Журналистские расследования Кыргызстан

IWPR Kyrgyzstan: «Потайные пути» кадровой «империи»

15.12.2015

Автор данного материала, Кубанычбек Жолдошев, корреспондент Азаттык медиа, является победителем, занявшим 1 место в Национальном конкурсе журналистских расследований в области прав человека в номинации «Онлайн СМИ/Радио».

kubanychbek imageПредставляем вниманию читателей текст расследования на кыргызском языке: 

Билим берүү министрлигиндеги гранттык комиссия аркылуу баллы жетпеген абитуриенттерди Медициналык академияга өткөргөн коррупциялык схемалар боюнча документтер “Азаттыктын” колуна тийди.

Бишкектеги ЖОЖдордун биринин астындагы абитуриенттер.

Жалпы республикалык  тестирлөөдөн алган баллы белгиленген чекке жетпеген абитуриенттер контракттык бөлүмгө кабыл алынып, алардын айрымдары кийин бюджеттик орундарга которулган. Бул боюнча тиешелүү буйрукка мурдагы билим берүү министри Канат Садыков кол койгон. Мунун айынан 2012-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок анын аягы белгисиз бойдон калып кеткен. Мына ушуга окшош кылмыш эпизоду менен башкы көзөмөл органы парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгогон болчу.

Бурмаланган буйруктардын “бурулуш” схемалары 

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2011-жылы 26-августтагы буйругу менен республикалык тестирлөөдө белгиленген чектен төмөнкү балл алган 38 абитуриентти Медициналык академиянын ар кайсы адистиктерине окууга кабыл алуу боюнча буйрук чыгарган. Бул буйрукка Билим берүү министрлигинин алдында түзүлгөн гранттык комиссиянын чечими негиз болгон.

Медициналык академиянын мурдагы профессору, медицина илимдеринин доктору Зиябиддин Айдаров мында жогорку окуу жайына кабыл алуу боюнча төмөнкү чекти белгилеген жобонун шарттары одоно бузулганын белгиледи:

Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков:

— Ошол кезде министр Канат Садыков маалымат жыйынында белгиленген баллдан төмөн алган абитуриенттер бюджеттик, контракттык бөлүмдөрдүн сынактарына катышууга эч кандай жылчык жок деп айткан. Бирок мына ушуга окшогон аракеттер болуп турган. Ал ар кандай шылтоону негиз кармап, эң төмөнкү балл алган же тестирлөөгө эч качан катышпагандарды деле гранттык комиссиянын чечими менен окууга кабыл алган схемаларды ойлоп тапкан. Мен бул маселени көтөрүп, “жобонун шарттарын буздуңар, 40-47 балл алгандарды деле окууга алып жатасыңар” деген болчумун. Бул боюнча Башкы прокуратурага арыз жазгам. Ал жактан мага чын эле мына ошондой фактылар тастыкталып, тергөө жүрүп жатканын айтышкан. Мына ошонун негизинде депутаттан мурун министр Садыков менен ректор Зурдиновго иш козголушу керек эле.  

Ошол эле учурда билим берүү министринин 2011-жылдын 26-августундагы экинчи бир буйругу менен жогорудагы 38 абитуриенттин ичинен айрымдары бюджеттик орундарга которулган. Бул №599 буйрук мурда бекитилген “25-августтагы гранттык комиссиянын чечимин ишке ашыруу боюнча” деп аталган. Анын негизинде ошол эле күнкү биринчи буйрукта контракттык негизде “стоматология” жана “дарылоо иши” боюнча адистиктерге кабыл алынгандардын айрымдары эч кандай негизи көрсөтүлбөстөн туруп эле бюджеттик бөлүмдөргө которулган.

Зиябиддин Айдаров бул боюнча мына буларга токтолду:

— Өкмөттүн токтомунун негизинде Кыргызстан боюнча стоматология адистигине бюджеттик орундар каралган эмес. Бирок башында контракттык бөлүмгө кабыл алынгандардын үчөө азыр бюджеттик негизде стоматология  факультетинде окуп жатат. Мындан сырткары 28-августтагы буйруктун негизинде 45 абитуриент контракттык негизде окууга кабыл алынган. Анан эле алар он беш күндөй окугандан кийин ошолордун арасынан жыйырмасы кайра Медициналык академиянын башка адистиктерине бюджеттик бөлүмдөргө которулган. Булар мына ушундай схеманы колдонгон.   
 
Контрактка “өтүп”, бюджетти “багынткандар”

“Азаттыктын” колуна түшкөн документтер боюнча стоматология адистиги контракттык негизде окууга кабыл алынып, кийин бюджеттик орунга Стакиев, Разаматов, Сапаров дегендер которулганы аныкталган. Андан башка Айым Зурдинова деген кыз дарылоо иши адистигине бюджеттик орунга жайгаштырылган. Мына ошол документте буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү министринин мурдагы орун басары Гүлжигит Сооронкуловго жүктөлсүн деп көрсөтүлгөн. Бирок бул тапшырманын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча буйрукка анын ысымы кандайча көрсөтүлүп калганына Гүлжигит Сооронкуловтаң калууда.

Сооронкулов өзү кызматтан кеткенге чейин министр Садыковдун одоно каталарын эскертип келгенин эске салды:
— Мен министрдин орун басары катары аталган комиссиянын мүчөсү болчумун. Бирок мен мектептер менен бала бакчаларды карачумун. Анан мага жогорку окуу жайларынын ишин көзөмөлдөө жагы жүктөлдү дегени түшүнүксүз. Андай буйрукту мен иштеп турганда көргөн эмесмин. Бирок мына ошого окшогон схемалар аябай эле көп болчу. Анан биз ага карама-каршы болуп турчубуз. Мен кызматтан кеткенге чейин министрге кирип, мындай болбойт деп көп эле айтчу элем. Мунун бардыгы анан кийин чыкпадыбы.

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгы 2012-жылы жогорудагы фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 304-305-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Билим берүү министрлигинин кызмат адамдарына карата иш козгогон. Бирок №150-12-23 кылмыш иши катары катталган мына ошол жагдайлар боюнча тергөөнүн аягы эмне менен бүткөнү ушул күнгө чейин белгисиз. Аталган башкармалыктын ишти тергеген тергөөчүсү Сегизбаев ал туурасында маалымат берүүдөн баш тартты.

Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов болсо текшерүүнүн жыйынтыгы эч кандай илинчектерди тапкан эмес дейт:
 Аширали Зурдинов.

— Керектүү документтердин көчүрмөсүн бизден сурап алып кетишкен. Анан эми анын аягы эмне болгонун бизге айтпайт да. Гранттык комиссия кандайдыр бир шарттардын негизинде мына ошондой чечимдерди чыгарса керек. Анда негизинен чет элдеги этникалык кыргыздардын, ар кандай окуялардан же табият кырсыгынан жабыркаган адамдардын балдарын жеңилдетилген шартта окууга кабыл алуу жагы бар болчу. Аны эми министрлик менен өкмөттүн аппаратынан сурасаңар туура болот. Ушундай чоң адамдар тизме берип, аны министр буйругу менен бекитсе эмнеге албай койдуңуз деп көбү таң калган. Мен “эрежеге туура келбейт экен алган жокпуз” деп жооп бергем. Анан эми ошондон улам мага кылмыш иши козголгон жок. 

Окшош фамилиялар…

Анткен менен Билим берүү министрлигинин буйругу менен башында контракттык негизде, анан бюджеттик бөлүмгө кабыл алынгандардын арасында Зурдинова Айым Мэлсовна деген абитуриенттин учурда “дарылоо иши” адистиги боюнча билим алып жатканы аныкталды. Бул жагдайды иликтеген АКОС коомдук уюмунун төрага орун басары Камил Умаров ректордун тууганы болушу мүмкүн делген абитуриенттин кезинде тергөө ишине тиркелген тестинин жыйынтыгын окуп берди:

— Зурдинова Айым жалпы тесттен 102 балл алган. Сынакка катышуу үчүн кабыл алууга белгиленген ченем 110 баллдан кем болбошу керек эле. Бул кызды ректор контракттык негизде окууга кабыл алууга дагы болбойт болчу. Бирок ал кыз фамилиясына караганда ректордун тууганы болсо керек. Ошондуктан аны алгач келишимдик негизде окууга кабыл алып, анан бюджетке которуп койгон. Бул эмне деген мыйзам бузуучулук! Анын ордуна бир карапайым адамдын окууга жөндөмдүү баласы келип окууга тийиш болчу.

Бирок мындай дооматка Медициналык академиянын ректору Ашираалы Зурдинов макул эмес. Ошол кездеги гранттык комиссиянын чечими жана министрдин буйругу менен аз балл алганына карабастан “чү” дегенде эле “дарылоо иши” адистиги боюнча бюджеттик орунга отуруп, учурда 4-курста окуп жаткан Зурдинова Айымдын ага тууганчылыгы тууралуу маалыматты ректор Аширалы Зурдинов мындайча четке какты:

— Мен эмне бизде окуган алты миң студенттин аты-жөнүн жаттап алып карап турушум керекпи? Ал тизмеде Айым Зурдинова эмес, Зуридинова деп турат. Аны мага тууган кылып жабыштырып, буга чейин эле ар жакка жазып бүтүшкөн. Эми анын бардыгын такташ үчүн мен силерге генетикалык лаборатория куруп берейинби? Ал кыз деле башкалар сыяктуу министрликтин гранттык комиссиясынын чечими менен келген. Анын бардыгы текшерилген. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу табылган эмес.

Эске сала кетүүчү жагдай, тизмедеги Зурдинова Айым Мэлсовнанын аты-жөнүндө ректордун фамилиясынан айырмаланган кайсы бир тыбыш түшүрүлгөн эмес. 

Осмоналиевден башка депутаттарга дагы иш козголобу?

Жакында парламент депутаты Каныбек Осмоналиевге мына ушугаокшош кылмыш эпизоду боюнча иш козголгон. Буга депутаттын 2013-жылы Кыргыз-орус, славян университетинин медицина факультетине 24 абитуриентти окууга кабыл алууну өтүнгөн кайрылуу каты негиз болгон. Бирок мына ошондой эле мүнөздөгү кайрылуу каттарын 2012-жылы август айында ар бири ар кайсы күнү депутаттар Жылдызкан Жолдошева, Дамира Ниязалиева, Эркин Алымбеков, Садыр Жапаров жана Заирбек Жоошбеков Билим берүү министрлигине жөнөтүшкөнү аныкталды.

Мына ошол кайрылуулардын негизинде мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2012-жылы 30-августта Медициналык академиянын ректоруна баллы жетпеген башка дагы 25 абитуриентти окууга кабыл алуу боюнча буйругун жөнөткөн. Бирок мына ошолордун арасынан канчоо окууга кабыл алынганы белгисиз. Бул жагдай журналисттик иликтөөнүн кийинки этабында көтөрүлмөкчү.

Ошол эле кезде Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева бул жагдай боюнча буларга токтолду:
 
Жылдыз Жолдошева:
— Бей-бечаралардын балдары кайрылса, биз азыр да кат жазабыз. Бирок депутаттын каты сунуш иретинде гана болуп, аны аткарган тарап кенен текшерип чыгууга милдеттүү. Анан эми биз жазган каттар боюнча кылмыш ишин ача берүү керек десе, анда мен бул системага таң калам. Текшерүүнүн дагы чеги болуш керек. Анан эми депутат Каныбек Осмоналиевдин иши боюнча тигил студенттер мындай бергенбиз деген маселени көтөрүшкөн деп жатпайбы. Ошонун негизинде кылмыш иши ачылды деп тергөө айтпадыбы. Анан эми биз жөнөткөн каттардагы тизмеде көрсөтүлгөн студенттер ошентип арыз жазыптырбы? Бул башка кеп да. Бирок мен кесиптешим Каныбек Осмоналиев андай ишке барганына ишенбейм. Анда бирөөнүн көрсөтмөсү боюнча ушундай болгон деп жатпайбы. Пара алуу фактысын тастыктоо үчүн аны колунан кармап, ошонун негизинде гана айып коюла турганы маалым. Анан жалган көрсөтмө менен эле иш козгой берүү өтө коркунучтуу.

Жогортон түшкөн каттын жоосуну башка

2011-2012 жана 2013-окуу жылдарында Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы гранттык комиссия  жарандарды социалдык колдоонун чаралары боюнча мыйзамга ылайык абитуриенттерди жеңилдетилген шартта кабыл алган. Бирок мына ошол тизмеге чынында эле социалдык жактан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары киргенби же башкаларбы — ал бөлөк маселе. Мурдагы билим берүү министри Канат Садыков менен бул тууралуу сүйлөшүүгө мүмкүн болгон жок.

Билим берүү министринин жогорку окуу жайлары боюнча башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошов гранттык комиссия парламент менен өкмөттөн келген документтерди эске албай туруп чечим чыгарууга мүмкүн болбогон жагдайды мындайча түшүндүрүп берди:

— 2010-жылдагы 7-апрель ыңкылабына катышкандардын, май жана июнь айларындагы кандуу окуялардан жабыркагандардын балдарын кабыл алуу үчүн 40 бюджеттик орун бөлүнгөн. Ал бюджеттик орундар гранттык комиссияда каралып, анан анын чечими менен окууга кабыл алууга жиберилип турган. Эми мына ошол тизменин тууралыгын же тактыгын Билим берүү министрлиги толук текшерип, иргеп турууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Анан калса биз парламент менен өкмөттөн келген кайрылууларга бир жуманын ичинде жооп берүүгө милдеттүүбүз. Антпесек алар бизге жоопту эмнеге кечиктирдиңер деген кине коёт. Мына ошондуктан биздин гранттык комиссия чечим чыгарып, анан тизмени окуу жайларына жөнөткөн. Тизменин тууралыгы жана окууга кабыл алуунун мыйзамдуулугу мына ошол жактан текшерилиши керек болчу. Окуу жайлары эгерде тизме туура эмес болсо, аны артка кайтарууга акысы бар.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жакында парламентте Билим берүү министрлигинин алдындагы гранттык комиссиянын  мына ошол кездеги чечимдерин текшерүү демилгесин көтөргөн болчу. Анда мына ошол чечимдердин негизинде окууга кабыл алынгандардын мыйзамдуулугу боюнча депутаттык иликтөө жүрөрү айтылган эле.

Иликтөөнүн II бөлүмү

Кол тийбестиктин «анатомиясы»

Кыргызстанда ири байланышы жана саясий калканчы бар адамдар жоопкерчиликтен сырткары калган өнөкөт күч.

Коомчулук өкүлдөрү буга билим берүү тармагындагы көмүскө иштери ачыкка чыкканына карабастан мыйзам алдында жооп бербеген мурдагы министр Канат Садыков менен Медакадемиянын ректору Аширалы Зурдиновду мисал келтиришүүдө. Упайы жетпеген абитуриенттерди Медакадемияга мыйзамсыз окууга кабыл алган айныксыз фактылар чыкканына карабастан кызмат ордунан жылбаган ректор Зурдиновдун жогору жактагы саясий калканчы жана бийликтеги байланыштары кандай?

Өкмөт башчысы неге унчукпайт?

Өткөн жылдын декабрь айынан бери Медакадемияга окууга мыйзамсыз кабыл алууга байланыштуу кыскарып кеткен кылмыш ишинин негизинде “Азаттык” бир нече курдай журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. Бирок өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев маалымат каражаттарына чыккан материалдарга жооп берүүнү бийлик органдарына милдеттендирген өзүнүн токтомун ушуга чейин аткара элек. Бирок жакында президент Атамбаев»апрелчилердин» бул ишти кайра жандандыруу боюнча кайрылуусуна карата ишти териштирүүнү өкмөт менен Башкы прокуратурага тапшырды. Бирок адатта илгиртпей илип алып, ишти ачып, тергей баштаган тиешелүү органдар азырынча козголо элек. “Апрел Баатырлары” коомунун өкүлү Таалайбек Айдаров өкмөт башчысынын бул маселеге анчейин көңүл бөлбөй жатышынын себебин мындайча түшүндүрдү:

— Үй-бүлөлүк катнашы тууралуу маалыматтар чыккан. Бирок эми өкмөт башчысы болгондон кийин мына ошондой мамиледен жогору турса болмок. Бул маселе боюнча Жоомарт Оторбаев чара көрбөсө, анда биздин ага карата ишенимибиз кандай болот? Ага ишенип тапшырылган ыйгарым укукту ал кайсы жагына колдонуп жатат? Биз эки-үч жолу кайрылуу катын жөнөтөбүз. Ага дагы көңүл бурбай турган болсо, анда аны менен жолугууга аракет кылабыз. Эмне себептен аларга караштуу кызмат адамдарынын мына ушундай былык иштери чыкса эле укпай дүлөй болуп калышат? 

Байланыштардын байкалбаган таасири

Медициналык академияга упайы жетпеген улан-кыздарды окууга киргизген фактылар боюнча 2012-жылы Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок ал бат эле жабылып калган. Документалдык далилдер турганына карабастан иштин жабылып калышынын себеби эми гана белгилүү боло баштагандай. Анткени мурдагы билим берүү министри Канат Садыков менен Медакадемиянын ректору Зурдинов экөө чыгарган мыйзамсыз буйруктардын түбү тереңде экен. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев учурда бул ишке көз жуумп койгонун анын ректор Зурдинов менен үй-бүлөлүк катышына байланыштыргандар бар. Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева Медакадемияда Фармакология кафедрасынын профессору. Иниси Чагатай Оторбаев Патологиялык физиология кафедрасынын доценти. Анан дагы ректор Зурдиновдун бетине кармаган таянычы, Медакадемияда иштеген президенттин жубайы Раиса Атамбаева. Талдоочулар мына ушундай үлкөн адамдардын түз жана кыйыр таасири бар деген жоромолду четке кагышпайт. Укук коргоочу Рита Карасартова мына ушундай саясий калканчтардын айынан  иш ордунан козголбой жатканын айтты:

— Прокуратура үчүн Оторбаевдин апасы Нанаева деген ким? Ал биздей эле жаран. Анан анын ректор Зурдиновдун ишине таасир этиши туура эмес. Мыйзамдын үстөмдүгүн ишке ашырууда апасы, аялы же дагы бир тууганы деген түшүнүк болбошу керек эле. Прокуратура эмнеге түзүлгөн. Медакадемияда мыйзамсыздык болгонбу же болбогонбу, тактап туруп, укуктук баа берүүгө тийиш болчу. Анан эми биздин укук коргоо органдары керек учурда шыпылдап иштеп калышат. КРСУда болгон мына ушундай эле чыр-чатак боюнча тергөөчүлөр укмуш иштешти. Эмне үчүн Медакадемияга келгенде алар унчукпай калат. Бул деген кош стандарттуулук. 

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин  медакадемияда доцент болуп иштеген бир тууган иниси Чагатай Оторбаевдин ректор Зурдинов менен кандай байланышы бар экени белгисиз. Бирок Чагатай Оторбаев ректордун айланасындагы  чуулгандуу иштер, күмөндүү байланыштар жана аны калкалаган бийликтеги күчтөр туурасында маалыматтарга комментарий берүүнү туура көргөн жок:

— Мен азыр лекцияга кирип бара жатам. Кечиресиздер, убактым жок. Бул суроого эртең жооп берейин…

Өкүл баланын “өзгөчөлүгү”

Медакадемиянын ректору Аширали Зурдиновдун укук коргоо органдарындагы жана бийликтеги тымызын байланыштары ушуну менен эле токтоп калбайт. Өкмөттүн билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн жетектеген Абдыманап Муратов ректор Зурдиновдун өкүл баласы. Бирок Абдыманап Муратов ушул күнгө чейин ректор өкүл атасын коргоп, аны калкалагандан алыс экенин айтты. Ошол эле кездеМуратов өзү тейлеген Билим берүү министрлигиндеги мамлекеттик гранттык коммиссиянын кыңыр иштеринен кабары жоктугун белгиледи: 

 Аширали Зурдинов:
— Мен өзүм ал кишини тандап, өкүл ата койгом. Андай чынчыл кишини союз маалында дагы табууга мүмкүн эмес болчу. Мен ал кишини азыр таптаза жана аппак деп айта албайм. Себеби мен азыр билбейм. Анан эми ал адамды өкүл ата койгонум ал менин жеке ишим. Эми мени ошого жабыштырган туура эмес да. Биринчиден, ал иш биздин бөлүмгө түшпөйт. Түшсө дагы мен бул жерде кызыкчылык кагылышы деген түшүнүктөн улам карабайт болчумун. Бул суроолордун бардыгы башка бөлүмдөрдө чечилет. Биз менен керек болсо макулдашылбайт дагы. Анан эми өкүл баласы антип жатат, өкүл баласы минтип жатат деген сөз туура эмес.

Кыргызстанда мыйзамдын үстөмдүгүн жана социалдык адилеттүүлүктү калыптандырууга тоскоол болгон бийликтеги кландык-коррупциялык байланыштардын тамыры кыркылар эмес. Бул багытта коргоо кеңешинин жыйынында учурдагы саясий коррупцияны ооздуктоонун чаралары боюнча 2013-жылы демилге көтөрүлгөн. Бирок ушул күнгө чейин андан кандайдыр бир жыйынтык чыкканы байкала  элек дешет талдоочулар.

Данный материал был опубликован на сайте Азаттык медиа. 

Последнее

Популярное