© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

​Кыргызстан: насыялардын убактысын созуп берүү бизнести колдоого жетишсиз чара

Улуттук Банк коммерциялык банктар менен микрокредиттик компанияларга насыяларды үч айлык мөөнөткө узартууну сунуштап, насыяларды төлөй албай калса айып албоону талап кылды. Бирок насыясы бар жарандар дагы, эксперттер дагы бул чаралар жетишсиз экендигин айтып жатат.


Биздин  Telegram каналыбызга катталыӊыз!


Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда 2019-жыл ичинде 600 миңден ашык жаран 30 млн сомдон ашык (355,69 миң доллар) насыя алган.

Жарандар эң көп алган насыянын түрү – бул айыл чарба багытындагы кредиттер менен керектөө кредиттери.

Өлкөдө 2020-жылдын 25-мартынан тарта коронавирус инфекциясынын тараганына байланыштуу өзгөчө абал жарыяланган. Ошондон бери, жарандар үйдөн чыга албай – айрымдары дистанциондук иш алып барууга өтсө, айрымдарын акы төлөнбөгөн өргүүгө кетиришти.

Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, коронавирустун айынан 1,8 млн кыргызстандык жумушсуз калышы мүмкүн. Бул маалыматты 1-апрель күнү пресс-конференцияда аталган мекеменин башчысынын орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Эрмек Мандеева

Бир жыл мурда Бишкек шаарындагы «Тынчтык» конушунун тургуну Эрмек Мандеева өзүнүн үйүндө балдар бакчасын ачкан. Үйүн балдар бакчасына ылайыкташтырып жасоо үчүн үч насыя алган. Ал кредиттеринин биринин убактысы август айында бүтөт.

«Бир айда 30 миң сомдой (354 АКШ доллары) кредит төлөйбүз. Балдар бакчабыз иштеп турганда кыйналбай эле төлөп жаттык эле. Эми карантин жарыялангандан бери жумуш токтоп калды. Кызматкерлерге айлык дагы бере албай калдык», – деп баяндайт Мандеева.

Анын жолдошу соода борборунда телефондорго ремонт жасап иштейт, бирок карантин жарыялангандан тартып жумушу жок отурат, айлыгын дагы ала албай калды. Азыр эми үйбүлө кредит эмес тамак-ашына акча жок отурат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 18-мартта банктардын жана финансы-кредит уюмдарынын ишине төмөнкүдөй убактылуу талаптарды койду:

– кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынат;

– кредиттик келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн карыз алуучуларга карата айыптык төлөмдөр, анын ичинде кошумчаланган айыптык төлөм (айыптык төлөм/туум) салууга жана алууга тыюу салынат;

– берилген кредиттер боюнча төлөмдөрдү кеминде 3 (үч) ай мөөнөтүнө узартуу сунушталат;

– кредиттик келишимдердин шарттарын өзгөрткөн учурларда, анын ичинде реструктуризациялоодо, ишкердик ишине коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу иштерине байланыштуу киргизилген чектөөлөр таасирин тийгизген карыз алуучулардын кредиттерине мониторинг жүргүзүүдө кредиттерди классификациялоо категориясын начарлатпоого уруксат берилет.

Бирок коммерциялык банктар насыя кечиккени үчүн айыптык төлөмдөрдү албоо, комиссиялык чыгымдарды албоо сыяктуу Улуттук банктын талаптарын аткарган менен, насыя төлөөнүн мөөнөтүн үч айга жылдыруу боюнча сунушун ар бир банк өзүнүн каалоосуна жараша чечип жатат.

Айрымдары насыя төлөөчүлөрдү түшүнүп, насыя төлөө мөөнөтүн кыскараак мөөнөткө узартып берип жатышат. Бирок ал мөөнөт жылдырылганы менен бул учурларга үстүнө үстөк пайызы дагы төлөнө берет.

Бала бакчанын ээси Эрмек Мандеева банкка чалып, төлөө убактысын жылдырып турууну суранганда, банктан келип арыз жазышы керектигин айтышкан. Бирок карантиндин айынан жана коомдук транспорттун жоктугунан банктын кеңсесине жете алган эмес.

Кээ бир банктар мессенджерлер аркылуу арыз жазуунун онлай-системасына өтүшкөн, бирок айрымдары документтерди жалаң гана компаниянын кеңсесинде кабыл алып, андан кийин гана комиссия карап чыгат.

Айнара Какиева

Бишкек шаарынын тургуну Айнара Какиева – биринчи топтогу майып. Ал сахар диабетинин айынан инфаркт алып, андан кийин көзү дагы көрбөй калган.

Былтыр жайында ал көрүүсүн кабылына келтирүүгө операция жасатуу үчүн насыя алган. Ал насыяны куруучу жолдошунун айлыгына ишенип алышканын айтат.

«Эми жолдошум дагы жумушсуз калды, айлыгын дагы ала албай калды. Мен мамлекеттин эсебинен гемодиализ дагы алам, бирок азыр коомдук транспорт дагы жок болуп гемодиализге барып келгенге жол кире дагы таппай кыйналып турабыз», – дейт Какиева.

Гемодиализге барып келгенге жол кире дагы таппай кыйналып турабыз

Микрокредиттик уюм менен абйланышканда алар болгону бир айга узартып беришээрин айткан.

«Бир ай ичинде карантин бүтүп калса жакшы, бүткөндө дагы жолдошум жумушуна чыгып бир ай иштемейинче айлык бербейт да. Эми кийинки ай кандай болот деп ойлонуп отурабыз», – дейт Айнара.

Бишкектик Мукаддам Сайдалиева болсо насыясынын төлөө мөөнөтүн жылдырмак тургай алар менен чалып дагы сүйлөшө албай жатат. Ал тигүү цехтеринин биринде иштейт, бирок өзгөчө абал киргенден бери тигүү цехинин жумушу дагы токтоп турат. Ал башка кредитин жабуу максатында, башка микрокредиттик компаниядан 50 миң сом насыя алган.

Муккадам жалгыз бой эне – анын колунда кызы жана жашы өтүп калган апасы бар.

«Өзүм квартирада жашайм, анын акысы, тамак-аш, насыя бир убакта келсе кыйналып калам. Карантинге чейин деле кыйналып жашачубуз, эми бир отоло айлабызды таппай калдык», – дейт Мукаддам.

Ар ким өзү үчүн

Банктардын дээрлик көпчүлүгү ар бир кардар боюнча индивидуалдык чечим кабыл алып жатат. “Финка Банктын” PR адиси Адилет Турсунбековдун айтымында, карантин түз таасир этпеген жарандар дагы насыясын жылдырып берүүнү суранып арыз менен кайрылып жатышат.

«Ар бир кардардын арызына жараша үч айга чейин төлөө мөөнөттөрү жылдырылып берилип жатат, бирок баарына эмес. Ал үчүн жумушунан маалым кат, же кирешеси тууралуу документтерди алып келиши керек. Бирок ишмердүүлүгү карантин менен түз байланышпаган жарандар дагы кайрылып жатат. Кардарлар да бул шартты туура түшунүшү керек», – дейт Турсунбеков.

Ушундай эле ар бир кардар менен индивидуалдык иш алып барып жатышканын «БакайБанктын» кызматкери Алина Касымова да айтат. Кардарлар кааласа, үч айдан кийин чогуу бир төлөп салса болот, же кийинки үч айга жылдырып алса болот.

«Демир Банк» сайтында насыя төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча кардарлары үчүн маалымат жайгаштырган. Бирок насыя төлөө мөөнөтү 3 айга жылдырылганы менен бул айларга кошула турган пайыздык төлөм кошо журө берери эскертилет.

Эльдар Абакиров. Сүрөт: gov.kg

КРнын мурунку экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров банктардын кардарларына насыя төлөө мөөнөтүн үч айга жылдырып берип, бирок пайызын токтотпогонун туура эмес деп эсептейт.

«Насыялар боюнча бардык төлөмдөрдү карантиндин эки айлык мөөнөтүнө жылдырып берүү зарыл. Карантин учуруна эч кандай төлөм алынбашы керек. Ушул адилеттүү чечим болот. Бул үчүн Улуттук Банк жооптуу. Өзгөчө абал учурунда жашоо дагы, бизнес дагы токтоп калды да», – дейт Абакиров бизге берген маегинде.

Азырынча кардарларынын каалоосун аз гана банк аткарып жатат. РСК банк болсо жылдырылган үч айга пайыздык төлөмдөрдү кошпой турганын айтат банктын кредиттик адиси Улан Ашимов.

«Улуттук банктын токтомун эске алып, банк кредиттик келишимдерди кайра карап чыгууга, төлөм графигин өзгөртүүгө байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөр алынбайт. […] Жылдырылган үч айга пайыз дагы кошулбайт», – дейт Ашимов.

Мамлекетте насыялардын пайызын компенсация кылып төлөп бере турган мүмкүнчүлүгү жок

Насыялардын пайыздык төлөмүн токтотууну күтпөй эле коюу керектигин вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрель күнү маалымат жыйында билдирди.

«Банктар элдин аларда сактаган акчасынын эсебинен иш алып барышарын түшүнүү керек. Ошол сакталган акчалар жана депозиттерге пайыз төлөнүшү керек. Мамлекетте насыялардын пайызын компенсация кылып төлөп бере турган мүмкүнчүлүгү жок», – дейт Асрандиев (kaktus.media).

«Банктар дагы – бизнес»

Эмил Үмүталиев. Сүрөт Facebook‘тагы баракчасынан алынды

Мурунку экономика министри Эмил Үмүталиев болсо бул кырдаалда банктарга дагы оңой болбогонун айтат. Ал банк сектору дагы бизнес экенин мамлекет аларга дагы колдоо көрсөтүшү керек деген пикирде.

«Алар [банктар] дагы акчаны асмандан алган эмес. Ал акча ошол эле элдин, бизнестин акчалары экенин унутпашыбыз керек. Бирөө банкка кредитин өз учурунда кайрып бербесе, бирөө ошол эле банктан депозитин ала албай калат», – дейт Үмүталиев.

Насыя менен кыйынчылыктар COVID-19 инфекциясына байланыштуу башка өлкөлөрдө дагы орун алууда. Орусиянын ири банктары кардарларына кредиттик каникулдарды берип жатышат. Пандемиянын кесепетинен ооруп калгандар, же жумушу токтоп калгандар үчүн насыянын негизги суммасы дагы, анын пайыздары дагы үч айга жылдырылууда.

Ушундай эле шартты кошуна Казакстандын банктары дагы өзүнүн кардарларына түзүп берип жатат. Насыялар үч айлык мөөнөткө узартылып, бул убакытка пайыздык төлөм да, айыптар дагы, туум дагы кошулбайт. Ал эми кошуна Өзбекстанда коммерциялык банктарга насыялар боюнча кардарлары менен келишимдерин карап чыгуу сунушталган.

Эльдар Абакиров болсо Улуттук Банктын азыркы кабыл алган чечимдери жетишсиз экенин айтат. Анын айтымында, азыр мамлекет буга кийлигишпесе, кесепети оор болот.

Өкмөт жана Улуттук Банк жарандардын келечеги үчүн жооп берет

«Эгер азыр биз бул бизнестерди жоготуп алсак, кийин кеч болуп калганда 10 эселенген ресурстар менен дагы калыбына келтире албай калабыз. Бардык насыялар боюнча келишимдерде форс-мажордук учурлар жазылган. Мына ошол учур азыр келди. Өкмөт менен Улуттук Банк жарандарынын келечеги үчүн жооптуу», – дейт Абакиров.

Анын айтымында, мамлекет арендаторлорго, бардык соода борборлору менен базарларга ижара акысын кечүүнү сунуш кылыш керек. Арендадан баш тарткан ишкерлерди мүлккө болгон салыктан бошотуу зарыл.

Башкы сүрөт: tazabek.kg


Бул макала «Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project» долбоордун алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: