© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

Ишенбѳѳ укугу, же Кыргызстандагы заманбап атеизмдин абалы

2016-жылдагы изилдѳѳнүн натыйжалары боюнча, кыргызстандыктардын 0,7%ы  кудайга ишенбегендердин катарына кирет. 


Подпишитесь на наш канал в Telegram!


*Материал аудиторияга Борбордук Азия өлкөлөрүндө диний көп түрдүүлүк жөнундө маалымат берүүго арналган CABAR.asia макалалар тизмегинин алкагында жарыяланды. Авторлор кайсы бир диний конфессияны үгүттөөнү максат кылбайт.

29 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу Александр Шаповалов  15 жашка толгондо атеист экендигин аныктаган. Анын мындай чечимге келүүсүнѳ Ричард Фейнман, Стивен Хокинг, Ричард Докинз жана Карл Сагандын илимий эмгектери менен китептери түрткү болгон. Мындан тышкары, Библия менен Торону окуп чыгып, жеке ынанымы жаралган.

Бир дагы динде анык чындык жок, ал эми жазылгандардын бардыгы белгилүү бир мифология менен гана байланышкан. Менин оюмча, «кудайды» адам баласы ѳзү кабылган кыйын учурлар үчүн ойлоп чыгарган.

Александр Шаповалов. Жеке архивден алынган сүрѳт

Динде аалам жѳнүндѳ суроолордун бардыгына жооп бар, бирок илимий кѳз караш менен карай турган болсок,  адам баласынын жаралышынан тартып, бул жооптордун таптакыр илимге байланышы жок. Динчилдер азыркыга чейин кѳптѳгѳн нерселерди түшүндүрѳ алышпайт. Анткени, динден баш тартуу – бул чоӊ күнѳѳ. 

Дал ушул себептен улам мен илимий атеизмди тандап алдым. Анткени, ал ѳз ичине критикалык ой жүгүртүү менен туура скептицизмди камтыйт деп эсептейм. Менин оюмча, ааламды окуп-үйрѳнүү мифтерге эмес, заманбап технологияларга негизделиши керек.

Александр сыяктуу атеисттер бири-бири менен социалдык тармактар аркылуу баарлашып, жеке ой-пикирлери менен бѳлүшүп турушат. Мисалы, Facebook баракчасындагы топто 2,5 миӊден ашык катышуучу бар. Алар үзгүлтүксүз бетме-бет жолугушуп, бири-бирине лекция окушат, илимий кѳз караштар жана башка маалыматтар менен бѳлүшүшѳт. Алардын айтымында, буга чейин коомчулук тарабынан кандайдыр бир айыптоо учурлары кездешкен эмес.

Эркин Джаманбаев. Жеке архивден алынган сүрѳт

«Атеизм адамды тигил же бул нерсе тууралуу акылдуу ой жүгүртүүгѳ түрткѳн  рычаг болуп саналат. Менин оюмча, эгерде адамдар дүйнѳ жүзүндѳ бардык нерсе кудайдын сыйкырчылыгы менен чечилет деп ойлогон болсо, анда балким кѳпчүлүк кишилер туура эмес чечим кабыл алып, же болбосо катачылыктарды  кетирмек», – деп эсептейт Бишкектин жашоочусу  Эркин Жаманбаев.  

Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жѳнүндѳ» Мыйзамы жарандарга динди тандап алуу эркиндигин, ошондой эле динге ишенүүдѳн баш тартуу эркиндигин кепилдейт деп белгилейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысынын орун басары Закир Чотаев. 

Адамды улуттук, диний жана социалдык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ карай кемсинтүүгѳ же жаманатты кылууга эч кимдин акысы жок.

«Динге ишенүүнү же атеизмди тандап алууда эӊ негизгиси – мыйзамдын бузулушуна жол бербѳѳ. Кыргызстанда тийиштүү мыйзамдын жарандарды басмырлоо жѳнүндѳ беренелери бар. Ал эми Конституцияда адамды улуттук, диний жана социалдык ѳзгѳчѳлүктѳрүнѳ карай кемсинтүүгѳ же жаманатты кылууга эч кимдин акысы жок деп жазылган», – дейт Чотаев. 

«Ачык айтышпайт»

2016-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлгѳн  социологиялык изилдѳѳнүн жыйынтыктары боюнча, кыргызстандыктардын 0,7%ы динге ишенбегендердин катарына кирет. Сурамжылоого тартылгандардын басымдуу кѳпчүлүгү – 92,9%ы – ѳздѳрүн мусулман деп эсептесе, 6%га жакыны христиан дининин ар кайсы агымына тиешелүү экендигин билдирген.   

Каныбек Осмоналиев. Photo: RFE/RL

Мурунку билим берүү министри Каныбек Осмоналиев ѳлкѳдѳ советтик атеизм доорунда абал таптакыр башкача болгондугун, Союз тарагандан кийин жана кѳз карандысыз Кыргыз Республикасында дин жѳнүндѳ мыйзам кабыл алынган соӊ, ѳлкѳ калкынын кѳпчүлүгүндѳ динге карата  кызыгуу жарала баштагандыгын белгилейт. Анын айтымында, бүгүнкү күндѳ ѳлкѳдѳ ислам жана христиан диндери кеӊири тарап, атеизм жыл ѳткѳн сайын жоголуп бара жатат. Ал ѳзүн илимий изилдѳѳчү деп атап, атеисттердин катарына кошпойт. 

«Интеллигенция, маданият жана илим чѳйрѳсүнүн кѳптѳгѳн ѳкүлдѳрү азыркы күнгѳ чейин атеизмди жактап келишет. Бирок, биздин ѳлкѳдѳ, ошондой эле кѳпчүлүк коӊшу мамлекеттерде атеизмди популяризациялоо менен ага ачык үндѳѳ жок. Ошондуктан, аны жактоочулардын кѳбү бул тууралуу ачык айтышпайт», – деп эсептейт Осмоналиев.

Бишкек шаарынын тургуну Надежда Игнатенко динчил үй бүлѳдѳ чоӊойгон. Бирок, 11 жашынан тартып чиркѳѳгѳ барбай калган. Бир мезгилде ѳзүн агностик деп эсептеген. Азыр болсо, атеизмге кѳбүрѳѳк  жакын.   

Мен чиркѳѳдѳ, ѳзгѳчѳ балдардын ибадаттарында сыйынуумду талап кылган учурларда, ѳзүмдү абдан эле оӊтойсуз сезчүмүн. Баса, чиркѳѳдѳгү кишилер дагы кѳп жагынан менин кѳз карашыма таасир этишти. Мен алардан кѳнүлүм калды деп айтпайм, жѳн гана алар кѳчѳдѳгү кишилерден эч нерсеси менен айырмаланбайт. Андай болсо эмне айырмасы бар?

Надежда Игнатеко. Жеке архивден алынган сүрѳт

Мен чиркѳѳдѳн 11 жашымда кетип, 15 жашка чейин материалдык эмес дүйнѳ бар экендигине ишенип жүрдүм. Бул тема боюнча кѳп ойлондум, психология боюнча илимий материалдарды окудум, кѳрүп чыктым, бара-бара кѳп нерсени түшүнѳ баштадым жана акырында агностикалык позицияга келип токтодум. 

Азыр мен атеизмге кѳбүрѳѳк жакынмын. Канчалык кѳп окуп-үйрѳнсѳм, ишенимим ошончолук азая баштады. Популярдуу диндердин ыйык китептеринде жазылган кудайларга ишенбейм. Кандайдыр бир жогорку акыл-эс бар болсо да, анын адамзат менен, айрыкча адам баласынын ар бири менен ѳзүнчѳ иши  болбойт.

Мен жеке позициямды элге жайбайм жана эч кимге таӊуулабайм. Ошондуктан, ар кандай кѳйгѳйлѳргѳ да учурабайм. Кээ бир учурда апам менен талашып, тартышабыз. Бирок, динчилдер ѳздѳрүнүн пикирин айтып, мага жашоону үйрѳткѳндѳ абдан эле кыжырданып кетем. Ушул себептен улам, кѳз караштары жана ой-пикирлери жагынан ѳзүмѳ окшош адамдар менен баарлашууну каалайм.


Бул макала IWPRдын «Борбордук Азиядагы туруктуулукка ачык баарлашуу аркылуу» долбоорунун алкагында жарыкка чыкты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report
The following text will be sent to our editors: