© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR мамлекеттик органда иштеген кызматкерлер үчүн окутуунун интерактивдик ыкмалары боюнча тренинг ɵткɵрдү

Бул тренинг-машыгуулардан ɵткɵн министерство жана ведомстволордун кызматкерлери мектеп окуучулары жана  студенттер үчүң укуктук маданият боюнча лекцияларды жана презентацияларды ɵткɵрүшɵт.

IWPRдын «Укуктук маданиятты окутуунун интерактивдик ыкмалары» деген темада  ɵткɵргɵн эки кундүк тренингинин мезгилинде тренерлер традициялык жана традициядан тышкары билим берүү системасы, анын ыкмалары, окутуунун алгоритми, анын ыкмалары жана натыйжалуулугу  жɵнүндɵ айтып беришти. Ал эми тренингдин катышуучулары тренинг, лекция жана презентацияларды кантип ɵткɵрүү керек жана аны кызыктуу кылуу үчүн кандай даярдануу керек , деген суроолорго жооп алышты

Тренингдин катышуучулары  окутуу учурунда алган бардык жаңы маалыматтарын практикалык машыгуу учурунда бышыкташты. Окутуунун аягында катышуучулар эки чакан топко бɵлүнүшүп,  моделдик лекцияларды, презентацияларды өткөрүшүп, мындай иш-чараларды өткөрүүнүн маңызын жана зарыл болгон учурларын эске тутуп калууга мүмкүнчүлүк алышты.

Тренингге бир катар мнистрликтердин жана ведомостволордун, анын ичинде Юстиция министрлиги, МИД, Башкы прокуратура, Жогорку сот, Мамлекеттик бажы жана салык кызматтары, ошондой эле Эмгек министрлиги, Мамлекеттик каттоо кызматы, Транспорт Министрлиги, Акыйкатчы институтунун,  борбордук аппараттарында эмгектенген кызматкерлер катышышты.

 

«Мен лекцияны жана тренингди өткөрүүнүн ыкмалары жөнүндө көп нерсе алдым. Лекция өтүүдө  тема студенттерге жана мектеп окуучуларына түшүнүктүү болсун үчүн маалыматты берүү ыкмаларына көп көңүл буруу чоң мааниге ээ экендини түшүндүм. Тренинг учурунда алынган билимимди бышыктоодо практикалык машыгуу да өтө пайдалуу болду. Ал эми угуучулардын ар бирине өзүчө мамиле жасап,  берилүүчү маалыматты ыңгайлуу жана кабылдоого оңой болгон форматтарга бөлүп берүү зарыл экендигин түшүдүк», – дейт Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурору Эрмек Кулушев.

«Мага тренингдин ыкмалары жакты – ал бир эле мезгилде кабылдоого оңой жана маңыздуу болду. Тренерлер мыкты даярданышкандыгы сезилип турду. Ар бир маалымат, ыкмалар так көрсөтүлүп , бизге түшүнүктүү болду. Ал эми теория интерактивдүү жана практикалык машыгуулар менен айкалыштырылып берилди. Эми ушул ыкмаларды биз өз лекцияларыбызда сөзсүз колдонобуз», –  деди КРнын Жогорку сотунун аппаратында эмгектенген Бегайым Самудинова

Бул эки күндүк тренинг Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы ɵкүлчүлүгү тарабынан КРнын Юстиция Министрлиги менен кызматташуусунун алкагында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу максатында уюштурулду. Бул концепциянын алкагында IWPR Юстиция министрлигинин жана түрдүү ведомостволордун Ош жана Жалал Абад облустардагы акмактык кызматкерлери үчүн укуктук темада бир катар кызыктуу тренингдерди өткөрдү.  

Коммуникация боюнча тренинг калктын укуктук маданиятын көтөрүүдө маанилүү звено болуп саналат. Мамлекеттик органдын кызматкерлери маалыматты канчалык туура жана кызыктуу беришсе, мектеп окуучулары, студенттер, карапайым калк укуктук маалыматты кабыл алышат жана алар ɵткɵргɵн лекциялардын жана презентациялардын  маңызын  туура түшүнүшɵт.  

«Мамлекеттик органдын кызматкерлери ɵткɵргɵн лекциялар жана жолугушуулар  кеңири аудитория үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу болсун үчүн IWPRдын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү министрликтердин жана ведомстволордун укуктук бөлүмдөрүндө эмгектенген кызматкерлердин өз- ара байланышуу тажрыйбасын көтөрүүгө жардам берет», – дейт IWPRдын программалык менеджери Мээрим Шамудинова.   

IWPR дын мурдагы тренингдери жөнөндө кеңири маалымат:

Тренинг аяктагандан кийин түрдүү министрликтердин жана  ведомостволордун борбордук аппаратында иштеген кызматкерлер  укуктук тема боюнча өз ишмердүүлүгүнүн алкагында(социалдык коргоо, финансылык сабаттулук, салыктар ж.б.) мектеп окуучулары жана Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн лекция өткөрүшөт.  

Бул иш-чаралар калктын арасында жалпысынан укуктук маданиятты жогорулатууга багытталган. Окуу жайларында өткөрүлгөн  лекциялар менен катар республика боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү да өзүнө камтыйт.

IWPRдын “Укуктук маданиятты окутуунун интерактивдик ыкмалары» деген темада ɵткɵргɵн тренинги IWPRдын Европа биримдиги тарабынан каржыланган «Демократиялык реформаларды алгалатууда журналисттик иликтɵɵ тажрыйбасынын калыптанышы: укук коргоо уюмдары менен мамлекеттик институттардын жана массалык маалымат каражаттарынын ɵз-ара байланышын жɵнгɵ салуу» долбоорунун алкагында, Юстиция министрлиги менен кызматташтыкта ɵткɵрүлдү. Ал эми жакынкы күндɵрү ушундай тренингдер түрмɵгүн ɵткɵрүүнү пландоодо.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: