© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандын Соттор кеӊешине караштуу Тартип комиссиясы: кыйтыр амалдар, куру жооптор жана саясий тапшырыктар

Кыргызстанда бир жылдан ашуун убакыттан бери Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясы иштеп жатат. Мыйзамга ылайык, аталган комиссия мыйзам бузган судьяларга байланыштуу иштерди карайт. Юристтер менен укук коргоочулардын пикири боюнча, адилеттүү чечим чыгарууга милдеттүү болгон орган чындыгында калыстыктан алыстап, саясатташтырылып калган.    


English На русском

Тартип комиссиясынын курамына жалпы жонунан тогуз киши кирет. Үч талапкер президент тарабынан, үчѳѳ парламент жана калган үчѳѳ судьялар корпусу тарабынан сунушталат.

Судьялардын иш-аракеттерине карата жеке жактар сыяктуу эле, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдары жана  алардын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сотторунун тѳрагалары дагы арыз менен кайрыла алышат. Комиссиянын мүчѳлѳрү эскертүү жана сѳгүш жарыялай алышат, же болбосо ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим чыгарууга укуктуу.

«Кыргыз Республикасынын Судьялар кеӊешине караштуу Тартип комиссиясы жѳнүндѳгү» мыйзамга ылайык, аталган орган кѳз карандысыз жана коллегиялык орган болуп саналат. Ошентсе да, комиссиянын ашкере саясатташтырылгандыгы жана даттанууларга тандалма мамиле кылгандыгы тууралуу бир нече жолу арыздануу болгон.

Нурбек Токтакунов. Photo: azattyk.org

 «Мен комиссияга  Жогорку соттун Конституциялык палатасынын тѳрагасы Касымалиевге карата даттануу менен кайрылгам. Ошол учурда Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кайсы бир арыздын негизинде кызматтан бошотуп салышкан. Бул жерде саясий тапшырык бар экендиги түшүнүктүү эле. Бирок, комиссия менин даттануумду карап да койгон жок»,-  дейт «Прецедент» коомдук бирикмесинин жетекчиси  Нурбек Токтакунов.

Анын айтымына караганда, Тартип комиссиясында саясий субъекттердин болушу сѳзсүз эле анын саясатташтырылгандыгын билдирбейт. Бул жерде саясий күчтѳрдүн балансы тууралуу кеп болууда. 

«Тилекке каршы, бизде саясий атаандаштык бул чѳйрѳдѳ мамлекеттик аппараттын басымдуулугу менен  толуп калган,  эң жогорку бийлик бутактарынын өз ара бири-бирин ооздуктап жана тең салмактап туруу механизми иштебейт. Чындыгында, сот бийлигин, парламентти жана ѳкмѳттү президент кѳзѳмѳлдѳйт»,- дейт юрист.

Кѳз каранды орган

Клара Сооронкулова. Photo: shkolaprava.kg

Ѳз кезегинде, Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова Тартип комиссиясынын ишмердүүлүгүнѳ анализ жүргүзүп, мыйзамдагы аталган органды түзүүнүн  тартиби сот бийлигинин кѳз карандысыздыгы боюнча эл аралык стандартка туура келбей тургандыгын белгилеген.  Демек, бул боюнча мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү зарыл.

«Аткаруу бийлиги же болбосо тыштан башка кишилердин Судьялар кеӊешин же тартип органдарын контролдоосуна жол берилбеши керек. Тартип органынын кѳз карандысыздыгы менен калыстыгы маанилүү ѳлчѳмдѳ анын курамы аркылуу аныкталат», — деп билдирет Сооронкулова.

Анын пикири боюнча, бийликтин мыйзам чыгаруу же аткаруу бутактары комиссиянын ишмердүүлүгүнѳ чечүүчү таасир тийгизбей тургандыгына кепилдик берүү максатында аталган органдын курамын аныктоого байланыштуу эрежелерге ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү абзел.

Мындай пикирди укук коргоочу Рита Карасартова дагы колдойт. Ал алынган чечимдердин объективдүүлүгүн камсыздоо үчүн комиссия мүчѳлѳрүнүн курамын кайрадан карап чыгуу зарыл экендигин белгилейт:

Эл аралык практикада калыстык үчүн комиссияга жарандык коомдун ѳкүлдѳрү менен жакшы иштери менен таанымал болуп калган жана келечекте сатылып кетпей турган активисттер дагы киришет. Жарандык коомдун ѳкүлдѳрү арыздарды карап чыгууга катышат, бирок акыркы чечимди судьялар жамааты кабыл алат. Бизде болсо, тигил же бул саясий кысымдын алдында чечим чыгарылат.

Формалдуу жооптор

2017-жылдын февраль айында милиция азиз поэт Темирлан Ормуковго карата кылмыш ишин козгогон. Ал Facebook баракчасына парламенттин эл ѳкүлү Дастан Бекешев оӊ рулдуу автоунааларды саткан ишкерлерден парламентте алардын кызыкчылыгын коргой тургандыгы үчүн акча алгандыгын жазып чыккандыгына байланыштуу парламентарий ага каршы арыз менен кайрылган. 

Милиция бул фактылар боюнча эч кандай далил таппагандыктан, кылмыш тууралуу кѳзкѳрүнѳѳ жалган жалаа боюнча кылмыш ишин козгогон. Сентябрь айында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту поэт Темирлан Ормуковду бир айга камакка алуу жѳнүндѳ чечим чыгарган. Шаардык сот бул чечимди күчүндѳ калтырган.   

Поэтти  алгач УКЖна, кийин тергѳѳ камакжайына камашкан. Бир ай ѳткѳндѳн кийин тергѳѳчүнүн бѳлмѳсүндѳ отурган учурда Ормуков нааразычылык катарында устаранын мизи менен ѳз ичин тилип салган. Андан соӊ, темир тор артында 12 күн ашык отургандыгына байланыштуу Башкы прокуратурага даттануу менен кайрылган. Кѳзѳмѳл органы Жогорку соттун үч судьясы: Качыке Эсенканов, Каныбек Бокоев жана Арзыбек Акыевге карата кылмыш ишин козгоп, аларга шалаакылык жана кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу деген күнѳѳ коюлган.    

Тартип комиссиясы Башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандырган. Бирок, үч судьянын ичинен бирѳѳ – Арзыбек Акыев гана сѳгүш түрүндѳгү тартип жазасына тартылган.

Чечим тууралуу ММК ѳкүлдѳрүнѳ түшүндүрмѳ берип жатып, Клара Сооронкулова аны кыйпы амал деп атаган.

«Жаран негизсиз түрдѳ бир саатка дагы камакка алынбашы керек. 12 күн кармоо –  олуттуу мыйзам бузуу болуп эсептелет. Менин оюмча, Тартип комиссиясы судьялардын күнѳѳсүн кѳруп туруп, аларды таптакыр жазасыз калтыруу туура эмес деп, активисттин иши боюнча докладчик катары Акыевге сѳгүш жарыялоону чечкен. Бул жѳн гана кыйпы амал болгон», — деп билдирет Сооронкулова ( Азаттык боюнча цитата).

Чолпон Жакупова. Photo: adilet.kg

Үстүбүздѳгү жылдын май айында «Адилет» укук клиникасынын башчысы Чолпон Жакупова Тартип комиссиясына Октябрь райондук сотунун судьясы, ошол эле учурда комиссиянын тѳрагасы Кымбат Архаровага каршы эки арыз менен кайрылган. Ал Zanoza.kg сайтына, анын түзүүчүлѳрү Нарынбек Идинов менен Дина Масловага, ошондой эле Жакупованын ѳзүнѳ каршы  Алмазбек Атамбаевдин доосунда анын намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча иштерди караган.   

Юрист судья Архарованын чечим чыгарып жатканда «бир нече жолу одоно түрдѳ мыйзамдуулукту бузуп», дисциплинардык кылмыш жасагандыгын белгилѳѳ менен,  бир нече жолу арызданууга жана мыйзам бузууну далилдеп бергенине карабастан, комиссия  «формалдуу жооп» менен гана чектелгендигин айткан.

«Биздеги эӊ олуттуу кѳйгѳй – мамлекеттик башкаруу органдарынын деградациясы экендигин билдирет». Чолпон Жакупова.
«Эгерде кайрылууларга карата берилген жоопторду окусак, булар жѳн гана куру жооптор. Алардын мазмунуна эч ким карабайт. Бул болсо, биздеги эӊ олуттуу кѳйгѳй – мамлекеттик башкаруу органдарынын деградациясы экендигин билдирет», – дейт Жакупова.

2017-жылдын ноябрь айында шаардык сот парламенттин «Ата Мекен» фракциясынан эл ѳкүлү Аида Салянованын кылмыш иши боюнча чечим чыгарган. Салянованын «Республика-Ата Журт» фракциясынан кесиптеши Алтынай Ѳмүрбекова экс-башкы прокурордун ишин караган судьялардын иш-аракеттерин талкуулоо максатында тартип комиссиясына кайрылаарын, муну менен бирге жаӊы түзүмдүн кандай иштеп жаткандыгын кѳрѳ тургандыгын билдирген.  

Кабарчы менен маектешүү учурунда Ѳмүрбекова тартип комиссиясына Салянованын иши боюнча даттануу жиберип-жибербегендиги эсинен чыгып калгандыгын айткан. Ал чындап эле кайрылуу жасагандыгын, бирок башка иштер боюнча экендигин билдирген. Чолпон Жакупова сыяктуу эле, аны дагы комиссиянын мамилеси канааттандырган эмес. 

«Алардан ѳзүнчѳ бир жооптор келген, бирок ал жооптор формалдуу гана мүнѳздѳ болчу. Мындай жазуулар мени канааттандырган жок»,- деп жыйынтыктаган парламентарий.

Абал начарлоодо

Быйылкы жылдын март айында укук коргоочулар менен жактоочулардын уюму алардын пикири боюнча жемкор жана саясий тапшырыктарды аткарат деп эсептелген судьялардын кара тизмесин түзүшкѳн. Бул тизмеде Кымбат Архарова да кѳрсѳтүлгѳн.

Рита Карасартова. Photo: vb.kg
Судьялардын кара тизмесин түзгѳндѳрдүн катарына кирген Рита Карасартованын ою боюнча, Кыргызстандын сот системасына ачык-айкындуулук жетишпейт. Анын айтуусуна караганда, кандайдыр бир реформалар жүргүзүлүп жатат, бирок масштабдуу түрдѳ карай турган болсок, абал барган сайын начарлоодо.

«Кандайдыр бир псевдокүрѳш башталганда, дайыма эле кайсы бир иш-аракети үчүн бийликке жакпай калгандар жоопко тартылышат. Ал эми биз бирѳѳлѳрдүн тапшырыктарын аткарып жүргѳн судьяларды билебиз. Дал ошолор абалдан илинчексиз кутулуп кетишет. Эгер тартип комиссиясынын мүчѳлѳрү белгилүү бир териштирүү жүрүп жаткандыгын айтып, анын ачык трансляцияланышын камсыздай турган болсо, анда биз бул жерде аз болсо дагы, ачык-айкындуулук бар экендигин айта алмакпыз», — дейт Карасартова.

«Биз бирѳѳлѳрдүн тапшырыктарын аткарып жүргѳн судьяларды билебиз». Рита Карасартова 
Комиссиянын ишмердүүлүгү жана анын аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу түзүмдүн мүчѳлѳрүнүн ѳз оозунан уга алган жокпуз. Айрыкча, комиссиянын тѳрагасы Кымбат Архарова кыскача интервью берүүсү жѳнүндѳгү суранычыбызды дагы этибар албады. Бардык сүйлѳшүүлѳр анын жеке жардамчысы же болбосо катчысы аркылуу жүрүп жатты. Катчысы комиссиянын мүчѳлѳрү тарабынан декабрь айынын аягында ѳткѳрүлѳ турган басма сѳз жыйынына шылтап, ошол жерден суроо берүүгѳ мүмкүн экендигин айткан. 

 «Эгерде убада кылынган басма сѳз жыйыны уюштурулбай калса дагы, бардык суроолорду белгиленген күндѳн кийин берүү туура болот»,- деп комиссиядан кошумчалашты.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

Сообщить об опечатке

Текст, который будет отправлен нашим редакторам: