Без рубрики

Чубак ажы Жалилов: Көпчүлүк мусулмандар саясатчылар исламды колдонуп атканын түшүнбөйт

06.06.2017

Биз адамдын өткөн тарыхын карашыбыз керек, өткөн тарыхында кандай болгон анан бүгүнкү сөзү менен дал келип атабы же жокпу. Эгер дал келип аткан болсо анда ошого ишенишибиз керек. Эгер дал келбесе ага ишенбешибиз керек, аны дагы беш жыл күтүшүбүз керек. Эгер элдин сабаттуулугу жогорулай турган болсо, биздин саясатчылар барып-барып адамды диний сезимдери аркылуу алдай албай калышат”, — деди CABAR.asia аналитикалык порталына берген маегинде экс-муфтий Чубак ажы Жалилов.

Интервью на русском языке

CABAR.asia: Кыргыз элинин исламдашуусу саясатка, саясатчыларга кандай таасирин тийгизип жатат?

Ч.Ж.: Өтө чоң таасирин тийгизип атат, анткени саясатчылар ар дайым оңтойлуу учурларды, болгон мүмкүнчүлүктөрдү кармап келет. Ушул мурда жок эле, бирок акыркы парламенттик шайлоодо байкалды, президенттик шайлооодо кайра билинет, андан кийин боло турган парламенттик шайлоодо ошол ислам, адамдардын мусулманчылык, алардын жан дүйнөсү менен ойноо маселеси пайда болот деп ойлойм. Мисал үчүн, чын дилден мындай исламдашып кетпесе дагы бирок ошол исламды кармап аткан динчилдер, диниятчыларды, аалымдарды пайдалануу аркылуу адамдардын добушун алууга аракет болду жана болот деп ойлойм. Бул сөзсүз түрдө таасирин тийгизет, анткени исламдан башка деле улуттук өңүттөгү нерсе болсо деле ошону саясатчылар сөзсүз түрдө пайдаланмак.

Бул эми саясатчылардын пайдалуунусу саясатка байланыштуу. Ал эми саясатчылардын өздөрүнүн канчалык денгээлде динге кирип атышат – бул башка сөз. Мисалы, коңшу Казакстан менен биздеги айырмачылык  — коңшу Казакстанда саясий элита бизге караганда көбүрөөк динге жакыныраак деп айтсам болот, ал эми бизде саясий элита карапайым элге караганда бир аз алысыраак дагы, карапайым эл динге жакыныраак. Пайгамбарыбыздын убагында дагы тартип ушундай болгон, карапайым элден башталган нерсе дайыма бекем болот.  Демек, кайсыл бир өлкөдө карапайым эл саясий элитага караганда көбүрөөк динге тартылып аткан болсо, демек ошол өлкөдө дин туура багытта өнүгүп атат деп айтсак болот.

CABAR.asia: Исламдын жолуна түшкөн жарандар саясатчылар алардын динин колдонуп гана атканын түшүнүп атышабы?

Ч.Ж.:  Көпчүлүк эл түшүнбөйт деп ойлом, анткени алар бул адам динге жакын экен, демек ынсаптуу болсо керек, адилеттуу болсо керек, уурдабаса керек, эч кандай бир паракорчулукка, талап-тоноого барбаса керек деген үмүт менен добушун берет деп ойлойм . Бирок бир маселе бар – ушул убакытка чейин Кыргызстандын практикасында эл ислам боюнча саясатка, саясий иш-чараларга аралашкан жок. Эч бир молдоке, эч бир диниятчы өзүн таразага салып, мен аркылуу добуш бергиле деген учур катталган жок. Саясатчылар катуу аракеттерди көрүп жатканы менен, азырынча жыйынтык боло элек.

CABAR.asia: Исламды саясат үчүн колдонуу Кыргызстанда эмнеге алып келиши мүмкүн?

Ч.Ж.:  Мындан ислам жапа чекпейт, мусулмандар бир аз жапа чегет, алданып калат болгону 5-10 жылга. Ал эми жапа чеккен саясатчылар өздөрү, анткени алар кудай алдында эки жүздүүлүгү үчүн жазаланууга туш келип калат. Ал эми шариятта айтылынат тозоко түшкөндөрдүн эң төрүндө эки жүздүү адамдар болот деп, булар эң чоң күнөөкөрлөр деп. Бирок мен ойлойм бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, анткени адамдардын диний сабаты азыр төмөн бизде, алар ак-караны биле албайт.

Мен дайыма айтып келем адамдын сөзүнө ишенбеш керек. Биз адамдын өткөн тарыхын карашыбыз керек, өткөн тарыхында кандай болгон анан бүгүнкү сөзү менен дал келип атабы же жокпу. Эгер дал келип аткан болсо анда ошого ишенишибиз керек. Эгер дал келбесе ага ишенбешибиз керек, аны дагы беш жыл күтүшүбүз керек. Ага чейин башка дал келген адамга добушубузду берип турушубуз керек. Ушуну мен дайыма айтып келем. Эгер элдин сабаттуулугу жогорулай турган болсо, биздин саясатчылар барып-барып адамды диний сезимдери аркылуу алдай албай калышат.

CABAR.asia: Саясатчы, бийик кызматтарды аркалаган адам жакшы болуш үчүн динге берилгени жетиштүүбү?

Ч.Ж.:  Жок, жетиштүү эмес. Эгер саясатчы динчил болсо албетте бул жакшы, анткени динчил адам кудай мени дайыма көрүп турат деген ыйманда болгону үчүн добуш бергенде мамлекеттин, элдин келечеги үчүн гана добуш берет. Алдоого, коррупцияга жол бербейт.  Андан сырткары кайсы пайдалуу, кайсы зыян экенин билүү үчүн интеллект, илим дагы керек. Ыйманы бар деп эле, адистешкен илим-билимге ээ болбогон  молдону алып келип отургузуп койсок  туура эмес маселе болуп чыгат. Ошондуктан ыйман менен адистик, кесипкөйлүк куштун эки канатындай тең керек болот.

CABAR.asia: Айрым мусулмандардан укса болот, бийликке чыныгы динчил адам келсе гана өлкөдө тартип, адилеттүүлүк орноп, экономика өсөт эле деп. Сиз бул эки нерсени түзмө-түз байланыштырасызбы?

Эгер адистиги жетише турган болсо чыныгы мусулман абдан жакшы болот. Эгерде экөөнүн тең даярдыгы бирдей, саясий, экономикалык көз караштары, дүйнөлүк саясатты билгендегиси – ушулардын баары бирдей болуп калган учурда албетте биз ыймандуу адамга артыкчылык бергенди каалайт элек. Анткени бул биринчи кезекте уурдабайт, аманатка кыянат кылбайт, бардыгына тегиз болот жана кийин качып кетпейт деген маселе менен. А бирок жөн эле ыймандуу адам болуп бирок эч нерсе билбей турган болсо ага биз албетте артыкчылык бербейт элек.

Мурдараак мен президентикке талапкерлигимди коюу боюнча маалыматтар гезиттерде, интернет булактарында жүрдү. Журналисттер жазышты, эмне үчүн молдо президент болуш керек, молдо молдо бойдон калышы керек, ал президент болууга болбойт деп жазышты. Мен сурагым келет: эмне үчүн теологиялык билими бар болсо ал адам президент боло албайт, а адабиятчы, физик же химикке жол бар? Ушул өңүттө биз туура түшүнүшүбүз керек да. Бирок бул молдо бийликке келсе эле жакшы иштеп кетет деген сөз эмес. Андайлардын арасында туура эмес саясатты алып барып, туура эмес агымга түшүп же саясатта толук түшүнүгү жок адамдар болушу ыктымал бар, албетте аларды жолотпош керек.

Билесизби, акыркы парламенттик шайлоодо мага дээрлик бардык партиялардан сунуш келди, а мен баргым келген жок. Эмне үчүн? Анткени мен кайсыл бир партияны тандасам, башка партиялар мага сөзсүз түрдө карама-каршы коюш үчүн башка молдокелерди издеп баштаганын мен көрдүм. Ар кандай агымдагы молдокелер ошол парламентте туура эмес сөздөрдү айтпасын деп мен ошол үчүн баш тарттым. Болбосо мен барганды каалагам, мыйзам жазгым келген, бул менин табитиме жакын, адилеттүүлүк болсо экен деп ойлогом . Бирок, мен шайлоого барсам башкалар да келет, а башкалардын арасында туура эмес багыттагылар келип калса бул Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы эмес, анткени азыр адамдар динди терең түшүнбөйт дагы, жөн гана сезимдери менен аракетке келип калышы мүмкүн. Мен муну каалабайт элем.

CABAR.asia: Сиз мындай чечимдердин артын түшүнүп, анализдеп атасыз. Башка диний активисттер саясатка киргендин баасын, балким коомго тийгизе турган залакасын сиздей түшүнүп атабы?

Ч.Ж.:  Түшүнбөөсү деле мүмкүн. Бийликке барыш үчүн колдон келген каражатты колдонушу мүмкүн, колдон келген кадамга баруу толук түрдө мүмкүн. Анткени, адам болгон жерде сөзсүз түрдө кемчилик болбой койбойт.

CABAR.asia: Мусулмандардын көзүндө идеалдуу мамлекет кандай болушу керек?

Ч.Ж.:  Кээ бир адамдар ойлойт ислам менен жашоо десе эле бардыгын өчүрүп туруп кайра башынан барын жаза башташ керек деп. Мисал үчүн, Али Ат-Тантави  улуу тарбиячы айтат: «Мен Европага бардым, исламды көрдүм, бирок мусулмандарды көргөн жокмун» дейт. Анткени тазалык, ошол жердеги тартип, мыйзамды угуу – ошону ислам талап кылат. «Мен мусулман дүйнөсүнө келдим мусулмандарды көрдүм, бирок исламды көрө алган жокмун» . Анткени туура айтат, биз (жарандар да, саясатчылар да, мамлекет да)  исламды кайсы бир деңгээлде туура эмес практикалап жатабыз, туура эмес түшүнүп жатабыз.

CABAR.asia: Мамлекет – коом үчүн кызмат кылган аппарат. Эгер бара-бара кыргыз коому көбүнэсе исламга бекем таянган жарандардан турса мамлекеттин иши, анын мүнөзү заман талабына ылайык ислам принциптерине жакын болуп, кайсыл бир түрдө анын азыркы түзмө-түз секулярдык принциптери жоюлуп же бошоп калышы мүмкүнбү?   

Ч.Ж.:  Мүмкүн, анткени биздин саясатчылар дайыма элдин аркасынан ээрчийт. Саясатчы негизи элди ээрчитиш керек, бизде тескерисинче элдин аркасынан ээрчийт.  Эл кайсыл тарапка кетип атса ошол жака кетет, эл эмнени каалап атса ошону сүйлөйт, айтышат. А саясатчы элди алып кете турган, жетелей турган адам болуш керек. Ошондо гана туура саясат болот.

Кээ бир адамдар ойлогондой мусулман болсок эле баарыбыз “дамбалга түшүп кетебизби?” деген сөз эмес. Менин адис катары түшүнүгүм боюнча жакшы мусулман өлкө деген азыркы биз жашап аткан өлкө, бирок коррупциясы жок, талап-тоноочулук жок, зомбулук жок, сот адилеттүүлүгү бар, сөз эркиндиги бар өлкө. Мусулман өлкөсүндө адамдын дин тутуу эркиндиги бар болуш керек. Айтор, бардык эркиндик берилген ошол эле убакытта башка бирөөнүн укугу сыйлана турган өлкө – мына ушул мусулман өлкөсү.

Сөзсүз түрдө бардыгы намаз окуп аткан деген сөз эмес, балким намаз окубаган  мусулмандар, православдар деле жашай бериши мүмкүн толук түрдө. Ошондой деп түшүнсөк болот. Ошол учун мен айтам, азыркы Кыргызстан – ислам үчүн эң жакшы мамлекет. Башка мамлекеттерди мисалга ала турган болсок, идеалдуу ислам мамлекетинин көп шарттары Малайзиянын, Сингапурдун мисалында табылган.

CABAR.asia: Кыргызстандагы исламдашуу качан сапатка айланат?

Ч.Ж.:  Буга убакыт керек. Айтматовдун «Биринчи мугалиминде» Дүйшөн бар го? Биз азыр ошол Дүйшөндөрбүз: Абдышүкүр Нарматов – Дүйшөн, Чубак ажы – Дүйшөн, Максат ажы  — Дүйшөн.

Адамдарга колдон келишинче туура динди айтып атабыз, жеткирип жатабыз. Анткени, улуу тарых баяндап бергендей, Ислам динди карманып биздин адамдар жаман болгон жери жок, биз улут катары сакталып калдык.  Балким биз кээ бир нерселерди туура эмес кылып жатабыз, туура эмести туура деп ойлоп жатабыз. Анан Дүйшөндүн окуучулары аягында профессор болгондой эле мен ойлойм бардыгы ордуна келет. Кыргызда жакшы сөз бар «50 жылда эл жаңырат, 100 жылда жер жаңырат». Балким бир чейрек кылымдан кийин бардыгы өз калыбына келип калат деген пикирдемин.

Мисал үчүн, 10 жыл мурдагы ислам анан азыркы ислам менен айырмасы таптакыр башка.

Эгер 10 жыл мурун мусулман болсо сөзсүз түрдө дамбал кийиш керек деген пикирде болсо, азыр заманбап кийет. Мурда адамдардын кийимине карап жамаат белгилүү болчу: бул салафит, бул даваатчы, бул мындай-тигиндей деп. Азыр кийимдерди ажыратып болбойт, анткени кийимде эмес маселе, маселенин баары жүрөктө, адамдын жан дүйнөсүндө, адамдын акылында экенин туура түшүнүп калышты деп ойлойм. Ошол учун буга убакыт керек.  Мурун мусулман болгондор балдарын мектепте окутпай коюшчу, азыркы учурда балдарын Оксфорддо, Кембрижде окутуп аткан мусулмандар бар . Мен ойлойм бизде азыр сандан сапатка өтүү процесси башталды.

Экс-муфтий менен IWPRдын Бишкектеги журналисти Тимур Токтоналиев маектешти.

Последнее

Популярное