© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: кайрымдуулук жана диний үгүттүн үлбүрөк чеги

 Республикада дин менен тыгыз байланышта болгон көптөгөн фонддор жана кайрымдуулук уюмдары бар.

Иллюстративтик сүрөт. Социалдык тармактардан алынды

Бирок алар расмий түрдө диний уюм катары катталган эмес. Эксперттердин баамында, мында да логика болушу мүмкүн: диний уюмду каттоо жеңил эмес, ага мамлекеттик көзөмөл фонддорго же кайрымдуулук уюмдарына караганда, абдан дыкат болушу керек.

Андай түзүлүштөр боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө жүргүзгөн ишмердүүлүк анализи көрсөткөндөй, булардын айрымдары өздөрүн кайсы бир диний конфессияга жакындаштырган же айрым учурда алардын кызыкчылыгын илгерилеткен учурларын байкоого болот. 

Бул кайсы бир конфессияларда белгилүү даталарда кичине же чоң диний курулуштарды курууга, материалдык ар кыл жардам көрсөтүүгө байланышкан түрдүү иш-чаралар менен акцияларда жүргүзүлөт. 

Айрым учурларда бул активдүүлүк анча чоң эмес социалдык курулуштарды курууда же кандайдыр жардам көрсөтүү менен “аралаштырылат”. Бирок жалпысынан мындай кайрымдуулук уюмдары менен фонддор өздөрүнүн баштапкы диний күн тартибинен алыстап кетишпейт. 

Эксперттер мындай фонддор менен кайрымдуулук уюмдарынын көпчүлүгү чынында эле өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, кайрымдуулук жана калкты социалдык жактан колдоо иш-чараларына катышат. 

Бирок ошол эле кезде алардын арасында кайрымдуулукту КР Конституциясына, мыйзамдарына жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатка туура келбеген идеяны жана түшүнүктөрдү илгерилетүүнүн куралы катары пайдалангандар болуп калышы ыктымал. 

Мына ушундай уюмдар менен фонддор коркунуч жаратат. 

Ушул өңүттөн алганда, мамлекеттик структуралар республикадагы дин менен байланышкан ар кандай кайрымдуулук уюмдар менен фонддордун ишмердүүлүгүнө дыкат мониторинг жана көзөмөл жүргүзүшү керек деген суроо туулат. 

“Көрсөтүлгөн жардам тыкыр өз багыты менен жүрүшү үчүн кандайдыр бир координациялоочу уюм болушу керек. Азыркы учурда уюмдар менен фонддор Юстиция министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги боюнча бөлүк-бөлүгү менен бөлүштүрүлгөн. Ошол эле учурда бир дагы ведомство алар иш жүзүндө эмне менен алек болуп, учурда кайсы жамаатка жардам берип жүргөнүн айта алышпайт” деди Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитика бөлүмүнүн башчысы Гүлназ Исаева. 

Мисалы Кыргыз Республикасындагы кайрымдуулук уюмдары Юстиция министрлигинде катталышы керек.

Азыркы тапта мамлекеттик органдын электрондук базасында андай мекемелердин 900ү катталган. Бирок алар эмне иш алып бараарын бир гана аталыштары боюнча боолголоого туура келет. 

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү “Ишмердик” деген бөлүмгө алар  жалпы жана “ Башка топторго кирбеген коомдук уюмдардын ишмердиги” деген  элес-булас аныктаманы жазышат деп айтышат.

Башкача айтканда, алардын адистештирилгени так көрсөтүлбөйт. Ал эми мыйзам алардын ишмердигин так көрсөтүүгө милдеткер кылбайт. 

Мыйзамдарга ылайык, Кыргызстанда диний жана кайрымдуулук уюмдарынын ишин кошо жүргүзүүгө тыюу салынат. Бирок, Исаеванын пикиринде, иш жүзүнө келгенде бул эки категорияны ажырата билүү жеңил эмес.  

“Бул маселе такыр эле камтылган эмес, аларга керек болгондо бир каттоодон өтөт, кийинки учуру керек болгондо, башка каттоодон өтөт. Соңку бир канча жылдардан бери мамлекет экстремисттик ишмердикти каржылап калышы мүмкүн болгон жактарды көзөмөлдөөгө аракет кылууда. Бирок адатта,  биз ал кайрымдуулук уюмдарынын каржылоо булактарын билбейбиз” деп билдирди Исаева.

Дин жаатындагы эксперт, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-директору Орозбек Молдалиев тыюу салынган андай фонддор аркылуу каржыланып калбашы үчүн мамлекеттик органдар алардын финансылык каражат булактарын дыкат көзөмөлдөп турушу керек экенин белгилейт. 

“Финансылык чалгын кандайдыр бир иштин алдын алганын дегеле көргөн жокмун. Ал жакка жакшы адистер керек. Алар негизинен ири булактардын артынан түшөт, ал эми террордук уюмдарга чоң сумманын кереги жок, -деп айтты Молдалиев. – Буга кошумча, алар кандайдыр эпчилдик менен иштешет, ушу кезге чейин “Аль-Каиданын” (Кыргызстанда террордук уюм деп табылган жана өлкөдө ишмердигине тыюу салынган– Ред.) каржы булагын бир да жолу таба алган жок. Ошентсе да кол куушуруп олтуруп калбаш керек– андай фонддор көзөмөлдү талап кылат”. 

Ошол эле учурда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өкүлдөрү андай фонддордун акчасынын баары эле банк системасы аркылуу өтпөй турганын жана алардын сары изине түшүш абдан эле оор экенин белгилейт. 

2003-жылдан 2017-жылга чейин ар кыл сот инстанциялары террордук жана экстремисттик деп тапкан 20га жакын уюмду аныктаган. Ал уюмдарга тыюу салынган, ал эми өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Андай агымдардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдөн каржыланган. 

 Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Каныбек Осмоналиевдин  (2008-2010-ж.ж.), пикиринде, өлкөдө диний фонддор Кыргызстан сөз эркиндигин жана дин тутуу эркиндигин жарыялагандан баштап түзүлдү, андан кийин ар кыл ячейкалары пайда болуп, тыюу салынган идеяларды карманып, аларды үгүттөй баштаган. 

“Бизде 100 медресе бар жана алардын ар биринин ээси бар. Алар Сауд Аравия, Кувейт, Иордания. Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Бангладештин колдоосунда  иш жүргүзөт. Алар исламды өз түшүнүктөрү боюнча киргизип келе жатат,- дейт Осмоналиев. 

– Директор кезимде, балдары таанылгыс болуп, агрессивдүү болуп кеткен балдардын ата-энелери көп кайрылганын көрдүм. Ошондон кийин Сириядагы аскер кризиси башталды.”  

Бирок Мусулмандар дин башкармалыгы (МДБ) диний билим толугу менен көзөмөлдө экенин белгилеп келет. 

Мусулмандар дин башкармалыгынын билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов алардын макулдугусуз эч бир ведомствого лекция өтүүгө укук берилбей турганын айтты.  

“Өзүнөн өзү эле окута берген диний мекеме жок– алардын баары биз менен планын талкуулайт. Эгерде биздин талаптарды аткарбаса, анда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга билдиребиз. Алар диний мекеменин ишмердүүлүгүн мыйзамдуу түрдө токтотуп коё алат же өлкөдөн такыр эле чыгарып жиберет” дейт диний ведомство өкүлү.  

2018-2019 окуу жылдары КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын коомдук кеңеши террордук жана экстремисттик мүнөздөгү кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартылган камактагы 130 кишини сурамжылаган. Алардын диний фонддор менен кандайдыр байланышын аныктаган эмес. 

Азыркы тапта Диний изилдөөлөр институту борбору Сирия жана Иракта жалданып келгендер боюнча камалгандарды сурамжылап жатат. Андагы 20 кишинин арасында диний фонддор менен байланышта болгондор азырынча аныктала элек.  

Дин менен тыгыз байланыштуу фонддор жана кайрымдуулук уюмдары байланышууга чыга бербейт – бул ислам уюмдарына да, христианчылыкка да тиешелүү.     

Алар бүткүл ишмердиги КР мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жатканын, отчет тапшырып жана мамлекеттик уюмдар менен тыгыз кызматташтыкта иштеп келгендерин айтышат. 

Ал эми бейформал маектешүүдө кайрымдуулук жана социалдык ишмердиктери алардын диний ишенимдерине жана принциптерине ылайык жүргүзүлүп жатканын билдиришет, бирок ошол эле учурда алар диний ишенимин илгеритпегенин жана эч кимге таңуулабаганын билдиришет. 

Ошондой мекемелердин биринин өкүлүнүн айтымында, чет өлкөлүк демөөрчүлөр кудайга жаккан иш кылып, элге жардам бергенден башка көмүскө максаттары жок экенин айтып келишет.  

Ал уюмдун жардамы менен республикада көптөгөн мечиттер салынган. Ошону менен бирге эле алар мектеп, фельдшердик-акушердик пункт курган, калктын аярлуу катмарына жардам берип турушат.  

“Мечиттер жеткиликтүү болгондон кийин, бизден социалдык объекттерди—мектеп, балдар бакчаларын, спорттук жана медициналык мекемелерди курууну сурана башташты. Биздин башка маданиятта жашаган демөөрчүлөргө ал объекттерди эмне үчүн алар куруп бериши керектигин түшүндүрүүнүн өзү көйгөй болду” деп кайрымдуулук уюмдарынын биринин өкүлү билдирди. 

“Алар диний объекттерди курушу керек, жетимдерге жардам берип, суу тартышы керек. Ал эми мектептерди жана башка социалдык объекттерди мамлекет курушу керек дешет. Бирок баары бир биз аларды ишендире алдык” деп сөзүн жыйынтыктады ал. 


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: