Без рубрики

Кыргызстанда ММКнын экстремизмге каршы күрѳшүүдѳгү ролу Бишкекте ɵткɵн эл аралык конференцияда талкууланды

12.10.2016

ММК калкты радикализм менен натыйжалуу күрѳшүү тууралуу маалыматтар менен камсыз кылууда жана ар түрдүү диний суроолорго жооп алуусунда абдан манилүү ролду ойнойт бирок окуяны чагылдыруу жоопкерчиликтүү, обьективдүү жана тең салмактуу ыкмалар менен ишке ашырылышы зарыл. Ушул жана башка маселелер Бишкекте ѳткѳн эл аралык коференцияда талууланды.

Ошондой эле, жыйындын катышуучулары тарабынан экстремисттик пропагандага каршы күрѳшүүдѳ мамлекеттик органдар, жарандык коом, эксперттер жана ММК биргелешип иш алып барышып, бири бирине ар тараптуу жардам кѳрсѳтүүлѳрү зарыл экендиги белгиленди.

28_09_17_cabar

Жыйынга Европа, Орусиядан тажрыйбалуу журналисттер, медиа эксперттер чакырылып, алар ѳз тажрыйбалары менен бѳлүшүшүп, ошондой эле эксперттер эстремизм, радикализм же жѳн эле кандайдыр бир диний кырдаалды чагылдырууда ММК ѳз ишмердүүлүгүн кантип жакшыртуусу тууралуу ѳз билимдери, тажрыйбалары менен бѳлүшүшүп, бир катар сунуштарын айтышты.

«Кыргызстандагы экстремизмге каршы күрѳшүүдѳгү ММКнын ролу» деп аталган бир күндүк конференцияга эл аралык медиа-эксперттер катышышты жана бул иш чара ЕККУнун Бишкектеги ѳкүлчүлүгү КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргелешип, Медиа Институту, Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институтунун ѳкүлчүлүктɵрү жана «Интерньюс» уюмунун каржылык колдоосу тарабынан уюштурулду.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү, эксперттер, теологдор, ММКнын жетекчилери, журналисттер, мугалимдер жана студенттер катышышты. Ошондой эле, республиканын түштүк аймагындагы ММКнын ѳкүлдѳрү чакырылышты.

Конференцияда ММКнын радикалдык-экстремисттик маанайдагы  маалыматтарга атаандаш жана коомчулукту ѳз ара түшүнүүчүлүккѳ үндѳгѳн маалыматтарды таратуудагы, ошондой эле, ММКнын экстремисттик күч колдонууларга каршы күрѳшүүдѳгү ролу жана жоопкерчилиги талкууланды.

Ошону менен катар экстремизмге каршы күрѳшүүдѳгү мыйзамдык негиздер, анын медиа тармагы үчүн татаалдыгы жана мүмкүнчүлүгү тууралуу сѳз болду.

Конференциянын соңунда эки мастер класс: Би-Би-Си нин журналистти Ник Торп экстремизм темасын чагылдыруудагы ѳз тажрыйбасы менен бѳлүштү, ал эми Орусиядан келген соттук эксперт Елизабета Колтунова юристтер, теологдор, тилчилер жана башка кыргыз эксперттерине экстремисттик материалдарды психо-лингвистикалык экспертиза кылуунун ѳзгѳчѳлүктѳрү тууралуу айтып берди.

28_09_67

Конференциянын башкы максаты ММКнын, жарандык коомдун, жана мамлекеттик органдардын экстремизмге каршы биргелешип күрѳшүү ыкмаларын талкуулоосуна аянтча түзүү болду. Анткени бул Кыргыз мамлекетинин 2014-2020-жылдар аралыгындагы диний багыттагы саясаты тууралуу концепциясынын башкы багыты болуп саналат.

Аталган концепциянын алкагында 2015-жылдын август айында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Мамлекеттик копсуздук комитети, ИИМ жана башка мамлекеттик органдар биргелешип калкты ѳлкѳдѳгү диний абал жана эктремисттик жана радикалдык агымдардын таасирине каршы күрѳшүү боюнча жетишээрлик маалымат менен камсыз кылуу ыкмалары боюнча медиа-план иштеп чыгышкан.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы аталган медиа-план боюнча ММК тиешелүү мамлекеттик органдар менен кызматташып, алардын биргелешип иш алып баруусуна жол ачылгандыгын жарыялаган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын орун басары Закир Чотаев конференцияда сѳз сүйлѳп жатып, ММКнын калкты экстремисттик жана радикалдык диний агымдардын таасиринен арылтуудагы ролу абдан чоң экендигине токтолуп, мындай милдетти журналисттер ѳтѳ этияттык менен чыныгы адистик, жоопкерчилик менен так аткаруусу зарыл экендигине токтолду.

28_09_19

Ошондой эле, Чотаев журналисттер Кыргызстандын светтик ѳлкѳ экендигин эске алуу менен биздин ѳлкѳдѳ мамлекет, мамлекеттик органдар бардык диний уюмдарга бирдей мамиле жасай тургандыгын, качан гана алар одоно мыйзам бузууларга барышканда же радикализм же экстремизмге тиешелүү делинген кылмыштарды жасашканда гана аларга карата мыйзамдуу чараларды кѳрүшѳ тургандыгын эске салып, андыктан журналисттерди бул тармакка байланыштуу тиешелүү мыйзамдарды дыкаттык менен үйрѳнүүгѳ чакырды.

Андан аркы сѳзүндѳ Чотаев ММК, биздин журналисттер ѳз ишмердүүлүгүн биринчи кезекте мына ушул иштеп жаткан мыйзамдардын негизинде жүргүзүшүп, коомчулукка туура, так маалымат берүү менен, кайсыл бир маалыматты ѳзгѳртүүдѳн же кандайдыр бир туура эмес маалыматты таратуудан жана кандайдыр бир маалыматты атайылап ѳздѳрү каалагандай жазып таратуудан оолак болушу зарыл экендигине токтолуп, мындай аракеттер ѳз мезгилинде коомчулукту бүлүккѳ салып, дин жана улуттук белгилери боюнча кайсыл бир социалдык топторго карата туура эмес мамилелердин жасалышына түрткү болоорун эскертти.

Чотаев жарандарга маалыматты ѳз убагында, так берүү мамлекеттик органдардын кайсыл бир кѳйгѳйлүү маселени чечүүсүндѳ же кайсыл бир маселе боюнча ѳз убагында жооп кылуусунда абдан маанилүү роль ойнооруна токтолду.

«Иш жүзүндѳ Кыргызстанда болуп жаткан бардык окуялар тууралуу маалыматтарды, ал түгүл мамлекеттик органдар деле, массалык маалымат каражаттары аркылуу билишет. ММКнын активдүү, тез аракеттениши бизге диний же радикалдык экстремизм боюнча кайсыл бир маселеге тездик менен кѳңүл буруп аны чечүүгѳ же ѳз убагында жооп катары кандайдыр бир аракеттерди кѳрүүгѳ жардам берет», — деп билдирди Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев.

28_09_13

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова болсо, катышуучулардын кѳңүлүн коомчулукта интернет жана мобилдик технологиялар абдан тездик менен ѳнүгүп жатканда, ѳзгѳчѳ жаштардын арасында радикалдык идеяларды таратуунун улам жаңы ыкмалары пайда болуп жаткандыгына бурду. Ошону менен бирге,  Айнура Темирбекова интернет сайттарды, кызматтарды жабуу зарыл болгон натыйжаларды бербей жаткандыгын кошумчалды.

«Мындай идеологиялар менен полициянын ыкмаларын колдонуп, алардын таралышына тоскоолдук кылуу, жабуу же чек кою сыяктуу ыкмалар башка ѳлкѳлѳрдүн тажрыйбалары кѳрсѳткѳндѳй утурумдук гана натыйжа берүүдѳ. Кѳпчүлүк учурда айрым бийлик ѳкүлдѳрү мындай аракеттерди чектѳѳ же жабуу аркылуу интернет айдыңын кѳзѳмѳлдѳѳгѳ болоорун айтышат, иш жүзүндѳ андай эмес, техникалык жактан алганда кандайдыр бир маалыматты таратууну токтотуп кою дээрлик мүмкүн эмес. Ал үчүн жарандардын баарынын тең мобилдик байланыштарды колдонуусуна тыю салыш керек, мындай аракеттер ѳз мезгилинде мамлекет үчүн да тескери натыйжаларды алып келип, коомчулуктун деградация болушуна түрткү болот. Андыктан, он же жүздѳгѳн экстремисттик сайттарды жабуунун маңызы жок, анткени технология ѳнүккѳн заманында алардын маалыматы бир жерден болбосо экинчи бир интернет булагы аркылуу коомчулукка тарап кетет», — деген министрдин орун басары, экстремисттик идеяларга абдан ойлонулган гана жооптор берилиши зарыл экендигин мына ушундай жол менен гана алар менен натыйжалуу  күрѳшүүгѳ болоорун айтты.

«Жалган маалыматты чындык жана так маалыматты таратуу жолу менен гана жеңүүгѳ болот. Бул учурда ММКнын ролу баа жеткис. Жалган маалыматтарга каршы телевидение, газета, журналдар аркылуу эле эмес, ММКнын түрдүү электрондук түрлѳрү жана социалдык тармактар, блогдор аркылуу күрѳш жүргүзүү зарыл», — деп кошумчалады Айнура Темирбекова.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын докладын ушул шилтемеден таба аласыз.

conference_role_of_the_media-5Ал эми ЕККУнун Бишкектеги Борборунун директорунун милдетин аткаруучу Нана Барамидзе болсо, экстремизм менен адекваттуу, ойлонулган ыкмаларды колдонуу менен күрѳшүүдѳ атуулдардын негизги укуктарын жана эркиндиктерин бузбоого үндѳдү. Анткени, ар кандай мыйзамсыз жолдор менен кимдир бирѳѳлѳрдүн укуктарын, эркиндиктерин чектѳѳ мурдагыдан да кѳбүрѳѳк карама-каршылыктардын күчѳшүнѳ алып келээрин эскертти.

Барамидзе, ошондой эле, бийлик ѳкүлдѳрү коопсуздукту сактоо боюнча ар кандай ыкмаларды иштеп чыгуудан мурда тигил же бул маселе боюнча ѳлкѳдѳгү тиешелүү адистерди, эксперттерди чакырып алып талкуу ѳткѳрүүсү зарыл экендигин кошумчалады.

«Эл аралык тажрыйба кѳрсѳткѳндѳй, мамлекет качан гана ѳзү менен ѳзү болбой, коомчулукту, жарандык коомдун ѳкүлдѳрүн, ММКнын аракеттерин бириктиргенде гана экстремизмдин коркунучу менен натыйжалуу күрѳшүүгѳ жетише ала тургандыгын кѳрүүгѳ болот. Андыктан ММКлар менен тыкыс кызматташып, коомчулукта эркин, ачык айкын баарлашууларды  уюштуруп, калк арасында түшүндүрүү аркеттерин жүргүзүп, коомчулукту ар кандай күч колдонуунун же карама-каршылыктуу аракеттердин терс натыйжалары менен жакындан тааныштырып, жарандарды башкалардын укуктарынын корголушуна сый мамиле кылууга тарбиялоого жетишүү зарыл», — деп белгиледи ЕККУнун Бишкектеги Борборунун директорунун милдетин аткаруучу Нана Барамидзе.

 ЕККУнун Бишкектеги борборунун директору Нана Барамидзенин докладына шилтеме. 

28_09_02«Сѳз эркиндиги демократиялык коомдо жоопкерчиликти түшүндүрѳт эмеспи, андыктан ММКнын билимди, маалыматты таратуудагы чечүүчү ролун эске алуу менен биринчи кезекте ММК ѳздѳрү так, ар тараптуу маалыматтарды тараткандарга колдоо кѳрсѳтүүлѳрү зарыл», — деп кошумчалады Нана Барамизде.

Ал эми Internews Network уюмунун Кыргызстандагы ѳкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова болсо, мындай оор темаларды чагылдыруудагы ММКнын жоопкерчилигине келгенде мамлекеттик органдар маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнѳ кийлигишип, аларга ар кандай тоскоолдуктарды жасабоосу зарыл экендигин белгилеп, ММК ѳздѳрү маалыматтын сапатын жакшыртып, ар кандай темаларды чагылдырууда журналисттерди эл аралык стандарттарды сактоого аракеттенүүгѳ чакырды.

conference_role_of_the_media-65Орусиялык эксперт Дмитрий Голованов болсо, экстремизм түшүнүгүн укуктук жактан талдоого негиз боло турган бир нече ыкмаларды бѳлүп кѳрсѳттү.

Ага мисал катары БУУ, ЕККУ, ПАСЕ жана ШОСтун декларацияларын, конвенцияларын жана резолюцияларын атай кетти. «Мисалы, ойду эркин чагылдыруу жана радикалдык экстремизмге каршы күрѳшүү тууралуу биргелешкен декларацияда экстремизмге каршы аракеттер, биринчи кезекте, ойду эркин чагылдыруу принцибин чектебѳѳсүнѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу зарыл экендиги кѳрсѳтүлгѳн. Бул ѳзгѳчѳ журналисттерге, бардык ММКна, ошол эле мезгилде, сѳз эркиндигин карманган бардык адамдарга маанилүү»- деген оюн билдирди эсперт Дмитрий  Голованов.

Дмитрия Головановдун докладынын ушул шилтемеден окусаңыз болотСовременные тенденции в законодательстве о противодействии экстремизму, в развитии правоприменительной практики. 

Медиа Полиси институтунун директору Бегаим Усенова  учурда экстремизм темасын чагылдырууда коомчулукта эки түрдүү пикир орун алгандыгына, тагыраак айтканда, мамлекеттик органдар ММК экстремизм темасын  чагылдырууда жеткиликтүү жоопкерчилик менен мамиле кылышпайт дешсе, ал эми журналисттер болсо, мамлекеттик органдар зарыл болгон маалыматтарды жашырышаарына даттанышаарын айтты. Мындай абалдан чыгуу үчүн Усенова мамлекеттик органдарды, ММК жана жарандык коомду ѳз ара кызматташуу, кѳйгѳйлүү маселени биргелешип талкуулоо менен гана маселени чечүү зарыл деген оюн ортого салды.

conference_role_of_the_media-13«ММКнын экстремизмге каршы күрѳшүүдѳ ѳз миссиясын жана ролун аткаруудагы ооручулуктарды биз деле белгилейбиз. 2012-2014-жылдары Фергана ру, Клооп.кж сайттары мыйзамды бузуу менен эч кандай соттун чечими жок эле жабылууга дуушар болушту. 2015-жылы Медиа Полиси институту мамлекеттик органдар жана жарандык коомдун ѳкүлдѳрү менен биргелешип, мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Ага ылайык, экстремисттик маанайда деп табылган иштерди соттор тарабынан тездик менен кароосу жана  мыйзам чегинде аларга тиешелүү чара кѳрүү маселеси такталган. Иш жүзүндѳ мындай кызматташуу бир кыйла натыйжалуу жана ар кандай мыйзам бузууларды алдын алууга ѳбѳлгѳ түзѳт», — дейт Медиа Полиси институтунун директору Бегаим Усенова.

Ошондой эле, Бегаим Усенова учурда «экстремизм» деп аталган түшүнүккѳ так аныктама берген «Экстремисттик аракеттерге каршы күрѳшүү тууралуу» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны КР мыйзамдарына кошуу зарылдыгын кошумчалады.

 Бегаим Усенованын докладын ушул шилтемеден таба аласыз: Анализ кыргызстанского законодательства в сфере противодействию экстремизму.

Журналисттерге сунуштар топтому

28_09_57Конференциянын жүрүшүндѳ Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун (IWPR) журналистти Мария Зозуля ѳзүнүн антитеррордук операция учурунда кандай иштѳѳ керектиги тууралуу журналисттерге сунуштар топтомун айтып берди. Мындай сунуштар топтому «Эстремизм жана эл аралык терроризм темасын чагылдыруу» деп аталган тренингдин катышуучулары тарабынан иштелип чыккан. Ал Би-Би-Си корпорациясынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, жергиликтүү кырдаалга ылайыкташтырылган.

Эң башкысы:

-Сиздин жашооңуз ар кандай материалдан баалуу

-Ѳз ишиңизди ким үчүн жасап жатканыңызды жана алар сиздин ишиңизди кандай кабыл алышы мүмкүндүгүн  эстеңиз

Маанилүү:

-күч түзүмдѳрүн ѳз ишиңизге аралаштырбаңыз.

-Курчоого алынбаган аймакта иш алып барыңыз; коомчулукка жакын аймакта (биринчи кезекте ѳз коопсуздугуңуз үчүн).

  • Ишке ашырылып жаткан операцияны жана күч органдары жайгашкан жерди ачык айтпаңыз.
  • Күч органдарынын кызматкерлерине окшошуп, колуңузга курал албаңыз, аскер кийими же башка ушул сыяктуу нерселерден алыс болуңуз.
  • Ѳзүңүздүн жүрүм турумуңузду дайыма кѳзѳмѳлдѳңүз.
  • Курулай эле ызы чууну жаратпай, берген маалыматыңызга абдан жоопкерчилик менен караңыз.

Ошондой эле:

  • Экстремисттерди, террористтерди жана уруксат берилбеген идеяларды эч убакта эфирге чыгарбоо.
  • Адамдарды диний белгилери жана башка белгилери боюнча бѳлбѳɵ.

Оруссиялык эксперт, адис лингвист Елизабета Колтунова журналисттердин ар бир сѳзгѳ болгон жоопкерчилигин эске салып, мындай талаштуу маселелерди чагылдырууда күн мурунтадан даярдалган сѳз айкалыштарын жана сѳздѳрдүн синонимдерин колдонууда абдан этиет болууга чакырды.

Мындай аракеттер биринчи кезекте келечекте ММК жергиликтүү мыйзам талаптарын так аткарууда алар үчүн кѳйгѳйлүү маселе жаралбашы жана коомчулукка туура маалымат берүү үчүн зарыл экендиги айтылды.

conference_role_of_the_media-51

КЫРГЫЗ МАССАЛЫК МААЛЫМАТ КАРАЖАТТАРЫНДАГЫ НАРРАТИВДЕР, АЛЬТЕРНАТИВДИК НАРРАТИВДЕР ЖАНА КОНТР НАРРАТИВДЕР

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Борбордук Азия боюнча аймактык директору Абахон Султоназаров ММКнын экстремизмге каршы күрѳшүү  жана диний кырдаалды чагылдыруусун жакшыртууга арналган долбоорлор узак убакытка иштелип чыгып, бул багытта дайыма мезгил мезгили менен токтобой иш алып баруусу зарыл деген оюн ортого салды.  Ошондой эле, ал бир жолку же кандайдыр бир окуяны чагылдырган материалдар коомчулукка анча деле таасир бербей тургандыгына токтолду.

28_09_01Андан аркы сѳзүндѳ Абахон Султоназаров мындай аракеттерди ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн колдо болгон бардык ыкмаларды колдонуу менен ѳзгѳчѳ жаштарга жана башка социалдык катмарларга таасир этүү үчүн илимий технологиянын бардык жетишкендиктерин; интернет, мобилдик байланыштарды ал эми улуу жаштагы жана айыл тургундарына  таасир берүү үчүн радио, телевидение жана газит журналдарды колдонуу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, конференцияда диний маселелерди, экстремизм, терроризм темаларын пландуу, ырааттуу чагылдыруу зарылдыгы айтылды. Мындан сырткары чагылдыруунун атаандаштык түрдѳ жаңыча ыкмаларын (ѳз ара түшүнүүчүлүк, мыйзамды бузбай сактоо менен ѳз каада салттарын, баалуулуктарын эске алуу сыяктуу жолдорун) жандандыруу жана тескерисинче, экстремисттердин идеологиясын талкалап, коомчулукка тийгизген кесепеттеринин маңызын ачуу сыяктуу аракеттерди күчѳтүү жолдорун ѳнүктүрүү зарылдыгы айтылды.

Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун аймактык директору  Абахон Султоназаровдун конференцияны ачуу аземинде суйлɵгɵн сɵзүнɵ шилтеме.

Британиялык медиа-эксперт, Олбани Ассошиэйт компаниясынын директору Саймон Хэйзелок радикал экстремисттик пропаганда менен күрѳшүүнүн ыкмаларын ар тараптуу жакшыртуу ыкмасы абдан натыйжалуу экендигине кеңири токтолду.

Кыргыз журналисттерине жасаган ѳз презентациясында эксперт карапайым элдердин арасында тараган кайсыл бир окуяны таап, аны туура колдонуу зарылдыгын белгиледи. Журналисттер кызыктуу окуяларды туруктуу чагылдыруучулар болуп саналышат, ѳз мезгилинде алардын мындай аракеттерин кандайдыр бир окуяны коомчулукка жеткирүүдѳгү жаңычылдык катары кароого болот.

Ал үчүн Хейзелок жѳнѳкѳй адамдар менен дайыма кѳп сүйлѳшүү керектигин, алардан ар кандай окуялар тууралуу, алардын жашоо тарыхын угуп, кызыктуу тенденцияларды таап, мындай окуяларды башка адамдарга ошол окуяга катышкан каармандар сыяктуу айтып берүү зарылдыгын белгиледи.

28_09_24

Мындай ыкма ѳз мезгилинде кайсыл бир эксперт же чиновник менен болгон маекке караганда абдан кызыктуу, кабыл алууга жеңил болот. Ошентип, окуяны жаңыча ыкмалар менен чагылдыруу менен татаал маселелерди жеткиликтүү, кызыктуу жана эсте калаарлыктай кылып чагылдууга болот.

  Саймон Хэйзелоктун докладын  ушул шилтемеден окусаңыз болот: Типы альтернативных дискурсов; успешные примеры создания альтернативных дискурсов в иностранных СМИ и НПО

«Эксперт» деп аталган агентство 2016-жылдын январь айынан июнь айына чейин ѳлкѳдѳгү жети алдыңкы делинген: Zanoza.kg, azattyk.org, kloop.kg, akipress.org, 24.kg, kabarlar.org и yntymak.kg сыяктуу маалымат сайттарынын аракеттерине мониторинг жасаган. Иликтѳѳнүн жыйынтыгында аталган сайттарга жарыяланган материалдардын 9, 6 % гана экстремизмге каршы күрѳшүүдѳ жаңыча ыкмаларды колдонуу менен жазылган материалдар экендиги аныкталган.

28_09_43

Аталган мониторингдин авторлорунун бири мындай атаандаш жана жаңыча ыкмалар менен жазылган материалдар кѳбүнчѳ  Заноза маалымат агенттигинде, 24.kg  жана Радио Азаттык сайтарында жазылгандыгын белгиледи.

Ошондой эле, аталган мониторингде Кыргызстандагы ѳзгѳчѳ коомчулукка таанымал Facebook.com жана Odnoklassniki.ru. сайттары иликтѳѳгѳ алынган.

«Аталган сайттарда кайсыл бир кѳйгѳйлүү теманы ачып берүү боюнча талкуу жүргүзѳ турган атайын аянтчалар жок экендиги аныкталды. Социалдык сайттарда айрым бир топтор кѳбүнчѳ экстремизмге байланыштуу эмес, диний темаларды талкууга алышкандыгын байкадык», — дейт мониторингдин авторлорунун бири Айгүл Бакирова.

Изилдɵɵнүн жыйынтыгын ушул шилтемеден табасыз: Опыт Кыргызстана в развитии альтернативных дискурсов в медиа сфере.

Эктремисттик идеялардын таралышына каршы Фэйсбук кантип күрѳшүүдѳ

Facebook Inc. социалдык сетинин Индия жана Түштүк жана Борбордук Азия боюнча коомчулук менен байланыш бѳлүмүнүн директору Анкхи Дас видео байланышка чыгып, атлаган социалдык сеттин командасы, коомчулукка таратууга тыю салынган маалыматтарды таратпоо боюнча кандай иш чаралар кѳрүлүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Дастын айтымында, мындай аракеттерди ишке ашырууда эң мыкты жардамчылар — биринчи кезекте Facebookтун активдүү колдонуучулары болот. Алар мазмунунда экстремисттик маанайдагы маалымат бар маалыматтар тууралуу бизге кабарлашат жана мындай авторлордун аракетине дароо тыю салынат. Мындан сырткары Facebook ѳзү дагы сайтка жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүп, тиешелүү чараларды кѳрѳрүн кошумчалады.

28_09_61

Акхи Дас ошондой эле  Фэйсбук экстремизмди алдын алуу үчүн атайын акча каражатын бѳлүп, экстремисттик жана радикалдык аракеттер менен канткенде натыйжалуу күрѳшүүгѳ болооруна иликтѳѳ жүргүзүп, бул максатта айрым бейɵкмɵт уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылап, кѳйгѳйлүү маселени талкуулоо үчүн бардык шарттарды түзүп берүү менен да алектенет.

Фэйсбук ошону менен бирге эле жаштарды мына ушундай коркунучтуу экстремисттик идеяларга берилип кетпѳѳсүн алдын алуу максатында окулган бир катар окууларды, лекцияларды каржылайт. Мына ушул максатта Фэйсбук дүйнѳдѳгү 50 университет менен кызматташат.

Конференциянын жыйынтыгында анын катышуучулары Кыргызстанда экстремизмге каршы натыйжалуу күрѳшүү үчүн кѳп форматтуу кызматташтык, тагыраак айтканда, ММК, мамлекеттик органдар, жарандык коомдун ѳкүлдѳрү, эксперттер дайыма тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашып туруулары учурдун талабы экендигине  токтолушту.

Последнее

Популярное