© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Кыргызстандагы журналистика факультеттеринин окутуучуларынын арасында CABAR.asia медиа мектебине катышуу үчүн конкурс жарыялайт

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азиядагы ѳкүлчүлүгү                    (IWPR Central Asia)  жаны медиа жана санарип журналистика боюнча тренерлер үчүн тренингке катышууга конкурс жарыялайт.


Конкурска Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын журналистика факультеттеринин окутуучулары (мугалимдери) катыша алат.

Тренинг 22-26 июль күндөрү Бишкек шаарында орун алат.

Катышуу үчүн табыштама 11-июлга чейин кабыл алынат.

Тренингтин алкагында окутуучулар жаны медиа технологиялыры менен иштөө, санарип журналистикасынын тили, гендердик суроолорго жана конфликтке  сезимтал  журналистика, жана сторителлинг боюнча билим жана практикалык көндүмдөрдү ала алат. Мындан тышкары тренинг студенттерге онлайн сабактарды өткөрүү жана аларды мотивациялоо боюнча методикалык сунуштарды камтыйт.

Тренингти Батыш Европа, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана Россиядан чакырылган эксперт-адистер өткөрөт. Тренинг орус тилинде өтөт.

Тренингке катышуу үчүн керектелген чыгымдар (жол кире, жайгашуу жана тамактануу)  уюштуруучулар тарабынан төлөнөт.

Конкурска катышуунун негизги шарттары:

  • Табыштаманы тапшыруу учурунда журналистика факультетининин иштеп турган окутуучусу болуу;
  • Кеминде эки жылдык мугалимдик тажрыйбасы бар;
  • Аталган күндөрү 22-26 июль аралыгында тренинге толугу менен катышууга даяр болуу;
  • asia медиамектебинде катышуунун жыйынтыгында студенттер үчүн жаны окуу жылынын биринчи жарым жылында милдеттүү түрдө кеминде үч тренинг өткөрүүгө даярдыгы бар;
  • Сабактарды интерактивдүү түрдө окутуу тажрыйбасы бар жана кийинки ишинде заманбап технологияларды колдонууга даяр;
  • Орус тилинде түшүнө билүү.

Конкурска катышуу үчүн онлайн табыштаманы толтуруу зарыл (табыштама 1 барактан ашпаган резюмеӊизди, катышууга болгон мотивация, жана университеттин деканатынан катышууга сизди сунуштоо каттан түзүлөт).

Эскерүү: буйуртма 11-июлга чейин гана кабыл алынат. Суроолор жа толуктоочу маалымат боюнча +996 (312) 313411 телефону, begaiym@iwpr.net электрондук дареги же фейсбук/инстаграм социалдык тармактарындагы @school.cabar баракчасына кайрылсаныз болот.  

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: