Без рубрики

Кыргызстандагы аялдар маселеси

27.09.2017

Прогрессивдүү мыйзамдарга карабастан Кыргызстанда аялдар бир топ көйгөйлөрдөн жапа чегүүдө.

ЧАҢ БАСКАН АЛТЫН МЕДАЛЬ, САНДЫКТАН ЧЫКПАГАН КЫЗЫЛ ДИПЛОМ

Беш баланын энеси  Жылдыз  (аты өзгөртүлгөн)   айымга убагында үмүт  арткандар көп болгон. “Бул кыздан  киши чыгат” —  деп  айыл аксакалдарынан тартып,  курдаштарына чейин аны чоң кызматтарда  көрүшчү.  Каарманыбыз мектепти алтын медаль менен аяктап, Улуттук  университетти кызыл диплом  менен бүтүрөт. Жылдыз айымды  азыркы күйөөсу ала качып,   жаңы жумуш ордуна, турмуш  жолуна аттанат.

“ Күйөөгө тийип  жатканда жок дегенде айыл турмушуна  аралашып, ушул жерде иштейм деп ойлочумун. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет  — дегендей  тилегим орундалган жок. Күйөөм:  “Иштейм дегениңди угузба!” – деп койду.  Кызганчаак чыкты.  Анын үстүнө кайын энемдин колунда болуп, ал киши  да  активист  аялдарды “көчө  катындары2 деп жактыра  берчу эмес.  Улам бала артынан  бала төрөп  Кудайга шүгүр 5 балам бар. Серванттын устүндөгү алтын медалым, сандыктагы  кызыл дипломум – сыймыгым. Балдарыма   көрсөтүп кээде мактанып  калам.  Эл алдында жүргөн аялдарды көрсөм ичим ачышат кээде. “Булардан эмнем кем эле? Мен деле  ушинтип иштеп кете алмакмын.  Балким бир жерде жетекчи болуп  болуп журмөкмун- деп өзумдү чоң  кызматта элестетип коем. Эми кайдан? Балдарды бутуна тургузуш керек.”  — деп ой бөлүштү  биздин каарман.

УЛАН ҮСӨЙҮН: “ЖУБАЙЫМ КООМДУН ЖҮГҮН МОЮНУНА АЛСА, БАЛА БАГЫП ЖАЛАЯК ЖУУГАНДАН АРДАНБАЙМ.”

Кээ бир эркектер   куру намыска алдырып, аялынан өзүн өйдө көрүп, “ Мен башкарам!” –деген түр көрсөткүсү келет.  Ушундай  пикири   бар “ Көчмөндөр” коомдук бирикмесинин төрагасы Улан Үсөйүн   заман өзгөрүп жаңы доордо жашап жатканыбызга карабай, көпчулүктүн  ой жүгүртүүсү жаныланган жок деп ойлойт. Аялдарды басынткан, укугун тебелеген, жүрум-турумун таңуулаган турдүү  агымдар көбөйдү.  Мырзалар  өз  каалоосунан  дагы «Эл эмне дейт?» деген тушүнүктү  жогору коюп,  аялын, өзүн да ошого тууралап жашап калган заманга жеттик –деп эсептейт.

“ Ушул түшүнуктун  залакасы —  эркектер куру  намыска алдырып, аялдарын өзүнөн ылдый көрүп, башкарып  гана  тургусу  келет. Мисалы, мурда ар кимге  алына жараша  жумуш бөлүнчү:  эркек оор талаа иштери  менен алектенсе, аял үй бүлө түйшүгүн мойнуна алып гармонияда жашап келген. Азыркы заманда эркек менен  аялдын түйшүгү теңелип, бирдей жумуш аткарган жашоого жеттик. Бирок, муну биз туура кабыл ала албай,  аялдарды үйдө камап, иштеп кетсе  эле ээн басып кетчүдөй болуп чоочулаган  мырзалар көп. Баардык нерсе ар бирибиздин ой жүгүртүү денгээлибизге көз каранды.  Азыр бойдокмун. Үйлөнгөндө жубайымдын  дарамети менден күчтүү болуп, саясатта, коомдук жашоодо лидер болсо колдоп коштоп, дайыма тирөөчү болуп бергенге даярмын. Менде жок талант анда болсо, мен ошол таланттын ачылышына салым кылсам бактылуу болоор элем. Керек болсо жубайын коомдун жугун көтөруп  жатса бала багып, жалаяк жууп үйдө олтургандан  эркектер  уялбашыбыз  керек. Бала аялдыкы гана эмес биздиги дагы.  Канчалык жубайыңдын дүйнө таанымы кенен, билими терең болсо балдарды ошончо акылдуу, билимдүү болоору талашсыз. Билимдүү эне билимдүү бала, билимдүү балдар өнүккөн коом болот.”- деп эсептейт Улан Үсөйүн.

 

АЯЛЗАТЫ ТАБИЯТЫНАН БАЛА БАГУУГА, ТАРБИЯЛООГО, НАЗИКТИККЕ ЫҢГАЙЛАШКАН

Журналист Талант Канатбек уулу  аялдардын башкы милдети — үй бүлөнүн очогу болуу  деп эсептейт.   Ою боюнча,  айымдар жаратылышынан  бала төрөп, багып, тарбиялоого, назиктикке  ыңгайлашкан.  Аялдардын  психологиясы коомдогу ар кандай оор социалдык-экономикалык же саясий кризисти көтөрө албайт.  Өлкөнү башкарууда, коомдук-саясий турмушта айымдар көп болсо   эле маселенин баары чечилип кетпейт   деген пикири бар.

“ Жогорку Кеңеште жалаң аялдар отурса деле аялдардын проблемасы чечилип кетпейт да. Башкы маселе -рыноктук системада. (муну кээде жапайы капитализм деп коебуз) Аялдар өзүнө берилген функцияларды аткаруунун ордуна, табиятына, ден соолугуна, мүнөзүнө каршы келген, же туура келбеген жумуштарды жасаганга  мажбур болуп жатышат.  Физиологиялык жактан аял менен эркектин түзүлүшүнүн айырмасы өтө чоң.  Демек коомдогу ар кандай социалдык чыңалууларда, пикет митингдерде аялдардын катышуусу,  алардагы аялдык аруулуктун, назиктиктин жоголуусуна себеп болууда” – дейт журналист Талант Канатбек уулу.

АЛТЫН БАШТУУ  АЯЛДАН БАКА БАШТУУ  ЭРКЕК  АРТЫКПЫ?

Коомдук-саясий турмуш, өлкөнү башкаруу  аялдын колунан келбейт. Аны  эркек гана  жөндөп кете  алат деген тушүнүк Кыргызстанда  өзгөчө айыл жергесинде  калыптанганын  Тоң районунунун  Күн-Чыгыш  айыл аймагындагы  жергиликтүү кеңештин депутаты Саадат Узакбаева  ырастады. Айтымында  айылдагы аялдар – бул чоң күч. Алардыни колунда  салт санаа, адеп-ахлак, элеттин  жашоо мүнөзү кармалып турат.  Мындан тышкары  алар жашаган жеринин социалдык-экономикалык абалын көтөрүп жаткан чоң күч. Демек аялдарды социалдык жактан коргоо боюнча кошумча чаралар  каралышы керек. Тилекке каршы айымдардын экономикага кошкон салымы  байкалбай калып жатат.  Алар жер алууга,  медициналык  тейлөө,  кошумча билим алуу,  насыя алуу,  туруктуу  жумушта иштөө,  жада калса баласын бакчага берүү укугунан ажырап калышууда.  Аялдардын, кары-картан, балдардын маселелери көүнл сыртында калганы жашыруун эмес.

“ Кыргыз  тарыхында  эл башкарган аялдар: Курманжан Датка, Жаныл Мырзаны көп эле мисал кылып журөбуз. Эгемендик алгандан бери  президент, Убактылуу өкмөттү жетектеген  аял киши болду. Учурда  Жогорку Кеңеште гендердик теңчилик   сакталып жаткан болсо, жергиликтүү кеңештерде  абал жаман. Алсак, биздин Күн-Чыгыш айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү кеңеште жалпы  20 депутат  болсо, анын 19  эркек, жалгыз мен аял депутатмын.  Ушундай эле көрунүш  Б. Мамбетов айыл өкмөтүндө байкалат. Жергиликтүү кеңештерде  депутаттардын  30% кем эмес аялдар  болушу керек  деген талапты күчтөп, аткарылышын көзөмөлгө алуу керек.  Бийликте айымдардын  болушу  балдардын, кары картаңдардын,  аялдардын  укугун коргоого шарт түзөт. Социалдык чыңалууну азайтат.”- деп эсептейт Саадат Узакбаева

 

ОН ЖЫЛДАН КИЙИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТЕРДЕ  БИР ДА АЯЛ КАЛБАЙ КАЛЫШЫ МҮМКҮН.

ЖК депутаты  Аида Касымалиева минтип отурсак 2028 –жылы жергиликтүү кеңештерде айым депутаттар таптакыр калбай калат деп кабатыр. Мисалы, 2012-жылы шардык кеңештерде  аялдар 25 % түзсө, 2016-жылы көрсөткүч 21 % га төмөндөгөн. Жергиликтүү кеңештерде  аялдардын курамы  13% болсо, 2016-жылы 10 % га азайган. 2012-жылы 70 айылдык кеңеште бир да аял депутат  жок болсо, 2016 –жылы 86 кеңешке бир да аял депутат өтпөй калган. Бул  көрүнүш 2020-жылы дагы 2 % төмөндөшү мүмкүн.

“  Жергиликтүү  кеңеште  гендердик маселе  курч.  Анда  талапкерлер партиялык тизме менен  барбайт, өзүлөрүн көрсөтүп чыгат  шайлоого.  Аял киши үчүн  бул өтө оор.  Эгер бир уруудан бир аял анан бир эркек чыгып калса, албетте   эркек катышсын,  анын башын аттан  кантип аял киши шайлоого  барат деген  сөз болот.  Каржы  маселеси да айымдардын  депутат болушуна  тоскоолдук жаратат.  Маселени чечүү  үч ун жаңы мыйзам  иштеп жатабыз.  Ага ылайык  жергиликтүү кеңеште квота эмес 30 % резервация киргизуугө болот.  Алсак, шайлоого катышып көп добуш алган  үч аялга  жергиликтүү кеңеште  3 орун берилиши керек  деген талап коюлат.   Азыр ЖК кандай мыйзам кабыл албасын, жер-жерлерде   аны аткаруу  жагы аксап жатпайбы. Жергилкитуу кенештерде  аялдар болбосо   социалдык маселеге  каралган  каражат да  бөлүнөй калат. Көйгөйлөргө  көнүл  бурулбайт.   Мында бир гана  мыйзам  кабыл алуу  жетишсиз.  ЖМК  да гендер маселеси көп көтөрүлүп, калыптанган  стереотипти жою керек. Жакында  Ноокатта   болдум. Ал жактагы 15-16 жаштагы   уландар    болочок жубайларынын  коомдук-саясий турмушка аралашуусун каалашпайт. Уйдө отурат, бала  багып, оокат  кылып  деп ой жүгүртүшөт.”  —  деп билдирди  ЖК депутаты Аида  Касымалиева

“ЭРКЕКЧЕ СҮЛӨШӨЛҮ!”.  ЭРКЕКТЕРГЕ  ЭРКЕК МЕНЕН КЕЛИШҮҮ ОҢОЙБУ? 

Аялдар талкуу клубунун жетекчиси Динара Айткулованын айтымында   гендерлик теңчиликти камсыздоо жаатында  аялдар тарабынан  көп аракет жасалды. Ал белгилегендей  аймактарда аялдардын башкаруу, коомдук турмуш тууралуу түшүнүгү жок деп айтуу туура эмес. Аял киши болгон  жерде  коррупция азайып жатканын  да  белгилейт.

“ Биздин менталитетибизде,  аялдар менен башын оорутуп отурбай, эркектер эркек менен маселе чечип көнүп калган. “ Эркекче сүйлөшөлү” –деген сөз  да жөн жерден чыккан эмес да. Бири-бири менен  сүйлөшүп, макулдашуу оңой. Ар маселени ич ара сүйлөшүп  бүтүрүшөт: пиво ичүү учурунда, конок маалында  дегендей…..Бул абдан чоң маселе. Чечкиндүү түрдө ири иш чара жүргүзүү  керек. Ага аялдардын биригуусу зарыл. Теле, радио долборлор  аркылуу  жарандардын ой жүгуртүүсүн оңдосо болот. 30% аялдардын квотасы баардак бийлик бутактарында аткарылыш  керек деген мыйзам бар. Талап ишке ашпай жатканына  бийлик да күнөлүү. Кайдыгер мамиле жасап жатат.”- деп эсептейт Динара Айткулова

АИДА КАСЫМАЛИЕВА: “ АЯЛДАРДЫ ИШМЕРДИГИ  ЭМЕС, БОЕНГОНУ, КИЙИНГЕНИ, ҮЙ-БҮЛӨЛҮК  АБАЛЫ  КӨПЧҮЛУКТҮ КЫЗЫКТЫРАТ”

Депутат  Аида  Касымалиева  билдиргендей  гендердик  теңдик  маселесине  ЖК да эркектер көңүл кош мамиле жасайт. Бул темадагы жыйындарга катышпай, чыгып кетип калышат. Ал эми грант,  жол салуу, башкаруу, өкмөт курамы дегенде бири да калбай   жыйынга катышат. ЖК эркек депутаттары  айым депутаттарды  парламенттин  көркүнө көрк кошуп, отурумду кооздоп турган элемент катары эле көрушөт. Депутат Аида Касымалиева  ЖК  квота  шайлоо алдында тизме такталганда эле сакталбаса, кийин көңул деле бурулбай калаарын  белгилейт.  Учурда 120  депутаттын  20 сы гана  аялдар.  Айым депутаттардын демилгеси менен  эми 2020-жылдан тартып  ЖК дан кеткен аял депутаттын ордуна аял, эркек депутаттын  ордуна эркек келиши керек   деген норма иштей  баштайт.

Саясаттагы  аялдардын  кийими, боенгону, себинген атыры, басканы  сөз болот. Үй-бүлөлүк статусуна, канча баласы  бар экенине  баа беришет.  Адискөйлүгүнө  карабайт. Бул туура эмес түшүнүк. Аялдар саясатты кооздоо үчүн келбейт. Мындай стереотипке каршы күрөшүү керек. Аял жетекчи болсо аны   социалдык тармакты   караганга бөлүп коюшат.  Айымдар, бир гана бул жагын эмес  юридикалык маселе , ички иштер  жагын,  каржы маселесин да  керек болсо эркектерден кыйын чече алат.  Иш жасаганда эркектер жумушун 50 % аткарып укмуш болуп калса, аялдар 200 % жасап ошол эле учурда үйдө тамагын жасап, балдарын карап, өзүнө кам көрүп жүрушү керек.  Иштеген аялдарга  талап 3-4 эс жогору ”  — дейт Аида Касымалиева

ӨЗҮНӨ ИШЕНБЕГЕН ЭРКЕКТЕР АЯЛДАРДЫ ТЕҢИНЕ АЛБАЙТ 

Гендердик изилдөөлөр борборунун эксперти Жаныл Абдылдабек кызы  маселе үй-бүлө курууда да байкалаарын билдирет. Алсак,   жигиттер өзүнөн билимдүү, кызматы жогору кызды алгандан тартынышат, себеби достор-туугандарбы,  кошуна-колоңдун алдында болобу макамы  аялынан ылдыйыраак болуусун  бир да жигит каалабайт.

“ Ушул сыяктуу  эле саясатта да билимдүү, ишмердүү, акылдуу деңгээли бийик аялдар көбөйсө алардын арасында  кээ бир чоркок жигит-саясатчыларыбыздын пастыгы оркоюп көрүнүп калат. Далили катары  тарыхыбыздан мисал келтирейин. Бакиевдин учурунда М.Садыркулов өлтүрүлгөндө жанында дос-кызматташ болуп жүргөн жигиттер даап сөз айталбай калганда эки айым депутаттар Э.Ибраимова менен Г.Куликова бул өлүмдүн чындыгын тастыктап, далилдеп, алып чыгыш керек деп ачык айта алган. Экинчи мисал , Р.Отунбаева – эң татаал мезгилде өзүнө алган милдетти аткарып, убактысы жеткенде алдын ала мукулдашууну бурмалабай, ызы чуусу жок, өз амбициясын тизгиндеп, кызматын өткөрүп берген азырынча жалгыз президент. Булардын арасында Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыгып, депутаттык мандатынан баш тарткан жалгыз депутат Ч.Джакупова экенин баарыбыз билебиз. Мына ушул айымдардын деңгээлине принципиалдуулугу, ишмердүүлүгү менен тең боло ала турган жигиттерибиз чанда чыгат. Мен бир экспресс-талдоо жүргүзгөн элем – ЖК 4 чакырылышына келген депутаттардын    профессионал жана жалпы кыргыз элинде таанымал болгон  депутаттарды тактадым.  Ошондо  аял депутаттардын 40% ашыгынын аттары аталса, эркек депутаттын ичинен белгилүүсү болгону 10% араң жеткен.” – деп билдирди Жаңыл Абдылдабек кызы

Кыргызстанда эле эмес, бүт дүйнөдө башкарууда эркектердин басымдуулук кылганын байкоого  болот. Мисалы,  шайлоодо аялдарга добуш берүүгө  биринчилерден болуп Жаңы  Зеландияда 1893 — жылы уруксаат  берилген, Ал эми биринчи жолу   1906 — жылы  Финляндиянын парламентине аялдар депутат катары өткөн.  Россияда  1917-жылдан баштап маселеге көңүл бурулду.   Статистикага  ылайык  ЖК 2005- жылдагы чакырылышында  бир да аял депутат  болгон эмес. Кийин буга коомдун,  бийликтин көңүлү бурулуп,  аял депутаттардын  саны көбөйө баштады.

Последнее

Популярное