Журналистские расследования Кыргызстан

«Политклиника» гезити: Куранды окуткан же намазга жыгылганды үйрөткөн бала-бакчалар

02.10.2016

Бишкекте диний таалим-тарбия берген бала бакчалар көбөйүүдө. Бирок алардын бирөө дагы Билим берүү министрлиги тарабынан диний таалим-тарбия берүүчү мекеме деген лицензия алган эмес. Алар кадимки эле бала бакча катары каттоодон өтүп, лицензия алышкан. Бул мыйзамдуубу? Андай бала бакчаларды ким көзөмөлгө алышы керек? Мына ушул суроолорду биздин кабарчыбыз иликтөөгө алды.

Иликтөөнүн автору: Кымбат Турдубекова, «Политклиника» гезитинин кабарчысы. Бул иликтөө IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен биргеликте басылып чыкты. Иликтөө алгач гезиттин сайтында жарыяланган.

Балдарга диний таалим-тарбия берген бала бакчалар          

Мындай бала бакчалар жарнамаларын ачык эле интернет булактарына жайгаштырып, элдин көңүлүн өзүнө буруп турат. Так ушундай жарнамалардын бирине балабызды киргизгенге бала бакча издемиш болуп чалсак, телефон трубканы аял киши алды:

— “Саламатсызбы? Бул мусулман бала бакчасыбы? Биз балабызды бала бакчага киргизсекпи дедик эле? Балам төрт жашта. Барып, бала бакчаңызды көрүп, шарттары менен таанышып кетсек болобу?
—“Ассалам алейкум, албетте, болот. Биздин бала бакчабыз Чүй облустук ооруканасынын жанында, Саратов көчөсүндө жайгашкан. Бала бакчабыздын аты “Бутуз”. Саат 8ден 6га чейин келе берсеңиз болот.
— “Рахмат” – деп трубканы коюп тим болдум.

Ошол эле күнү саат 5тер чамасында айтылган дарек боюнча “Бутуз” бала бакчасын издеп бардым. Барсам, бала бакчанын эшиктери ачык, ичинде ремонт иштери жүрүп жаткан экен. Балдардын да тамактануу учуру болуп, тарбиячылар жетишпей жаткан кези экен. Бала бакчага кирип баратканыбызда “Ассаламу алейкум!” деген наристенин үнү кулагыма шак дей түштү. Бирок балдардын көптүгүнөн улам кайсы наристе айтканын байкабай калдым. Аңгыча ары жактан тарбиячы  “Сиз кимге келдиңиз?” дегенинен, “Мен баламды киргизейин дедим эле. Жетекчиңер менен сүйлөшкөм. Азыр бала бакчаны көргөнү келгем” десем, ары жактан хиджап кийинген орто жашар аял: “Ооба, жетекчи мага тапшырып кеткен. Жүрүңүз мен сизди бөлмөлөр менен тааныштырайын” деп ичкери алып кирип, ар бир бөлмөсү менен тааныштырып кирди. Балдардын тамактанып жаткан учурда барып калыптырбыз. Тарбиячылардын жетишпей атканына карабастан бул бала бакчанын ичи аябай таза, бардыгы орду-орду менен коюлган экен. Ал бөлмөлөр менен тааныштырып жатты:
— Биздин жетекчибиздин аты — Мухабат. Менин атым — Наргиза.
—Бул мусулман бала бакчасы да ээ? — дедим мен.
— Ооба. Баасы 6 миң сом. Балаңды бала бакчага киргизүү үчүн үстүнө 3 миң сом кошуп бересиң. Эгерде бере алсаң.
— Балдарды кандай негизде окутасыздар?
— Сиздин балаңыз жогорку тайпага кирет. Куран үйрөнүшөт. Англис, кыргыз, араб тилдеринде билим берип, мектепке даярдайбыз. Ар кандай дубаларды үйрөтөбүз, – деп жооп берип, ары жакта жүргөн балдарды чакырып, “тамак ичип бүткөндөн кийин кайсы дубаны айтыш керек” деп кайрылганда, төрт жаштардагы бала такылдап бир дубаны айта салды. Анда тиги эжеке “Бул дубаны эшикке чыкканда айтабыз” — деп тамактан кийин айтылчу дубаны өзү айта салды.
— Мектепке чейинки даярдоо курсун окутасыздарбы?
— Билбейм, аны жетекчиден сураңыз. Негизи биздин бала бакчадан билим алган балдар мектеп босогосун аттоо үчүн тапшырган тесттен өтүп кетишет.
—Дагы кайсы жерде мусулман бала бакчасы бар?
— Жакын арада “Муслима” деген мусулман бала бакчасы бар. Ага да барып көрсөңүздөр болот.
— Бала бакчанын лицензиясы барбы?
— Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алганбыз. Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнбүз. Жүрүңүз көрсөтөйүн, — деп лицензиясын көрсөттү.
Эң кызыгы, бул бала бакчанын Билим берүү министрлиги тарабынан алган лицензиясында ““Бутуз” балдар билим берүү мекемеси” деп гана жазылган экен. Ал жакта диний тарбия берүү тууралуу сөз дагы жок.

Диний тарбия берген “Айкөл” бала бакчасы


Чүй облустук ооруканасынын жанындагы көчөлөрдүн биринде “Айкөл” деген бала бакча жайгашкан. Бул бала бакчанын жетекчиси менен байланышып, мусулман бала бакча экендигин биле алдык. Аталган бала бакчага да барып, бала бакча менен кеңири таанышып келдик. Бала бакча шаардын кычыгында жайгашкандыктан, аны табуу оңойго турган жок. Анын үстүнө бала бакчаны сыртынан караган адамдар “кайсы бир байдын үйү болуш керек” деген ойго келет экен. Себеби бийик курчалган дубалдын ичинде кооз жасалгаланган эки кабат үй орун алыптыр. Качан гана мекеменин дарбазасы ачылып, ичине киргенде бала бакча экендигине ынандым. Бизди кара хиджап жамынган жаш кыз тосуп алды. Аңгыча ары жактан Жылдыз аттуу аял келип бала бакча менен тааныштырып, төмөнкүлөрдү айтып берди. Биз барганыбызда бала бакчанын жетекчиси жок экен.

—Биздин бала бакчага ар улуттун балдары келишет. Арасында хиджап кийген наристелер да бар. Алар бала бакчага келгенде ысыгандыктан хиджаптарын чечип салышат. Аларды хиджап кийгиле деп мажбурлабайбыз.  Окуу орус тилинде жүргүзүлөт. Бизге келген наристелердин бардыгына намаз, куран окуганды, дубаларды үйрөтөбүз.
— Жаңы тили чыгып келе жаткан балдар куранды үйрөнө алабы?
— Алар биздин куран окуп, дубаларды айтканыбызды угуп, тез эле үйрөнүп кетишет. Анын үстүнө биздин бала бакчада дубаны башка тарбиячы, куранды башка тарбиячы үйрөтөт.
— Лицензияңыздар барбы?
— Ооба, Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алып, Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнбүз.
—Бир тайпада канча бала бар?
—Арыз бир тайпада 17-18  бала бар. Менимче, андан деле көп болбойт болуш керек.

Нурзида КАСЫМОВА, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы жетектөөчү адис: “Билим берүү тармагы балдарга диний багытта тарбия бербейбиз”

—Кыргызстан боюнча канча бала бакча бар жана анын канчасы диний бала бакча болуп эсептелет?
— Республика боюнча жалпысынан 1378 бала бакча бүгүнкү күндө иш жүргүзүүдө. Алардын 1165и мамлекеттик жана муниципалдык, 213ү жеке менчик бала бакча. Бала бакчаларда 166331 бала тарбия алышууда. Мамлекеттик муниципалдык бала бакчалар республикалык жана жергиликтүү бюджеттен, Бишкек шаарындагы бала бакчалар Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан каржыланат. Ал эми жеке менчик бала бакчалар мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт, алар жекече каржыланат.  Бизде диний билим берүү жүргүзүүгө лицензия алган бала бакчалар жок. Бул боюнча биздин маалыматыбыз да жок. Балким, алар буга чейин жөнөкөй бала бакча кылып ачып, кийин өздөрү диний багытта иш жүргүзүшү мүмкүн. Бизге мындай фактылар катталса, анда сөзсүз түрдө текшерүү жүргүзөбүз. Эгерде мусулман бала бакчалары деп ачып, дин таануу боюнча таалим-тарбия берип атса, анда мыйзамсыз дин багытында ачып алышкан. Себеби бала бакчалардын менчигинин түрүнө карабастан мамлекеттик стандарттын негизинде иш жүргүзүүгө милдеттүү.
— Бала бакчадагы балдар үчүн кандай программалар каралган?
— Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №598 токтому менен 2015-жылдын август айында мектепке тартылбай калган балдар үчүн 480 сааттык “Наристе” балдарды мектепке даярдоо программасы иштелип чыккан. Бул программанын атайын каралган нормалары бар. Мисалы, жумасына он беш саат мектеп программасы окутулушу керек. Бүгүнкү күндө бул программа менен 414350 бала билим алышты. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча мектепке чейинки курактагы балдардын саны 810137 түзөт. Алардын ичинен 161387 баланы биз мектепке даярдап, бала бакчаларды камсыз кылып атабыз. А калган балдарга мектепке чейин таалим-тарбия берүүгө жетише албагандыктан, жеке менчик мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин лицензия алуу процедураларын жөнөкөйлөткөнбүз. Алар төлөчү салыктар да азайтылган. Себеби алардын жардамы менен биз балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздайбыз.
— Лицензияны мурда кандай документтердин негизинде алышчу эле? Азыр лицензия алууда кандай жеңилдиктер каралган?
— Мурда жеке менчик бала бакчаны ачыш үчүн бир канча уюмдун комиссиясынан өтүп, керектүү документтерди даярдаш керек болчу. А бүгүнкү күндө Билим берүү жана илим министрлигинин юристтери менен биргеликте юридикалык уставын иштеп чыгышат. Биздин юристтер макулдугун бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшөт. Андан кийин санэпидем нормаларга жооп берген талаптарга ылайык 1000 сом өлчөмүндөгү акча төлөйт.
— Министрлик тарабынан лицензия алган айрым бала бакчалар наристелерге диний негизде таалим-тарбия берип атышат. Бала бакчалардагы наристелерге диний негизде таалим-тарбия берүү мыйзам чегиндеби? Бул сиздердин окутуу программанын талаптарына жооп береби?
— Конституцияга ылайык, Кыргызстанда дин мамлекеттен ажыратылган. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамдын 4-беренесинде “Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү” деп жазылган. Демек биз, билим берүү тармагы балдарга диний багытта тарбия бербейбиз. Ооба, мектептерде адеп сабагы киргизилген. Бирок ал дин сабагы эмес. Мектепке чейинки билим берүү уюмдары балдарды мамлекеттик стандарттын негизинде окутат. Анда дин тууралуу сабактар жок.

Бакыт СЕИТОВ, КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы: “Биздин 10чу башкы башкармалык “Диний багытта таалим-тарбия берүүгө уруксат берилбеши керек экенин айтат”

—Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда жана Гагарин көчөсүндө диний бала-бакчалар бар. Буларга уруксатты (лицензияны) Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Лицензиялоо жана аккредитациялоо мамлекеттик инспекциясы 2010-жылы  берген экен. 2014-жылы алар Юстиция башкармалыгынан дагы каттоодон өткөн. Андан сырткары, мамлекеттик Кыргызстан мусулман башкармачылыгы “Диний багытта таалим-тарбия жүргүзсөңөр биз каршы эмеспиз” деп атайын аныктама бериптир. Уставдары да бар экен. Ал бала бакчалар бардык документтерди даярдап алып, анан иш жүргүзүп атышыптыр. Буларды КР Ички иштер министрлигинин алдындагы 10- башкы башкармачылык атайын рейддерди өткөрүү учурунда тактаган. Ал бала бакчага баргандар наристе кезинен эле беш маал намаз окушат экен. Алар келечекте Кыргызстандын кандай жарандары боло алат? Ооба, 2010-жылдан бери диний билим берүүнү жүргүзүп атат. Билим алган балдар окуу жайга тапшыруу курагына жете элек. Балким ошол куракка жеткенде “буларды дагы Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдар пайдаланып кетиши мүмкүнбү?” – деген да суроо коюлушу керек. Эки бала бакчада жүзгө жакын бала тарбияланат. Алардын арасында ата-энеси бар, толук үй-бүлөдөгү балдар жокко эсе.

Бүгүнкү күндө диний багыттагы таалим-тарбия берүү жүрүп атат. Алар кандай таалим-тарбия иштерин жүргүзүп атат, биздин саясатка туура келеби же келбейби деп текшерилиш керек. Биз бул боюнча дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп кошумча маалымат беребиз. Биздин, Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармачылыгы “Диний багытта таалим-тарбия берүүгө уруксат берилбеши керек болчу. Бирок уруксат берилип, атайын окутуулар жүрүп жаткан экен. Биз ошону рейд учурунда таап чыктык. Учурда кошумча иш-чараларды жүргүзүп атабыз” деп айтышты.

Дегеле Кыргызстанда жеке бала бакча же мектеп ачабы, алардын ар биринин уставдары, милдеттери, багыттары, максаттары, программалары аныкталып, такталмайын уруксат берилбейт. Эгерде алар диний багытта иш жүргүзө тургандыгын жашыра турган болсо, анда Билим берүү министрлиги берген лицензиясын кайра артка алышы зарыл. Билим берүү министрлиги берген лицензияларынын негизинде көзөмөлгө алышы керек. Анткени диний багытта таалим-тарбия берип отуруп кийин коркунучтуу кадрлар да даярдалышы мүмкүн.

Назгүл ТУРДУБЕКОВА, Балдардын укуктарын коргоо лигасынын жетекчиси: “Ата-энелер өздөрүнүн каалоосу менен балдарын диний бала бакчаларга берип атат да”

—Диний бала бакчаларга ата-энелер балдарын өздөрүнүн каалоосу менен берип атат да. Бала-бакчаны ачыш үчүн керектүү документтерди топтоп, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия алган болсо, анда мыйзам чегинде эле иш алып барып атышат да. А эгерде ал бала бакчаны текшерип, туура эмес иштерин ачыктаса, анда жетекчиси мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Акырында айтарыбыз, иштеп жаткан диний багытта тарбия берип жаткан бакчалар КР мыйзамдарын  бузуп жатышат деп айтууга болот Анткени Кыргызстандын жогоруда аталган мыйзамдары боюнча бала бакчаларда жалпы окутуу-тарбия берүү программасы боюнча гана иш жүргүзүүсү керек. Ал эми биз өзүбүз күбө болгон эки бала бакчада балдарга диний тарбия берип жатышат. Дагы жалпы программа менен окутабыз деп лицензияны алаарын алып алып, ал эми иш жүзүндө наристелерге  өздөрү каалагандай окутуп-тарбия берип жаткан  көмүскөдөгү дагы канча балдар бакчасы бар экенин ким билет. Мындай бала бакчалар көзөмөлсүз иштеп, мыйзамды бузуп жатканына мамлекеттик органдар көзөмөл жүргүзүшү керек.

 

Добавить комментарий


Последнее

Популярное