анын айтымында учурдагы төмөндөө – күтүлгөн абал. Себеби, адамдар көйгөйгө учурап, азырынча эмне кылышты билбей турат. Бирок белгилүү бир убакыттан кийин көлөм калыбына келет. Ошентсе да, Кыргызстандык кийим-кече жана жашылча сатуучулар жарым-жартылай мыйзамдуу ишмердүүлүгүнүн аркасынан нарктык атаандаштыкты жеӊип келген. Юридикалык жакты каттатуу зарылчылыгы келип чыкканда атаандашуу татаалыраак болот.

«Алыскы келечекте бул Кыргызстандын Россияда арзан тигүү өнүмдөрүнүн сатуучу позициясынан ажырап калышына алып келет. Мындай ишкерлер акча каражаттарын  башка тармактарга жумшоого же болбосо Кыргызстандан башка жерлерден чыккан өнүмдөрдү сатууга мажбур болушат», – деп эсептейт Акимова.

Мындан тышкары, ал акча топтоп, мекенине, мисалы, турак-жай сатып алуу максатында  ири көлөмдөгү суммаларды жиберүүнү каалаган мигранттар көп экендигин белгилейт. Мигранттар тапкан акчаларын жашоо шарттарын жакшыртууга инвестициялашкан, азыр болсо алар да тоскоолдуктарга дуушар болушту. Мындай абал Кыргызстандын, өзгөчө Бишкектин кыймылсыз мүлк рыногуна да таасирин тийгизбей койбойт.

Башкы сүрөт: knews.kg


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: