© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

​Covid-19 жуктурган дарыгерлер: Профсоюздар миссиясын так аткарган жок

Covid-19га каршы Республикалык штабдын 20-апрель күнгө карата берген маалыматына караганда, Кыргызстанда жалпысынан 140 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Дарыгерлер коргонуучу жабдыктар менен тиешелүү деңгээлде камсыз болбогонун айтып жатышат.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Бирок көйгөйдү айткан дарыгерлер куугунтукка кабылууда. Укук коргоочулар дал ушундай учурда Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзу алардын таламын талашып чыгышы керек болчу деп сындап жатат.

Вирус жуктуруп алгандардын катарында дарыгерлер, медайымдар, инфекционисттер, лаборанттар, эпидемиологдор, ашкана жумушчулары жана кир жуугучтар бар. Аларга вирус кандайча жукканы учурда иликтенип жатканын КР Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкеримов Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

«Жарадар солдаттар»

Коронавирус көп катталган жердеги бейтаптар менен түзмө-түз байланышта болуп иштеген инфекционист-реаниматолог Максат (дарыгердин суранычы менен атын өзгөртүп, иштеген жеринин атын атаган жокпуз) азыркы тапта үй карантининде. Ал үйбүлө мүчөлөрүн башка жакка кетиргенге мажбур болгон.

Анын бир катар кесиптештеринен коронавирус аныкталган жана инкубациялык убактысы бүтө элек болгон үчүн алардын саны дагы көбөйөт деп күтүлүүдө. Кесиптештеринин бир тобу өзүлөрү обсервацияга түшүп калгандыктан, бир күнү күтүүсүздөн эле Максатты обсервациялык нөөмөткө чакырып калышкан. Бул нөөмөткө ал эч кандай даярдыктан өтпөй туруп кирип, эреже боюнча 3-4 саатта алмаштырып туруу керек болгон бир костюм менен 2 сутка иштөөгө мажбур болгон.

Барсам бир эле костюм бар экен. Ал бир нөөмөткө жетпейт да, атайын коргонуучу костюмдарды вирус катталган алгачкы күндөрү кийип, анан түгөнүп калса, «буга чейин бар болчу, азыр түгөнүп калыптыр» демекпиз. Мага бир жолу колдонулуучу жупжука болгон костюм (СИЗ) берди. Аны үч саатта бир жолу алмаштырып туруу керек. Бизде башка жок болгондуктан, ошол эле костюмду аягына чейин кийдим.

Бейтаптар аныкталганга чейин бул врачтар жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) кандайча иштээри боюнча гана даярдыктан өтүшкөн. Бирок аларга оорулууларды карап жатканда кандай коопсуздук чараларды көрүү керектиги түшүндүрүлгөн эмес.

«Оору жугузуп алган бейтап аныкталгандан кийин, мени даярдабай туруп жумушка келтирбеш керек эле. Мени обсервацияга киргизип коюп жатышпайбы. «Бейтапканада ушундай кырдаал болуп атат» деп айтып да коюшкан жок. Ошого жиним келди. График боюнча да менин нөөмөтүм эмес болчу. Көрсө көп врачтар коркуп, обсервацияга кирбей коюшкан экен», – деп даттанат Максат.

Биз инфекционисттер даяр эмес болсок, башкаларды кимдер дарылайт?

Анын айтымында, колдонулган кол кап, маскалар ваннада эле жаткан. Аларды кантип жок кылуу боюнча, көз айнектерди канча пайыздык хлор менен тазалоо тууралуу медайымдар эч кандай даярдыктан дагы өткөн эмес, инструктаж дагы жок болчу.

«Бир СИЗ менен эки сутка жүрдүм. Бирөө дагы «Кыйналган жоксуңбу? Эмне болуп жатат?» деп сурап койгон жок. Ошого абдан ыза болдум. Биз инфекционисттер даяр эмес болсок, башкаларды кимдер дарылайт?! Андролог, кардиологбу, урологдорбу? Кыскасы, биз жарадар солдаттардай эле болуп калдык», – дейт Максат.

«Профсоюздар кайда?»

Укук коргоочулар дал ушундай учурда Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзу үн катпай жатканын сындап чыгышты.

Чолпон Джакупова. Сүрөт: adilet.kg

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Джакупова профсоюздардын биринчи милдети кызматкерлердин социалдык, экономикалык, эмгек укуктарын коргоо экенин айтат:

«Медиктер эмне үчүн ооруп калышты? Анткени, керектүү медициналык кийимдер менен камсыз болгон эмес. Мамлекет медицина тармагына керектүү каражатты бөлүп, иш алып баргыча убакыт керектелет. Мына ошол убакыттын ичинде Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзу өзүнүн бюджетинен акча бөлүп, медиктерди керектүү жабдыктар менен камсыз кылып койсо болот эле да», – дейт Джакупова.

КРнын «Профсоюздар жөнүндөгү» мыйзамында «КРнын профессионалдык союздары (Ред.: кесиптик бирликтер деп да айтышат)- өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес тармактардагы ишмердүүлүгү боюнча жалпы кызыкчылыктарынын негизинде, эмгек жана социалдык-укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн жарандардын өз каалоолору менен биригүүсү» деп жазылат.

Накен Саалиев. Сүрөт Facebook‘тагы баракчасынан алынды

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин өзүнүн дагы профсоюзу бар. Аны учурда Накен Саалиев жетектейт. Анын маалыматына караганда, учурда бул профсоюзга 80 миң медицина кызматкери мүчө. Алар айлык акысынын 1%ын ай сайын профсоюздардын уюмуна которуп турушат.

Чогулган акчанын 70 пайызы ар бир мекеменин өзүнүн профсоюзуна калат, 30 пайызы жогорку деңгээлдеги профсоюздардын эсебине түшөт.

«Мисалы, Бишкек шаары боюнча бизге. Башкача айтканда, чогулган каражаттын 30 пайызы ар бир облустун жогорку деңгээлдеги профсоюзунун эсебине кетет. Ал акчалардын басымдуу бөлүгү материалдык жардамга жумшалат. Экинчи, биздин Ысык-Көлдө балдар лагери бар. Ошол лагердин төртүнчү агымын дайыма биз алып, медицина кызматкерлеринин балдарын эс алдырабыз. Лагердин ремонтуна, ал жерде иштегендердин айлык маяналарына көп каражат кетет. Учурда карантинге байланыштуу лагер иштебей турат. Бирок, кызматкерлерге айлык маяналарын азыр да төлөп атабыз. Андан сырткары, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жыл сайын стипендия алып окуган студенттерибиз бар. Аларга беребиз», – деп түшүндүрөт профсоюз жетекчиси Саалиев.

Бирок ал бир айда профсоюзга канча акча түшөрүн так айткан жок.

«Азыр менин маалыматтарымдын баары жумушта калган. Карантин учурунда жумушка бара албаймын. Ар кайсы айда ар башка сумма акча түшөт, ошондуктан азыр бир сумманы айтканым туура эмес болуп калат», – дейт Саалиев.

Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдын январь айына карата маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө кызматкерлеринин орточо айлык акысы 10 399 сомду түзгөн.

Ушул көрсөткүчтү колдонуп эсептеп көрөлү. Бир кызматкердин айлыгы 10 399 сом болсо, анын 1%ын – 103,39 сом (1,29 АКШ доллары) ай сайын профсоюз үчүн которот. 80 000 кызматкер айлыгынан бир айда 8 млн 240 миң сом (102 557 АКШ доллары) чогулуп жатат.

Ал эми бир жылда болсо 99 млн сомго жакын (1,2 млн АКШ доллар) каражат профсоюзга төлөнөт.

«Профсоюз жаңы жылда балдарга белек бергени эле болбосо биз менен иши жок»

Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде врач, реаниматолог-анестезиолог болуп иштеген Айнура (аты өзгөртүлдү) профсоюз дарыгерлер менен иши дагы жок экенин айтат.

«Биз профсоюз менен, профсоюз биз менен иши жок. Алар азыр кресло талашып жүрүшөт го. Анткени, профсоюздун төрагасы жакында пенсияга кетет экен. Профсоюз жаңы жылда эле балдары барларга белек берет. Болду, андан башка эч пайдасы жок экен бизге», – дейт Айнура.

Айнуранын айтымында, медицина кызматкерлерин коронавирус келгичекти даярдыктан өткөргөн эмес.

«Министрлик тарабынан «коронавирус келет» деп күтүлгөн эмес болуш керек. Бизге кантип медициналык формаларды туура кийип, туура чечиш керек экендигин да окутуп, үйрөтүп коюшкан эмес. Ошонун кесепетинен башында маскасы бары деле, жогу деле билбей обсервацияларга кире беришип, эми ошолордон бири-бирине жугуп жаман болуп атпайбы», – деп кейийт ал.

Бул врачтын айтымында, бир врачка бир күндө бир коргонуучу костюм берилет.

«Ал эми респиратор маскалар 2-3 саатта алмашылып турушу керек, биздеги дарыгерлерге бир эле маска менен жүрүүгө туура келип жатат», – дейт ал.

Калдарбек Абдраманов. Сүрөт: akipress.org

Медицина илимдеринин доктору Калдарбек Абдраманов дагы профсоюздар медицина кызматкерлеринин арманын угуп, аларды коргоп чыгышы керек болчу деп эсептейт.

«Мага таарынышпасын агайлар, достор, кесиптештер, алар активдүү иш алып барганын мен азырынча уга элекмин. Азыркы эле биздин кайгылуу акыбалыбыз эмес, 30 жылдан бери медицина кызматкерлерин башынан кечирип келе жаткан кыйынчылыктарды мына ушул профсоюз уюму көтөрүп турушу керек болчу», – дейт Абраманов.

№17 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гульнара Ташибекова болсо бир жумадан бери профсоюз уюмунун жетекчисин издеп жүргөнүн айтат:

«Профсоюз кайда? Накен Саалиевич сиз кайдасыз?» деп бир жумадан бери издеп жатам. Социалдык тармактарга да «Накен Саалиевич, сиз кайдасыз? Сиз биздин укугубузду коргоп беришиңиз керек. Биз профсоюзга укугубузду коргоп берсин деп акча төлөп атабыз. Жумушуңуздан кетиңиз! Бизге сизди «май айында пенсияга кетет» деп айтышты. Азыр эле кете бериңиз» деп жазып чыктым. Бир да жолу чалып абалыбызды сурабай жоголуп кетти. Мен жазып чыккандан кийин мага «иштеп атабыз» деген сыяктуу сүрөттөрдү жибериптир», – дейт Ташибекова.

Ал эми Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Накен Саалиев бул дооматтар менен макул эмес.

«Эмнеге корголбой атат?! Тескерисинче, азыр врачтардын укуктары өзгөчө корголуп, өтө жакшы көңүл бурулуп атат. Врачтар вирус жуктуруп алышпасын деп колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп атабыз. Мисалы, «горячий точкаларда» иштеген медиктерге жакшы акча каражаты каралып атат. Ошол врачтардын колуна тийсе жакшы эле болуп атпайбы», – дейт Саалиев.

Дарыгерди кечирим суратып

Ысык-Ата райондук ооруканасынын дарыгери Бектур Апышев дарыгерлер жука марлиден жасалган маска кийип иштеп жатканын Twitter’деги баракчасына жазып чыккан. Ошол күндүн эртеси дарыгердин аккаунту өчүрүлүп, «жалган маалымат таратканым үчүн кечирим сурайм» деген видеосу социалдык тармактарда тараган.

 

Бирок коомчулук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет чындыкты айтып чыккан дарыгерди куугунтуктап, айткан сөздөрүн жокко чыгарууга мажбурлап жатат деген ойду айтып, дарыгерди колдоо үчүн #БекТур деген флэшмоб башташкан.

Укук коргоочу Анара Дауталиева, Профсоюздар дарыгерлерди ачык коргоп чыккандан мамлекеттен коркуп жатат деп эсептейт.

«Профсоюз – бул чоң күч. Биринчилерден болуп ушулар врачтардын укуктарын коргоп, алардын үнүн жогорку жакка жеткириш керек болчу. Мисалы, биринчи ооруп калган врач медицина тармагында канча жыл иштеп, канча взнос төлөдү. Профсоюз ошону актап, врачка жалган-жалаа жаптырбай коргоп алышы керек эле. Жок, алардын дымы чыкпайт. Азыр врачтар үн каткандан коркуп отурушат», – дейт Дауталиева.

Мындай профсоюздун эмне кереги бар? Аларды иштетиш керек!

Дарыгерлер укуктарын коргоо профсоюздун колунан келбейт деген ойдо. Ошондуктан, көбүнчө алардын укуктарын коргоп берүүнү укук коргоочулардан сурашат.

«Врачтар бизге анонимдүү түрдө жардам сурап кайрылыш атышат. Мындай учурда биз консультация гана бере алабыз. Себеби, керектүү органдарга аты-жөнү жок арыздарды жөнөтө албайбыз. Бирок биз корккон жокбуз, а профсоюз коркуп атат. Мындай профсоюздун эмне кереги бар? Аларды иштетиш керек!», – дейт укук коргоочу Чолпон Джакупова.

Курамына 200дөн ашуун бейөкмөт уюмдар кирген Жарандык көзөмөл комитети өзгөчө кырдаал учурундагы медициналык кызматкерлерди коргоого алуучу мыйзамды кабыл алууга чакырды.

«Парламенттин депутаттарына сунушталган, өзгөчө коркунучтуу инфекциялар шартында иштеген дарыгерлердин эмгек шарттарынын коопсуздугун камсыз кылган мыйзам долбоорлорун тез арада кабыл алышы керек. Ооруп калганда жана каза болгондо компенсация кепилдиктери каралышы керек», – деп билдиришти комитеттен.

Азыркы оор абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Парламентинин аял-депутаттар форуму көзкарандысыз юристтер менен биргеликте Кыргыз Республикасынын «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун иштеп чыккан.

Аталган мыйзам өзгөчө кырдаал абалында иштеген медицина кызматкерлеринин укуктарын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык кызматкеринин өмүрүн жана ден-соолугун коопсуздандыруу кепилдигин белгилейт. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду, бирок Жарандык көзөмөл крмитети аны эртерээк кабыл алууга чакырууда.

Башкы сүрөт: med.kg


Бул макала «Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project» долбоордун алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: