Без рубрики

Жергиликтүү бийлик, эл аралык уюмдар чек арадагы чыңалууну кыскартуу демилгелеринин  натыйжасы сезиле баштады.    Учурда Кыргызстан менен  Тажикстандын чек ара аймагында  жашаган калктын мамилелери кандай? Баткенден? 


Жеңиш Айдаров, Баткен

Кыргызстан менен Тажикстандын  чекарасы 976 чакырымды түзүп, анын дээрлик жарымы али такталбай шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат. Мындан  үч жыл мурда башкача айтканда  2014-жылы кыргыз-тажик чек арасында 32 жаңжал катталып, өртөөлөрдөн улам 10млн сомдон ашык  материалдык чыгымдан тышкары киши өмүрүн алган ок атышуулар да болгон эле. Ал эми    2017-жылдын тогуз айында болсо майда барат 9 жолу тирешүү болгонун эске албасак дээрлик тынч абал орун алды десек болот.  Эки өлкө чек арачыларынын биргелешкен иш чарасына катышканы келген тажик чек ара кызматынын генерал майору Хикмоттулло Пираков бир гана чек арадагы жашаган эл арасындагы түшүндүрүү иштери менен чектелбей бул багытта эки тарап тыгыз кызматташкан, биргелешип багыттуу аракеттенгенде  гана тоолуу, жаңжалдуу чек арадагы абал толук көзөмөлдө болот дейт.

 

-Мен ойлойм атайын пландаштырылган окуп машыгууларды тездетип  өткөрүү учур талабы болуп турат. Анктени жалпы эле аймактын коопсуздугун көзөмөлдөө, чек арадагы эки элдин ынтымагын бекемдөө менен чыр-чатактарга жол бербөөдө мындай окуп-машыгууларды тездетип өткөрүү мезгил талабы болуп калды. Биздин мамлекет тарабынан да чек арадагы абалды көзөмөлдөп коопсуздукту сактоого бир гана чек арачылар эмес жергиликтүү бийлик да кол кабыш кылып жатат. Мындан тышкары биз чектеш Кыргызстан менен бул багытта атайын кызматташтыктын чараларын жакшы жолго коюп жатабыз.

 

Чек арадагы жаңжалдардын алдын алуу менен, тирешүү учурларында эки өлкө чек арачылары эки башка иш жүргүзүп, бул ыкма чыңалуунун тез чечилишине жардам бербей калган учрулары да болуп эле келген. Чек аралаш айылда жашаган Максатбек кошуна тажик айылдары менен алака кылып тирилик өткөрөт эки өлкөнүн чек арачылары качан гана жаңжал чыга калганда же жетекчиликтин бектиткен иш паланына ылайык эле кызматташуу багытында аракеттенбей ар дайым, ар бир катмарда мындай иш чараларды  көп өткөрүп, системалуу аракет болуусу гана абалды туруктуу кармап турат деген пикирде.

-Эки тарап биргелешкен ушундай бир иш чарларды өткөрүп, жаштарды талкууларга катыштырып, спорттук мелдештерди уюштуруп, тез тез биргелешкен аракеттерди жүргүзүшсө мурдаыкдай бири-бирин жек көрүү, карама-карышылык жоюлат. Бири-бирибизге көз карашыбыз түздөлөт. Мен мисалы күнүмдүк жашоом  ушу тажик кошуналар менен байланышкан. Менден оокат алышат, мен алардан товар алам. Достук, тынчтык болсо экономикабызга да жашообузга да пайда эле болот деп ойлом.

Чек аралаш аймактарда жумуштун жоктугу, жаштар үчүн алектенээр эч нерсе уюшулбай жатышынан улам ички жана сырткы миграцияга жаштар   агылып жатканы көп айтылчу. Чек аралаш айыл жерлеринде жаштарды кармап калуу, жумуш менен камсыздоо, жанжалдарды кыскартууга салым кошуу максатында   ЮзОфОш коомдук бирикмеси “Бизнес клуб Баткен” долбоорун жыл башында ишке ашыра баштаган. Долбоордун алкагына чек арадагы айылдарда чакан ишкердикти уюштуруп, жумуш орундарын түзөт элем, айылда жашап калат элем деген демилгелүү жаштар үчүн түрткү берүүчү каражаттар берилмей болгон. 27 жаштагы Шерзад  Лейлек районуну Тажикстан менен чек арадагы Арка айылында турат. Коомдук тамактануучу жай ачуу ниети менен Өз каражатына имарат куруп бирок , керектүү шаймандарына колдоо жок туруп калган экен. Эми болсо 12 жумушчу оруну менен ашкана ачып олтурат

 

-Долбоор жардам берип шаймандардын баарын сатып алып беришти. Ишти баштап алдык. Биз эми чек арада жайгашканыбыздан улдам кардарларыбыз тажиктер, кыргыздар, өзбектер  да көп келишет. Биз эми иш баштаганыбыз учурда 12 киши жумуш менен камсыз болушкан.

 

Долбоор алкагында эл аралык уюмдар тарабынан берилген 8 млн. сомго айылдардагы чакан ишкердик менен алектенген жаштар 29 ишкана түптөлөт. Учурда облус аймагындагы 21 чек аралаш айылда 23 чакан ишкана  ачылды. Мында автоуналаарга техникалык кызмат көрсөтүү, дөнгөлөк желимдөө, коомдук  тамактануучу жайлар,  ишкана, компютердик кызмат сыяктуу айыл шартына ыңгайлашкан долбоорлор колдоого алынган.  Мындай чакан ишкерлер чек аранын эки тарабындагы жарандар үчүн да бирдей кызматкөрсөтүү менен достукту андан ары чындоого салым кошуу ниети бар.Мындай демилгелер ынтымакты бекемдеп, жаштарга дем күч берип эле калбастан айылдыктар  үчүн да жергиликтүү казына үчүнда экономикалык пайда алып келет. Бул демилгени эл аралык уюмдар эле эмес  жергилктү бийлик да кызыктарбыз дейт чек арадагы Жаны Жер айыл аймак башчысы Саатбек Эгембердиев

-Чек арадагы жолдун жээгинде шлакоблок чыгарган ишкана ачылды,  мал базарыбыз бар, СТО, дөнгөлөктөрдү желимдөочү жайа бар. Ушундай чек арада калкка кызмат көрсөтө турган жайлардын көп болгону жакшы. Себеби трансграничный торговля деп койот ошондой жакшы өнүккөн. Бул өнүккөнү жакшы себеби чек арадагы калктын экономикасы көтөрүлөт. Бул негизги тирек да.

Чек аралаш аймакта жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жеткирилген ар кандай маалыматтын да орду чон экени айтылып келет. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарына жакын жерлерде иштеген журналисттер көпчүлүк учурда бейтарап болалбай, аракет кылса да экинчи өлкөнүн же расмийлеринин көз карашын маалыматын камтый албай бир тараптуу же экинчи тарапты күнөөлөгөн макалалары менен чектелип калган учурлары көп эле кездешет. Кээде мындай маалыматтар ымаланы чныдоого караганда тескери таасири жогору болуп кетет.  Баткен районун Көк-Таш айылы менен чектеш Тажикстандын Чорку айылында жашап, иштеген саясий баяндамачы, талдоочу  Ниматула Мирсаидовдун айтымында эки өлкө жарандар ортосундагы мамилесинде жергиликтүү журналисттердин сөзү өтө маанилүү.

-Кээде журнаисттердин макалалары бир тараптуу, көбүнэсе экинчи тарапты күнөөлөгөн маанайда даярдалып калат. Мен ойлойм мындай журналисттердин атайын даярдыгы   эки өлкөнүн, чек арадагы жарандардын мамилесине доо келтирбей тургандай аракет жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ансыз да чыңалууда турган чек арада жашаган жайкын тургундар үчүн журналисттердин ар бир сөзү өтө маанилүү таасир берет.

Акыркы мезгилдерде Кыргызстан менен Тажиткстандын чек аралаш аймактарында жөнөкөй тургундардын мамилеси, өз ара байланышы жакшыргандай  байкалат. Буга мисал Кыргызстан менен тажикстандын чек арасында 2015-жыл ичинде алты жолу курал колдонуу менен чыр катталса, 2016-жылы 2 жолу  ок чыгарылган. Быйылкы жылы курал колдонулган жанжал, тирешүүлөр катталган эмес.   Бирок Кыргызстан бажы биримдигине кирип, кошуна Тажикстан азырынча бул биримдикте жоктугунан соода сатык маселесинде, аткезчилик менен жүк ташыгандар жаатында  дагы деле маселелер калып турат.

Жениш Айдаров, Баткенден атайын IWPR  радиосу үчүн.

Күздө өтчү президенттик шайлоо буга чейинкилерден айырмаланып өтө кризистик учурда өткөнү жатат дешет байкоочулар. Терроризм, коом ичиндеги ажырым, диний фактор келе жаткан шайлоонун негизги коркунучтары аталууда. 

2017-жылы Кыргызстанда  Миграция кызматы тарабынан качкын макамы 9 адамга гана берилген. Бирок өлкөгө жыл сайын 200-300 адам башпаанек сурап кайрылышат. Негизинен Кыргызстанга Афганистан жана коңшу өлкө жарандарынан көп арыздар түшөт. Сириядагы абал курчуганы ал өлкодөн дагы башпаанек сурап келгендер саны өсүүдө.  Кыргызстанда качкындар укугу сакталабы? Алардын кандай маселелери бар? 

Биз адамдын өткөн тарыхын карашыбыз керек, өткөн тарыхында кандай болгон анан бүгүнкү сөзү менен дал келип атабы же жокпу. Эгер дал келип аткан болсо анда ошого ишенишибиз керек. Эгер дал келбесе ага ишенбешибиз керек, аны дагы беш жыл күтүшүбүз керек. Эгер элдин сабаттуулугу жогорулай турган болсо, биздин саясатчылар барып-барып адамды диний сезимдери аркылуу алдай албай калышат”, — деди CABAR.asia аналитикалык порталына берген маегинде экс-муфтий Чубак ажы Жалилов.

Соңку кезде дүйнө кезген кыргыз жарандарына паспорттук көзөмөл күчөдү. Түркия жана Россияда орун алган терактарга катышкандардан кыргыз паспорту чыгып, бул кыргызстандыктарга ишенимди кетирип жаткандай. Ал арада Кытай дагы кыргыз жарандарына виза берүүнү тааталдантты, буга  Бишкектеги элчилигинде былтыр болгон жардырууда себеп болгону айтылууда. Кененирээк кийинки макалада.

Автор: Элеонора Сагындык кызы 

Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандарына, анын ичинде кыргызстандыктарга виза берүүнү катаалдантты. Терроризмге каршы жаңы мыйзам күчүнө кирип, эми Кытайга иш-сапар же туристтик максатта барууну каалагандар Кытайдын тийиштүү органдарынан атайын чакыруу алуусу шарт. Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев 19-майда өткөн Социал-демократтар фракциясынын жыйынында бул былтыр 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигине болгон кол салуу менен байланыштуу экенин четке каккан жок.

“Былтыр теракт болгондон кийин виза берүү кыйын болуп калды. Кытай 16-февральдан тарта кытай элчилиги виза берүүнү жандантты. Кытайда экстремизм жана терроризмге каршы туруу тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык виза алчу адамдар биометрикалык маалыматтарын бериши керек. Дагы маектешүүдөн да өтүшү шарт. Кун сайын кыргызстандык кырк кишидей виза алып атышат. Бирок процедуралары ушинтип татаалдашып калды. Бирок азыр жеңилдетүү жагын сүйлөшүп атабыз”, — деди Эмил Кайкиев.

Эске салсак,өткөн жылы Түркияда кытайлык уйгурлар делген адамдардан Кыргызстанга таандык 98 паспорт табылган. Түркия бийлиги азыркыга чейин ал паспортторду Кыргызстанга жөнөтө элек. Бул себептүү ал паспорттор жасалмабы же чынбы, чын болсо ким тарабынан берилген тактоо кыйын болуп турат.

Ал арада кыргызстандык жарандар чек араларды кесип өтүүдө бир катар кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышкандыктарын айтууда.

Жеке ишкер Жума Абдуллаев жакында эле Европага иш сапар менен барып, кайра Кыргызстанга кайтып келе жатканда Россиянын Шереметьево аэпортунан тыкыр текшерүүгө кабылганын айтып берди:

“Кечээ Шереметьево аэпортунда 3,5 саат кармалдым. Бул менин паспортума эмес, менин паспортумдагы башка өлкөлөргө баргандыгымды далилдеген штамптарга байланыштуу болду. Ал өлкөлөр боюнча көп суроолор беришти. Өзгөчө Түркияга, Сауд Арабияга эмнеге барганыма кызыгышты. Мен Чехиядан келе жаткам, ал жакта эмне кылып жүрдүң деп сурашты. Болор-болбогон кызыктай суроонун баарын беришти. Мисалы, эмнеге арыктап кеткенсиң деген да суроо болду”, — деди Абдуллаев.

Эске салсак, быйыл 3-апрелде Санкт-Петербург шаарында  метродо теракт орун алып, андан 14 киши каза таап,  ал үчүн 21 жаштагы кыргызстандык  Акбаржон Джалилов айыпталган.

Ошентсе да Жума Абдуллаевдин айтымында паспорттук көзөмөлдөн өтүп жатканда мындай текшерүүгө ал биринчи жолу кабылып жаткан жери жок. Бир жарым ай мурда ал Түркияда да текшерүүгө тушугуп, кошумча суроолорго жооп берүүгө аргасыз болгон.

“Кыргыз паспортуна байланыштуу түйшүктөр болуп жатканын угуп атабыз жана башыбыздан да өткөрүп жатабыз. Өткөндө Түркияга барганда да көпкө сурашкан. Чек ара кызматкеринин жанындагы Түркиянын атайын кызматынын өкүлү болсо керек, ал киши мага түшүндүруп айтты: “кечирип коюңуз террорчулукка катышкандардын баары эле Кыргызстандын жарандары болуп чыгып атат, ошондуктан ушундай чарага аргасыз болуп жатабыз”, -деп, кечирим сурап өткөргөн. Ошондо мен Туркиянын чек арасынан өтүп жатканда аэпорттон биз менен чогуу барган 10-11 кишинин ушундай өзгөчө бир текшерүүгө алышты. Ал жигиттер жаш болгондугунан уламбы, айтоор, аларды атайын бөлмөгө алып кирип, көпкө чейин сурашты”,- деди Жума Абдуллаев.

Быйыл жаңы жылга караган түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгарып, андан 39 адам каза болгон эле. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчу тобу өзүнө алып, ал эми террорчудан кыргыз паспорту табылганы айтылган. Бирок кийинчерээк Кыргызстандын атайын кызматтары кылмышка шектелген кыргыз жараны Яхья Машраповдун бул ишке тишеси жоктугу аныкталганын тастыктаган. Ошентсе да кыргызстандык террор жасады деген маалымат Түркиядагы алдыңкы ММКларга тарап кеткен эле.

Ага чейин 2016-жылдын 28-июнь түнү Стамбулдагы 40тан ашуун адамдын өмүрүн алган аэпорттогу терактты уюштургандардын арасында кыргызстандыктар болушу мүмкүндүгү тууралуу да түрк маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда үч жанкечтинини бирөөсү кыргызстандык делип, ал тургай Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбул аэропортундагы жардырууларга шектелгендер арасында кыргызстандык бар экенин жар салганы бар.

Буга кошумча былтыр 2-июлда ушул эле  аэропортто “Ислам мамлекети” террорчул тобуна мүчө деп шектелген эки адамдын жанынан Кыргызстандын паспорттору табылган.

Мына ушундай окуялардан кийин Түркиянын күч органдары кыргызстандыктарды тыкыр текшерүүгө өткөндөй.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери Мелис Эржигитов айрым учурда террордук кылмышка шектүүлөрдө чындап эле кыргыз паспорттору чыгып жаткандыгын моюндайт.

“Кыргызстандын жарандыгын тастыктаган паспорт менен кармалыптыр деген маалымат эл аралык ММКга чыккандан кийин эле өз текшерүүлөрүбүздү баштайбыз. Айрым учурда ал адамдар чынында эле эле паспорт ээлери болуп чыгат. Көп кыргызстандыктарда кош жарандуулук деген бар. Мисалы, Россияда орус жарандыгын алган кыргызстандыктар бар, бирок алар ошол эле убакта кыргыз жарандыгынан баш тартышкан эмес. Ошол адамдар кандайдыр бир кылмыш менен кармалса, биринчи кезекте анын кыргыз паспортун атайын көрсөтүшүп, прессага ошону жарыялашат”, — деди Мелис Эржигитов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматкери өлкө аймагында жасалма паспорт жасап кармалгандар буга чейин болбогондугун, бирок ар кандай көз боемочулуктар менен чын паспортко ээ болгондор болуп келгендигин белгиледи.

“Чыныгы паспортту жасалма, жалган документтер, справкаларды топтоо менен алган учурлар буга чейин катталган. Мисалы, туулгандыгы тууралу кубөлүктү жасап же болбосо сатып алып, ар кандай жолдор менен паспортко керектелүүчү документтерди топтоп, чыныгы паспортту алган учурлар дагы бар. Ушундай системага бөгөт кою үчүн  Мамкаттоо кызматы алдындагы бардык кызматтарды электрондук форматка өткөрүп,автоматташтыруу тапшырмасы коюлган. Электрондук биометрикалык паспортторго өтүү ошол тапшырманын ишке аткарылышы”, -деди ал.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-2016-жылдар аралыгында мыйзамсыз паспорт берүү жана жасоо фактысына байланыштуу 228 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу 17-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

УКМК, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы козгогон жалпы иштердин 125 сотко өткөрүлсө, 50дөйү боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.

Жогорку Кеңеш депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандын паспортторун жасаган трансулуттук кылмыш тобу бар экендигин, ал тургай кыргыз паспорттору башка өлкөлөрдүн “мыйзамдагы ууруларынын” колдоруна чейин өтүп кеткендигин белгилейт.

“Кыргызстандын паспорту бул улуттук атрибут, анда “паспорттун ээси Кыргыз Республикасы” деп жазылып турат. Бирок биздин паспортту кимдер көтөрүп жүрөт? Грузиядагы “мыйзамдагы уурулар” Илья Самсония, Роман Борбакидзе, Таймурас Сантерашвили алып жүрөт. Мындан башка Өзбекстандагы диссидент Умурали Куватов, Бишкектеги кылмыш үчун шектелип кармалган орусиялык кылмышкер Ян Лебедевде кыргыздын паспорту чыккан жана башкаларын айтпай эле коеюн. Ал тургай сөз бар бардык грузидендерде кыргыз пасспорту бар деген”, — деген эле 1-февральда депутат Мирлан Жээнчороев Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында.

Ошентип, кыргыз паспортунун жүзү барган сайын терроризмге байланып барат. Аны эл аралык кылмышкерлер бир колдонуп ыргытып жиберүү үчүн кенен колдонууга өткөндөй. Андан ириде, карапайым кыргызстандыктар запкы тартып, эки-жакка чыгууда убара тартууда. Ушинтип отура берсе бара-бара кыргыз паспортунун баасы эмес куну да кетери бышык нерсе.

Намояндагии Институти инъикоси ҷанг ва сулҳ (IWPR) дар Тоҷикистон, дар ҳамдастӣ бо Вазорати корҳои дохилии Тоҷикистон, Дафтари Ваколатдор оид ба ҳуқуқи инсон ва созмони Эътилофи ҷомеаи шаҳрвандӣ зидди шиканҷа ва беҷазоӣ дар Тоҷикистон, силсилаи лексияҳои озодро барои кормандони Шӯъбаҳои вазорати корҳои дохилӣ ШВКД-ҳо дар ноҳияҳои тобеи марказ (Турсунзода, Шаҳринав, Файзобод ва Роғун) ва ду ноҳияи вилояти Хатлон (Данғара ва Темурмалик) доир намуд, ки дар он беш аз 200 нафар кормандони милитсия ширкат намуданд.

Бул тренинг-машыгуулардан ɵткɵн министерство жана ведомстволордун кызматкерлери мектеп окуучулары жана  студенттер үчүң укуктук маданият боюнча лекцияларды жана презентацияларды ɵткɵрүшɵт.

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлиги Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Европа шериктештигинин колдоосу астында 2016-2020 жж. Кыргыз Республикасында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясынын алкагында журналисттер  арасында  Кыргызстандагы укук маданияттын жогорулатуу багытында жазылган мыкты журналисттик материал үчүн  жылдык  сынак жарыялайт.

Последнее

Популярное