Журналистские расследования Кыргызстан

IWPR Kyrgyzstan: Оптовая продажа мяса на Ошском рынке не соответствует санитарным стандартам

11.07.2016

Оптовая продажа мяса на Ошском рынке г. Бишкек не соответствует санитарным стандартам  и это признают сами специалисты и работники рынка. Обычные покупатели лишены возможности увидеть, в каких условиях происходит привозка, раздел и распределение мяса, т.к. оптовый рынок работает с 3 часов ночи. Место розничной же продажи, которая производится днем и куда приходит большинство покупателей, разительно отличается от того, что видно ночью. 

Подробнее — в расследовании Айгуль Бакеевой, подготовленное совместно с Бюро с Журналистских расследований IWPR на кыргызском языке.  

Ош базарындагы эт: күндүзү жалтырайт, түнкүсү калтырайт – “Политклиника” гезитинин иликтөөсү

Ош базарында этти дүңүнөн сатуу жайы санитардык талапка жооп бербейт. Санитардык врачтар ал жакка барбайт.

Бул иликтөө “Политклиника” гезити менен IWPRдын Журналисттик иликтөөлөр бюросу менен биргеликте даярдалды.

Автор: Айгүл Бакеева, “Политклиника” гезитинин кабарчысы. 

001

Ош базарында сатылып жаткан малдын этинин сапаты кандай көзөмөлгө алынат жана сатуучуларга түзүлгөн шарттар кандай экенин иликтегенибизде базардын этти чекене сатуу жагы мизилдеп, талапка жооп берип турганы менен, дүң жагындагы соодада санитардык талаптар аткарылбай келе жаткандыгы калктын ден соолугуна залакасын тийгизип калбаса экен.

Этти дүң сатуу

Ош базарында эт чекене жана дүңүнөн деп бөлүнүп, өз-өзүнчө сатылууда. Чекене саткан тарабы базар ачылгандан, эртең мененки саат 7ден баштап кечке чейин иштейт. Ал эми дүңүнөн сатуу жагы өзгөчөлүү:  түнкү саат 3төн баштап, эртең мененки саат тогузга чейин созулат. Биз бул жакта чекене сатуу жагы тууралуу кенен-кесир сөз кылбай эле коёлу, анткени бул жагында анча-мынча кемчиликтер болгону менен, базардын шарты талапка жооп берип, мизилдеп турат. Эт саткан павильондун ичи ремонттон өткөрүлгөн, ысык суу, муздак суусу бар, сатуучулар үчүн кийим алмаштырып, сууга чайынып алууга шарт түзүлгөн, сатуучулардын баары атайын кийим кийип сатышат. Эт сактоочу 5-6 тонналык төрт муздаткыч, витрина муздаткычтары иштеп, эттин сапаты көзөмөлгө алынып турат. Айтор бул жак мурдагы жылдарга салыштырмалуу ичи мизилдеп, сатуучулары жумушчу формасын койкоюп кийинип алышкан. Мунун баарын санитардык врачтар да, ветеринарлар да, эт сатуучу уюм, сатуучу, алуучулардын баары сыймык менен айтып беришет.

Базарда этти чекене сатуу жагынын төрт тарабы келишиптир дейли, ал эми дүңүнөн сатуу жагы да ушундайбы? Эмесе, бул жагын кенен-кесир айтып берели. Анткени кептин баары этти дүңүнөн сатуу жагында.

Ош базарында чекене түрдө саткан павильондун артында, эт дүңүнөн сатылууда. Өткөн ишемби күнү, 2-июлда бул жакка таңкы саат 4. 30да барсак, соода кызуусуна кирип калыптыр. Жүк ташуучу ар кандай көлөмдөгү машина, жеңил машина, кол арабалар менен малдын эттери ташылып, ветврачтардын жарактуу деген мөөрлөрүнөн кийин сатылып жатты. Мында сатуучулары ким, кардарлары ким экенин айрып билүү кыйын. Машинанын кузовунда сатканынан же кол арабанын артында туруп сатканынан эле баамдабасаң, сатуучунун алуучудан айырмасы жок. Анткени мындагы сатуучулар өзүнчө форма кийишкен эмес. Кол араба түрткөндөрдүн кийими кир, алар күнүгө чийки эт менен иштегендиктен, кийими кан жыттанган, кечээки кирдеген кийими менен бүгүн да бөлүк этти бооруна кысып, ары-бери ташып жүргөнүн көрүүгө болот. Буларды карап туруп, эт сатып алууга келген кардардын көңүлү кайт болгудай. Анан ушул эт чекене соода тарабына, калкка сатууга кетет да!

antisanitaria

Өткөн ишембиде, 2-июлда таң аткандан, саат 4-5терде эле эшик ысый баштады. Ал эми мындай ысыктын күнүндө базардын түп жагында уйдун ичеги-карыны, өпкө, боорлору ачык эле, жерде бир канча сааттар бою үйүлүп жатат. Бул бир баш бодо малдын эмес, ондогон, жүздөгөн бодо малдын ичеги-карын, өпкө-боорлору эле. Эми кечирип койгула, өзүбүз жеген, чүйгүн тамак деп эсептелген азыктарыбызды кантип чаналы, бирок жүздөгөн малдын чийки ич эти өзүнчө, таза, муздагыраак жайга коюлуп сакталышы керек да! Бул жакта андай эмес, баары эле ачык, бир канча сааттар бою жерде жатат.

Ал эми бир жагында малдын каны менен аралаш суу агып, бир жеринде токтоп, көлчүк болуп турат. Сатуучу-алуучулар ары-бери өтүп жаткан жерде бирөө мал союп (менин оюмча топоз), терисин сыйрып жатыптыр. Бирок ветеринарлар да, базар ээси дагы дүң базарда мал союуга уруксат жок экенин айтышты. Мал атайын мал союуга ылайыкталган жерлерде союлат. Демек бул мында мал союлбай турган тартип ар күнү эле сактала бербейт дегенди билдирет.

Өткөн ишембиде таң атканда эле күн ысык болду деп айтпадыкпы, ал эми эртең мененки саат 8 ге чукул көк чымындар саткандан калган этке конуп-учуп жатты. Бирок базар дагы 9га чейин, бир саат иштөөгө убактысы бар экенин эске алсак, чымындар дагы бир топ чардаша тургандай. Ошентип эт ысыкта туруп калгандан кийин муздаткычтарга түшүп, эртеси кайра сатыкка келет да.

Эми кийинки жолу, 4-июлда Ош базарынын дүң сатуу жагына түнкү саат үчтө барып көргөндөрүбүздү да айта кетели. Бул убакта, түнкү саат үчтө ветеринардык врачтар да келип калышыптыр. Бул күнү эшикте анчалык ысык эмес, жаан дыбырап жаап турган. Баягы эле, эшикте, ачык жерде соода кылган көрүнүштү дале көрдүк. Мурунку күндөн бир айырмасы—жаан жаагандыгына байланыштуу ачык турган жеринде кол арабага салынган эт жиликтеринин үстү целлофан менен жабылып коюлуптур. Ал эми ветеринардык врачтар ачык жерде, эшикте эле, бир столдо уйдун өпкө, боорлорун текшерип атышты. Ачык эшикте эле текшерилип жатканы да санитардык талапка жооп бербейт.

Дүң базарды ким текшерет?

Ош базарындагы этти чекене жана дүңүнөн сатууга жооптуу “Акиф” жоопкерчилиги чектелген коомдун директору Муктарбек Аманкулов чекене соода жагындагы тартип, тазалык боюнча жылыштарды айтып келип, дүң базарында кемчиликтер да орун алып жатканынын себебин мындайча түшүндүрдү:

Акиф директору— Мен жаңы эле жетекчи болуп келдим. Мага чейинки жетекчилик үч жылдык мөөнөт менен 3 млн 200 миң долларлык кредит алган экен. Ал кредитти төлөп жатканыбызга байланыштуу бир далай иштерди жасай албай жатабыз. Дүң сооданы эми иретке келтиребиз. Бул жакта жүз адам иштеп жатат, баарына жуптан форма даярдатып бергенбиз. Жумушка бирдиктүү форманы кийбей келгендерге күнүгө эле эскертип, бирок ошону аткартууга жетише албай келебиз. Ал эми бул жакта малды союуга жол бербейбиз. Бирок сатылып жаткан эт абдан сапаттуу экенин айта кетишим керек. Муну мында иштеген биохимиялык лаборатория, күнү-түнү эттин сапатын жеринде текшерип турган ветеринардык врачтар, тажрыйбалуу адистер тастыктап беришет, -деп айтты эт сатуучу павильондун директору.

Эттин сапатын мал доктур текшерет

КР ветеринардык жана фитосанитария мамлекеттик инспекциясынын Бишкек шаардык инспекциясынын начальнигинин орун басары Шамен Сыдыков Ош базарында сатылган эттин сапаттуулугуна ветеринария кызматы кепилдик берээрин айтты.

— Ош базарында малдын этинин сапатын текшерген 23 билимдүү, дасыккан адис, башкы мал доктур иштейт. Базардагы биохимиялык лаборатория таңкы саат төрттөн ишке киришет. Лаборатория бардык биохимиялык жабдуулар менен жабдылган. Базарда ушул жылдын биринчи жарым жылында 6263 кг уй этин, 17130 кой этин, 1138 жылкы этин текшерип, көзөмөлдөн өткөрүшкөн. Лабораториялык жабдуулардын арасында эскиси да, жаңы сатып алынгандары да бар. Эң башкысы, негизги жабдыктар жаңыланды, -деди ал. —Дагы бир фактыны айта кетейин. Бул жылдын экинчи кварталында Ош базарда эки тоннага жакын эт сатыктан алынып, жок кылынды. Мындай көрүнүштөн чочулабаш керек, анткени сатыктан алынып, жок кылынды дегенибиз, бул демек, продукция текшерүүдөн кылдат өткөрүлгөнүн, сапатсыз эттин сатыкка чыгарууга жол берилбегенин билдирет. Малдын эти анын башы, ички өпкө, боору, ич эттери менен кошо алынып келишин талап кылып атабыз. Себеби малдын дартын өпкө-боорунун абалына карап, так аныктаса болот.

— Дүң базарга киргенге чейин эле жер-жерлердеги ветеринарлар жеринде мал союлгандан баштап көзөмөл кылгандыгы тууралуу документ беришет. Ал эми жер-жерлерден мал эти базарга дүң соодага келип киргенде эле ветеринарлар экинчи ирет текшерүүгө алат. Ошентип малдын сапаттуу гана эти сатыкка чыгарылат. Ош базарында сатылган мал эти коопсуз экенине кепилдик беребиз,—деп айтты Шамен Сыдыков.

Ал эми дүң базарда малдын ичеги-карыны эшиктен эле, ачык жайда текшерилип жатканынын себеби мындай экенин Ош базарындагы биохимиялык лабораториянын башчысынын орун басары Раатбек Бектуров мындайча түшүндүрдү:

— ЕврАзЭС эксперттери Кыргызстанга келип, эттин сапатын текшере турган күнгө даярданып жаткандыктан улам, мал этинин сапатын аныктоочу биохимиялык лабораториянын имараты ремонттолууда. Сиз 11-июлдан кийин келсеңиз, бул биохимиялык лаборатория ремонттон өтүп бүтүп калмак. Мына ушул себепке байланыштуу ветеринардык текшерүүгө коюлган эт, ич эт ичиндеги анализге алынган столго киргизилбей, сырттагы столдон эле текшерүүгө алынууда. 2-3 күндө лабораториянын ремонту бүткөндөн кийин имараттын ичиндеги атайын столго алып кирип, текшеребиз. Сырттан текшерип жатканыбыз убактылуу эле көрүнүш, -деди. —Ал эми биохимиялык лаборатория имаратын КР Ветеринария жана фитосанитария борбору каражат бөлүп, жүргүзүүдө.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кайда?

Зав отделом санэпидстанцииКР Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын Бишкек шаардык борборунун тамак-аш бөлүмүнүн башчысы Мурзашев Махамадхан бул жактагы ишкерлик субъекттери менен иштөөдөгү кыйынчылыктарга токтолуп кетти:

—  Жай тирликте биз Ош базары деп бир сөз менен эле айтканыбыздан улам, базардын кожоюну бир эле кишидей элес калтырышы мүмкүн. А чындыгында Ош базарында 79 чарба жүргүзүүчү субъект бар. Ошонун бири—эт сатуу павильондорунун ээси “Акиф” жоопкерчилиги чектелген коому болуп эсептелет. Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын “Акиф” ЖЧКсынын этти чекене сатуу жагынын санитардык абалына олуттуу дообуз жок, баары жакшы, капиталдык ремонт жасашты, сатуучулар медкароодон өтүп, бирдиктүү форма кийишти, биохимиялык лаборатория жана ветеринардык врачтар иштейт. Биз анча маанилүү эмес үч эскертүү бергенбиз. Чекене жагынын абалы жакшы. Бирок дүң жагындагы санитардык абалды биз карабайбыз. Ветеринар адистери негизинен малдын этинин сапатын көзөмөлдөшөт.

Эмне үчүн санитардык врачтар чекене базарды эле текшерерин жана дүң базарга барбаганын айтып берейин. Мыйзамга ылайык, санитардык-эпидемиологиялык кызмат ишкерлик субъекттерин жылына пландуу түрдө бир гана ирет текшерүүгө укугубуз бар. Биз уруксатты экономика министрлигинен алабыз. Ал эми базарда адамдын ден соолугуна кооптуу жагдай чыгып калса, жазуу түрүндө даттануу түшсө гана кошумча текшерүүгө барабыз. Бул чаранын баары ишкерлик субъекттерин колдоого багытталган.

Ал эми азыркы учурда Ош базарындагы азык-түлүк боюнча даттануулар көп. Бирок чийки эт сатуу жагынан бизде даттануу түшө элек. Ошондуктан кооптуу эч кандай жагдай боюнча даттануу жок болгондуктан, биз кошумча текшерүүгө бара элекпиз. Ал эми этти дүң сатуу жагын айтсам, ал дүң сатуу жайы базардын сырт жагында болгондуктан, биз аны текшере албайбыз. Анын үстүнө биз текшерүүнү жумуш мөөнөтү убагында, эртең мененки саат 8. 30дан баштап гана текшерүүгө укугубуз бар. Ал эми дүң базар саат түнкү үч-төрттөн баштап иштейт. Ошондуктан биз ал жакты текшерсек, мыйзам бузган болуп калабыз. Мурда Ош базарында санитардык бир врач туруктуу иштечү, азыр андай эмес, -деп айтты М. Мурзашев.

Менимче, мыйзамдардын бири ишкерликти өнүктүрүүгө карата жакшы ой менен чыгарылса, экинчи жагынан калктын саламаттыгына залал келтире турган жактары да турмушта кезигип атканы көрүнүп турат. Өкмөттүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы Соода ишмердигин тартипке келтирүү жөнүндөгү №560 токтому, 2007-жылдагы субъекттерди текшерүү тартиби документтери ишкерликти өнүктүрүүгө багытталганы менен, калктын саламаттыгын сактоо жагындагы камкордугу жагынан аксап жаткандай туюлат. Анткени базарлардын санитардык абалын текшере турган санитардык-эпидемиялык кызматтын ролун ылдыйлатып коюшкандай туюлат. Анткени алар базарды текшериш үчүн же базарда кооптуу жагдай түзүлсө, санитардык нормага тиешеси жок экономика министрлигине уруксат сурап барышат экен.

sand doctor

Кыскасын айтканда, Ош базарындагы ветеринардык врачтар негизинен эттин сапатына гана көңүл бурушат. Ал эми сатуучу жайдын жана анда иштегендердин санитардык-гигиеналык абалы көз жаздымда калып жатат десек болчудай, анткени ага сала турган санитардык врач мурункудай Ош базарында туруктуу иштебейт, атайын текшерүү менен жылына бир эле жолу барат же чукул текшерүү зарылчылыгы учурунда гана келе алышат. Ошондо дагы шарт боюнча базардын сыртындагы эттин дүң соодасына кийлигише алышпаганы калктын саламаттыгына залалы тийбегей эле дейсиң.

1997-жылдан бери Ош базарында дүңүнөн эт сатуучу болуп иштеген Мыскал Сманакуновага чабандар малды союп алып келишет. Сапаты жакшы, аны тастыктаган документтери бар. Дүң соода жайынын шарты жаман дегенден алыс. Дүң соода жайынын үстү жабылып, жылыштар жок эмес экенин айтат.

— Жаан жаап турса да, чатырдан суу өтпөйт. Мурда ачык эле жерде турчубуз да. Дүң соода жагында көп жылдан бери иштегендер эттин сапатына жооп беребиз. Бүт документтерибиз толук, -деди.

Эт сатуучу Жалал Сыдыков зоотехник-селекциячы болуп, Таластагы “Россия” колхозунда иштегенин, эми болсо Ош базарында дүңүнөн эт сатуу менен алектенип, сооданын өйдө-төмөнүн бир топ жылдан бери башынан кечирип келатканын билдирди. Бул жакта өзүнчө иштерман жамаат түзүлгөнүн, эт республиканын ар кыл аймагынан келээрин жана сапаты жакшы экенине кепилдик берээрин билдирди.

Ал эми мурда базарда эт сатуу менен алектенип, учурда ал жумушун таштаган

Т. С. буларды айтып өттү:

— Эттин дүң соода жагындагы санитардык талабы көп жылдан бери эле аткарылбай келет. Биз муну мурда базар ээлерине айтып атып тилибиз тешилген. Азыр деле ошондой, санитардык талаптар сакталбайт. Андан дагы адал этти өзүнчө коюп, ага чочконун этин аралаштырбоо жагы колго алынбай келет. Бирок калыстык үчүн бир нерсени айтып коюш керек, эт базарда иштегендердин көп жылдык тажрыйбасы, өзүнүн жол салынган системасы, туруктуу кардарлары бар. Алар саткан эттин сапаты жакшы.

meat at day

Ал эми ветеринардык адистер эт сатуу талабы боюнча чочконун этин уй-койдукунан өзүнчө бөлүү деген шарт жок экенин айтышты. Ошого карабай, базардын администрациясы учурда чочконун этин өзүнчө, экинчи кабаттын бир бурчуна коюп сатууга шарт түзгөнүн “Акиф” директору көрсөтүп берди.

КР Ветеринария жана фитосанитария инспекциясынын Бишкек шаардык борборунун жетекчи орун басары Шамен Сыдыков жогоруда айткан сөзүн жыйынтыктап келип, минтип кошумчалады:

— Акыркы убакта Ош базарында эт жугуштуу дартка текшерилип жаткандыктан, базарда жугуштуу дарт чыккан эмес. Жугуштуу дарттар же кооптуу жагдайлар чыкпагандыгынан улам прокуратура же сот кызматкерлери тарабынан дооматтар боло элек.

Өткөн ишемби-жекшемби күндөрү социалдык тармактарда Кыргызстанда сибирь кулгунасы дарты чыгыптыр деген билдирүү кеткен болчу. Бирок мындай маалыматты КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы четке какты.

“Кыргызстандагы сибирь кулгунасы боюнча абал тынч. Бир да мындай окуя же шектенүү катталган жок” деп министрликтин басма сөзү билдирүү таратты.

“Сибирь кулгунасы 16-июнда Казакстанда катталган. Мына ушуну Кыргызстанда катталыптыр деп угуп алышты”, — дейт өкмөттүн аппарат башчысы Алмаз Жээналиев.

Ош базарынын ичине кирген эт көзөмөлгө жакшы алынаар, а бирок дүң базар жагындагы санитардык жагымсыз көрүнүштөр, ветеринардык адистердин уруксатынан өтпөгөн эт сатыкка да чыгып кетип жаткан учурлар бар экени өкүндүрөт. Жогорудагы мисалдан тышкары дүң базарынын тегерегинде ветеринардык көзөмөлдү кыйгап өтүп кеткен учурлар бар экенин айтууга болот. Ошол эле базардын Киев тарабында 4-июль күнү таңкы саат алтыда ондогон кол арабаларга жүктөлгөн, ветеринария кызматынын мөөрү басылбаган эт сатылып турду. Ал түгүл дүң базарга кирбеген эт жүктөгөн машиналар да соодасын базардын ичине кирбей эле баштап жатканы да көп суроолорду жаратат. Мындай жең ичинен соода кылган айрым фактыларга катуу көзөмөл болбосо, бир күнү болбосо, бир күнү кейиштүү абалга кептелип калбасак болду. Азырынча Ош базарында кооптуу, жугуштуу дарттар чыга элек деп жатканыбыз менен, жогорудагы абал бир күнү болбосо, бир күнү кейиштүү абалга алып келип, калктын саламаттыгына залакасын тийгизбесе болду.

meat inside

Дал ушул жердеги чийки эттен уулангандар жок делгени менен, коомдук тамактануу жайларында массалык түрдө ууланган фактылар катталган. Алар көзөмөлсүз сатылган эттен жасалган тамактардын кесепетинен болгон жокпу деген ой кетет. Айталы, 2014-жылы “Мансур” кафесинен 23 адам тамак-аштан ууланган, 2015-жылы “Таш –Кордо” кафесинен 8 киши ууланган. Ош областынан 8 адам ууланган.

Республикалык ооруканага жылына ар кандай симптомдор менен 70-75 миң адам кайрылат.

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев:

“Оорукана 400 оорулууну кабыл алууга мүмкүнчүлүгү жетсе, жай айында 600 кишиге чейин жетип кетет,” дейт.

Ал эми Башкы прокуратурада санитардык абал боюнча базарлар менен соттошкон бир да факты каттала элек.

Сүрөттөр автордуку.

Последнее

Популярное