«Билим берүү системасындагы кризис өзгөчө орто мектептердеги билим берүү системасында ачык көрүнүүдө. Орто мектептердеги билим берүү бекер жана баарына бирдей болуп эсептелгени менен иш жүзүндө андай эмес. Анткени, алыскы, обочолонгон райондордо окушкан мектеп окуучулары эмгек мигранттарынын жана эч кандай адистиги жок кара жумушчулардын катарын толуктоого аргасыз болушууда.
Билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрдү баарына бирдей тең кылуу үчүн эмнелерди жасоо керек, жана анын жоопкерчилиги кимде?» , – деп эксперт Анастасия Валеева атайын CABAR.asia үчүн жазган макаласында белгилейт. Русский EnglishБилим берүү жакырчылыктан чыгаруунун бирден бир жолу катары иштеши керек
Кыргызстандагы жакырчылыкты балдардын жүзүнөн даана көрсө болот. Статистикалык көрсөткүчтөр боюнча ар бир төртүнчү кыргызстандык, ал эми балдар арасында ар бир үчүнчү бала жакырчылык чегинде жашашышат. Ошону менен катар айыл жерлеринде жакырчылык шаарга караганда бир топ курч. Демек жакырчылыктын классикалык көрүнүшү – айыл жериндеги көп балалуу үй-бүлө болуп калууда. Эми ушул жакырчылык тукумдан тукумга мурасталбашы үчүн эмне кылуу керек?
http://datawrapper.dwcdn.net/DkZro/1/ Да ушул билим берүү жакырчылыкты кыскартууга жана экономикалык өсүшкө көмөк көрсөткөн бир ден бир фактор болуп эсептелет. Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттерде жалпыга милдеттүү бекер билим берүү системасын колдонулат, Кыргызстанда – бул орто мектептерде билим берүү, башкача айтканда – 9 класс. Ошентип билим берүү мамлекет үчүн жөн гана «кооздук» эмес, ал келечектеги потенциялдуу жарандар үчүн жасалган инвестиция. Билим алуу укугу баарына бирдей болгондугуна карабастан, Кыргызстандын түрдүү аймактарында билим берүүнүн сапаты бири биринен кескин айырмаланып турат. Кыргызстанда мектепти бүтүргөн балдардын билим деңгээлин жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы аркылуу байкоого болот. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы билим берүүнүн деңгээлин көрсөтөтКыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын 14-июнунда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча гранттык орундарга талапкер мектеп бүтүрүучүлөрүнүн тизмесин жарыялаган[1]. 59 адамдан 43 бүтүрүүчү борбор шаардагы мектептин бүтүрүүчүлөрү болушкан. Эмне үчүн мындай чоң айырмачылык болду?
Тилекке каршы бул көрсөткүч, биринчиден, негизинен экзамен тапшырууга баары эле милдеттүү эмес, аны жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган бүтүрүүчүлөр гана тапшырышат. Ушул өңүттөн алганда, Бишкекте дээрлик ар бир бүтүрүүчү жогорку окуу жайына кирүүнү кааласа, ал эми аймактарда жарымы гана каалашат дегенди түшүндүрөт ( Баткенде 75%, Жалал-Абад жана Ош облустарында – 60% га жакын бүтүрүүчулөр жалпы республикалык тест тапшырышкан). Экинчиден, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен окутуунун жүрүшүн оңдоого болбойт, муну менен тенденцияны гана байкап турууга болот. Ага карабай, тесттин түзүүчүлөрү «тестирлөө окуучулардын билимин өлчөөдө өзүн-өзү актады, ЖОЖдорго абутуренттерди тандоодо алардын билим деңгээлин туура баалоого негиз болуп бере алат»[2] дешет. Ошого карабастан, тести мектептердин иштөө сапатын баалоого колдонсо болбой тургандыгын моюнга алышат[3]. Тест окуучунун ЖОЖдорго тапшыруудагы жана окуусундагы жеке жөндөмүн гана текшерет. Муну менен Билим берүүнү жана окутуу методикасын баалоо борборунун кызматкерлери жана башка эксперттер окутуунун деңгээли мектептерге жана алардын жайгашуусуна карата бирдей эмес экендигин билдиришет. Айыл жерлеринде жайгашкан мектептерде жогорку тажрыйбадагы мугалимдер жетишпейт, окуу куралдары жана окуу материалдары жетишпейт. Техникалык каражаттар жана массалык маалымат каражаттарын колдонууга баарынын эле бирдей мүмкүнчүлүгү жок. Ушунун баары жогорку окуу жайларына кирүүнү каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай шартта экендигин айтууга негиз берет. «Жалпы тестирлөөнү киргизүү дал ушул көйгөйдү чечүүгө негиз болду, жашоонун бирдей эмес шарттарында шаардык жана айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан билим алуусуна «таза, ачык, көз карандысыз тестирлөөнүн негизинде гана бирдей шарт түзүү негизги милдет болгон», дешет тесттин түзүүчүлөрү. Бирдей мүмкүнчүлүк, бирдей эмес сапат Жогоруда айтылган факторлорду эске алганда, жалпысынан аймактардагы мектептерден келген окуучулар өздөрүнүн Бишкектеги теңтуштарына караганда тестти бир топ начар жазышаарын моюнга албай кое албайбыз. Ошентип, Бишкекте экзаменге орточо бал 132,5, Ош облустунда – 108,4 балл, (босого балл – 110) болгон. Жалпысынан алганда, эн кедей региондордо – Нарын, Жалал-Абад, Баткен облустарында тесттин баллы орточодон төмөн. Бул Жалпы республикалык тестирлөөну тапшыра албай калгандар 2018-жылы жалпы тест тапшыргандардын 43% түздү дегенди билдирет, башкача айтканда, аймактагы мектептер бир топ артта калып жаткандыгынын кабар берет. Ушуга карабастан Билим берүү жана илим министрлиги аймактар боюнча орточо балдын жогорулаганын айтып отчет беришүүдө[4]. Тестирлөөдөн өткөн бүтүрүүчүлөрдүн санынын бир топ өсүүсү Бишкек жана Ош шаарларынын эсебинен болгон.Изилдөөлөр көрсөткөндөй аймактагы мектептердин окуучулары көбүнчө жалпы тестирлөөдөн өтпөй калышкандыктан, ЖОЖдорго тапшыра алышпайт жана алар эмгек мигранттарынын катарын толуктоого, болгондо да адистиги жок эмгек күчүн түзүүгө мажбур болушууда. Ушунун баары кедейликти, социалдык алсыз катмарды, теңсиздикти пайда кылууда.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн мамлекет республикадагы мектептердин ишмердүүлүгүнө ар тараптуу баа берип, андан соң конкреттүү критерийлердин негизинде сунуштар топтомун иштеп чыгуусу зарыл. Мындай иш-чараларды ишке ашырууда сөзсүз түрдө биринчи кезекте мугалимдердин иш тажрыйбасын, мектептердин окуу куралдары менен камсыз болуу деңгээлин, мектеп окуучуларынын билим деңгээлин аныктоо ыкмаларын эске алуу зарыл. Экинчи жагынан бүгүнкү күндөгү билим берүүнүн сапатына баа берүүчү индикаторлор өлкөбүздөгү жалпы билим берүү системасын жакшыртуу боюнча сунуштар топтомун иштеп чыгууга мүмкүндүк бербей жаткандыгын да белгилөөгө болот. Кантип билим берүүдө теңсиздик жаралат Милдеттүү түрдө берилүүчү орто билим берүү системасында окуучулардын сабакка катышпоосунун деңгээли өтө жогорулугун байкоого болот. Эркек балдардын көпчүлүгү кайсыл бир жумушка орношуп сабакка катыша албай калышса, кыз балдардын сабакка катышпоосу алардын эрте турмушка чыгуусу менен байланыштуу болот. Жалпылап айтканда сабакка катышпай калуунун башкы себеби жакырчылыкка барып такалат. Жашоо шарттын оорлугунан улам жумушка орношуп, окууну таштоо зарылчылыгы жаралат. http://datawrapper.dwcdn.net/RCtnE/1/- Кыргызстандагы баардык мектептердин абалына ар тараптуу баа берүү зарыл. Мугалимдердин адистигин, ар бир класстагы балдардын санын кылдаттык менен эске алуу менен абалды жакшыртуу максатында зарыл болгон сунуштар топтомун иштеп чыгуу керек. Ал үчүн орто билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча мамлекет тарабынан бекитилген стратегиялык планды иштеп чыгып кабыл алуу талап кылынат.
- Мамлекеттик жана жеке тармактардын ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн укуктук негиздерди жакшыртуу зарыл.
- Билим берүүгө жеке тараптардын инвестициясын тартып, жакырчылыктан мектепке барбай калган үй-бүлөөлөргө жардам берүү зарыл.
- Аймактардагы айылдардын орто мектептериндеги билим берүүнү жакшыртууга көңүл буруу. Мугалимдердин билим деңгээлин жашыртып, зарыл болгон окуу куралдарын сатып алуу.
- Атайын окуу куралдары менен балдарды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо. Мындай окуу куралдарын аймактардагы айыл мектептерине бекер таратып берүүнүн жолдорун табуу.
Анастасия Валеева – “CABAR.asia”нын эксперттик аналитиктер жайкы мектебинин бүтүрүүчүсү.
[1] http://edu.gov.kg/ru/news/ministerstvo-obrazovaniya-i-nauki-opublikovalo-spisok-shkolnikov-kotorye-pretenduyut-na-grantovye-mesta-v-vuzy-strany/ [2] http://testing.kg/ru/ort-test/o-teste.html [3] http://testing.kg/ru/ort-test/o-teste.html [4] http://edu.gov.kg/ru/news/mon-znachitelno-uvelichilos-srednee-kolichestvo-nabrannyh-na-ort-ballov-po-regionam/Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.