Без рубрики

Navruz Karimov 28.04.23

Орусия Украинага кол салгандан кийин Кытай үчүн түндүк соода жолу жабылып калганда Борбор Азия Пекин үчүн көбүрөөк жагымдуу болуп калды. Улам жогорулап бараткан таасир боштугун Кытай толтурат деп эсептейт Center for Security Studies (CSS) аналитика борборунун глобалдык коопсуздук боюнча жетекчиси Брайан Карлсон. (more…)

CABAR.asia 17.04.23

Саясий деколонизация боюнча талкуулар күчөп турган чакта “деколониалдык феминизм” деген терминди көп уга баштадык. Ошол эле маалда Борбор Азияда феминизмдин өзү курч талаш-тартыштын очогу бойдон: бир жагынан аны аялдардын патриархаттан бошотулушу катары карашат, экинчи жагынан улуттук маданиятка жана салттуу баалуулуктарга кийлигишүү деп сындашат.
(more…)

Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдө чөлкөмдүн деколонизацияланышы тууралуу көп сөз айтыла баштады. Жергиликтүү жамааттар советтик тарых жана маданият менен болгон байланышты аңдап-түшүнүүгө аракеттенип, Россиянын таасиринен чыгууга чакырып жатышат. Ошол эле маалда ар бир өлкөдө деколонизациялык процесстерди артка тартуучу чечилбеген маселелер бар. 

(more…)

«Чечим кабыл алуу процесстеринде аялдардын саны улуттук деңгээлде да, жергиликтүү деңгээлде дагы аябай аз көрсөтүлгөн. Министрлер кабинетинин 21 мүчөсүнүн арасында саналуу гана аял бар болсо, 40 райондун башчыларынын жана Президенттин 7 облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн арасында бир дагы аял жок. Жадагалса өлкөнүн 32 шаар мэрлеринин арасында да аялдар жок”, – деп CABAR.asia аналитика мектебинин катышуучусу Жылдыз Абдылдаева CABAR.asia сайтына жазган макаласында баса белгилейт. (more…)

CABAR.asia 28.03.23

Чөлкөмдөгү өлкөлөр канткенде советтик өтмүшүн аңдап-түшүнүп, пропаганданын таасирин азайтып, өз иденттүүлүгүн таба алат? Алматыда үч күн бою эксперттер, изилдөөчүлөр, активисттер жана медиа адистер Борбор Азиянын деколонизацияга карай алгачкы кадамдарын, ушул жааттагы инструменттер менен чечимдерди талкуулашты.

(more…)

Zlata Teter 22.03.23

Эгерде Борбор Азиядагы элдердин маданиятына бир кезде Советтер Союзунун таасири болбосо, чөлкөмдөгү шаарлар кандай болмок деп ойлонуп көрдүңүз беле? Балким, калаалар азыркыдан ыңгайлуу, анан да көркөм болмок беле?
(more…)

Америка-Кытай карама-каршылыгы Борбор Азиядагы геосаясий абалга кандай таасирин тийгизет? Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык коопсуздугунан алганда Кытайдын өсүп бара жаткан ролу боюнна АКШда кооптонуулар барбы? АКШдагылар  Кытайдын “жумшак күч” саясатын кандай баалашат? Ушул жана башка суроолор кытай таануучу, Джонс Хопкинс университетинин профессору Эндрю Мерта менен СABAR.asia.үчүн эксклюзивдүү маектешүүдө талкууланды.   (more…)

Кыргызстанда деколониалдаштыруу академиялык жана илимий чөйрөдөн кеңири коомчулукка чыкты: теманы ар түрдүү онлайн жана офлайн аянтчаларда талкуулап жатышат, инфлюенсерлер тил маселесине жаңы боёк кошууда, а чыгармачыл адамдар болсо чыныгы суверендүүлүктү өз туюму, өз тили менен чагылдыруунун үстүндө. (more…)

CABAR.asia 28.02.23

СССРдин жана падышалык Россиянын Борбор Азиядагы колониалдык саясаты эмнелерден байкалчу жана аймактагы мамлекеттерде деколониалдык талкуунун жанданышына эмне түрткү болду?

(more…)

CABAR.asia 26.01.23

CABAR.asia Нидерландынын Гронинген университетинин ЖМК жана журналистиканы изилдөө борборунун доценти, доктор, эксперт Рашид Габдулхаков менен бирге пропагандачылар колдонгон негизги ыкмалар жөнүндө түшүндүрмө карточкаларын даярдады. Ошондой эле пропагандалык билдирүүлөрдү аныктоо жолдоруна да токтолдук. 
(more…)