© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

“Ата-эне уулдуу болууну каалашкан”. Кыргызстандык кыздарга эмне үчүн ырымчыл аттарды коюшат?

Кыргызстанда уулдуу болуу максатында кыздарга ырымчыл аттарды коюу жоругу барган сайын жоголуп баратат. Бирок, бул уулдуу болууну каалагандай эле кыздуу болууну дагы самап калышты дегенди түшүндүрбөйт деп эсептейт айрым психологдор.


Подпишитесь на нашу страницу в Facebook!


11-октябрь күнү Кыздардын эл аралык күнү белгиленди, ал БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан 2011-жылдын декабрь айында кыздардын укугун таануу максатында кабыл алынган (66/170-резолюция).

Бул күн дүйнө жүзүндөгү кыздар, дегеле аялзаты башынан өткөргөн социалдык көйгөйлөргө жана теңсиздикке коомчулуктун көнүлүн буруу максатында ойлонуп табылган. Аны менен катар эле бул жакка билим алуу мүмкүнчүлүгү, толук кандуу тамактануу, медициналык тейлөө, социалдык укуктар, дискриминациядан, зомбулуктан, жашы жете элек кезде мажбурлап күйөөгө берүүдөн коргоо дагы кирет.

Бул саналган көйгөйлөрдөн башка Кыргызстанда дагы бир маселе бар – айрым ата-энелер, көбүнчө атасы менен анын туугандары кыз баланын төрөлүшүн каалашпайт. Кыз төрөлө турган болсо, аялды күйөөсүнө уул төрөп бере алган жок деп жемелешет.

Ал эми үйбүлөдө катары менен кыздар төрөлүп кала турган болсо, дароо ырым-жырымдарга көңүл буруп башташат. Эң көп тараган ырымдардын бири – кыздын атын Жаңыл, Бурул же Уулжан деген сыяктуу аттарды коюшат, артынан уул ээрчитип келсин деп.

“Жаңыл” – мааниси боюнча кыздан жаңылып уул болсун дегени, “Бурул” – кыздан бурулуп уул келсин дегени, мындай маанидеги “Бурулсун”, “Бурулча” жана башка аттар дагы бар.

Уул төрөлүшүн каалаган ата-энелер кыздарына уул уңгусу кошулган ысымдарды ыйгарышат. Ушундай эле “мырза” уңгусу бар аттар дагы коюла баштаган.

 

Өмүр бою уятка калат

Менин атым Жаңыл. Мага мындай ысымды ыйгаруу кимдин чечими болгонун билбейм. Ата-энем уулдуу болууну абдан каалашыптыр, мен болсо алардын төртүнчү кызымын.

Менден улуу эжелериме сонун аттарды коюшкан. Атам менен апам бул ырым чын эле жардам берип, менден кийин иним төрөлгөнүн айтып калышчу. Бала кезде мен чын эле уул төрөлгөнүнө жардам берген экенмин деп сыймыктанчумун, бирок азыр ага менин тиешем деле болбогонун түшүнүп турам.

Үйбүлөдө менин төрөлүшүмдү каалабаганын билдирген атты алып жүрүү дагы жагымсыз. Мен канча кыздуу болсом дагы ага мындай ат коймок эмесмин.

Психолог Мария Самсонова мындай ат кыздын кийинки тагдырына катуу таасир этиши мүмкүн экендигин айтат. Анын айтымында, мындай кыз үйбүлөдө анын төрөлүшүнө кубанычта болбогонун, ата-энесине керек жыныста төрөлбөгөнүн өзүнө оор жүк кылып алып жүрөт.

“Бул кыз өмүр бою уятка калат. Атың эле сенин бул үйбүлө күтпөгөн бала экениңди, алар сени каалабаганын, алардын үмүтүн актабаганыңды айтып турат”, – дейт ал.

Bilesinbi.kg жаштардын агартуучу долбоорунун журналисти Асель Жолдошбек кызынын айтымында, аларга уулдуу болууну каалаган аялдардан көп суроолор келип түшөт.

“Алар көбүнчө уулдуу болууга жардам берген медициналык адистерди, элдик, диний ыкмаларды издеп, кызыгышат. Көбүнчө күйөөсү же анын ата-энеси уул төрө деп айтып жатканын билдиришет. Айрымдары баланын жынысы күйөөсүнөн көз каранды болорун билип алып абдан таң калышат”, – дейт Жолдошбек кызы.

Журналист аларга келип түшкөн бир окуяны айтып берди:

Боюма жаңы эле бүткөнүнө карабай, кайненем уул төрөшүм керектигин айтып баштады. “Жаман катын кыш тууйт, кыш тууса да кыз тууйт” деген макалды айта берчү.

Кайненем дайыма уулунун тукумун улаган мураскер болушу керектигин айта берди. Жолдошум дагы кыз эмес, уул төрөгөнүмдү каалап жатканын жашырган жок. Мен болсо түйүлдүктүн жынысы билинген учурду үрөйүм учуп күтүп жүрдүм.

Мага уул болобу, кыз болобу, айырмасы жок болчу. Жөн гана эгерде кыз төрөсөм чоң энеси менен атасы жакшы көрбөйт экен да деп коркчу болдум. Кийинчерээк уул төрөдүм. Баары бактылуу болуп калышты, бирок көпкө эмес.

Эми уул жалгыз болбошу керек, ага шерик ини керек дей башташты.

Асель Жолдошбек кызынын айтымында, мындай үйбүлөлөрдө төрөлгөн кыздар апасындай эле кыйынчылыкты тартышат.

“Бизге чоңоюп калган кыздар кайрылышып, ал үйбүлөдө каалабаган бала экенин бала кезден эле билип чоңойгондуктан, өзүн жактырбаган сыяктуу психологиялык көйгөйлөрдү баштан кечиришкенин айтышат. Атасы же туугандары анын жынысына байланыштуу басмырлаган учурлар көп болорун айтышат. Көптөн күткөн уул бала төрөлүп, өтө эрке болуп чоңойгонун, эжелери ал үчүн бардык жумушту жасаш керектигин айтып даттангандар дагы болот”, – дейт ал.

Мария Самсонова. Сүрөт жеке архивинен алынды

Психолог Мария Самсонованын айтымында, бул кыздын психикасына доо кетирип, кийинки жашоосуна дагы таасирин тийгизе турган травматикалык кырдаал.

“Мен жашоого укугум жок, мен төрөлбөшүм керек болчу, мен күнөөлүүмүн, мага эч ким кубанбайт” деген программа калыптанып калат. Эгерде оң таасирин тийгизсе, анда бул программа кызга бийиктиктерди багындырууга, ал дагы уулдан кем эмес экенин ата-энесине далилдөөгө аракет кылат. Ал эми терс таасирин тийгизсе, өзүн өзү талкалоого алып келет”, – дейт Самсонова.

Анын айтымында, кызды каалабаган үйбүлөдө төрөлгөн аял кийинчерээк өзүнүн жынысын жек көрүп, өзүн жерий баштайт.

“Бул өзүн өзү ылдый баалап, өзүнө болгон ишенимди жоготот. Кыз болуу жаман, бирок уул дагы боло албайм деп ойлонот. Мындай учурда аларга психологиялык жардам керек болот”, – дейт психолог.

Жаңы агымдагы ырымчыл аттар

Уул төрөлсө той беришет, кыз төрөлсө бербей деле коюшат

ПРООНдун гендер боюнча өлкөдөгү программасынын координатору Айсулуу Камчыбекова өлкөдөгү кыздардын абалы жылдан жылга начарлап бараткан жалпы социалдык-экономикалык кырдаалга дагы таасирин тийгизерин белгилейт. Ата-энеси башка жакка иштегени кетип, балдарын туугандарына таштап кетип жатат, бул дагы балдардын, анын ичинде кыздардын дагы укугун бузуу болуп эсептелет. Ошондуктан, уул төрөлгөндө кийин карыганда бизди багат деп көбүрөөк кубанышат.

“Бирок мындай кепилдик жок да. Азыркы жашоодо ата-энеси карыган чакта кыздар дагы, айрым учурларда, балдардан дагы мыкты жардам беришет. Мындай стереотиптер, айрыкча, салтты карманган, маданияттын өзгөчөлүгү орун алган айыл жергесинде көп. Мисалы, уул төрөлсө той беришет, кыз төрөлсө бербей деле коюшат”, – дейт Камчыбекова.

Акыркы жылдарда кыргызстандыктар кыздардын жаңы ырымчыл аттарын кое башташты. Асылмырза, Акмырза, Уулбийке, Уулзат, Уулкумар, Уулмырза, Уулданай жана Бурулайым деген аттар пайда.

 

Врач-гинеколог, Бишкек шаарынын №2 үйбүлөлүк медицина борборунун кеңеш берүү бөлүмүнүн жетекчиси Айсалкын Жунушалиеванын айтымында, азыркы учурда уул менен кыздын төрөлүшүнө бирдей карап калышты. Анткени, азыркы учурда дегеле бойго бүтүү кыйын болуп турат.

“Азыр бойго бүтүү кыйын. Анын үстүнө азыркы жаштар, айрыкча, күйөөлөрү баланын жынысына көп деле карабайт. Дени-карды соо бала болсо болду деп калышты”, – дейт Жунушалиева.

Бирок, аймактарда кырдаал башкача болушу мүмкүн дейт гинеколог.

Изилдөөчү жана социолог Рейна Артурова мындай ырымчыл аттар бара-бара жок болуп бара жатканын, мунун баары алардын модадан калганына байланыштуу экенин айтат.

“Азыр аттарды башка социалдык ынанымдарга байланыштуу коюп жатканынан улам болсо керек. Мисалы, азыркы учурда ислам кеңири тарап жатканына байланыштуу аттардын көбү мусулман аттары. Эл аралык аттардын көбөйүп жатканы, бул интернет, масс-медианын болушуна байланыштуу. Бирок, бул нерсе патрирархат жоголуп, кыздарды уул менен бирдей жакшы көрүп калды дегенди түшүндүрбөйт”, – деп белгилейт Артурова.

Анын айтымында, азыр деле кыздарга караганда уулдуу болууну көбүрөөк самашат.

“Үч жыл мурда биз Кыргызстандын бардык аймагында “Уулуңузду окутат белеңиз же кызыңыздыбы?” деген сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Баары бир деле көпчүлүк ата-энелер уулуна билим берерин айткан. Себебин, уул бала ата-эне менен калат, ошондуктан аны окутуу керек, ал эми кыз бала турмушка чыгып кетет, ал бала төрөшү керек деп жооп беришкен. Бул кыздарын жакшы көрбөйт дегенди түшүндүрбөйт, бирок үйбүлөдө артыкчылык уул балага берилет”, – дейт Артурова.

Марлен Маматалиев. Photo: kenesh.kg

Парламенттин депутаты Марлен Маматалиевдин төрт кызы бар, ал эми жакында болсо уулу төрөлдү. Анын айтымында, төртүнчү кызы жарык дүйнөгө келгенде маанайы түшкөн, бирок бул нерсе керемет экенин эми түшүнүп жатканын айтат.

“Менде төрт кызым бар экенине Кудайга чексиз шүгүр кылам. Баары апасына окшоп сулуу. Мүнөзү жана башкалары – менин көчүрмөм. Күн сайын алар менен чогуу үй тапшырмаларын жасаганга аракет кылам. Азыртан баштап аларды чынчыл жана ачык болууга үйрөтүп жатам. Тагыраак айтканда, ортобузда тосмо жаратпайм, бирок ошол эле учурда катаал эле болуп коем. Алар таэквондо жана дзюдо менен машыгат. Чоңдору бешке окушат”, – дейт эл өкүлү.

Көп эле улуттар баланын жынысына карата бирдей мамиле жасашпайт жана бул динге эч кандай тиешеси жок деп айтат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу. Анын айтымында, мусулмандар Аллах аларга кимди берсе да – уулдубу, кыздыбы, ошого шүгүр кылышы керек.

“Аялдын боюна бүтө элек кезде Жараткандан уулду же кызды сураса болот, анын эч кандай күнөөсү жок. Анан дагы Пайгамбардын хадисинде: “Аллахтан корккула жана балдарыңарга тең жана адилеттүү тарбия бергиле” деп айтылат. Ошондуктан мен кыргызстандыктардын баарын балдарына тең кароого чакырам. Эгер Аллах кыз төрөлсүн деп чечкен болсо, демек ошондой болушу керек. Ата-энесинин милдети ага мээрим төгүп, кам көрүп, көңүл буруу жана жакшы тарбия берүү”, – деди Токтогазы уулу.


Бул макала “Giving Voice, Driving Change – from the Borderland to the Steppes Project” долбоордун алкагында даярдалды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.

Spelling error report

The following text will be sent to our editors: