Без рубрики

Президенттик шайлоо 2017: негизги кооптонуулар

12.07.2017

Күздө өтчү президенттик шайлоо буга чейинкилерден айырмаланып өтө кризистик учурда өткөнү жатат дешет байкоочулар. Терроризм, коом ичиндеги ажырым, диний фактор келе жаткан шайлоонун негизги коркунучтары аталууда. 

Автор: Элеонора Сагындык кызы

Күздө өтчү президенттик шайлоо алдындагы негизги  коркунучтар катары  эксперттер бир ооздон терроризм коркунучун белгилешүүдө.

Кыргызстанда 6-июнда террордук акт уюштурууга камданып жаткан адам кармалганы бул коркунуч андан дагы бекемделгендей болду. Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашкандай кармалган  шектүү адам кыргыз жараны болуп чыкты.  Террордук акция өткөрүүнү көздөп жаткан киши  эл аралык террордук уюмдун мүчөсү экени ачыкталды, бирок так кайсы уюмге таандык экени айтылбады.  Бирок шектүү мина жардырууну үйрөнүп, жанкечти катары атайын идеологиялык даярдыктан өтүп келгени белгилүү болду.  Ошондой эле ал адам «сырттан  буйрук күтүп, эл көп чогулган учурда өзүн өзү жардырууга камданып, колго жасалган жардыруучу түзүмдү даярдап жаткан» деп айтылат.

Бул окуядан кийин шайлоодогу коопсуздук темасы башкы маселеге айланышы керек дейт  УКМКнын мурдагы жетекчи орун басары Марат Иманкулов.

«Ушундай террористтик чабуулдар болуу коркунучу бар экенин ушул акыркы маалыматтар тастыктап турбайбы. Негизинен биздин чөлкөмдө кырдаал күчөп баратканын көрүп атабыз.  Жакынкы Чыгышта террорчулар  үйдү көздөй же Ооганстанды көздөй жылып атышат.  Ооганстандын түндүк тарабынан топтоло башташты. Алар ал жакка эмнеге топтолуп аткандыгын ,каякка күчүн жумшаганы атат айтуу үчүн аналитик болуунун деле кереги жок. Алар Борбор Азия өлкөлөрүн көздөй жылышы шектүү болуп турат», -деди Марат Иманкулов.

Пикиринде эксремисттер үчун шайлоо өңдүү иш-чаралар террордук актыларды аткаруу үчун абдан ыңгайлуу жагдайлардан болушу ыктымал. Андыктан шайлоо алдында, учурунда жана андан кийин деле коопсуздук маселесине тыкыр мамиле жасоо керек.

«Ата-Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев шайлоо алдындагы экинчи коркунуч катары коомдогу ажырымды белгилейт. Айтымында бийлик-жарандык коом ортосунда ажырым салынды жана ал күндөн күнгө өсүүдө.

«Коомдо ажырым пайда болду. Анын башында мамлекеттик бийлик өкүлдөрү өздөрү отурат. Биз азыр оппозиция менен бийликке, эркин басма сөз менен Баш прокуратурага бөлүндүк, бул ажырым дагы күчөйт. Кудай сактасын, ага сырткы күчтөр кийлигишип кетсе эмне болот? Агы бир коркнууч диний жана жарандык иденттүулүк. Бул азыр катастрофалык абалга жетет элек. Бирок 10-15-жылдан киийн мусулмандар Кыргызстанда мусулмандар салафиттер, акрамийлер жана салтуту мусулмандар болуп бөлунө баштайт.  Жарандар болсо Украинадагыдай батышчыл жана чыгышчыл болуп бөлүно баштайт. Бул мамлекеттин түпкүлүу уун эң коркунучтуу. Мындан да коркунучтуусу КМШ аймагында мамлекеттүлүк институт эң чабал бул –Кыргызтан. Биз мыйзамдын үстөмдүгу боюнча дүйнөдө өлкөлөрдүн 78 болуп турабыз.  Ошондой шартта кайсы мыйзамдуу шайлоо болот?» — деп суроо салат депутат.

Шайлоонун тынч өтүшүнө бирден бир кепилдик бул-таза шайлоолорду өткөрүү. Бирок учурда өлкөдөгү оппозициялык маанайдагы саясатчылардын көбү шайлоо таза өтөт дегенге ынабай турушат.  Жогорку Кеңеште «Ата Мекен»  фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев шайлоодо бийликчил эле талапкер жеңет деген ойдо :

«Келе жаткан президенттик шайлоо былтыр өткөн референдумдун эле экинчи сериясы болот. Бийлик адамы эле өтөт. Себеби, административдик, финансылык, а мүмкүн криминалдык ресурс дагы ошого иштейт», — деген эле депутат “Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында 12-майда өткөн жарандык форумда.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 11-майдагы журналисттер менен болгон жолугушууда алдыдагы шайлоонун чакырыктары тууралуу токтолгон. Ал буга чейинки шайлоолорго негизги беш чакырык мүнөздүү болуп келгенин айтты.

«Алар: кир технологияларды колдонуу менен добуштарды бурмалоо, бюллетендерди таңгагы менен салуу, каруселдер, шайлоо комиссия мүчөлөрүнүн добуштарды уурдоого катышы жана административдик ресурсту колдонуу. Билесиздер буга чейинки шайлоолордо добуштарды бурмалоонун негизги эки жолу болуп келген: бюллетендерди таңгагы менен таштоо жана башка адам үчүн добуш берүү же башкача айтканда “каруселдер”. Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар аркылуу таануу жана добуштарды автоматтык санакка алуу бул эки маселени чечет. 2015-жылы өткөн президенттик шайлоодо биз бул шайлоо моделин колдонгонбуз. Шайлоонун эртеси күнү добуш берүу жыйынтыгына карата эч кимде шек саноо болгон эмес. Соңку 20 жылда биринчи жолу ушундай пост шайлоолук тынч таң атты эле», — деген эле Нуржан Шайлдабекова.

Ошентсе да айрым жарандык коом өкүлдөрү жана саясатчылар добуштар иштетүлчү БШКнын башкы серверинде көз боемочулуктар болбойбу деп кабатыр. 17-апрелде Бишкекте өткөн «Мамлекет, саясат жана жоопкерчилик» деп аталган талкууда Эсеп палатасынын мурунку төрайымы Элмира Ибраимова добуштарды санакка алуу автоматташтырылгандан кийин, эми шайлоонун жүрүшүнө мурункудай байкоо салуу ыкмасы эскирип калганын белгилеген эле.

“Добуш берүү жыйынтыгы тууралуу маалыматтардын баары БШКнын серверине келип түшөт. Ал жакта эмнелер болушу мүмкүн? Сыртта туруп шайлоо жыйынтыгына тааасир этүүгө болобу? БШКнын серверине баш бага алган кайсы бир операторунун шайлоо жыйынтыгы тууралуу сандарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү барбы? Серверди башка имарат, башка бөлмөдө отуруп алып аралыктан башкаруу мүмкүндүгү барбы? Биздин бул суроолордун баары азыркы системага жаңыча байкоо салуу керек дегенден чыккан суроолор”,- деген эле Элмира Ибраимова.

БШК баары ачык, айкын жана калыс болорун, добуштар эсебин чыгарууда серверге таасир этүүгө мүмкүн эместигин ишендирип келет.

Шайлоо алдында атаандаштар бири-бири каралоо, ал эми шайлоодон кийин жеңбей калган талапкерлер арасына ызасы күчтөр элди толкутуу аракетин кылат деген да чочулоолор бар.

Саясат тануучу Сейтек Качкынбай бийликтеги күчтөр келе жаткан шайлоодо бийлигин сактап калыш үчүн бар аракетин жасайт жана административдик ресурсту колдонуудан артка тартпайт деген пикирде. Ал КСДП партиясы жеңишке жетишүүгө ишенимдүү болгондуктан президенттикке Сооронбай Жээнбековду жылдырыштыбы деп божомолдойт:

«Бийлик эмнеге харизмалуу, көрүнүктүү инсанды президенттикке жылдырган жок. Балким мунун артында бизге айтылбаган кандайдыр бир пландар болушу мүмкү деген ойлор келет. Мүмкүн алар мыйзамдан сырт аракет кылып, өз күчүнө таянып өзүнүн оппоненттерин камап же аларга кара пиар колдонуп шайлоодон чыгарып, дагы башка ыкмаларды колдоно турган болсо анда арийне бул – тобокелчилик. Бул бийликтин өзүнө эле эмес жалпы өлкөнун коопсуздугуна да коркунуч келтирет. Себеби кайрадан тополоң чыгып, үчүнчү төңкөрүш чыгып кетиши да ыктымал»,- деди серепчи.

Эске салсак, 2005-жылы Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоолор өтүп, эл аралык байкоочулар баасында шайлоолор таза өткөн эмес. Добуштар бурмаланды делип, эл арасында нааразычылык өсүп, толкундоолор аягы жоогазын ыңкылабы менен бүткөн эле.

Бул жолу да капыс шайлоо таза өтпөй калса не болуп кетет максатында саясатчылар алдын алуу аракеттерин көрүшүүдө. Алалы 12-майда жарандык коом атынан президенттикке талапкерлерге Жигитче келишим сунушталган. Анда ‘шайлоо таза өтпөсө, добуштарды бурмалоо орун алса, талапкерлер мыйзам чегинде акыйкат үчүн күрөшүү укугуна ээ, бирок алар келишимге кол койгондон кийин өлкөнү бүлүккө салып, абалды чыңалтпоого сөз берет’ делет.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленди. Азырынча ага катышуу ниетин 10 чакты талапкер билдирүүдө.

Последнее

Популярное