© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстандагы «бешинчи» жолку бийлик алмашуунун катачылыктары жана сабактары

Эгерде Атамбаев өзү үчүн аябай ыңгайсыз абалга алып келген окуяларга  жакшылап талдоо жүргүзө турган болсо, ал өзү кетирген катачылыктарын оңой эле таап алмак. Ал эми Жээнбеков үчүн мындай катачылыктар анын президенттик башкаруусу үчүн пайдалуу сабак болмок», – бул тууралуу Эмильбек Джураевдин CABAR.asia. үчүн жазган макаласында сөз болот.

Русский English


Сооронбай Жээнбековго чейин Кыргызстанда төрт жолу бийлик алмашып анын маанилүү сабактарынын айрымдары али күнгө чейин коомчулуктун эсинде сакталса, айрымдары таптакыр эле унутулуп калды десек болот. Окурманга түшүнүктүү болушу үчүн биз бешинчи жолку бийлик алмашууну мурдагылар менен салыштырып талдасак туура болчудай.

Биринчи жолу соңку советтик лидер Абсамат Масалиев 1990-1991-жылдары кырдаалга жараша бийликти тынч жол менен алгач парламентте, андан соң элдик добуш берүүнүн соңунда Аскар Акаевге өткөрүп берген. Экинчи жолу «жоогазын революциясынын» натыйжасында бийлик күтүүсүз кырдаалдан соң Курманбек Бакиевге өткөн. Үчүнчү жолу да экинчи жолкуга окшош эле бийлик элдик толкундоонун натыйжасында алмашып, бийликке өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Бакиевдин ордуна Роза Отунбаева башында турган убактылуу өкмөттүн жоон топ адамдары келишти. Отунбаева референдум аркылуу шайланып, утурумдук өткөөл мезгилдин президенти катары өлкөнү башкарды. Көп өтпөй Отунбаева 2011-жылдын соңунда өткөрүлгөн жалпы элдик добуш берүүдө жеңип чыккан Алмазбек Атамбаевге президенттик инаугурацияда бийликти биринчи жолу өз колу менен өткөрүп берди.

Кыргызстанда буга чейинки бийлик алмашуулар кандай болгонун эске алганда, 2017-жылкы бийлик алмашуу деле башкача, күтүүсүз  болушу толук мүмкүн эле. Көңүл бура турган нерсе, буга чейинки төрт жолку бийлик алмашуу учурунда ар кандай кырдаалга ылайык бийликти тапшырган тараптар аябай эле ыңгайсыз абалда калганына күбө болобуз. Ага мисал катары, Акаев менен Бакиевди айтпаганда, Масалиев менен Отунбаеваны келтирүүгө болот.

Ошентип, эгерде бийликти мыйзам талап кылгандай тапшырбай турган болсо, андай президенттин тагдыры өтө оор абалга дуушар болооруна буга чейинки Акаев менен Бакеивдин тагдырын мисал келтирүүгө болот. Ошол эле мезгилде, бийликти мыйзамга ылайык өткөрүп берген президенттердин деле жагдайы анча жакшы болбогонуна күбө болдук. Мындан улам бийликти мыйзам түрүндө өткөрүп берип, ошол эле мезгилде бийликтин укуругун колдон биротоло чыгарбоо үчүн эмне кылуу керек, деген суроо өзүнөн өзү жаралгансыды.  

Мүмкүн Атамбаевдин алдында бийликти тапшыраар мезгилинде ушундай суроо тургандыр деп, боолголоого толук негиз бар. Ушул өңүттөн алганда, Кыргызстандагы саясий окуялар  кандай өнүккөндүгү тууралуу төмөндө сөз болот.

2017-жылдагы шайлоо жана андагы тапшырмалар

Президент Атамбаев мамлекет башчы болуп шайланган күндөн тартып эле президенттик мөөнөтүнүн бүтөөрүнө канча  күн калгандыгын улам кайталап, коомчулукка  дайыма эскертип кегендигине күбө болдук. Буга чейинки бийликтен кеткиси келбеген эки президенттен кийин чындыгында эле коомчулук жаңы шайланган президентке деле ишеничи жок болгон. Аны сезген Атамбаев дайыма коомчулукка  кийинки мөөнөткө калбай тургандыгын эскертип, кайталап турушуна себеп болду десек туура болот.  Ошондой болсо да, президенттик мөөнөтүнүн аяктоосуна жакындаганда Атамбаевдин мурдагыдай бийликти өткөрүү тууралуу планы олуттуу өзгөрүүгө дуушар болгондугун байкоого болот.

Теориялык жактан алганда, президенттик мөөнөтү аяктап жатканда Атамбаевдин алдында үч түрдүү жол бар эле. Биринчи жол, Атамбаев өзү бир нече жолу коомчулукка айткандай, мурдагы президенттердей болуп дагы бийликте калып калуу. Эгерде, Атамбаев кааласа аны о­ңой эле жасап коймок, бирок андай учурда Атамбаев деле мурдагы президенттерден айырмасы жок болуп, алар менен бир катарда туруп калмак.

Экинчи жол, Атамбаев бир нече жолу кыргыз элине шардана кылып, бирок аны аткарбай койгон жол. Тагыраак айтканда, өлкөдө мыйзамдын толук сакталышын камсыз кылып, чыныгы эркин, демократиялык мүнөздө президенттик шайлоо өткөрүп, бийликти эл шайлаган президентке өткөрүп берүү жолу  болчу. Бул жол менен баруудан Атамбаев чочулап, андан баш тартты. Анткени, мындай учурда элдик шайлоонун жыйынтыгында мүмкүн кокусунан чыга калган талапкер шайлоодо жеңип чыга турган болсо, анда Атамбаевдин «экс президент» деген макамга ээ болушуна жана аны менен чогуу бийликте иштеген тарапкерлеринин тынч жашоосуна коркунуч туулуп калмак.

Ошентип, Атамбаев үчүнчү жолду, тагыраак айтканда, бийликтен расмий түрдө кетүү бирок, иш жүзүндө бийликте өз таасирин жоготпой  кала берүү деген жолду тандап алды.

Атамбаевдин ыктымалдуу «бийликти өткөрүү» планы

Соңку мезгилдердеги окуяларга талдоо жүргүзгөндө, Атамбаевдин бийликти өткөрүү планы аябай татаал бөлүктөрдөн туруп, ал мүмкүн чет өлкөлүк кеңешчилер тарабынан иштелип чыккан, деп  айтууга негиз берет.  Төмөндө биз Атамбаевдин ыктымалдуу бийликти өткөрүү боюнча планына (мүмкүн андай план болгон эместир) сарасеп салып, талдоого аракет жасайбыз. Эгерде, Атамбаевдин андай планы болбосо да, соңку мезгилдердеги окуялар тастыктап көрсөткөндөй чынында эле Атамбаевде ушундай план болгон, деп айтууга негиз берет. Атамбаевдин Кыргызстанда бийликти өткөрүп берүү планы төмөндөгүдөй төрт жарым кадамдан тургандыгын көрүүгө болот.

Биринчи кадам, Кыргызстандын Баш мыйзамын өзгөртүп, өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын ке­ңейтип, Президенттин ыйгарым укуктарын чектөөгө багытталган. Атамбаевдин планы боюнча парламенттин кийинки чакырылышынын көпчүлүгү  Социал-демократиялык партиясынан туруп,  алар азыркы  чакырылыштын курамынан да жумшагыраак, тил алчаак  болушу керек эле.     

Экинчи кадам, Атамбаев өзү коомчулукка айткандай, өзү менен кошо бардык эски саясатчыларды алып кетүү болгон. Бул багытта ал көп жылдан берки парламенттин депутаты Өмүрбек Текебаев баш болгон бир топ таасирдүү саясатчыларга кылмыш ишин козгоп, көп жылга түрмөгө камап, андан соң белгилүү саясатчы Өмүрбек Бабановдун ишмердүүлүгүн чектөөгө жетише алды. Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо бирден бир күчтүү атаандашы болгон.

Үчүнчү план, Атамбаев өлкөдөгү бардык таасирдүү мамлекеттик кызмат оорундарына өзүнүн ишенимдүү адамдарын коюп кетүүгө жетишүү болгон. Мындай планын ишке ашыруусуна ага көп убакыт талап кылынды. Президенттик шайлоонун алдында Атамбаевдин оң колу Сапар Исаков өлкөнүн премьер-министри болуп шайланды. Ага чейин ал тургай Сапар Исаковдун талапкердиги мамлекет башчылыкка сунушталаары сөз боло баштаган эле. Негедир, шайлоого чейинки акыркы убактарда тандоо Сооронбай Жээнбековго токтоду. Талдоочулар Атамбаевдин мындай чечимге келишине, Жээнбековдун өтө жөнөкөйлүгү, бир эле мезгилде бийликти аябай жакшы көрүп, ошол эле мезгилде бийликке жетүү үчүн  амбициясынын жоктугу, эң башкысы Атамбаевдин, досум кандай болгон күндө да, бийликтин баардык ыйгарым укуктарын өзүнө тартып албайт, деген терең ишенимде болгондугу себеп болгон.

Төртүнчү кадам, кандай болгон күндө да, президенттик шайлоодо өзүнүн талапкерин өткөрүүгө жетишүү. Бул максат ар түрдүү аракеттердин  натыйжасында ишке ашты. Эң башкысы кетип жаткан президент шайлоо процессине активдүү катышып, кайсыл бир талапкерди колдоп, экинчисине каршы иштеди. Натыйжада, Жээнбеков шайлоонун биринчи турунда эле Бабановду бир аз айырмачылык менен жеңип чыкты.

Жакшылап талдоо жүргүзгөн адамга, Атамбаевдин дагы бир багыттагы пландуу  аракеттери толук байкалып турду. Бул анын планына киргенби же жокпу так айтуу кыйын. Ошондой болсо да, айрыкча Атамбаевдин башкаруусунун со­ңку жылдарында өлкөдөгү эркин журналисттерге жана жарандык активистерге каршы «президенттин кадыр баркына шек келтирди» деген кинее тагылып, кылмыш иши биринен сала бири козголгондугун айтууга болот.  

Өткөөл мезгилдин планы толук талкаланды

Окуялар көрсөткөндөй Атамбаевдин жогорудагыдай планы көп өтпөй биринен сала бири ишке ашпай кыйрай баштады.

Алгач жаңы президенттин инагурациясы чакан чөйрөдө өткөрүлдү. Жакшылап байкаган адамга инагурация мезгилинде Атамбаев жаңы президентке ыйгарым укуктарын өткөрүп жаткан эски президенттей эмес, өзүнүн кезектеги ийгилигин же жеңишин майрамдап жаткан иш чаранын чыныгы ээси катары түр калтырды. Инагурация учурунда Атамбаев узак сөз сүйлөп бир нече жолу жаңы президентке «досум», «Соке» деп кайрылып, эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керектиги тууралуу өз сунушун коомчулуктун алдында ачык айтты. Ошентип, Атамбаевдин бардык пландары ишке ашып, бир аз гана майда-чүйдө иштер,тагыраак айтканда, эң жакын адамы болгон Фарид Ниязовду жаңы президенттин аппарат башчысы кылып дайындоосу гана калгандай болду. Өзү болсо, инагурация учурунда Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын жаңы президенттин колунан алууга жетишти.

Иш жүзүндө  2017-жылдын декабрынын башталышы Атамбаевдин бийликти өткөрүп берүү иш-чарасынын аякташы эмес, тескерисинче Сооронбай Жээнбековдун жаңы башкаруусунун башталышы катары коомчулукка түр калтырды. Албетте, Жээнбеков башынан эле Атамбаевдин бийликти өткөрүү планын Ак үйгө кире албай жатып эле бузам деген ою болгон деп айтуу туура эмес. Жээнбековдун Атамбаевдин планы менен эмес, өз жолу менен кетүүсүнө бир катар олуттуу себептер түрткү болгонсуду.

Көп өтпөй Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан жылуу кабыл алынып, Атамбаевдин мезгилинде бузулган кыргыз-казак мамилесин  оңдоого жетише алды. Андан соң Жээнбеков Атамбаевдин «досу» деген макамды карманып, Атамбаев түзүп кеткен схемадагы президентке көз карандысыз премьер-министр Сапар Исаков менен иштөөнү каалаган жок. Анткени, Ак үйдө кандай план же схема түзүлбөсүн президенттик ыйгарым укукту Жээнбековго кыргыз эли бергендиктен, шайлоодон кийин жаңы шайланган президенттен эл конкреттүү кадамдарды күтүп жаткан болчу. Коомчулуктун көзүнчө Атамбаевдин планы качан гана 2018-жылдын 8-февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында жаңы президенттин соңку жылдардагы Коррупцияга каршы күрөшүү комитеттинин ишмердүүлүгүн кескин сынга алышы менен кыйрай баштады. Жээнбековдун сөзү көпчүлүк тарабынан аябай жакшы кабыл алынып, жаңы президенттин «со­ңку жылдары коррупцияга каршы күрөштө алгылыктуу иштер жасалган жок», – деген пикири экс- президент Атамбага аябай оор тийди.

Жээнбековдун мындай сөзүнөн кийин эле Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин башчысы жумуштан алынып, бир аз убакыттан соң Фарид Ниязов кызматынан бошотулду. Андан соң СДПКнын курултайы салтанаттуу өткөрүлүп, партиянын лидерлигине Атамбаев шайланды. Курултайдын соңунда Атамбаев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп баардык нерсени ачык айтып, жаңы шайланган президенттин дарегине катуу сын айтты. Бул окуядан кийин дароо эле мурдагы Атамбаевдин мезгилинде шайланган кадрларды кызматтан бошотуу тездеди. Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы, Башкы прокурор кызматтарынан алынышты. Андан соң парламент депутаттары бир түндө өз пикирлерин өзгөртүшүп көпчүлүк добуш менен  ишеним көрсөтпөө аркылуу премьер-минстр Сапар Исаковду кызматтан бошотууга жетишишти. Ошентип, апрелдин соңунда Атамбаевдин планы ойрон болуп жатып калды. Ал эми экс президент Атамбаев күндөн күнгө ыдыраган СДПК партиясынын башына келди. Атамбаевдин ишенимдүү адамдары биринен сала бири кызматтан алынып, ал өзү болсо жеке телеканалын ачуу менен алек боло баштады. Мүмкүн анын телеканалы келечекте болуучу саясий окуяларда олуттуу күч болуп бериши толук ыктымал.

Кемчиликтер жана сабактар

Кыргызстанда окуялар келечекте кайсыл багытта өнүгүшүн алдын ала айтуу оор. Ошондой болсо да, Атамбаев өзүн өтө ыңгайсыз абалга алып келген Кыргызстандагы окуялардын тизмегине жакшылап сарасеп сала турган болсо, ал өзү кетирген катачылыктарын таап алмак. Ал эми Жээнбеков үчүн мындай катачылыктар анын президенттик башкаруусу үчүн пайдалуу сабак болмок.

Атамбаевдин эң башкы катачылыгы, бул анын парламенттеги өзүнүн партиясына аябай ишенип алгандыгында болду. Мүмкүн качан гана Өмүрбек Текебаев жана башка саясатчылар ал жетектеген СДПК Кыргызстандын э­ң жогорку бийлик  бутактарынын баарын ээлеп алды деп тынбай айтып жатканда, Атамбаев жана анын командасында  чындап эле баардык бийлик өзүбүздө деген ири ишеним пайда болуп алар өлкөдөгү саясий окуяларга сезимталдыгын жоготуп алышкандыр. Ошентип, Социал-демократтар даагы бир жолу Кыргыстандагы көпчүлүк саясий партияларда кездешүүчү өтө  өкүнүчтүү чындыкты далилдегендей болду, тагыраак айтканда, парламенттеги партия мүчөлөрү идея эмес, жөн гана жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууга умтулушкан  утурумдук саясатчылардан  түзүлгөндүгү  даагы бир жолу коомчулукка ачык көрүнүп калды. Мындай көрүнүшкө Атамбаевдин соңку алты жылдын ичинде баардык бийликти өз колуна топтоп алып, партиясынын идеялык жактан өсүүсүнө жол бербөөсү себеп болду.

Атамбаевдин экинчи катачылыгы, анын кимдир бирөөгө ушунчалык ишенип, Жээнбеков дайыма анын кичинекей досунун ролун аткарып, ага дайыма эле «соке», «Сооронбай» деп кайрылып жүрө берем деп бекем ишенип алгандыгында болду. Албетте бул жерде Сапар Исаковдун жаңы президентке баш ийбей, көз карандысыз саясат жүргүзгөндүгү да өзгөчө роль ойноп койгондугун баса белгилөөгө болот. Кандай болгон күндө да президент Жээнбеков мүнөзү жагынан канчалык жөнөкөй, чырсыз же жумшак болбосун, ал  ага карата жогорудагыдай сый эмес мамилени көтөрө бербей тургандыгын көрсөтө алды.

Экинчи бир каталык, Конституциялык өзгөртүү менен байланыштуу болду. Соңку Конституциялык өзгөрүүнүн натыйжасында Атамбаев өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын бир топ эле чыңдоого жетишкен болчу. Мындай өзгөрүүлөр Сапар Исаковдун өзүн парламенттик системадагы премьер-министрдей сезишине түрткү берди. Иш жүзүндө Баш мыйзамдагы жогорудагыдай өзгөртүү жетишсиз болчу. Натыйжада, Кыргызстандын тарыхында отуз өкмөт башчы кызматтан алынса, алардын ичинен Сапар Исаковду кошкондо экинчи өкмөт башчы кыска убакыттын ичинде парламент тарабынан ишеним көрсөтпөө жолу менен кызматтан алынды.

Ошентип, Сапар Исаковдун өкмөтү кызматтан кеткенден кийин жаңы президент Сооронбай Жээнбеков Атамабаевдин мезгилиндегидей эле толук түрдө аткаруу бийлигин өз колуна алууга жетишти. Атамбаев тарабынан жасалган Конституциялык реформа Жээнбековдун мындай аракетине кымындай да тоскоолдук боло алган жок.

Ал эми Атамбаевдин жогорудагыдай өз бийлигин каалагандай, каалаган кишисине өткөрүп берүү максатында  күн мурунтадан Кыргызстанда белгилүү саясатчыларды тартип коргоо органдардын колу менен түрмөгө отургузуу иш аракеттери тескери натыйжасын берди. Эгерде, жогорудагыдай иш чаралар жасалбаганда, мүмкүн ал саясатчылар экс-президент Атамбаедин оюндагыдай иш аракеттерди жасоосуна жол бербеши толук ыктымал болчу жана бийликти өткөрүү башкача жол менен ишке ашырылышы толук мүмкүн болчу.

Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында өлкөнүн Баш мыйзамы ондогон жолу өзгөртүлүп, беш жолу президенттер ар кандай кырдаалда алмашты. Отуз жолу өкмөт башчы кызматтан алынды. Соңку сегиз жылда эле парламенттеги  коалициялык көпчүлүк жети жолу алмашты. Натыйжада Кыргызстандагы бир дагы мамлекеттик институт туруктуу мүнөзгө ээ болуп, чыңдала алган жок. Андыктан, Кыргызстандагы бийликти алмаштыруу боюнча жогорудагыдай мол тажрыйбаны көрүп туруп, бийликтен кетип, ошол эле мезгилде өз таасирин толук сактап калууга аракет жасоо жөн гана адашуу болгон деп айтууга толук негиз бар.

Президент Жээнбеков үчүн Атамбаевдин жогорудагыдай катачылыктары чоң сабак болушу мүмкүн.

Биринчиден, бийлик мөөнөтү бүткөндөн кийин бийликте өз таасирин сактап калууга аракет кылып, кандайдыр бир бийлик түзүмүн түзүүгө аракет  жасабай, бийликти саясий окуялардын өнүгүшүнө ылайык өз нугунда өткөрүп берүүгө жетишүү зарылдыгын сезүү жана ага аракет кылуу абдан маанилүү экенин эске алуу. Анткени, саясатта адамдар жана бийлик институттары туруктуу эмес. Анын натыйжасында бийликке ким келсе анын колунда бийликти тапшырып берген адамга караганда ыйгарым укуктар, мүмкүнчүлүктөр көп жана бийликте турган мезгилде кандай нерсе курса деле аны бузуп кою оңой эле болоорун ачык сезүү.

Экинчиден, жогорудагыдай сабактарды эске алуу менен өз бийлик мөөнөтүндө эң жогорку бийлик институтуттарынын ыйгарым укуктарын өз жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында чыңдоого аракет жасабай, коомдогу сын пикирлерди туура кабыл алып, саясатта көп түрдүүлүккө жана атаандаштыкка жол берип, мыйзамдуу, таза иш алып барса, бийликти өткөрүп бергенден кийин эч нерседен коркпой эле койсо болот.

Макаланын автору: Эмиль Джураев- политолог, Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти (Кыргызстан, Бишкек)

Автордун пикири CABAR.asia редакциясынын пикири менен дал келбеши мүмкүн экендигин эскертебиз.

 

 

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: