© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда «Таблиги Жамаатка» тыюу салыш керекпи?

«Бүгүнкү күндѳ жергиликтүү эксперттердин бир бѳлүгү ѳлкѳдѳ Таблиги Жамаатка тыюу салуунун акылга сыйбай турган иш экендигин белгилешүүдѳ. Кыргызстан үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт, тескерисинче идеологиялык планда вахабиттик жана салафиттик агымдарга каршы турат», – деп белгилейт ѳз макаласында саясий илимдердин кандидаты, CABAR.asia аналитикалык мектебинин катышуучусу Роза Дүйшеева.

Русский English


Подпишитесь на наш канал в Telegram


Макалага кыскача сереп:

  • Кыргызстандын аймагында Таблиги Жамааттын алгачкы даабатчылары 1990-жылдардын башында пайда болгон;
  • Эгерде Таблиги Жамааттын ишмердүүлүгүнүн идеологиялык түзүлүшүнѳ карай турган болсок, анда  ал саясаттан четки диний кыймыл болуп кѳрүнѳт; 
  • Кыргызстандан башка ЖККУ кирген бардык мамлекеттерде, ошондой эле ШКУнун экстремизмге каршы күрѳшүү жѳнүндѳгү конвенциясына кирген ѳлкѳлѳрдѳ Таблиги Жамаат кыймылы мыйзамдан тышкары деп табылган; 
  • Кыргызстандык эксперттердин пикири боюнча, ханафи мазхабынын жайылтуучусу катары Таблиги Жамаат бүгүнкү күндѳ радикалдуу салафит агымдарына каршы жалгыз бир күчтүү диний кыймыл катары эсептелет.

Республиканын калкынын динчилдик деӊгээлинин кескин ѳсүшү менен «Таблиги Жамаат» диний кыймылынын ишмердүүлүгү эксперттер менен илимий изилдѳѳчүлѳрдүн арасында чоӊ кызыгуу жаратууда. Бул макалада эл аралык жана жергиликтүү эксперттердин, дин таануучулардын, изилдѳѳчүлѳрдүн негизги кѳз караштары менен баа берүүлѳрү талданып чыкты. 

Тарыхтан

Мухаммад Ильяс Кандехлеви. Фото: cevaplar.org

«Таблиги Жамаат» кыймылы [1]«Таблиг» буквально означает «передавать», т.е. передавать людям послание об исламе. Представители движения …  ѳткѳн кылымдын 20-жылдарында Индияда түптѳлгѳн. Анын негиздѳѳчүсү катары, Мухаммад Ильяс Кандехлеви белгилүү. Ошондон бери Таблиги Жамаат дүйнѳ жүзү боюнча жайылып, учурда бардык ѳлкѳлѳрдѳ бар. Аталган диний кыймылдын башкы борборлору болуп, Индия, Пакистан жана Бангладеш эсептелет. Бүгүнкү күндѳ 150 мамлекетте Таблиги Жамааттын ѳкүлдѳрү бар, ал эми 120 мамлекетте кеӊселери иштейт. Таблиги Жамаат убакыттын ѳтүшү менен Ислам динин активдүү түрдѳ жайылтуу, социалдык жана экономикалык статусуна карабастан, бардык мусулмандарга кайрылуу аркылуу салттуу түрдѳ Ислам динин туткан улуттардын ичинде диний жанданууну камсыздаган эл аралык кыймылга айланды. Ѳткѳн кылымдын 60-жылдарынын аяк ченинде кыймылдын ѳкүлдѳрү Батыш Европа, Түндүк Америка, Азиянын кѳпчүлүк мамлекеттеринде, ошондой эле кээ бир Араб жана Түндүк Африка ѳлкѳлѳрүндѳ – ѳзгѳчѳ Түштүк Азия диаспоралары отурукташып калган аймактарда активдүү иш-аракет жүргүзүп калган. 1990-жылдары Таблиги Жамааттын бѳлүктѳрү 90 мамлекетте түзүлгѳн [2]Комиссина И. Н. Движение “Таблиги джамаат”: теория и практика радикализма. Проблемы национальной стратегии … .  

Ошону менен бирге, Кыргызстанда Таблиги Жамааттын алгачкы даабатчылары XX-кылымдын 90-жылдары пайда болуп, [3]Козукулов Т.А., Хамдамова Д.Х. Краткий анализ влияния Таблиги Джамаат на общественно-политическую жизнь … үгүттѳѳ иштерин жүргүзѳ баштаган. Азыркы күндѳ Кыргызстан Таблиги Жамааттын ири борборлорунун бирине айланды. «Таблигчилердин» саны жыл сайын ѳсүүдѳ жана булардын кѳпчүлүк бѳлүгүн жаштар түзүүдѳ. Кыймылга студенттер, мугалимдер жана ишкерлер да активдүү кирип жатышат.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын тапшырыгы менен ишке ашырылган «Кыргыз Республикасында диний факторлордун социалдык жана саясий абалга тийгизген таасири» аттуу социологиялык изилдѳѳнүн жыйынтыктары менен бүгүнкү күндѳ жалпы 1200 суралгандардын ичинен эӊ активдүү жамаат катары Таблиги Жамаат (64,5% (759) эсептелгендиги анык  болду [4] Элебаева А.Б., Эсенаманова Н.С. Влияние религиозных факторов на социально-политическую ситуацию в … . Кыргызстандагы башка эч кайсы массалык мусулман кыймылы Таблиги Жамааттын ишмердүүлүгүнѳ теӊ келе албастыгын белгилеп кетүү зарыл.

Учурда аталган уюмдун ишмердүүлүгү кыргыз коомунда, айрыкча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинде, эксперттик жана диний чѳйрѳлѳрдѳ маал- маалы менен талкууланып келет.  Бирок, Таблиги Жамаат тууралуу коомдук пикир жана анын ишмердүүлүгүнүн бааланышы бир жактуу эмес.

Таблиги Жамаат саясаттан четтеби?

Ѳлкѳ калкынын динчилдик ѳзгѳчѳлүгүнүн активдүү ѳсүшү белгилүү бир деӊгээлде диндин саясатташуу элементтеринин пайда болушуна жол ачып, кээ бир шарттарда радикалдашуу менен экстремизмдин кѳбѳйүү коркунучун жаратты. Мамлекетте айрым диний ишмерлер менен уюмдардын сасий процесске кийлигишүү аракеттеринен байкалган саясатташуу элементтери чыга баштады. Ушул себептен улам,  Таблиги Жамаат кыймылынын бейсаясаттыгына байланыштуу маселе анын ишмердүүлүгүн изилдѳѳдѳ башкы орунду ээлейт. 

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстан – кыймыл экстремисттик эмес деп таанылган Борбордук Азиядагы жападан жалгыз ѳлкѳ.  Фото: gov.kg

Эгерде Таблиги Жамааттын ишмердүүлүгүнүн идеологиялык түзүлүшүнѳ карай турган болсок, анда  ал саясаттан четки диний кыймыл болуп кѳрүнѳт. Мындай пикир кадимки динге ишенген мусулмандар арасында да, эксперттик коомчулуктун ичинде да кеӊири жайылган.

Белгилүү франциялык ислам таануучу Оливер Руа «Таблиги Жамаат» диний кыймылын толугу менен саясаттан четте турган жана мыйзамга баш ийген уюм катары сыпаттайт [5]Le Monde Diplomatique. 2002. May 15 – https://mondediplo.com/2002/05/02islam.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (КР ДИМК) эксперттери да «Таблиги Жамааттын» саясаттан четте турган кыймыл экендигин белгилешет. Аталган кыймылдын жакшы жагы – анын радикалдык же экстремисттик эмес, пацифисттик (тынчтыкты жактаган) мүнѳздѳ экендигинде.[6]Чотаев З.Д., Турсунбеков З.А., Жумакунов Э.М., Сманова Н.Т., Гайббаева А.Т. Государственная политика в … .

Диний коопсуздук чѳйрѳсүнүн адиси Эмил Насритдинов Кыргызстанда саясатка кийлигишпѳѳ принцибинин «даабатчылык» тажрыйбасынын маанилүү бѳлүгү экендигин белгилейт. Кыргыз коомунун жалпы жонунан ашкере саясатташкандыгын эске алуу менен, Таблиги Жамаат кыймылынын лидерлери бул багытка кѳбүрѳѳк басым жасашууда. Ар бир жамаат даабатка чыгуудан мурун саясатка кийлигишпѳѳ туурасында жок эле дегенде бир сааттык инструкциядан ѳтүшѳт [7]Э. Насритдинов, Н. Эсенаманова. “Религиозная безопасность в Кыргызской Республике”. Бишкек, 2014. С. 48..

Бирок, россиялык саясат таануучу жана кѳз карандысыз изилдѳѳчү Е.Егоров белгилегендей, келечекте аталган кыймылдын диний жана саясий кырдаалга таасир этпейт деп ишенүүгѳ болбойт. Демократиялык башкаруу системасы менен жѳнѳкѳй тил колдонулган үгүт иштери калктын бардык катмарларынын уюмга тартылуусун ѳбѳлгѳлѳп турат. Кыймыл саясатка катышуудан ачык эле баш тартат. Ошентсе да, анын ишмердүүлүгүнүн стратегиялык максаттары дал ошол саясат жана бийлик менен байланыштуу деп божомолдоого толук негиз бар [8]Егоров Е.Н. “Таблиги Джамаат”: идеология и специфика деятельности. Исламоведение. 2016. Т.7. №3. С.5..

Кыймыл коомдук түзүлүштү ѳзгѳртүүгѳ же болбосо халифат курууга үндѳбѳйт деген пикир бар. Бирок, бул уюмдун ишмердүүлүгүн изилдеп чыккан эксперт К.Мурзахалилов машфарада (жыйналышта) кабыл алынган чечимдер дүйнѳ жүзү боюнча Таблиги Жамааттын жолун жолдоочулары менен жактоочуларына тийиштүү болуп,  аларды жер жерлеринде даабатчылардын лидерлери биздин мыйзамдар менен менталитетке тууралашарын айтат.  

Ал эми ДИМК уюмдун ишмердүүлүгүнѳ байланышкан кѳйгѳйлүү маселелер жаатында даабат процессин жѳнгѳ салуу жана тартипке келтирүү боюнча активдүү иш-аракет жүргүзүлүп жаткандыгын белгилѳѳдѳ.

Темага байланышкан материал: Кыргызстандагы Таблиги Жамааттын аялдар канаты эмне менен алек?

Албетте, Дин жаатында мамлекеттик саясат концепциясы жана аны ишке ашыруу багытында иш-чаралардын планы кабыл алынганда эле башталган коомдун дин чѳйрѳсүн жѳнгѳ салуу боюнча иш-аракеттер бул процесстин алдын алууга арналган профилактикалык чаралардын активдүү ишке ашырылышына, ошондой эле динди саясатташтыруу боюнча ишмердүүлүктүн чектелишине себеп жараткан. Калктын диний билимин жогорулатууга, мониторинг жана абалга талдоо жүргүзүүгѳ, светтик мамлекеттин алкагында дин тутуу эркиндигинин маанисин, коом менен мамлекеттин туруктуу ѳнүгүүсү үчүн радикализмдин жайылышынын алдын алуу зарылчылыгын   аӊдап түшүнгѳн динаяттын жаӊы муундарын ѳстүрүп чыгууга  багыттталган иш-чаралар менен узак мѳѳнѳттүү процесстер иштелип чыгып, жүзѳгѳ ашырылып жатат.

Ошентсе да, бул процесстер мамлекет, жарандык коом жана динаяттын ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруусун талап кылат. Үзгүлтүксүз жана биргелешип аткарылган иш-аракет гана туура жолго багыттап, абалды турукташтыра алат. 

Тыюубу же кѳзѳмѳлбү?

Эгерде Кыргызстан бүгүнкү күндѳ жалпы Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен Таблиги Жамаатты экстремисттик эмес жана тыюу салынбаган кыймыл катары кабыл алган жалгыз ѳлкѳ болуп эсептелбегенде, маселе мынчалык курч болбойт болчу.  Кыргызстандан тышкары, Россия жана башка бардык Борбордук Азия мамлекеттери тарабынан кабыл алынган ЖККУнун Таблиги Жамаатка тыюу салуу жѳнүндѳ сунуштамасы бар. Азыркы күнгѳ чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Таблиги Жамаатты экстремисттик уюм катары эсептѳѳ үчүн негиз жок деп келишкен.

Бирок, КР ЖК эл ѳкүлү Исхак Масалиев Таблиги Жамаат боюнча  Кыргызстан тарабынан ШКУнун экстремизмге каршы күрѳшүү конвенциясынын бирдиктүү принциптери сакталбай жаткандыгы туурасында маселени кѳтѳрүп чыгууда. Анын ою боюнча, ШКУнун конвенциясына ылайык, Кыргызстан Таблиги Жамаатты мыйзамсыз деп таануусу керек. ШКУнун конвенциясында мүчѳ мамлекеттердин бардыгы бирдиктүү принциптерди кѳздѳѳгѳ тийиш экендиги айтылат. Буга байланыштуу, конвенцияга кирген кээ бир мамлекеттерде  Таблиги Жамаат мыйзамсыз деп табылган. Биздин республикабыз дагы уюмду мыйзамсыз деп табууга милдеттүү [9]Масалиев: Кыргызстан в соответствии с конвенцией ШОС должен будет признать «Таблиги джамаат» вне закона. … .

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда салафизмдин идеялары менен практикаларынын жайылуусуна тоскоолдук кылган негизги барьер катары дал ушул  даабатчылар эсептелүүдѳ. Фото: Temir Sydykbekov/RFE/RL.

Кыргызстандын расмий бийлиги 2009-жылы Таблиги Жамаатты экстремисттик уюм деп жарыялоого аракеттенген. 2009-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан кыймылды экстремисттик деп таануу боюнча арыз келип түшкѳн. Бирок, ишмердүүлүгүн тереӊирээк изилдеп чыгуу максатында кайра артка кайтарылган. Мамлекеттик органдардын мындай скептикалык мамилесине Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан 2015-жылы чыгарылган «Кыргызстандын дин тармагындагы мамлекеттик саясаты жана негизги диний агымдары» аттуу методикалык колдонмо чекит кое алды. Аталган колдонмодо кыймылдын мамлекеттик коопсуздукка эч кандай коркунуч жаратпай тургандыгы так жана ачык жазылган[10]Чотаев З.Д., Турсунбеков З.А., Жумакунов Э.М., Сманова Н.Т., Гайббаева А.Т. Государственная политика в … .

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин  тѳрагасы Асылбек Кожобеков уюмдун атайын кызматтардын кѳзѳмѳлү астында экендигин жана эч кандай коркунуч жаратпай тургандыгын белгилеп кеткен [11]ГКНБ: «Таблиги джамаат» пока не несет угрозу. Сентябрь 12, 2018. https://rus.azattyk.org/a/29485859.html. Атайын кызматтар тарабынан катуу кѳзѳмѳлгѳ алынышы боюнча альтернативдик ыкманын АКШ менен Европа ѳлкѳлѳрүндѳ ишке ашырылгандыгын да айта кетүү зарыл.  

Бүгүнкү күндѳ жергиликтүү эксперттердин бир бѳлүгү ѳлкѳдѳ Таблиги Жамаатка тыюу салуунун акылга сыйбай турган иш экендигин белгилешүүдѳ. Кыргызстан үчүн эч кандай коркунуч жаратпайт, тескерисинче идеологиялык планда вахабиттик жана салафиттик агымдарга, ошондой эле Хизб ут-Тахрирге (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) каршы турат.
Ошентип, Эмил Насритдинов бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда салафизмдин идеялары менен практикаларынын жайылуусуна тоскоолдук кылган негизги барьер катары дал ушул  даабатчылар эсептеле тургандыгын белгилейт. Кѳп учурда бул таасир профилактикалык деӊгээлде иштейт: себеби, даабатчылардын  тобу башкаларга салыштырмалуу коомго ачык жана жеткиликтүү  мүнѳзгѳ ээ [12]Э. Насритдинов, Н. Эсенаманова. “Религиозная безопасность в Кыргызской Республике”. Бишкек, 2014. С. 49..

Кадыр Маликовдун пикири боюнча, Таблиги Жамаатка тыюу салуу – Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтү үчүн «ѳзүн ѳзү ѳлтүрүү» болуп эсептелет.  Себеби, аталган кыймыл учурда радикалдуу салафиттик агымга карата жалгыз бир күчтүү каршы салмак болуп саналат. Даабатка тыюу салуунун жыйынтыгында ѳкмѳт «карышкырлар менен бетме-бет» калуусу толук ыктымал. Бүгүнкү күндѳ ѳкмѳт буга алы жетпейт, анткени ѳлкѳӊун жеке диний базасы жокко эсе. [13]Там же. С. 44-45..

Азыркы этапта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары кыймылга тыюу салган күндѳ ал кѳмүскѳдѳ ишмердүүлүк жүргүзѳ турган болсо, мамлекеттин ага алы жетпей кала тургандыгын айтышууда. Кѳмүскѳдѳ иш жүргүзгѳн уюмдардын ишмердүүлүгүн кѳзѳмѳлдѳѳ кыйла оор. Себеби, укук тартибин коргоо боюнча кесипкѳй органдар менен мамлекеттик бийликтин белгилүү бир эркинин болуусу талап кылынат.

Мындан тышкары, мамлекеттик идеология менен экономикалык туруктуулуктун жоктугу, жалпысынан эле мамлекеттик системанын начардыгы байкалган шарттарда бийлик ханафиттик мазхабдын жайылтуучусу катары сабырдуулук менен чыдамкайлыкка чакырган Таблиги Жамаат элди бийликке жана социалдык кѳйгѳйлѳргѳ карата нааразычылыктан алаксытып, анын кѳӊүлүн динге багыттай алат. Мындай тактика жакынкы келечек үчүн абдан пайдалуу. Бирок, кийин коомдогу туруксуздук үчүн себеп жаратышы толук ыктымал. Себеби, Таблиги Жамаат кыймылынын ишмердүүлүгү калктын кеӊири массасын исламдаштырууга багатталган. Ушул себептен улам, мамлекеттик бийлик органдары даабат жана даабатчылардын иш-аракетин чектеп, кѳзѳмѳлгѳ алууга тийиштүү. Ошондой эле, 2014-2020-жылдарга карата Дин чѳйрѳсүндѳ мамлекеттик саясат боюнча концепцияны ишке ашыруу процессинде мамлекет менен диний абалды жѳнгѳ салуу боюнча жарандык коомдун ѳз ара аракеттешүүсүн жогорулатуу зарыл.


Бул макала IWPR «Ачык диалог аркылуу Борбордук Азияда туруктуулук» аттуу долбоорунун алкагында даярдалган. Макалада орун алган пикирлер редакциянын же донордун кѳз карашын чагылдырбайт.


 

Если вы нашли ошибку, пожалуйста, выделите фрагмент текста и нажмите Ctrl+Enter.

«Таблиг» буквально означает «передавать», т.е. передавать людям послание об исламе. Представители движения ТДж обосновывает свое существование через множество ссылок на Священный Коран.
Комиссина И. Н. Движение “Таблиги джамаат”: теория и практика радикализма. Проблемы национальной стратегии №1 (6). 2011. С. 46.
Козукулов Т.А., Хамдамова Д.Х. Краткий анализ влияния Таблиги Джамаат на общественно-политическую жизнь Кыргызстана. Проблемы современной науки и образования. 2016. https://cyberleninka.ru/article/n/kratkiy-analiz-vliyaniya-deyatelnosti-tabligi-dzhamaat-na-obschestvenno-politicheskuyu-zhizn-kyrgyzstana
 Элебаева А.Б., Эсенаманова Н.С. Влияние религиозных факторов на социально-политическую ситуацию в Кыргызской Республике. Социологическое исследование. ГКДР. Бишкек, 2016. С. 173.
Le Monde Diplomatique. 2002. May 15 – https://mondediplo.com/2002/05/02islam
Чотаев З.Д., Турсунбеков З.А., Жумакунов Э.М., Сманова Н.Т., Гайббаева А.Т. Государственная политика в религиозной сфере и основные религиозные течения в кыргызстане. Методическое пособие. Бишкек, ГКДР, 2015. С. 35.
Э. Насритдинов, Н. Эсенаманова. “Религиозная безопасность в Кыргызской Республике”. Бишкек, 2014. С. 48.
Егоров Е.Н. “Таблиги Джамаат”: идеология и специфика деятельности. Исламоведение. 2016. Т.7. №3. С.5.
Масалиев: Кыргызстан в соответствии с конвенцией ШОС должен будет признать «Таблиги джамаат» вне закона. Сентябрь 12, 2018.https://rus.azattyk.org/a/29486113.html
Чотаев З.Д., Турсунбеков З.А., Жумакунов Э.М., Сманова Н.Т., Гайббаева А.Т. Государственная политика в религиозной сфере и основные религиозные течения в кыргызстане. Методическое пособие. Бишкек, ГКДР, 2015. С. 90.
ГКНБ: «Таблиги джамаат» пока не несет угрозу. Сентябрь 12, 2018. https://rus.azattyk.org/a/29485859.html
Э. Насритдинов, Н. Эсенаманова. “Религиозная безопасность в Кыргызской Республике”. Бишкек, 2014. С. 49.
Там же. С. 44-45.
Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: