© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Теңирчилик: динби же дүйнөгө болгон көз карашпы?

Теңирчилик деген эмне – динби, культпу, байыркы ишенимби, шаманчылыкпы же жөн гана философия жана дүйнөгө болгон көз карашпы – деген суроонун тегерегиндеги талаш-тартыштар Кыргызстанда 6 жылга чукул убактан бери басаңдабай келүүдө. Теңирчиликтин активдүү тарапкерлери аны дин деп эсептешип, ыйык китеби катары «Манасты» айтышат. Башкалар болсо теңирчиликти философия деп эсептешет. Эксперттердин пикири боюнча, ал – культ жана байыркы ишеним. Бирок азырынча теңирчилердин бир дагы уюму диний уюм катары каттала элек.  


На русском English
2012-жылдын январында «Манас Ордо» коомунун төрагасы Анарбек Усупбаев теңирчиликти тутунгандардын «Теңирчилик» диний уюмун расмий каттатууга аракет кылган. Ал зарыл болгон документтердин бардыгын топтоп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга өткөргөн. Бул ведомство документтерди экспертизага жөнөтүп, андан соң каттоодон баш тарткан.
Теңирчиликти дин деп эсептөө укугун коргоп калуу үчүн Усупбаев мамлекеттик органдын иш-аракетине соттук тартипте  доо коюуга аракеттенген жана 2016-жылы Бишкектин райондор аралык соту анын пайдасына чечим чыгарган.  Фемида кызматкерлери Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын иш-аракетин мыйзамсыз деп таап, «жол берилген мүчүлүштүктү оңдоого» милдеттендиришкен.
Анарбек Усупбаев. Сүрѳт: proza.ru
Соттун чечими эки тарап үчүн тең так-даана эмес туюлгандыктан, ведомство соттун аныктамасын сураган.  
«Анда биз жол берилген мүчүлүштүктөрдү оңдоого милдеттүү экендигибиз айтылган, бирок бул «Теңирчиликти» катташыбыз керек дегенди билдирбейт. Дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамда каралган бардык процедураны өтүш керек.  Атап айтканда, анда динтаануучулук экспертиза зарыл болгон учурда жүргүзүлүшү керектиги баса белгиленип көрсөтүлгөн», – дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары Закир Чотаев.
Бирок теңирчилердин пикири боюнча, соттун чечимине ылайык, мамкомиссия «Теңирчиликти» диний уюм катары токтоосуз каттоого алышы керек.
«Биз эмне үчүн документтарди кайра өткөрүшүбүз керек? Бир жолу документ бердик жана соттон утуп алдык. Кайра экинчи жолу кайталашыбыз керекпи?  Биз кайра берүүгө милдеттүү эмеспиз, аларда бардык документтерибиз бар.  «Жол берилген мүчүлүштүкөр» – алардын бизди каттоодон өткөрбөй койгону. Бул курулай гана сөз, муну менен алар эмнени аппеляциялыгысы келип жатат? Соттун чечими бар да», – деген ишенимде Усупбаев.
Эксперттерди коркутуулар
Соттун аныктамасы чыккандан кийин Мамкомиссия «Теңирчиликтин» документтерин комплекстүү экспертизадан өткөргөн. Бул экинчи экспертиза экенин белгилей кетүү абзел. Биринчи жолкусу 2012-жылы, уюм документтерин кароого өткөргөндө жүргүзүлгөн.  
Ирина Балашова, КРСУнун дүйнөлүк маданиятты жана диндерди изилдеп-үйрөнүү боюнча ЮНЕСКО кафедрасынын  улук окутуучусу, биринчи эксперттик топтун мүчөсү. Анын айтуусу боюнча, алар «Теңирчиликтин» документтерин экспертизадан өткөрүшкөн эмес, теңирчилик фонемени, анын эмне экендиги жана качан пайда болгону тууралуу тарыхый маалымдама жасашкан.  Эксперттик топтун корутундусу боюнча, теңир – бул культ, ошондуктан Мамкомиссия теңирчиликти толук кандуу дин катары эсептеген эмес.
Бирок кийинчерээк корутунду берген бардык эксперттер өз корутундуларын кайтарып алышкан.  
«Мамкомиссияга эмес, биздин эксперттик корутундуга дооматтар пайда болду. Ошондуктан жагымсыз чатактан жана коркутуулардан кийин, мындай чыр-чатактын уланышынан качуу максатында, эксперттер комиссиядан бул маселеге чекит коюуну суранышкан. Алар («Теңирчилик») күтүүсүздөн келгенде, иш кафедрада болуп жаткан. «Карап тургула, биз диссертация коргоого келебиз да, силер кандай коргоп жатканыңарды көрөбүз» деген сыяктуу коркутуулар болгон.  Жалпысынан, коркутуулар андай деле коркунучтуу эмес, бирок, баары бир, жагымсыз болду», – дейт Балашова.
Ал эми Анарбек Усупбаев окуя боюнча өз версиясын айтат: «Бул жөн эле сөздөр. Биз биринчи эксперттер менен жолугуп, алар эч качан көрбөгөн китептерди көрсөткөнбүз, далилдегенбиз. Мен ал жерге эки баштыкта 20 кг китеп алып баргам. Эксперттерге китептерди көрсөткөндө, көздөрү алая түшкөн. Алар таң калышып, ошондон кийин корутундуну алмаштырышкан. Биз кимди коркутуптурбуз? Алар өздөрү көрүп, корутунду беришкен». 
Соттун чечиминен кийинки экинчи экспертиза тек гана динтаануучулук мүнөздө эмес, комплекстүү болуп,  академиялык чөйрөнүн жана тиешелүү органдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди катыштыруу менен жүргүзүлгөн. Бирок Мамкомиссия өткөндөгү кырдаалдын кайталанышынан чочулап, эксперттердин ысымдарын ачыкка чыгарган эмес.  
“Бизде аталган агымды бүгүнкү күндө каттоодон өткөрүүнүн ылайыксыздыгы  тууралуу көптөгөн корутундулар бар болчу”. Закир Чотаев
Ведомствонун төрагасынын орун басары Закир Чотаевдин айтуусу боюнча, корутундуда теңирчилик  ислам, христианчылык же буддизм  сыяктанып диндин жалпы кабыл алынган түшүнүгүнө ылайык келбестиги, ошентсе да аны байыркы ишенимдердин бир багыты катары кароого болору айтылган, башкача айтканда, теңирчилердин каттоодон өтүүгө укугу бар.  
«Бирок ошол эле учурда бизде аталган агымды бүгүнкү күндө каттоодон өткөрүүнүн ылайыксыздыгы  тууралуу көптөгөн корутундулар бар болчу.  Ислам өкүлдөрү менен «Теңирчиликтин» өкүлдөрүнүн ортосунда бири бирин жана исламды же теңирчиликти тутунгандардын сезимдерин келекелеп, басынткан  сөздөр боюнча фактылар болгон. Ошондуктан «Теңирчиликти» каттоодон өткөрбөө тууралуу сунуштар айтылган. Бул Мамкомиссиянын корутундусу эмес, комплекстүү экспертиза», – дейт Чотаев.
Кыргызстанда катталган диний уюмдардын тизмеси: ислам жана христиан багыттарында.
Өз ара кастык
Ислам менен теңирчиликтин каршылаштыгы  чынында эле кээде  тигил же бул тарапты кордоолорго чейин жетүүдө.  
Теңирчи Кубанычбек Тезекбаев. Сүрѳт: CABAR.asia
2011-жылы июнда теңирчи Кубанычбек Тезекбаев «Кыргыз радиосунда» түз эфирде Кыргызстандагы көп молдолор өздөрүнүн өткөндөгүсү менен макул болууга умтулган «мурунку аракечтер жана киши өлтүргүчтөр» экенин айткан. Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгогон.
Үстүбүздөгү жылдын февралында Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак Жалилов теңирчи Анарбек Усупбаевди динсиз («каапыр») деп атаган. «Айрым бир адамдар бар, алар мусулмандар эмес, теңирчилер, бирок менин айткандарыма доомат коюшат. Анарбек Усупбаев деген ушундай динсиз (“каапыр”) бар. Мен «Ноорузду майрамдоого болбойт», – десем, ал «Эмне үчүн болбойт?», – деп ачуусу келет. Мен ага [Анарбек Усупбаевге] силерге Ноорузду майрамдаганга болбойт деп жаткан жокмун, силерге Нооруз да, башкасы да болот. Мен бизге [мусулмандарга] Ноорузду майрамдаганга болбойт деп айтып жатам. […] Менин сөздөрүм мусулмандарга, мусулман болгусу келгендерге даректелген» – дейт өзүнүн даабаттарынын биринде Чубак Жалилов.
Гүлзат Аалиева. Сүрѳт ѳздүк архивден
Теңирчи  Гүлзат Аалиеванын пикиринде,  Дин иштери боюнча мамкомиссия мусулман динчилеринин таасиринен улам алардын уюмун расмий каттоодон өткөрүү чечимин кабыл ала албай жатат.   
«Азыркы учурда мамлекеттик аппарат Дин иштери боюнча мамкомиссия аркылуу бизге жасалма бут тосууларды жаратып жатат, мында аалымдардын ролу зор болууда. Эмне үчүн? Анткени азыркы тапта 1900дөн ашуун ислам уюмдары каттоодон өткөн.  Аалымдар, уламалар Дин иштери боюнча мамкомиссияга чоң таасир тийгизет, башкача айтканда, светтик мамлекетттин органы болгон Дин иштери боюнча мамкомиссиянын ишмердиги ошол аалымдарга көз каранды», – деп билдирет Аалиева.
«Биз кантсе да мамлекеттик орган болуп саналабыз жана кайсы бир диний уюмдарга көз каранды эмеспиз. Биз өзүбүздүн кызматтык милдеттерибизди толугу менен кабыл алынган ченемдик актыларга, тактап айтканда, «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жобосуна ылайык аткарабыз. Ошондуктан, менин оюмча, бизге кимдир бирөөнүн таасири тиет деп айтуу туура эмес, анын үстүнө, светтик түзүлүштүн принциби боюнча, диний уюмдар же культ кызматкерлери мамлекеттик органдардын ишине кийлигише албайт» – деп жооп кайтарат Закир Чотаев.
Теңирчилерге катоодон өтүүнүн кандай зарылдыгы бар?
“Күйөөгө да мусулман салттары боюнча чыгып, мусулман салттарына ылайык жашадык. Бирок ошол эле учурда биздин салттарыбыздын элементтерин гармониялуу түрдө айкалыштырдык”. Гүлзат Аалиева
Гүлзат Аалиева мусулман үй-бүлөсүндө туулуп-өсүп, жакынкы мезгилдерге чейин эле өзүн мусулманмын деп эсептеп келген. Бирок 2017-жылдын апрелинде ал өзүн теңирчи катары так аныктап алган. Бул кыска убакыттын ичинде ал өзүнүн «Уюткулуу улуу журт» аттуу коомдук кыймылын түзүп, пикирлештери менен биргелешип теңирчилик дининин бардык жагдайларын сыпаттаган 7 китеп жазууну пландап жатат. Ошол эле учурда ал өзүн исламга каршымын деп эсептебейт.
«Мен  исламдын бурмаланган формасын, радикалдуу исламды жайылткан белгилүү бир адамдарга чечкиндүү түрдө каршымын.   Ал эми калган бардык мусулмандарга түшүнүү, толеранттуулук, урматтоо менен мамиле кылам, анткени өзүм мусулманчылыкты туткан үй-бүлөдө туулгам, кичине кезимде ислам дининин элементтерин үйрөтүшкөн. Күйөөгө да мусулман салттары боюнча чыгып, мусулман салттарына ылайык жашадык. Бирок ошол эле учурда биздин салттарыбыздын элементтерин гармониялуу түрдө айкалыштырдык», – дейт Аалиева.
Хан-Теӊири тоо чокусу теӊирчилер сыйынган улуу символунун атынан коюлган. Сүрөт: alp.org.ua
Гүлзат сыяктуу активисттерден сырткары, өздөрүн теңирчи деп санаган, бирок теңирчиликти дин катары эсептебеген адамдар Кыргызстанда көп:
«Менин оюмча, теңирчилик – дин эмес, басымдуу түрдө  философия, дүйнөтааным жана дүйнө тууралуу түшүнүк. Мен теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүүгө каршымын, анткени дин дегенде жрецтердин кастасын түшүнөм, алар динди бурмалап, андан акча жасай башташат. Теңирчиликте так белгиленген диний эрежелер болбошу керек – бул сенин тандоо эркиндигиң: каалаган учуруңда, каалаган жерде, каалаган адам менен каалагандай сыйына бер. Аны конфуцийчилик сыяктуу философиялык окуу, багыт катары каттоодон өткөрүп койгула», – деп эсептейт Арслан Коргонбеков.
«Мен теңирчиликти дин катары кабыл албайм. Анын каттоодон өткөрүлүшү мага эч нерсе бербейт, анын кереги да жок», – дейт Сумсарбек Мамыралиев.
«Теңирчиликтин дин катары эсептелишинин мага зарылдыгы жок. Мен динчил эмесмин. Болгону динге ишенген адаммын, бирок динчил адам эмесмин. Ал эми теңирчилик бул – дүйнөгө болгон көз караш жана анын дин болбогону жакшы», – деген оюн айтты Наристе Алиева.
Бирок Гүлзаттын пикири боюнча, каттоо аларга теңирчиликти жайылтууга, имарат-жайларды сатып алып, кыргыз элинин материалдык жана рухий дөөлөттөрүн өнүктүрүү үчүн аянтчаларды түзүүгө мүмкүндүк бермек. Ал өзү теңирчилердин башка көптөгөн бирикмелери сыяктуу эле өзүнүн коомдук кыймылын каттоодон өткөрүүгө умтулбаган  жана документтерин Мамкомиссияга берген эмес.
«6 жыл мурда «Теңирчилик» документтерин берген, бирок аларды каттоодон баш тартып коюшкан. Эгер биз кайрадан берсек, 6 жыл мурункудан да чоң айлампа болуп калат. Ошондуктан биз тартынып турабыз», – дейт Аалиева.
Ведомстводон билдиришкендей, алардын эшиги бардыгы үчүн ачык: дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдын талаптарын аткар жана  документтерди кароого өткөр. Чотаевдин сөзү боюнча, ар бир учур өзүнчө каралат. Каттоодон өткөрүү тууралуу чечим берилген документтерге, анын ичинде уюм берген негиздемеге жараша болот.
Күч-аракеттердин башын кошуу
Теңирчилердин чакан бирикмелеринин иш-аракеттери, болжолу, натыйжа бербейт шекилдүү. Аалиеванын сөзүнө караганда, ошондуктан алар шарттуу түрдө «Кыргыз баалуулуктарын сактоо кыймылы» («Движение сохранения кыргызских национальных ценностей») деп аталган коомдук кыймылдын тегерегине биригүүнү, ошондой түрдө  бирдиктүү фронт катары чыгууну пландап жатышат.
«Теӊирчилик» тууралуу айтсак, Анарбек Усупбаевдин өз уюмун каттоодон өткөрүү үмүтү өчө элек.  Ал 10-октябрда сот чечимин аткарбагандыгы үчүн Дин иштери боюнча мамкомиссияга кылмыш ишин ачуу арызы менен ИИМге кайрылган, азыркы тапта анын жообун күтүп жатат.  


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.