Кыргызстандагы качкындар

2017-жылы Кыргызстанда  Миграция кызматы тарабынан качкын макамы 9 адамга гана берилген. Бирок өлкөгө жыл сайын 200-300 адам башпаанек сурап кайрылышат. Негизинен Кыргызстанга Афганистан жана коңшу өлкө жарандарынан көп арыздар түшөт. Сириядагы абал курчуганы ал өлкодөн дагы башпаанек сурап келгендер саны өсүүдө.  Кыргызстанда качкындар укугу сакталабы? Алардын кандай маселелери бар? 

Автор: Элеонора Сагындык кызы

Али Кыргызстанга биринчи жолу тээ 1988-жылы эле келип Канттагы авиациялык окуу жайына студент болуп тапшырганын эскерүү менен өз баянын баштады.  Кийин советтер союзу урап, Афганистанда согуш башталып, бул жерде калып калуууга туура келгенни айтты. Кыргызстанда 4-5 жыл эч документи жок орун таба албай, коншу Тажикстан, Казакстан өлкөлөрүно да барып жашап келген. Бирок киийн туруктуу башпаанек үчүн Кыргызстанды тандоо чечимине келген.

“Мен эмнеге бул жакка тартылам өзүм да түшүнбөйм. Өмүрүмдүн жарымынын көбүн бул жерде өткөрдүм. Мен Тажикстанда да болдум. Бирок бул жерде элдер бир канча меймандос келишет. 25 жылда эч ким деле көнулүмдү ооруткан жок. Албетте ар кандай учурлар болот. Ар бир улуттар жакшы да жаман да адамдар болот эмеспи. Бирок бул жерде жакшы адамдарды көп жолуктурдум”, — деди Али.

Али Кыргызстанда качкын макамына 2005-жыла гана жеткен. Учурда анын үй-бүлөсү дайым колдоо көрсөтүп келген сүйүктүү жубайы жана 4-класста окуган өспүрүм кызы бар. Ал тургай, Бишкектеги ири базарлардын биринде өзүнүн соода түйүнү да бар. Мекенин өтө сагынганын айтканы менен  кызынын бала чагы өзүнүкүндөй өтө турганын каалабагандыгын, жакынкы 10 же 20 жылда Афганистанда абал өзгөрүшүно ишеними жок экендигин, андыктан ал жакка кайтпашын билдирди.

“Бизде бул согуш 1979-жылы башталып бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Жадакалса мен өзүмдүн балалагымды, кантип чоңойгонум да эсимде жок. 4-класска чейин убакыт бир аз эсимде. Анда бейпил турмуш өкүм сүрүп турган эле. Качкындар булар эн бактысыз адамдар. Эч ким оз жеринен кетип, башка жерде жашагысы келбейт. Өз өлкөңдө начар, кедей жашасаң да ал сенин Ата-Журтуң. Өз өлкөң деген өз да. Бөтөн баары бир бөтөн”-дейт Али.

Кыргызстандын Миграция кызматынын 2017-жылдын 1-июнуна крата берген маалыматы боюнча өлкодө качкын макамын алган чет элдик жарандардын саны 179 адам.  Алардын 106-сы афгандыктар, 56сы Сириядан качып келгендерге туура келет. Калгандары коомдук абалы олку-солку болгон башка бир ктара өлкөкөлөрдөн.  Мындан сырткары башпаанек сурап кайрылып, жазган өтүнүч-арыздары кароодо тургандары да бар. Башпаанек боюнча жообун күткөн адамдар саны бүгүнкү күнү – 106.

Кыргызстандагы качкындар. Фото: stanradar.com

Миграция кызматынын качкындар менен иш алып барган бөлүмүн билдирүүсүндө быйыл кыргыз өкмөтү бардыгы болуп 9 адамга эле качкын деп таанып, бул тууралуу күбөлүк тапшырган.  Качкын макамын алуу оңой-олтоң иш эмес. Аны ыйгаруу ужол-жобосу төмөндөгүдөй ирээтте өтөт.

“Бизге качкын макамын издегендер келишип арыз берип, каттоодон өтушөт. Биз алардын арыздарын каттайбыз жана качкын макамын аныктоо иш-чарасын баштайбыз. Мындай иш-чара адегенде маектешүүнү ,андан кийин алар беришкен маалыматтарды текшерүүну камтыйт. Андан сон биз алар келишкен өлкөлөрдөн маалымат топтойбуз.  Бардыгын топтоп, жыйынтыгында аргументтештирилген бүтүмдөмо жазып, анын негизинде чечим кабыл алынат”, -деди Миграция кызматынын качкындар менен иш алып барган бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Базаркүл Керимбаева.

Кыргызстанда качкындар менен иш алып баруу “Качкындар макамы тууралуу” мыйзам жана “Кыргызстанда качкындар менен иш алып баруу жобо” аттуу эки документ менен жүрөт. Ошондой эле Кыргызстан Качкындар тууралуу БУУнун конвенциясына 1996-жылы эле кошулган. Жогорудагы эки документ бул эл аралык конвенцияга толук шайкеш келет.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанга жылына 300гө жакын адам башпаанек сурап кайрылышат. Бирок бардыгыгы суранычы эле оңунан чечиле бербейт.

“Бизде жылына 200дөн 300гө чейин качып келгендер болот жана биз алардын 20дайына эле качкын макамын беребиз. Калгандарынын арызы четке кагылат. Көбүнчо Кыргызстанга Афганистандан келишет. Биздин өлкөнү алар Европага өтуп кетүү үчун тарнзит ктаары колдонушуп, утурумдук иштеп жашап туруу үчун келишет”-дейт Керимбаева.

Кыргызстанда качкындар менен жалгыз эле миграция кызматы эмес, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгы да иш алып барат. Качкын макамын берүү суранычы мнен барып, Кыргызстандын миграция кызматынан он жооп таба албаган жарандар дал ушул эл аралык уюмдун Бишкектеги кеңсесине кайрылышат.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ясуко Оданын айтымында, 2015-жылдан тарта уюм массалап качкын макамын бербей калды. Бирок өзгөчө абалдагы айрым башпаанекке муктаж жарандарга бир-экиден макам ыйгара алат. Ошентсе быйыл  бир да адам бул эл аралык уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн качкын макамын ала элек.

“2015-жылдан тарта биз бул практиканы токтоттук. Эмнеге? Себеби биздин уюм Кыргызстанда 1995-жылы эле ачылган жанан 20 жылдан бери кыргы өкмөтү менен кызматташып келет. Качкындардын укугун коргоо боюнча мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу боюнча көп иш-чаралар өткөрулдү. Алалы, качкын макамын берүүдө арыздардарды кароо боюнча иш-чаралар. Анан биз кыргыз өкмөтү, Миграция кызматы мындан ары ишти өз алдынча алып кеткенге жетиштүү тажрыйба топтоду, ресурсу да бар деген бүтүмгө келдик”, — деди Ясуко Ода.

Учурда Бишкектеги БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын кароосунда  жалпысынан 2 миң 786 жарандыгы жок, качкын жана башпаанек издеген адам бар.  алардын 454ү качкын жана башпаанек издегендер.

Кыргызстанда качкындарга укуктук колдоо көрсөтуп иш алып барган бирден бир бейөкмот уюму бар. Ал “Адилет” укуктук клиникасы. Быйыл ага 174 адам кайрылган.  Ал кайрылуулардын көбүнүн мазмунун укуктук көмөк көрсөтүүгө байланыштуу болду. Алалы, качкындар көбүнесе милиция кызматкерлеринин аларга ыдык көрсөтүүсү тууралуу да арыздар менне кайрылышат. Өлкө аймагында башпаанек издеп, бирок “качкын” деген макам ала элек, утурумдук эч укугу жок жарандарды милиция кызматкерлери документ текшерүүгө токтотуп же алардын үстүнөн кылмыш ишин козгогон фактылар да аз эмес.

Сириядан келген качкындар. Фото: azattyk.org

“Адилет” клиникасынын юристи Арлен Алиясов бүгүнкү күнү Миграция кызматы жана БУУнун Качкындар боюнча башкы башкармалыгынын өкүлчүлүгү жетиштүү жана натыйжалуу  эле иш алып барууда деп эсептейт. Бирок качкындардын өлкөдө укуктары толук сакталууда деп айтууга кыйын дейт ал :

“Кыргызстанда качкындардын жана башпаанек издеп келген жарандардын укугу корголгон деп ишенимдүү айталбайбыз. Себеби мыйзамга ылайык алардын өлкөдө иш алып баруу, эмгектенүү укугу чектелген. Андыктан алар мыйзамсыз иштегенге мажбур болуп, бул себептүү тартип сакчылары тарабынан да ар-кандай кысымдарга кабылышат. Аларга айып пул салышат, айрым учурларда качкын же башпаанек издеп келгендер аларды айып уплга жыгышпасын же протокол тузбөсүн деп пара бергенге да мажбур болушат. Ушундай фактылар менен бизге арыз менне кайрылышкандар бар. Биз аларга юридикалык кеп-кенеш беребиз. Мындан ытшкары милиция арасында да алардын кимисинин иштөө укугу бар, а кимисиники жок түшундурүү иштерин жүргүзөбүз ”,- деди “Адилет” укуктук клиникасынын юристи арлен Алиясов.

Кыргызстанга утурумдук башпаанек издеп жалаң эле учурда өз өлкөлөрүндө согуш же коомдук абалы чыңалган өлкөлөрдөн эмес, арасында жакынкы кошуна өлкөлөрдөн саясий башпаанек издеп качып келген жарандар бар. Айрым укук коргоочулардын баалоосунда Кыргызстанда мындай качкындардын коопсуздугу үчүн кепилдик жок.

“Борбор Азиядагы бардык качкындар, анын чинде Кыргызстандагылар да дайым кандайдыр бир түпөйүл жүрүүгө аргасыз. Аныны баары качкындардын коопсуздугун камсыздоодо жетишерлик шарттардын жокутугу менен байланыштуу. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстандан келишкен качкындар тууралуу сөз кыла турган болсок ал өлколөрдүн атайын кызматтары өздөрүнун өлкөсүнүн жарандарынын аркасынан эле түшпөстөн БУУнун Качкындар боюнча талаптарын четке кагуу менен издөөгө алынган атуулдарды колго түшүрүү боюнча биргелешкен операцияларды жүргүзүшөт” – деди Борбор Азиядагы Адам укугу ассоциациясынын жетекчиси, укук коргоочу Надежда Атаева.

Дүйнөдө жыл сайын миңдеген адамдар ар кандай негиздеги расалык, дин тутуу, жарандык, саясий негизде куугунтукка кабылат. Туулуп өскөн мекенин таштап, башка өлкөлөрдөн башпаанек табууга аргасыз согуштан качып, бозгун болгондордун саны андан көп.

БУУнун билдирүүсүндө бүгүнкү күнү дүйнөдө 21,3 миллион адам качкын жана 10 миллион адамдын жарандыгы жок. 107 миң адам качкын катары үчүнчу өлкөлөргө жайгаштырылган.

Согуш жарандарды качкындыкка түрткөн эң негизги себептердин бири.

“Качкындар да адам, аларда да сый мамиле кылуу керек. Болбоду эле дегенде алардын эмне көйгөйлөру бар, эмне себептен бул жакка келгендигин билүү керек. Согуштун айынан келишкен болсо бул оор нерсе. Кантип согуш болуп жаткан жерде жашоого болсун. Сирияда эмне болуп жатканын көрүп жатасыздар. Бейкүнөө балдар өлүп жатышат. Эгер ал жерде жакшы жашоо болсо кетишмек беле? Ошондуктан качкындарга сый мамиле кылып, бир аз ырайым кылган оң. Ал эми качкындар оздөру барган жеринин маданиятын, мыйзамын сактоосу зарыл”,- деп баяндады биздин каарман Али.

Айтымында качкын макамына эптеп жеткендер үчүн кийинки маселе бул жарандык алуу маселеси.

Кыргызстан көз карандысыздык алгандан бери качкындар эн көп каттаган мезгил 1990-жылдардын ортосуна туура келет. Тажикстандагы жарандык согуш жыйынтыгында Кыргызстанга 60 миңдей тажик жараны кире качып, бирок кийин кошуна өлкодө стабилдүүлүк орногондо ал качкындар мекенине кайтышкан. Кийинчерээк 2005-жылы Өзбекстандагы Анжыян окуяларынан кийин да Кыргызстанга миңдеген адамдар башпаанек издеп келишкен. Кийин алар үчунчү өлколөргө жайгашырылган.

PDF Button