Журналистские расследования Кыргызстан

IWPR Kyrgyzstan: Споры вокруг водяного насоса от Кумтора в Джети-Огузе – газета “Багыт”

30.06.2016

Жители вокруг курорта Джети-Огуз возмущены, что руководство лечебного учреждения забрало себе насос, который изначально предназначался им. Но директор курорта утверждает обратно. Тем временем, сам насос не работает, и в итоге не обеспечивает питьевой водой жителей этих селений. Подробнее в расследовании Жумагуль Барыктабасовой из газеты «Багыт».

Жети-Өгүз: Берилген насос, келбеген суу – “Багыт” гезити

Жергиликтүү тургундар таза суу маселесин чечүү үчүн “Кумтөр” компаниясынан жардам сураганын, ал эми ал компания берген насосту курорт элге айтпастан алып алганын, анысы аз келгенсип, ал дагы иштетилбей турганын айтып арызданышты.

Автор: Жумагүл БАРКТАБАСОВА, “Багыт” гезитинин Ысык-Көл облусу боюнча кабарчысы. Бул иликтөө IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен биргеликте даярдалды.

Жети-Өгүз курортунунда таза суу көп жылдан бери чоң көйгөйдү жаратып, анда жашаган эл чоң арыктан суу ичип келет. Тургундар жайкысын арыктагы суу ылай агарын дагы айтышат. Андыктан, алардын көбү курорттун территориясында жайгашкан булактан суу ташышат.

Биз гезитибиздин өткөн сандарында Жети-Өгүз курортундагы жер маселели боюнча жазып, ал жердеги таза суу маселеси да көйгөй жаратып келерин айтып өткөнбүз. Эмки сөз- ошол маселеде.

Курортто 1987-жылдан бери жашап, бир катар кызматтарды аркалап келген Бурулкан Жумаева Жети-Өгүз айылына барып калып, Кумтөр чыгарган маалымдамадан Жети-Өгүз курортунун эли үчүн 1 миллион сомго жакын акча каражатына 85 түтүнгө суу чыгаруу үчүн насос берилди деп жазылган маалыматты окуп калат. Ал бул кабар жөнүндө айыл тургундарына айтып, андан соң ошол маалымдамадагы телефонго чалышып, “Кумтөрдүн” Бишкектеги офисинде иштеген Уран деген жигит менен сүйлөшөт. Уран бул маалыматты тактап берерин билдирип, 15 күндүн ичинде жооп берүүнү убада кылат. Айтылган убакта эч кандай жооп болбогон соң, тургундар Кумтөрдүн Бишкектеги офисине барышат. Бул 2015-жылдын 10-январында болот. Офисте иштеген кыз алардын кайрылуусун факс менен борбордук офиске жөнөткөн экен. “Биз майда балдарыбызды көтөрүп Кумтөрдүн офисине бардык. Кечке ошол жерде жүрдүк. Балдарыбыз жалтыраган үйгө мурда кирбесе, офистин ичинде жыргап ойногонун көрүп, бир чети ыйлагыбыз келди. Ошол күнү бизди кете бергиле дегенине макул болгон жокпуз.

Bagyt_investigation (2)Каражат тартыш эле, бир жолу жообун угуп кетели дедик. Анан гана бизге маалымат берди. “Кумтөр” насос иштетүү үчүн көп эле жабдууларды бериптир. Биз көлгө келип, курорттун директору Исакматовдон ал жабдуулар кайда экенин сурасак, ал камарабастан “баргыла да, эмне болсо, ошону чыгарып алып кеткиле” деди. Ал жерде чыгарып кетчү эч нерсе жок. Курорттун жетекчилиги насос келгенин элге бир ооз эмнеге айтпайт. Алар таза суу чыгарабыз деп казган жерден радон суусу чыкканын ошол жердеги жумушчулар айтышты. Көрсө, “Кумтөргө” катты бизден кийин Жети-Өгүз айылдык кеңештин төрагасы Алдаяров менен курорттун директору Исакматов жазыптыр. Алдаяров 21 депутаттын колу жок эле өзү кат жолдогон. Регистрациясы жок кат жазууга анын кандай акысы бар? Булар насосту 13-январда алса, биз ал жөнүндө бир жылдан кийин гана кокусунан  билип жатабыз”,-деп билдирди.

Биз бул маселе боюнча Жети-Өгүз курортунун директору Исакматовго да кайрылдык. Ал “Кумтөрдөн” бир миллион сомго жакын каражаттын (894380 с.) жабдууларын алганын да жашырган жок. Ал андан сырткары, Профсоюздар федерациясынын өнүктүрүү фондунан  дагы суу чыгаруу ишин аягына чыгаруу үчүн эки жылда төлөп берем деген шарт менен бир миллион сом акча алган экен. Анын эсебинен Сокулуктан келген компанияга жерди тешип суу чыгарууга 763 миң сом төлөп бергенин айтып, сметасын көрсөттү. “Бизге “Кумтөр” акча берген жок. Жабдууларды гана берген. Күндөн энергия алуучу батареяларды дагы акысыз орнотуп беришкен. Учурда федерацияга 40 миң сом карызбыз, калганын төлөп бүткөнбүз. Биз курортко “Кумтөрдө” иштегендер да келет, таза сууга муктажбыз деп кат жазаганбыз. Алар суу чыгаруучу насос шаймандары менен берген. Биз жерди тештирип, суу чыгаралы десек, кум чайкап салып жатат. Эми дагы аракет жасайбыз”,-деп жооп берди.

Bagyt_investigation (1)Ал эми, “Кумтөр” компаниясы насос боюнча мындай жооп берген: “2013-жылдын 1-февраль күнү Жети-Өгүз санаторийинин жанындагы айылдын тургундарынан КГК ЖАКуна 3485 номерлүү кат келип түшкөн. Бул катта айыл тургундары суу менен камсыздоону өтүнүшкөн.  2013-жылы кызматкерлерибиз аталган жерге барып, ал кезде сайдагы суу санитардык нормага туура келбегендиги жана Кумтөр ишканасынын техникасы менен суу скважинасын бургулоого мүмкүн болбоогону үчүн айыл тургундарынын кайрылуусун ишке ашыра алган жок.

2013-жылдын 3-июнь күнү ишканага Жети-Өгүз санаторийинин директору Исакматовдон жана Жети-Өгүз райондук депутаттардын биргелешкен отурумунун төрагасы Алдаяровдон Жети-Өгүз санаторийинин жашоочуларын жана кардарларын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн керектелген насосту алып, ордуна орнотууга жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Кайрылууда скважинанын казылышы санаторийдин эсебинен жасала тургандыга айтылган. Бул демилге биргелешкен долбоор экенин  жана эки тараптан тең салым жасала турганын эске алып, КГК ЖАКу аны колдоону чечти. Алдаяров болсо кепилдик кат жазып, анда Жети-Өгүз санаторийинин жанында жайгашкан  №24 көп кабаттуу үйдүн суу керектөөсүн камсыздап берерин билдирген”.

Катта көрсөтүлгөндөй, Исакматов менен Алдаяров кумтөргө кат жазганда, жалгыз эле курортко эмес, анын жашоочуларына дагы суу керек деп кайрылышкан экен. Анан да, Алдаяров 24-үйдө суу чыгарып беребиз деп убада кылыптыр. Ал эми, тургундардын айтуусунда,  ал айткан 24-батирде 1960-жылдан бери эле суу чыгат экен. Андай болсо, кайрылуу катында ал үйдү эмнеге көрсөттү? Кумтөр жеке менчик мекемелерге жардам көрсөтпөйт. Ал эми, курорт Профсоюз федерациясынын менчиги. Андыктан, аталган компания өзүнүн билдирүүсүндө Кумтөр карапайым тургундардын жашоо-шартын көтөрүү максатында гана акча бөлүштүрүп берерин да айткан. Курорттун директору болсо, “Кумтөргө” кайрылуу жазганда, элге суу чыгарып берем дебегенин, ал курорттун эс алуучуларына гана суу чыгарып берүү муктаждыгын жазганын билдирип, катты көрсөтүп жатат.Bagyt_investigation (3)

Бул иш боюнча 2015- жылы 26-январда 24 киши кол коюп, КРнын мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз районунун башчысы А. Токтомамбетовго арыз жазган. Ал бул ишти 2015-жылы 16-февралда Жети-Өгүз райондук прокуратурага тапшырган. Алардан мындай жооп келген: “Сиздердин Исакматов менен Алдаяровдун суу насосун койдуруу үчүн Кумтөрдөн 894380 сом алганы жана Жети-Өгүз скважина казууга 750 миң сом бөлүнүп берилген факты боюнча текшерүү жүргүзүлүп, чара көрүп берүү тууралуу кайрылууңуздар ордун тапкан жок. Эгер бул чечимге нааразы болсоңор, облустук прокуратурага кайрылсаңар болот”.

Bagyt_investigation (4)

Биз облустук прокуратурага барып, бул иш боюнча сураштырганда, ал жерден прокуратура жеке менчик мекемени текшерип, жоопкерчиликке тарта албай турганын айтты. Бирок, эмнегедир, райондук прокуратура бул мекемени текшерип, анда мыйзам бузуучулук жок экенин аныктап да жиберген.

Биз улуттук коопсуздук комитетинин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, бул иш боюнча сураштырганыбызда, алар курорт жеке менчик мекеме деп эсептелгендиктен, аны мамлекеттик органдар текшерүүгө акысы жок экенин дагы бир жолу уктук.

Чындыкты билүүдөн тажабаган эл өз арызын Жогорку Кеңешке да жолдогон экен. Алар арызды Башкы прокуратурага тапшырган. Башкы прокуратура кайра облустук прокуратурага жөнөтүп, алар финансы полициясына жиберип олтурат. Мына ушундай баш айланткан “айланкөчөк” ыкма курорт бул боюнча эч кимге жооп бербестигин көрсөтөт. Себеби, курорт 2012-жылы кайра регистрациядан өткөндө, жеке менчик формада катталган. Андыктан, Профсоюз Федерациясынын урукатысыз аларды эч бир мекеме текшере албайт. Курорт КРнын граждандык кодексиндеги 222 статьясы жана КРнын профсоюздары жөнүндө  мыйзамдын 4, 21 статьяларында корголгон.

Учурда бул ишти кароо финансы полициясынын мойнунда турат. Эми алар элдин арызын кимге жөнөтөр экен? Себеби, мамлекеттик кызматтар жеке менчикти текшере албайт деген мыйзамга таянсак, демек, курортту алар да текшере албайт. Коопсуздук комитети белгилегендей, мындан мурда Профоюз Федерациясы Жети-Өгүз курортун коррупцияга каршы кызматтын текшерүүсүнө макулдугун берген эмес. “Жеке менчик ээси” буга чейин пландуу текшерүүлөр болуп келгенине байланыштуу деп, финансылык иштерин карап чыгууга жол бербей койгон.

Биз айылдык кеңештин бир нече депутаттарынан Алдаяров сессияда насос боюнча маселе көтөрдүбеле деп сураганыбызда, аны укпаганын бирок, эгер таза суу жөнүндө маселе көтөрүлсө, колдомокпуз деген ойлорун уктук. Чындыгында, кеп анда деле эмес. Кеп насос берилери берилип, акча бөлүнөрү бөлүнүп, анын иштебей турушунда. Анан дагы элдин таза сууга жетпей келишинде.

Биз бул боюнча ал насос орнотулган жерди көргөн, техникалык түшүнүгү бар адамдардан сурап, ал жерде кум чайпап салуу толук мүмкүн экенин эшиттик. Бирок, бул жердеги сууну чыгарууга күндөн энергия алган батареяларды колдонуу эффективдүү эместигин уктук. Усталарды жетектеген АМЭТиС уюмунун аткаруучу директору Имаш Азарбаев “Жети-Өгүз  курорту өзү коктунун ичинде орун алган. Анан ал жерге күн жакшы деле тие бербейт. Каражаттын 60 пайыздан ашыгыраагы ошол күн батареяларына кеткенин эске алсак, бул долбоор туура эмес. Аны электр энергиясына кошсо жакшы болмок. Учурда суу насостору үчүн 70 гана тыйын алат. Эң алгач иш аныкталышы керек. Андан кийин тендер жарыяланат. Бул иште суу чыгаруунун жолу туура аныкталган эмес”,-деп билдирди .

Айтор, “Кумтөр” берген насос учурда иштебей турат, директор эки жылдан бери иштете албаган насосту эми иштетебиз деп убада берүүдө. Чындап эле ал убада аткарылышы керек. Себеби, ал үчүн “Кумтөрдөн” 894380 сом каралып, скважина казууга 750 миң сом бөлүндү. Бул кичинекей акча эмес.

Азырынча бул жерде суу качан чыгат, ал чыкса да, аны эл колдоно алабы, белгисиз бойдон калууда.

Последнее

Популярное