© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Kyrgyzstan: Узген: Фермеры обвиняют акима в захвате их земель

По их словам, аким Узгенского района в сговоре с местными чиновниками переоформил выгодные сельхозучастки на подставного лица, а взамен дал необработанные пустыри вдали от их домов.

Автор: Эрнист Нурматов, эркин журналист (Ош)

Бул макала IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросунун долбоорунун алкагында басылды.

Өзгөн: Дыйкандар жана акимдин ортосундагы жер үчүн талаш

Өзгөндө 80дей дыйкан 246 гектар жерди район акими Аттокур Тажибаев тартып алды деп даттанып чыгышты.

Алардын айтымында район жетекчиси өзүнүн жалданма кишиси аркылуу иштебеген кооперативди жаңыртып, жарандардын үлүш жерлерин жана менчик чарбанын жерлерин ээлеп алган. Аким болсо муну доомат деп атоодо. 

 Абдыхафыз Мамадалиев ошондой дыйкандардын бири. Анын колунда жердин документтери болсо дагы үлүшүн кайтарып ала албай жүрөт. Айтымында башка кыргызстандыктар сыяктуу эле ал 90-жылдары үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнө жараша үлүш жер алган; жердин кызыл китеби, күбөлүктөрү бүт колунда.

свидетельство 3
Кызыл китепче

свидетельство2

“Бирок булар келип туруп 80 адамды бүт кууп чыгып, жерди жөн эле зомбулук менен алып коюшту. Ачыктан ачык кысым жасап, коркутуп, бизди адам ордуна көрбөй эле басып алышты”, – деп айтат Мамадалиев.

Анын айтымында тартып алынган жерлерде жаңы кожоюндар үч жылдан бери “күрүч эгип жыргап жатышат”. Сотко жана башка органдарга кайрылгандарынан эч кандай майнап чыккан жок.

“Бу Кыргызстанда катардагы жарандардын укугу корголобу? Же ушундай чиновниктер эле каалаган жерди басып ала беришеби?” – деп суроо узатат дыйкан Мамадалиев.

Кеп болуп жаткан 80 кожолукка тиешелүү үлүш жерлер 129 гектарды түзөт. Бул дыйкандар “Гуламжан Мавлянов” атындагы кооперативде мамлекеттик фонддун 117 гектар аянтын  да иштетчү. Натыйжада Өзгөн шаарынын жакасындагы Кара-Дарыянын боюнда жайгашкан талаада алардын жалпы жалпы 246 гектар шалы аянты бар болчу.

Бирок Өзгөн райондук акимчилиги “Өзгөн күрүч” аттуу иштебеген кооперативдин ишин жандандырып, 246 гектардын баарын өздөрүнө өткөрүп алышкан.

поле2
Талашка алынган кооперативтин жерлери

 “Гуламжан Мавлянов” атындагы кооперативдин өкүлү Алимурат Жаныбеков айтымында, дыйкандар салыгын төгүп иштетип жаткан мамлекеттик фонддун жерин аким аларга кооперативге берүү боюнча токтом чыгарган, бирок “кийин ошол өзүнүн токтомунун үстүнөн дагы токтом чыгарып”, алардын жерин “Өзгөн күрүч” деген кооперативге берип салып жатат”.

“Кооперативге деле эмес, Абдурашид Абдуллаев деген кишиге берип койгон. Абдуллаев буга чейин эч жерде иштебеген адам болгон, эч кандай күрүч талаасын иштеткен эмес, аны кароонун жолдорун да билбейт”, – деп айтат Жаныбеков.

“Абдуллаев акимдин жалданма эле кишиси, негизги кирешени аким өзү алат. Алар ушул талаадан жылына 4-4,5 млн сом акча таап жатышат, бирок мамлекетке бир тыйын да акча төкпөй жатышат”, – кошумчалады Алимурат Жаныбеков.

фермер2
Музаффар Уламкадыров

“Гуламжан Мавлянов” кооперативинин жетекчиси Музаффар Уламкадыров да мунун артында Өзгөн район акими Аттокур Тажибаев тураарын белгилеп, ал шалы аянттарынын эсебинен жылына 4 млн сомдой акчаны жеп жатканын билдирди.

“Бул жерде коррупция бар болушу мүмкүн дебей эле ачык айта алабыз, бул таза коррупциялык аракет. Анткени алар жерди тоготпостук менен эле тартып алышты”, – деп айтат Музаффар Уламкадыров.

“Бул ишти район акими Аттокур Тажибаев мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте жасаган. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратында иштеген кишилер да буга аралашкан. Алар атайын чогулуп келип протокол түзүп туруп, мыйзамдын көзүн жазгаруу үчүн “Гуламжан Мавлянов” атындагы Өзгөн-Күрүч кооперативи деп мекеме түзүп туруп, шалы аянттарын өз кишисине тартып берип коюшкан. А иш жүзүндө “Гуламжан Мавлянов”кооперативи башка, “Өзгөн-Күрүч” кооперативи таптакыр башка мекемелер”, – чечмелеп берди Уламкадыров.

Акимдин жообу

Окуя боюнча “Өзгөн күрүч” кооперативинин жетекчиси Абдурашид Абдуллаевдин өзү маек берүүдөн баш тартты. Ал эми Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев бул иштердин баары мыйзам чегинде болгонун, бул иштерде өзүнүн кызыкчылыгы жок экенин билдирди.

“Өзгөн-Күрүч” кооперативи да жерди иштетебиз деген өтүнүч менен мага арыз менен кайрылган. Мен аларга бербей койсом, алар өкмөткө арыз жазышкан. Анан өкмөттөн атайын комиссия келип, берилсин деген чечим кабыл алынган, – деп түшүндүрөт аким Тажибаев. – Анан кийин мен ошол комиссиянын чечиминин негизинде аларга бергемин. Мунун баары мыйзамдын чегинде болгон”.

Бул чечимден кийин Мавлянов кооперативинин өкүлдөрү акимди сотко берген. Бирок сот эки жолу бийлик тарапка чечим чыгарып берген, үчүнчүсүн эми күтүп жатышат.

сельхозкооператив

“Бул иште менин жеке кызыкчылыгым жок, – баса белгиледи аким Аттокур Тажибаев. – Абдуллаевди анча деле тааныбайм, ал деле башка дыйкандар сыяктуу эле фермер. Кооперативди деле ал өзүнүн жеке өзү түзгөн”.

Аким Тажибаев ошондой эле дыйкандардын үлүшүн тартып алды деген маалыматты да четке кагууда.

“Алардын үлүшүн тартып алган эч ким жок, – ойун улантат аким. – Ошо 246 гектар жердин тең жарымын суу жеп кеткен. Ошого байланыштуу ал жердеги дыйкандарга башка аймактан үлүш берилген”.

Бирок айтымында “алар болгону узак деп өздөрү барбай коюшкан, калган суу жебей калып кеткен жерлер ал мамлекеттин фондундагы жерлер. А ал жерлерди мамлекеттик бийликтин өкүлү катары биз салыкты төлөп, иштете турган адамга бере алабыз”.

Бирок дыйкандар башка жерден үлүш бердик деген шылтоо менен бийликтер ушундай кадамга барганын белгилешүүдө. Дыйкан Алимурат Жаныбеков кайрадан кепке кошулду:

-Ооба, суу алып кеткен жерлердин ичинде да үлүш жерлер бар. Бирок селдин шылтоосу менен суу албаган жердеги адамдардын да үлүш жерлерин тартып алып коюп жатпайбы. Бизге берген жерлери оо адырдан, суу чыкпаган, күрүч эккенге мүмкүн эмес жерден беришкен. Биз ал жерден баш тартып, өзүбүздүн эле үлүштөрдү иштетебиз дегенбиз. Үлүшүн суу басып калган дыйкандар деле ошол мурдагы эле жерибизди бергиле, таштарын терип кайрадан үлүш кылып алабыз деген. Бирок ага деле карабай жерибизди тартып алып коюшту. Кырсык 2011-жылы болсо, бизге ошондон бери же өз үлүшүбүздү, же мамлекеттик фондундагы жерди бербей келатышат. Ошого байланыштуу биздин кооператив иштебей турат.

Маалым болгондой, кеп болуп жаткан 246 гектар жер Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу. Айыл округдун жер адистеринин айтымында, алар да бул жерлерге учурда эч кандай салык ала албай келишет. Ал тургай алар ушул эле шалы аянттарынын айынан бюджетке бир миллион сомдой карыз болуп олтурушат.

Сүрөттөр: Эрнист Нурматов

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: