Журналистские расследования Кыргызстан

IWPR Kyrgyzstan: Мертвое тело сына, ушедшего в армию, вернули в синяках и в побоях

15.12.2015

Автор данного материала, Гулжан Асанкожоева, корреспондент газеты «Супер-Инфо», является победителем Национального конкусра журналистских расследований в  области прав человека в специальной номинации «Освещение вопросов связанных с пытками, избиениями, незаконными арестами и заключением под стражу».  

asankojoeva2Представляем вниманию читателей текст расследования на кыргызском языке:  

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө аскерге кетип, каза таап келген балдардын ата-энелери коёндой окшош баяндар менен кайрылышат. «Уулум аскерге өз ыктыяры менен кеткен. Аскер кызматы тууралуу түз ойдо экенин жана ал жакта шарттар жакшы экенин айткан. Бир күнү эле аскер комиссариатынан уулумдун асынып калганын айтышты. Бирок соттук-медициналык эксперттер баламдын денесиндеги көк алаларды аныктап беришти…» Мындан ары ата-энелердин акыйкаттык издеп, бирок иштин жабылып калгандыгын, же бир да адам окуяга күнөөлүү болуп табылбаганын айтышат.

«ЭКИ БАШКА ВЕРСИЯНЫ АЙТЫШТЫ»

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 1997-жылы туулган тургуну Нурсултан Карагулов да аскерге кеткен боюнча тирүү кайтпай калды. Ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына аскердик кызматын өтөөгө бөлүнүп, Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Новопокровка айылындагы №3-түзөтүү абагын күзөтүп жаткан. Окуяны маркум аскердин апасы Назира Касмалиева төмөнкүдөй айтып берди: 

– Уулум Нурсултан ушул жылдын 8-апрелинде аскерге чакырылып, 6-майда аскердик антын берген. Бишкекке барып, ант берүү аземине катышып келгенбиз. Аскердик антын бергенден туура 1 ай өткөндөн кийин 5-июнда жергиликтүү аскер комиссариатынын кызматкерлери келишип, «эже, сабыр кылыӊыз, уулуӊуз күзөткө биринчи жолу чыккандыктан окко учуп каза тапты» деп угузушту. Алардын айткан сөзү азыркыга чейин кулагыма жаӊырып турат. Эне уулунун өлүмү тууралуу угуп жатканда кандай болорун айтып жеткире албайм. Ал сөздөр менин жүрөгүмө бычак менен тилип жазылгандай сакталып калды. Өлүмүн угузгандан бир аз өткөн соӊ «балаӊарга соттук-медициналык экспертиза жүргүзөлү, уруксат бергиле» деп Бишкектен телефон чалышты. «Кызмат учурунда окко учса, баламдын сөөгүн бүтүн бойдон жөнөткүлө. Жерге тынч жашыралы, кыйнабайлы, мен макул эмесмин» дедим. Ошондо «балаӊыз күзөт нөөмөтүндө турганда абактын күзөт мунарасына өз куруна асынып калган. Мындай жагдайда союшубуз керек» дешти. Элестеткиле, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, баламды жоготконумду араӊ көтөрүп турсам, анын асынып калганын айтып жатышса. Аскер кызматкерлери жадакалса баланын эмне болуп өлгөнүн да тагыраак түшүндүрүп бере алышкан жок. Бул эмне деген жоопкерчиликсиздик? Адам эмес, малды деле чабан жоопкерчилик менен карап, өлсө өлүгүн өзү жеткирип, себебин айтып берет экен. Менин балам малча жокпу? 

«ЭМНЕ ҮЧҮН АСКЕРЛЕРГЕ ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ МАМИЛЕ ЖАСАШПАЙТ?»

– Уулумдун сөөгүн үйгө алып келишти. Аны алып келгендер таптакыр башка бөлүктүн кызматкерлери экен. Менин баламды өмүрү көрүшпөптүр. Тиешелүү бөлүмдүн жетекчиси же офицерлеринен келеби, көксөөбүздү суута турган жүйөлүү жооп береби деп күткөнбүз. Бирок алардан бирөө да басып келип жооткото турган сөз айтышкан жок. Аскер бөлүгүнүн башчысы менен сүйлөшсөм, окуядан өзүн өзү өлтүргөн деген болжолдуу тыянак чыгарышыптыр. Биз бул ойго каршыбыз. Анткени баламдын сөөгүн алып келгенде эки бөйрөгүнүн тушу көпкөк, ал тургай тамандарынан бери канталап, көгөргөн издер бар болчу. Башында шишиктер, денесине мык сыяктуу ичке учтуу нерсе менен сайгылашыптыр. Нурсултанды өлтүрө сабашкандай. Эксперттердин чечимине каршы экенибизди билдирип, көз карандысыз эксперттерге кайрадан сөөктү сойдурууга сунуш киргиздик. Анализдерди алдык, жыйынтыгын бир аз убакыт өткөн соӊ билдиребиз дешти. Канчалык соттошуп, териштирген күндө да баламды кайтара албайбыз деӊизчи. Бирок аны өлүмгө алып келгендер жазасын алышы керек. 

Уулум аскерге кетип жатканда «апа, мен келгенде баарыӊар мени сыймыктануу менен тосуп аласыӊар» деген эле. Ал өз жанын кандай тоскоолдуктар болсо да кыйбайт болчу. Балам аскерден өлгөн балдардын акыркысы болсо кана? Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек мөлтүрөгөн жапжаш балдардын күнөөсүз жандары кыйылып жатат. Мен баламды 9 ай курсакта көтөрүп, 18 жыл бою аскерге барганда өлүп калсын деп чоӊойтуптурмунбу? Аскер кызматын өтөгөн жигиттер өлкөнүн күчү, коргоочулары, чеби. Аларга токмок жеп же бирөөлөрдү аёосуз сабап мыкаачы болууга, башын койнуна катып, жалтак болуп же өз жанын кыюуга, адам өлтүрүүгө тарбиялашабы? Эмне үчүн аскер жетекчилиги жоокерлерге жоопкерчилик менен карашпайт? Президент жакында «Аскер кызматкерлерине жакшы көӊүл бургула. Күч түзүмдөрүн бекемдегиле, аларга үй салгыла, кийим-кечесин ырастагыла. Өлкөгө коркунуч туулса төшүн тосуп ошолор чыгат» деди. Аларга эмнеге шарт түзүп, үй салып, айлык берип жатышат? Биздин балдарыбызды аскерге алып, чекесинен өлтүрүп жаткандары үчүнбү?

«ИЛИКТӨӨ ЖҮРҮП ЖАТАТ»

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынын кызматкери Элеонора Шаршеналиева төмөнкүлөрдү билдирди: 
– Катардагы аскер Н.Б.Карагулов №3-түзөтүү абагында кызмат өтөп жаткан жеринен каза тапкан. Окуя тууралуу иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү адамдар көрсөтмө берип жатышат. Ишти аскер прокуратурасы териштирүүдө. «Жоокер кызмат учурунда асынып алган» деген версия бар. Мунун чын-төгүнү иликтөөнүн жыйынтыгында билинет. Биздин кызмат деле тажрыйбасыз 18 жаштагы жаӊы келген аскерди абактарды кайтарууга бөлүнгөнүн көзөмөлдөшү керек болчу. Мунун себептери дагы жакын арада билинип калат. 

«БИР ЭМЕС, ЭКИ ИРЕТ ЭКСПЕРТИЗА ДАЙЫНДАЛДЫ»

Аскер прокуратурасынын Бишкек гарнизонунун тергөөчүсү Нурдин Уметалиев иликтөөнүн жүрүшү боюнча буларды айтып берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 5-июнь күнү биздин кызматка Новопокровкадагы №3-түзөтүү абагындагы окуя тууралуу кабар келип түшкөн. Биз барганда катардагы аскер Нурсултан Карагуловдун сөөгү асылган жеринде эмес, чечилип жерде жаткан абалда болчу. Сөөккө кароо жүргүзүлгөн. Карагуловдун сөөгүнө туугандарынын катышуусунда соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалып, тиешелүү актылар түзүлүп, иликтөө иштери дароо башталган. Кароолор жүргүзүлгөндөн кийин сөөктү туугандарына өткөрүп бердик. 7-июнда биздин кызматка маркумдун туугандары тарабынан телефон чалуу болуп, экинчи ирет экспертиза дайындообузду суранышты. Биринчи экспертизаны жүргүзгөн адисти алып, Ысык-Көл облустук жана Түп райондук соттук-медицина эксперттерине кошулуп Жети-Өгүзгө бардык. Туугандары ич ара экспертизага катышуучу адамдарын дайындашып маркумду экинчи ирет союшту. Эксперттер туугандары айтып жаткан денедеги көк ала тактар, мык сайылган деген болжолдоолорду аныктап, суроолоруна жооп беришти. Алардын айтымында, сөөк жерге берилбей, 3 күндөн ашык кармалып калган. Андыктан сөөк бузулуп, маркумдун денесинде тактар, кан уюган бөлүктөр карарып билине баштаган. Ал эми мык сайылган деген жерлерди 1-экспертизаны жүргүзгөн эксперт биологиялык, химиялык экспертиза дайындоо үчүн гистологияга жөнөтүүгө денесинин бардык бөлүгүнөн учтуу нерсе менен оюп бөлүкчөлөрдү алгандыктары менен түшүндүрдү. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыктары болжол менен 1 айдын ичинде чыгат. Ошол күнү окуя болгон жердеги күзөт нөөмөтүндө турган башка бардык аскерлер жана ЖАМКнын кызматкерлери көрсөтмө берип жатышат. Эгер катардагы жоокердин өлүмүнө күнөөлүүлөр аныкталса, кылмыш иши козголуп, тиешелүү жазаларын алышат.

Өлкөбүздө 2010-жылдан бери аскер кызматын өтөп жаткандардын арасында 64 аскердин өлүмү катталган. 2014-жылы болсо 12 аскер каза болгон. Анын 10у кызмат өтөп жаткан учурда, ал эми экөө кызматтан сырткары учурда каза тапкан. Өзүн өзү өлтүрүү 7, кырсыктап каза болгондор 2, курал колдонуудагы этиятсыздыктан 2 жана ооруп каза болгондордун саны 1.


Данный метриал был опубликован в газете «Супер-Инфо» 
№658 12-июнь-18-июнь, 2015 года. 

Последнее

Популярное