© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Kyrgyzstan: Социальные работники забрали у матери пятерых детей

Автор данного материала, Асхат Субанбеков, корреспондент газеты “Супер-Инфо”, является победителем, занявшим 3 место в Национальном конкурсе журналистских расследований в области прав человека в номинации «Печатные СМИ». 

ashasubanbekovПредставляем вниманию читателей текст расследования на кыргызском языке:  

5 баласын социалдык кызматкерлерге алдырган эне: «БАЛДАРЫӉДЫ САТЫП ЖИБЕРДИК ДЕШТИ»

Редакциябызга башынан өткөн тагдырларын айтып ар түркүн окурмандар баш багат. Бул сапар 32 жаштагы Аида Жаманкулова аттуу каарманыбыз 5 баласын издеп жүргөнүн айтып кайрылды. 

«5 БАЛАМ МЕНЕН ТАЛААДА КАЛДЫК»

– Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынан болом. 21 жашымда ошол эле райондогу Кайырма айылына Бакыт аттуу өзүмдөн 9 жаш улуу жигит ала качып кетти. Башында ажырашайын деп жүргөм, бирок боюмда болуп калды. Күйөөм мени алганча деле көп ичип, туугандарына тынчтык берчү эмес экен. Кийин деле токтоткон жок. Кудайдын куттуу күнү мас болуп келип мени, балдарымды сабачу. Экөөбүз 9 жыл жашап, 3 балалуу болдук. Анын ичкилигинин айынан балдарыбыздын бирине да документ жасата алган жокпуз, атүгүл экөөбүздүн нике күбөлүгүбүз да жок. Ортодо 5-6 жолу ажырашып, кайра жараштык. Мал-жаныбыз, үйүбүз жок бирөөлөрдүкүндө жашачубуз. 

rassled ashatЖеген-ичкенге жарасын деп өзүм бир аз пирожки жасап мектепке барып сатып келчүмүн. Мен келгиче күйөөм балдарды сабап, андан кийин мени«сен менин классташтарым менен жатып келдиӊ» деп тепкилеп отуруп азыр белимде грыжа пайда болуп, оӊ далым, сол колум иштебей калды. Аягында чыдабай 4-кызым боюмда бар кезде балдарымды алып Бишкекке качып кеттим. Былтыр күйөөм менен кайра жарашып, Бишкектин Ак-Бата жаӊы конушунда 2 айдай жашадык. Анан 2 айлык боюмда бар кезинде кайра качып башка жакка кетип калдым. Балдарыӊ менен батирге да батпайт экенсиӊ. Мечитте, эшикте да жаткан күндөрүбүз болду. Акырында Ак-Ордо жаӊы конушунда жашап, пирожки, токоч жасап «Дордой» базарында сатып жүрдүм. Аным күнүмдүк тамак-ашыбызга, балдардын памперс, кийимдерине араӊ жетчү. Акыры батирдин акчасын төлөй албай калып, кожоюн оокаттарымды эшиктин алдына чыгарып салганынан айлам куруп, Канттагы мечитке жардам сурап барсам, ал жактан 5 миӊ сом чогултуп беришти. 

«БАЛДАРЫМДЫ АЛЫП КОЮШТУ»

– 30-август күнү Көк-Жар конушунда батир издеп жүрүп түн кирип кетти. Баштыкта нан, пирожкилер бар болчу. Балдарым аларды жей баштаганда үчөөнү ал жерге калтырып, өзүм 2 кичинекейим менен жакын жердеги дүкөнгө суусундук алганы кеткем. 3 баламды милиция кызматкерлери көрүп, токтоп калышыптыр. Мен келгенде бизди алып «Сезим» кризистик борборуна алып келишти. Мурда да күйөөм менен ажырашып жүргөндө 3 балам менен ал жакта жашап кеткем. 

2 күндөн соӊ бир милиция кызматкери менен социалдык кызматта иштеген 3 аял келди. Алар «сен балдарыӊды бага албайсыӊ» дешти. 2 кичинекейим ички бөлмөдө уктап жаткан. Аларды карап келейин деп ичине кирип чыккыча сыртта ойноп жүргөн 3 баламды менин уруксатымсыз алып кетип калышыптыр. «Сезим» борборунда иштеген эжелерге «эмнеге менден бир ооз сурабай балдарымды берип жибердиӊер?» десем, «билбейбиз, өзүӊ сүйлөштүӊ го, билгениӊди кылып ал» деп баштыктарымды, 2 баламды колума карматып эшикке чыгарып коюшту. Колума бир дарек жазылган кагазды берип «балдарыӊды ушул жактан сура» дешкенинен айтылган дарекке барсам 3 аял отуруптур. Алар милиция кызматкерлерин чакырып коюшуптур. Алар келип мени балдарым менен Октябрь РИИБине алып барышты. Куба деген чоӊу бар экен. Ал бир кара куртка кийген жигитти көрсөтүп «ушул сага жардам берет» деди. Аны менен «Сезим» борборуна кайра бардык. Ал жактан «Сенин балдарыӊды эбак эле Казакстанга сатып жибергенбиз. Эми бул балдарыӊды да сатабыз, билгениӊди кылып ал!» деп балдарымды колумдан жулуп алды. Мага кол көтөрмөкчү болгондо коркуп тосмодон ашып түшүп качып кеттим. Анан баягы батирге төлөйм деген 5 миӊ сомума 4 күн мейманканада жаттым. 

Бир туугандарымдан түӊүлгөм. Эжелерим жардам бермек тургай Бишкекке жаӊы келгенде мейманканаларга барып денеӊди сатып иште дешкенинен алардан көӊүлүм калган… (каарманыбыз ыйлап жиберди) 

«АПАСЫ МАС БОЛЧУ»

Мындан кийин биз «Сезим» кризистик борборуна кайрылып, ал жакта эмгектенген Фарида Райымкуловадан окуя тууралуу уктук:

– 30-август күнү түнкү саат 12лер чамасында Октябрь РИИБинин 3 кызматкери Аиданы балдары менен бизге алып келишти. Аида кирер замат сөгүнүп-сагынып баштаганда милиция кызматкерлери кагып коюшту эле унчукпай отуруп калды. Негизи бизге мас абалдагы аялдарды кабыл алууга уруксат жок. Балдардын да, апасынын да документтери жок болсо да наристелерди аяп кабыл алдым. Балдар ачка, үшүгөн, 1 кызы памперсчен эле болчу. 

«5 БАЛАНЫН БИРӨӨСҮНҮН ДА ДОКУМЕНТИ ЖОК»

Ал эми Октябрь райондук социалдык көзөмөлдөө кызматкери Роза Сатиндиева балдарды эмне себептен алышканын жана учурда алар кайда экендигин төмөнкүчө түшүндүрдү:

– Аида Жаманкулованын өзүнүн паспорту, балдарынын биринин да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экен. Ал паспортун бир дүкөнгө 150 сомго күрөөгө коюп койгондугун айтты. Улуу баласы 10 жашка, кызы 7 жашка чыкса да мектепке барышпаптыр. Анын үстүнө иштеген иши, жашаган үйлөрү жок. Биз «балдарыӊды окутууга жардам берели. Сен азырынча кичүү 2 балаӊ менен «Сезим» борборунда тура тур. 2 күндөн кийин балдардын иштери боюнча комиссия түзүлүп, бул ишти карайт. Сен ага чейин паспортуӊду алып кел. Балдарыӊды кайсы төрөтканада төрөсөӊ, ал жактан да аныктама алып кел. Биз күбөлүк жасатып берүүгө жардам беребиз» деген элек. Макул деп кетип, ошол боюнча жок. 2 жума болду, келбей жатат. 5 баланын чоӊураак үчөөсү азыр «Ак жол» коомдук кайрымдуулук фондунда, ал эми калган экөөсү жашы жете электигине байланыштуу балдар үйүндө. Комиссия караган соӊ балдарды апасына кайтарып берүү же бербөөсү чечилет. Албетте, биз деле эне-баланын чогуу болуусун каалайбыз. Бирок Аида бизге келип, тиешелүү документтерди чогултууга жардам бербей өзү жоголуп кетүүдө. 

«ОКУГАНДЫ ҮЙРӨНҮП ЖАТЫШАТ»

Андан соӊ биз улуу 3 баласы жайгаштырылган «Ак жол» коомдук кайрымдуулук фондуна баш бактык. Максатыбыз каарманыбыздын «сатып жиберди» деген балдарынын улуусу менен маектешүү эле. Ал жакта тарбиячы болуп эмгектенген Лариса Носонова бизге балдар кайра-кайра «апам качан келет?» деп сагынып жатышканын, ошондуктан алардан ата-энеси тууралуу сурабай эле коюубузду өтүндү. Мындан тышкары балдардын маанайы жаӊы келгендегиден бир топ ачылып, балдарга кошулуп ойноп калганын жана жазганды үйрөнүп жатышкандарын, улуусу Сыймыктын тилди өздөштүрүүгө жана окууга болгон дилгирлиги жогору экендигин кошумчалады. Көп өтпөй маӊдайымда мотурайган 2 кыз жана алардын агасы турду. Мен алгач алардын улуусу Сыймыкты кепке тарттым:

– Атыӊ ким?

– Сыймык. Биз айылда жашачубуз. Анан апам менен шаарга келгенбиз. 

– Бул жак жактыбы?

– Ооба, аябай жакты. Балдар менен ойнойбуз, окуйбуз, жазабыз. Мен азыр дептерге жазып, сүрөт тартып «5» алып жатам. Эми компьютер үйрөнөм. Күнүгө 5 жолу тамак жейбиз. 

– Чоӊойгондо ким болосуӊ?

– Чоӊойгондо милиция болгум келет. Ууруларды кармайм, анан камайм.

– Кимге окшошсуӊ?

Сыймык ушул жерден башын жерге сала мукактанып сүйлөй албай туруп калды. Анын сөзүн тыкылдаган улуу карындашы улады:

– Бул экөө апама окшош, а мен атама окшошмун. Биз кечээ бир жакка барып ойнодук. Сонун экен (тарбиячысы 1 күн мурун «Космопаркка» барышканын айтты).

– Атаӊ кайда? Аты ким эле? (оозумду бирөө тырмагансып баары бир сурап жибердим)

Ушул жерден азыр эле жадырап турган үчөөнүн теӊ кабактарына кар жаагандай үн катпай мостоюп калышты. Андан ары аларды алдасам да, ооз ачышпады. 

«БАЛДАР МЕНЕН ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛЫП ЖҮРГӨН»

Октябрь РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын жетекчиси Кубат Мукамбеткалиевге байланышып, төмөнкүдөй жооп алдык:

– Ошол күнү түнкү саат 11лер чамасында таксисттер «5 бала апасы жок көчөдө турат» деп милиция кызматкерлерине билдиришкен.Биздин кызматкерлер барышса 5 бала көчөдө туруптур. Апасы кийин келиптир. Аларды «Сезим» борборуна жайгаштырганбыз. Сураштырсак жашаган жерлери жок, апасы балдары менен ар кайсы үйгө барып, мечиттерден тилемчилик кылып жүрөт экен. Анан балдарды социалдык кызматкерлерге тапшырганбыз. 

«КЕЛИНИМ КӨП ИЧЕТ»

Каарманыбыздын күйөөсү Бакыт менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын бир тууган эжеси Дүйшөгүл менен байланышып, мындай жооп алдык:

– Келиним өзү көп иччү. Инимди да өзү менен кошо ичирип жаман көндүрдү. Экөө үйлөнгөндөн бери кеминде 10 жолу ажырашышты. Инимдин тапкан-ташыгандарынын бардыгын сатып арак ичип, анысы аз келгенсип катуу сүйлөп же бир аз кол көтөрүп койсо эле төркүнүнө качып кетип же милиция кызматкерлерине барып даттанат. Анан алар келип Бакытты камап, уруп-сабайт. Келин өзү болсо ошол бойдон дайынын таптырбай кетет да, акчасы түгөнгөндө «жардам бер» деп балдарын бетине кармап келет экен. Иним да балдарын кыйбай тапканынын жарымын берсе, аны алып кайра жоголот. Ал акчага балдарына кийим алып бербейт же курсагын тойгузбайт. Баарына арак ичет. Анан кайра ар кимге барып күйөөсүн жамандайт экен. Бакыт азыр Бишкекте иштеп жатат, жанында телефону жок. Бирок өткөндө мага келип «балдарымдын экөөсү эле меники, калган үчөөнү талаалап жүрүп ар кимден төрөдү. Мага улуу экөөсүн алып бериӊиздерчи» деп ыйлаганынан 3 күн жүрөгүм ооруп жүрдү. 

Гезит басууга даярдалып жатканда Бакыттын бир тууган иниси редакциябызга келип, балдарды убагында окуталы десе жеӊеси бербей койгондугун, аны көптөн бери издеп жүрүшкөнүн айтты. Анан «балдарды биз багып алабыз» деп алар жашап жаткан даректи алып кетти.

Данный материал был опубликован  в газете “Супер-Инфо” №672 18-сентября-24-сентября, 2015 года. 

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: