© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Кыргызстан: ата-энелеринин диний ишениминен улам мектепке барбай калган балдардын саны кыскарууда

Кыргызстанда диний ишенимден улам балдарын мектепке жибербей койгон фактылар боюнча катуу күрөш жүргөнүнө карабай, мындай көрүнүштөр дагы деле катталууда.


Биздин Telegram каналына катталыӊыздар!


Иллюстрациялык сүрөт. Сүрөттө Жалал-Абад облусунун бир орто мектебинин окуучулары. Бул окуучулардын  макалага эч кандай тиешеси жок. Булак: Билим берүү жана илим министрлигинин веб-сайты

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, ушул окуу жылынын биринчи жарым жылдыгында өлкөдө 98 ушундай учур катталган. Булар расмий түрдө белгилүү болгондору гана.

Министрликтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда диний ишенимдерге байланыштуу балдардын мектепке баруусуна тыюу салган алгачкы фактылар 2010-жылы катталган. Мындай тыюулардын эң жогорку чеги 2016-жылы катталып, 2500дөн ашуун учурду түзгөн. Кийин бул статистика бир аз теңделгени, бирок андан региондордогу абал өлкөнүн ири шаарлары – Бишкек жана Ош шаарларына караганда бир кыйла начар экени көрүнүп турат.

Гүлшан Абдылдаева. Фото: sputnik.kg

Январь айында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, Бишкекте жүзгө жакын үй-бүлө диний себептерден улам балдарына негизги билим берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, айрым мыйзам бузгандар Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” диний тобунун жолдоочулары (Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы чечими менен Кыргызстанда тыюу салынган – ред.). Мындан тышкары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда катталбаган христиан секталарынын жолдоочулары дагы бар.

«Мындай кадамын ата-энелер мамлекеттик мектепте балдары бузулуп кетет деп түшүндүрүшөт. Айрымдары балдарын өздөрү окутабыз дешет. Бирок, мыйзамга ылайык, мектепке ден соолугуна байланыштуу бара албаган жана мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар гана үйдө окутулат. Алар үчүн атайын үйдө окутуунун жөнөкөйлөтүлгөн программасы түзүлгөн”, – деди Абдылдаева.

Бирок өлкөдө катталбаган диний уюмдар бар экендигин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия четке кагууда. Алар эсеп такай жүргүзүлөт деп ишендиришүүдө.

Комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаевдин айтымында, эгер милдеттүү орто билими жок (9-класс) балдар диний мекемеде окуган фактылар катталса, анда бөлүм буйрук берет, анткени буга мыйзам тарабынан тыюу салынган.

«Жакында Бишкекте бир диний билим берүү мекемеси Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосу жок окутуу менен алектенип жаткандыгын билдик. Ал жакка биз мыйзам бузууларды оңдоо үчүн жазуу жүзүндө эскертүү жибердик. Ал эми Талас облусунда мектептен бош убактысында диний курстарга барган окуучу аныкталды. Мындай нерселерге жол берилбейт деп эскертүү бердик», – деди аткаминер.

Сабаттуулук үчүн күрөш

Үстүбүздөгү жылдын 27-январында Жалал-Абад шаардык прокуратурасы 5-класстын окуучусунун ата-энесине каршы доо арыз менен кайрылган. Алар уулун орто мектепке барууга тыюу салган.

Жергиликтүү казыяттын өкүлү Арфидин Жороев CABAR.asiaнын кабарчысына үй-бүлө башчысы Кыргызстанда тыюу салынган “Йакын Инкар” диний уюмунун жолдоочусу экендигин айтып берген (Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы чечими менен Кыргызстанда тыюу салынган – ред.).

Тыюу салынган “Йакын Инкар” диний уюмунун жолдоочулары (Кыргызстанда соттун чечими менен тыюу салынган). Сүрөт: КР Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы

«Бизге “бала төртүнчү ай мектепке барбай жатат” деген кабар мэриядан келгенде, кырдаалды көзөмөлгө алдык. Үй-бүлө башчысы дааватка кетип калганын, жубайы менен уулу үйдө жалгыз экенин билдик. Баланын энеси уулу мектепке баруу керек экенин билсе да, бирок күйөөсүнүн макулдугу жок аны коң берүүнү чечкен эмес”, – деп кошумчалады маектешибиз.

Ал үй-бүлөнүн атасына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, ал жүрүм-турумун кайрадан карап чыгып, “исламдын туура жолуна түшкөнүн” билдирген.

Мындан башка бир окуяны Ысык-Көл облусундагы орто мектептердин биринин социалдык педагогу айтып берди.

Үй-бүлөнүн эки уулу бар, алардын ата-энелери төрт жыл катары менен мектепке жиберүүдөн баш тартышкан. Үй-бүлө башчысы бул кылыгын балдар араб тилин үйрөнүп жатканын, келечекте араб өлкөлөрүнө кетишет деп түшүндүргөн.

“Бул суроого бардык бийлик органдары кийлигишти, бирок натыйжа чыккан жок. Андан кийин райондук билим берүү бөлүмү ата-энелерди сотко бергенге мажбур болду. Сот 2018-жылдын 5-апрелинде балдардын атасын 2 жылга эркинен ажыратты. Ошондон кийин гана ал кишинин агасы балдарды мектепке алып келген. Улуу баласы 4-класста, кичүүсү 2-класста окуй тургандыгына карабастан, мектеп комиссиясынын чечими менен балдарды 2 жана 1-класстарга отургузган», – деди социалдык педагог.

Бирок балдардын атасы бул мамлекет тарабынан болгон кысым деп CABAR.asiaнын кабарчысы менен болгон маегинде билдирген.

«Мен соттун чечими менен макул эмесмин. Мен балдардын атасымын жана алардын кандай билим алышы керектигин мен чечем. Балдарыма орус тилин өзүм үйрөтөм, алар араб тилин жакшы билет, ал эми араб тили эл аралык тилдерге кирет эмеспи, – дейт ал. – Мен аларды Индияга же Араб өлкөлөрүнө жөнөтөйүн деп жаткам. Эми бийликтин кысымынан улам балдарым мектепке бара баштады. Шарият боюнча кыздар менен балдар ар кайсы класстарда бөлүнүп окушу керек, ал эми бул мектепте баары аралаш окушат. Ошондуктан мен буга каршы болгом. Медресеге берейин дегем, бирок ал жакта 13-14 жаштагы балдарды гана кабыл алышат экен».

Азыр ал балдарын диний билим берүү мекемесинде окутуу үчүн жаш курагынын жетилүүсүн күтүүдө.

Муфтият мектептеги билим берүү үчүн

“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ата-энелердин мындай чечимин колдобойт” деп түшүндүрдү билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов.

Муфтияттын өкүлү бардык балдардын светтик билим алышы үчүн. Сүрөт: CABAR.asia

«Исламда адам Куранды үйрөнүү менен гана чектелүү керек деп айтылбайт. Ар бир адам, анын ичинде мусулман баласы дагы, коомдон өз ордун табууга жардам берген билимге ээ болушу керек. Ал эми диний билимди өзүнүн муктаждыктарына жараша алышы керек”, – деди Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү CABAR.asiaнын кабарчысына.

«Эгер ата-эне мектептин билим берүү ишине канааттанбаса, анда баланы башка ылайыктуу мектепке которуусу керек. Бирок аны “диний ишеним” деп атоо туура эмес. Тескерисинче, бул жеке ишеним”, – деп эсептейт өкүл.

«Ооба, ата-энелер балдарын үйдө окутуп, ошол эле учурда Куранды да окутабыз деп ишендирген фактылар бар. Бирок алар Куран менен гана чектелип, математика, кыргыз тили же адабияты ж.б. сабактарын окушпайт. Балдар аларды коомдогу жашоого даярдай турган билимди албай калышат. Андыктан мектепти алмаштыруу мүмкүн эмес», – дейт Эргешов.

Ал «бөлүм жума намаз, айт намаз жана эл көп чогулган жерлерде түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп турат» деп ишендирди.

Бирок диний билим берүү боюнча эксперт Муратбек Иманкулов профилактикалык иштер начар жүргүзүлүп жаткандыгынан улам ушундай иштер дагы деле катталып жатканын айтат.

“Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы, Билим берүү жана илим министрлиги жана мектептер бул көрүнүштү жое алышпайт, анткени алар мамлекеттик органдар (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги – ыйгарым укуктардын кеңири чөйрөсү болгон мамлекеттик орган – ред.), укук коргоо органдары эмес. Тактап айтканда, укук коргоо органдарынын кызматкерлери гана мындай иш-аракеттерди жүргүзүп, токтотушу керек», – дейт адис.

Адис азыркыга чейин өлкө аймагында эмнеге тыюу салынган Йакын Инкар экстремисттик кыймылынын жолун жолдоочулар бар экендигине таң калат (Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы чечими менен КР тыюу салынган – ​​ред.). Чындыгында, көпчүлүк учурда ушул кыймылдын жактоочулары балдарына светтик билим берүүдөн баш тартышат.

«Бул укук коргоо органдары натыйжалуу иштебегендигинен улам келип чыгууда. Алар так аныкталган адамдар менен гана иштешип, алдын алуу, профилактика, так механизмдери жоктугу менен ишинде аксап атышат», – дейт Иманкулов.

Баланс болушу мүмкүн

Нурбек Карагулов – кыргызстандык, быйыл ажылыкка барып келген. Ал светтик жашоо менен диний түшүнүктөрдү айкалыштырып жашайт жана ар бир адам билим алышы керек деп эсептейт.

Биз жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарына жана шарттарына ылайык жашашыбыз керек
«Менин балдарым мектепке барып билим алышат. «Окуу, окуу жана окуу керек» деген сөз Курандан алынган (бул сөз айкашы В.И.Ленинге таандык, Куранда «Бешиктен өлгөнгө чейин үйрөн» деген сөз бар – ред.). Ал жакта коомдун агымы каякка барса адам дагы ошол тарапта өнүгүшү керек деп айтылат. Ооба, шариатта эркек менен кыз ар башка билим алышы керек деп айтылат, бирок бизде мындай шарт жок, биз араб өлкөлөрүнө кирбейбиз да. Биз жашап жаткан өлкөнүн мыйзамдарына жана шарттарына ылайык жашашыбыз керек», – деди ажы.

Эгер ата-энелер балдарын жеке диний ишенимдерге негиздеп тарбиялоону кааласа, алар муну кошумча тарбия катары берсе болот. Бул баланын акыл-эсине жана ден соолугуна тоскоол болбошу керек, күч менен окутулбашы зарыл деп эсептейт «Балдарды коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова.

«Билим алуу – бул баланын негизги укугу, ал кийин жарандык жана саясий укуктарын колдонуу үчүн керек. Мисалы, өз алдынча арыз жаза алат. Кыргызстан – светтик мамлекет, андыктан билим берүү биринчи орунда турат. Ата-энелер 9-класска чейин балдарга жалпы билим берүүчү мекемеде мамлекет тарабынан бекитилген стандартты окутууга милдеттүү. Эгерде балдарына мектепке барууга уруксат бербесе, анда алар баланын муктаждыктарына кайдыгер караганы», – деди маектешибиз.

Ал ошондой эле милдетин так аткарбаган мындай ата-энелерди мамлекеттик органдар жоопко тартышы керек деп эсептейт. 

Кыргызстанда ар бир бала негизги билим алуусу үчүн бийлик кандай чараларды көрүп жатат деген суроого жооп алуу үчүн CABAR.asia редакциясы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга кайрылды. Директордун орун басары Закир Чотаевдин айтымында, жакында ведомство диний билим берүүнүн тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизген – бул жолу талаптар кеңири түрдө келтирилген, буга чейин мындай болгон эмес. Документ өкмөттүн кароосунда.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: