© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстанда стартаптар кандай өнүгүп жатат?

Кыргызстандын өкмөтүндө санариптештирүү жана  онлайн мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө өтүү боюнча маселелер байма-бай көтөрүлүп жатат. Бирок эксперттер IT-адистердин мамлекеттик долбоорлор боюнча иштөөсү ийгиликке жетпегендигин жана кесипкөй жаш адистердин мындай кызматташууга көӊүлсүз барып жаткандыгын айтууда.


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


Жайдын башында Кыргызстандын  жаӊылыктар топтомунда «Кыргыз долбоору Борбордук Азиядагы эӊ мыкты стартап катары таанылды» деген ат менен жаӊылык тарады.   Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн  «Visa Everywhere Inititative» сынагынын финалында Кыргызстандык катышуучулар 20 команданын ичинен алдыӊкы бештикке кирди.

Нора Азыгалиева. Өздүк фото

Жеӊүүчү долбоордун жетекчиси  Нора Азыгалиева стартап жөнүндө идея өткөн жылы пайда болгондугун айтат. Ал иштеп чыгуучулар менен бирге өнүмдүн толук кандуу концепциясын түзүп, натыйжада ичине башка төлөм системалары менен капчыктарды камтыган универсалдуу төлөм платформасы келип чыккан.

Долбоор жөнөкөй колдонуучулар үчүн да, бизнес үчүн да ылайыктуу. Жөнөкөй колдонуучулар тиркемени жүктөп алып, акча которууларды ишке ашыра алышат, ал эми ишкерлер үчүн – бул ыӊгайлуу көзөмөлдөө жана кардарлар менен байланышуу аспабы. 

«Кыргызстанда  IT-стартаптардын рыногу жаӊыдан өнүгүп келе жатат. Силикон өрөөнүнүн теориясы боюнча стартаптардын болгону 10% гана иштеп кете алат. Ушул себептүү биздин өлкөдө стартап дээрлик жок деп айтууга болот. Бирок, жалпы жонунан акыркы 5 жылдын ичинде  IT-индустриясы чоӊ ийгиликтерге жетише алды», – дейт  Азыгалиева.

Ал үчүн каржылоо маселеси кыйынга турган жок. Өзү иштеген компания ири инвестициялык холдингге кирет. Ошентсе да, стартапты түзүүнүн бүткүл процессин – идеядан баштап даяр өнүмгө чейинки стадияны алганда, баарынан көп учурда процесс каржылоо этабында токтоп калат. 

Мындай абал жаш стартаперлер, Stylum жана Swipe up долбоорлорунун авторлору үчүн жакындан таанымал. Бир жылдан ашык убакыттан бери тиркемелердин үстүндө иш аткарылууда.  Stylum – бул оригиналдуу фильтрлер менен аспаптардын топтомун камтыган мобилдик фоторедактор, Swipe up –  Instagram-stories стикерлери үчүн тиркеме. .

Долбоорлордун маркетологу  Артур Малаховдун айтуусуна караганда, эки тиркеме теӊ учурда  Appstore ичинде бар, бирок Кыргызстандагы стартаптардын рыногу  жакшы өнүкпөгөндүктөн, топко саналуулар гана кире алышат.  

«Бүгүнкү күндө биз долбоорду иштеп чыгууга 12 миӊ саат жана илгерилетүү үчүн Бишкектин чок ортосунан турак-жай сатып алууга жете турган ири сумманы сарптадык. Бирок муну менен чектелбейбиз», – дейт Малахов.

Анын айтуусу боюнча, башка бир долбоорго каржылоо издөө боюнча мурун тажрыйбасы болгон. Жергиликтүү инвесторлор чыгымдар менен салыштырмалуу абдан эле аз каражат сунуштаган, ал эми чет өлкөлүктөр болсо, концепцияны өзгөртүү укугуна ээ болууну каалашкан.

Рынокко жаӊы келгендер жалгыз эле өз күчү менен булактарына ишенген учурлар көп эле. Бирок, иштеп баштаган IT-стартап тез эле өзүн актайт деп кыялданбаш керек.

«Бардыгы стартаптын бизнес-моделине жараша болот. Мисал катары, биздин Stylum тиркемебизди алалы. Тиркеме азыраак киреше алып келе баштады, бирок, чыгымдарды качан актай турганын айтуу кыйын. Киреше функционалды кеӊейтүүнүн, же болбосо жарнамалык интеграциялардын  эсебинен алынышы мүмкүн», – дейт Малахов.

Ошондуктан, Кыргызстанда IT-стартаптарды кирешенин бир түрү катары эсептөө – азырынча өзгөчө учурларда гана мүмкүн. Көбүнчө стартаперлер – IT-чөйрөсүндө негизги жумушу бар жана бир эле учурда жеке иштеп чыгуулар менен алектенген адамдар,  же болбосо, жеке долбоорун океандын ары жагына, маанилүүрөөк  рынокко алып чыгууну каалаган адистер. Келечекте өздөрү да Кыргызстандан чет өлкөгө кетүүнү пландашат. Мындай мамлекеттердин ичинен АКШ биринчи орунда турат.  

Кыргыз программалык камсыздоо жана кызматтарды иштеп чыгуучулар ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров өлкөдө же газ, же нефть, же океанга чыгуу мүмкүндүгү жок болсо да, адам ресурстары бар экендигин жана  интернет океан болуп калгандыгын белгилейт. 

Азис Абакиров. Фото: Facebook

«Эгер 20 жыл мурун 15 чамасында  IT-адис жертөлөлөрүндө отуруп иштеген болсо, бүгүнкү күндө Силикон өрөөнү менен иштөөгө жетишип калган 50 миӊ кесипкөй адис бар. Ооба, биздин балдар үчүн азырынча аутсорско иштеген пайдалуураак. Биздин ураан: «Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө менен иштешүү!», – дейт   Абакиров. 

IT-бизнеске жаӊыдан аралашкандарга мамлекет кандай колдоо көрсөтөт?

Мамлекет тарабынан IT-чөйрөгө колдоо көрсөтүү багытында саналуу гана мисалдарды келтирүүгө болот.

Мындай мисалдардын катарына 2013-жылы түзүлгөн Жогорку технологиялардын паркын  киргизе алабыз. Аталган уюм негизинен IT чөйрөсүндө иш алып барган компаниялар жана физикалык жактар үчүн атайын салык режими. Бирок, Парктын резиденти болуш үчүн ири бизнес-субъект болуу зарыл. Бул болсо, идеялуу жаштардын командасына дайыма эле туура келе бербейт.

Мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн экинчи преференция катары, мамлекеттик жогорку окуу жайларда маалымат-байланыш технологиялары факультеттеринен берилген бюджеттик орундарды эсептөөгө болот. Бирок, «Сорос-Кыргызстан» фондунун ошол эле изилдөөсүнүн жүрүшүндө сурамжылоого тартылган IT-адистердин көпчүлүк бөлүгү ЖОЖларда берилген билим иштөө үчүн жетишсиз болгондуктан, курстарга барып, же болбосо өз алдынча үйрөнүшкөнүн билдиришкен.

Бизнес-аналитик Жыргал Ботобаева  мамлекеттик буйрутмаларды түзүү жана алардын жаштар тарабынан ишке ашырылышына демилге берүү жолу менен  жергиликтүү адистерге мамлекет шарт түзүп бере алат деп эсептейт. Анын ою боюнча, Кыргызстан КМШ мейкиндигинде инновациялар жаатында лидер өлкө –Беларустун тажрыйбасын  өздөштүрсө жакшы болмок. Аталган мамлекетте блокчейн-технологиялар үчүн мыйзам чыгаруучу негиз түзүлгөн.

Жыргал Ботобаева. Өздүк фото

Ботобаеванын айтуусуна караганда, Кыргызстанда технохабдарды пайда кылуу, иштеп чыгуучуларды бюрократиядан бошотуу жана стартаптарга мамлекет тарабынан жок дегенде минималдуу финансылык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. 

«IT-стартаптар өтө көп каражат талап кылбаган өнүмдөрдү пайда кыла алышат. Муну менен бирге алар масштабдоо, ошондой эле өлкөдө жумуш орундарын түзүп берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ», – дейт Ботобаева.

Бирок, Азис Абакиров эӊ таасирдүү чара болуп эркин экономикалык мамилелер эсептелерин белгилейт. Анын пикири боюнча, бизнес технологияларга кызыгуусу жана аларга каражат жумшоосу зарыл. Анын үстүнө, стартаперлер мындай кызматташууга мамлекет менен иштешүүгө караганда көбүрөөк көӊүлдөнүп барышат.

«Мындай тенденция, балким, кээ бир мамлекеттик долбоорлор боюнча иштин ийгиликке жетпей калуусу менен байланышкан. Мисал катары, Кыргызстандын МККлары үчүн тендерлерге байланыштуу бир жаксыз абалды алсак болот. Кээ бир жогорку мансаптагы аткаминерлердин коррупциялык керт башынын гана камын ойлоочу кызыкчылыктарынын айынан кесипкөй жаш IT-адистер жапа чегип калышты», – деп эсептейт Абакиров.

Өлкөнүн оӊтойсуз географиялык абалын эске алганда, Кыргызстан үчүн IT-секторду өнүктүрүү абдан эле перспективдүү деп эсептейт экономист Азамат Акенеев. Анын айтымына караганда, товарларды тышкы рынокторго жеткирүүдө келип чыккан транспорттук жана логистикалык көйгөйлөр кыргыз өнүмдөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн олуттуу өлчөмдө чектейт.

«Бирок, бардык өлкөлөрдүн жайгашуу абалына карабастан, алардын салыштырмалуу бирдей шарттарда болуусун камсыздаган чөйрөлөр да бар. Мындай тармактардын бири – IT-сектор. Анын өнүгүүсү, өзгөчө, стартаптардын өнүгүүсү өлкөнүн ичинде жаӊы маалымат технологияларынын жайылышына алып келет. Ал эми бул болсо, башка тармактардын атаандаштык жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнө жол ачат», – дейт Акенеев.


Бул макала Норвегия Тышкы иштер министрлиги каржылаган “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: