© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Kyrgyzstan: Баткен: Житель Кадамжая обвиняет милиционеров в жестоком избиении

35-летний мужчина был задержан за пьянство и подвергся пыткам в участковом пункте. Его родственники пытаются добиться наказания работников органов правопорядка.  

Автор: Жениш Айдаров, корреспондент Радио Азаттык по Баткенской области.

Это расследование вышло в рамках сотрудничества с Бюро журналистских расследований IWPR.

Статья приводится на кыргызском языке.


Баткен: Милицияга кезектеги доомат

 Кадамжай районунун Өрүкзар айылынын 35 жаштагы тургуну базарда  мас  болгону үчүн милицияга кармалып, ичегилери эки жеринен айырылып бөйрөгү жабыркаганча ур-тепкиге кабылганын айтып чыкты.

Нургазы Сарытаев  2016-жылдын  29-июнь күнү  Кадамжай районуну өзү жашаган Өрүкзар айылына жакын жердеги «Торговый» базарына барып теңкурлары менен жолугуп,  спирттик ичимдик ичишкен. Түштөн кийин кечке жуук «Өрүкзар» аймактык милиция кызматкерлерине кармалып, ошол жерде жакындары кабар таап барганча бөлүмчөдө болгон.

Анын айтымында милиция кызматкерлери колдорун кармап берип бирөөсү жалаң ичке тепкилеген. Жакындары түнкү саат  бирлерде барып, милиция бөлүмчөсүнүн башчысына 5 миң сом акча берип  бошотуп алган учурда  абалы оор болгонунан жергиликтүү дарыгерге жеткиришкен.

Айылдык дарыгер абалы оор экенин, райондук орууканага жолдомо берип тез арада жетишин айткан. Туугандарыны жардамы менен эртең менен саат 8де Нургазыны Кадамжай райондук орууканасына жеткиришип, дарыгерлер дароо операция жасаганга мажбур болушкан.

Нургазынын айтымында, баштап милиция кызматкерлери кылган ишин моюнга албай жатып эми ортомчу салып жарашалы, прокуратурага жазган арызыңарды кайра алгыла деп жатышат дейт.

«29-июнь күнү базарга барганбыз. Ал жерден  керектүү иштеримди бүтүрүп анан достор жолугуп калып, бир аздан ичтик.  Достор таркап кеткенден кийин мени милиция кармап калды. Ал десем да болбой, бул десем да болбой мени милициянын бөлүмчөсүнө алып келишти», – деп эстейт Нургазы Сарытаев.

 

«Эки милиция эки колумдан кармап турду, Нарбото деген милиционер ичке текилеп кирди, – деп улантат Сарытаев. – Бир жолу катуу тийкенде көзүм караңгылап өзүмдү жоготупмун. Кийинчерээк көзүмдү ачсам караңгы жерде жатыпмын. Сырттан туугандарым менен жездем келишкен экен. Алар ошол Нарбото менен сүйлөшүп жатышты. Ал «чыгарбайм» дейт. Анан беш миң сом алып кел деп авама чалдык, ал акчаны алып келгенде анан бошотту».

Сарытаевдин айтымында, милиция бөлүмчөсүнөн чыккандан кийин баса албай калды; туугандары жетелеп алып дарыгерге алып барышты.

«Болбойт бул жерден, дарылай албайм, районго барыгыла» деди. Анан райондук орууканага эртең менен келдик, дароо операция жасашты. Баштап милициялар ишин моюнга албай, жакын жолотушпай жатышты эле. Кийинчерээк ортого киши салышты. «Каражатын төлөйлү, прокуратурадан арызыңарды алгыла» дешип. Мен эми кандай болсо да, жакшы болуп оруукандан чыгып кетсем, сакайып кетсем болот эле», – деп айтат Нургазы Сарытаев.

Нургазы Сарытаев  2016-жылдын 30-июну күнү эрте саат 8де Кадамжай райондук орууканасына оор абалда келген, дарыгерлер дароо операция чечимин кабыл алышкан. Ичектери эки жеринен беш сантимердей айрылып, бөйрөгүнүн айланасына кан уюп калган экен.

Орулууну  карап турган дарыгери Азизбек Искендеров аларга Сарытаев  келгенде атайын шаймандар менен текшерип көрүп ичинде суюктук топтолуп калганын аныктап операция жасаганын айтты.

«Ичинен 1,5 литрден ашуунраак кан алдык. Анан бөйрөгүнүн жанында дагы кан уюп калган экен, – деп айтат Искендеров. – Колубуздан келгенин баарын жасап жатабыз. Таяк жедим дегенинен дароо милицияага маалымат бергенбиз».

Бул окуя боюнча милициянын атайын каттоо китебине 30-июнь күнү эле катталган. Ошол эле күнү жабырлануучунун жакындары  райондук прокуратурага милициянын үстүнөн арызданганынан улам ишти прокуратура карамай болгон. Бирок, 12-июлга чейин чейин кылмыш ишин козгоо чечими чыкпай эки жолу экспертиза дайындалып, бул учур боюнча 13-июль күнү райондук прокуратура кылмыш ишин козгоп облустук прокуратурага өткөрүп беришкен.

Кадамжай райондук прокурорунун жардамчысы Руслан Жакыповдун айтымында, бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, облустук прокуратурага өткөрүлүп берилген.

«Сарытаев Нургазы орууканага түшкөн күнү эле апасы бизге арыз менен кайрылган. Ишти карөө мөнөтүн бир жолу узарттык. Анктени экспертиза жыйынтыгы тоолук чыкпай калганынан ушундай болду. Эми облустук прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүп жатат», – деп айтты район прокурорунун жардамчысы.

Окуя катталганына  эки жумадай  өтсө да жакыш жыйынтык болбогонунан улам жабырлануучунун жакындары жалпыга маалымдооо каражаттарына кайрылып, абалды коомчулукка жарыялоону туура көрүшкөн. Антпесе иш жабылуу боюнча калып кетет деп чочулашкан.

Нургазынын апасы Карачач Сарытаева  бир аз арак ичип алган кишини эле ушунча тепкилениши мыйзамга, адамгерчиликке да туура келбейт, мындай ишке баргандар жазасын алышы керек дейт.

– Уулум денеси чымыр жигит өзү. Анан ошол күнү базарга барып достору менен  бир аз ичишкен экен. Милиция кармап алып тепкиледи деп айтты уулум. Эгер ушундай абал болсо  уулумдун ден соолугунан ойлонуп жатам. Абалы жакшы болбой жатат. Менин оюмча укук коргоо кызматкерлери бири-бирин колдоп ишти жаап коюшабы деп чочулайм. Бир жакшына 5 баласын багып, кара жумуш жасап жүргөн эле. Анан эми майып болуп калабы деп чочулайм. Ошол окуяга тиешеси бар делген милиция балдар келип кабар да алышпай, биздин тиешебиз жок деп жатышыптыр.

 

Милициянын жообу

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан бул окуя боюнча ички коопсуздук кызматы иликтөөнү баштаганын, милиция кызматкерлери окуяга тиешеси бар экени аныкталса тиешелүү жазага тартылаарын билдиришкен.

Ал эми окуяга тиешелүү деп жабырлануучу айтып жаткан Нарбото Курбанбеков болсо Өрүкзар айыл аймагындагы №24 административдик аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы. Ал болсо окуяны такыр башкача баяндайт. Анын айтымында ошол 29-июнь күнү «Торговый»  базарына жакын  жерде жайгашкан  «Техас» деп аталган кафенин ээси милиция бөлүмчөсүнө чалып мас абалындагы киши чыр салып жатканын айтып  чакырган.

– Бизге 29-июнь күнү саат 19:00дө кафеден коңгуроо кылып чакырышты. Биз барган учурда ал жигит өтө мас абалында экен. Ошол жердегилерге тынчтык бербей, автоунаасын жолго туурасынан коюп коюп жыйналып турган отундарды аралап жыгылып-туруп жүргөн экен. Анан ошол жерден өтүп бараткан тракторго жол бербей кичине кытай трактору экен  астынан көтөрүп, ары-бери өткөндөргө тынтчык бербей жатканынан кафенин ээс короодо 7-8 метрлик ор (чуңкүр) казылган экен ошого түшүп кетеби деп чочулап бизге чалган экен. Аны алып келдик да бөлүмчөдөн мыйзам талаптарына ылайык протокол толтуруп, жакынкы ПМК айылындагы орууканага алып барып, доктурдан ичкендиги боюнча кароодон өткөрдүк.  Кайра бөлүмчөгө алып келдик. Убактылуу кармочу жайдын темир эшиктерин тепкилеп бул жерде да тынч отурбады. Бизге келгенине эки саат болгондо биз менен чогуу ПСНде иштеген жердеши бар эле ошол айткан экен бир агасы менен жездеси келди. Бизге арыз түшкөн, талкаланган бюмдар бар ошолор боюнча эртең териштирүүнү жүргүзөбүз деп биз туугандарына кошуп жөнөттүк. Ошондо саат 21 болгон эле. Баары жакшы эле кетишкен болчу. Бул  жерде анын жердеши да бар бизде иштеген, күбөлөр бар. Кантип бутунда туралбай баары кийими чаңга буланып, ылай болуп жүргөн кишини биз  кантип тепкилейбиз.  Биз болгону чакыруу менен барып, коомчулуктун тынчтыгы үчүн кызмат кылып жатып ушундай жалаага туш болуп калдык. Ал жигит өзү  балким жанакы тракторду көтөрүп жатканда же ар нерсени тепкилеп жүргөндө ичине зор келип ичектери жабыркадыбы аны билбейбиз да. Анан  ушинтип кызмат деп жүрүп жок жерден жаман ат алуу мен үчүн да кыйын болуп турат. Бары боюнча күбөлөр бар. Кафенин ээси да трактор боюнча, жолду торогону боюнча да элдер көргөн. Биз да мыйзамдын, атайын эрежелердин негизинде иш алып барабыз. Анан кантип ушундай болот эле. Айткандарыны баары жалган жалаа болуп жатат.

 

Күбөлөр эмне дейт?

 

Ошол окуя болгон күнү Нургазыны алып кетүү үчүн милиция кызматкерлерин «Техас» кафесинде иштегендердин бири чакырган. Анктени нургазы масс абалында аталган кафе аймагында ары-бери үнүн кату чыгарып айланып жүргөн. Мындан тышкары кафенин короосунда саркынды суулар чогулчу терендиги 5-6 метр болгон чуңкурга түшүп кетүү коркунучу да болгондуктан кырсык болуп кетпесин деген максатта күч кызматтары чакырылган.

-Ал  мас абалындагы киши ким экенин тааныбадык биз. Бул жердеги тракторду айдаганга жолтоо болуп ары бери өтүп жүрдү. Кетип кал дегенге макул болбой кайра бизди укпай ары-бери өткөндөргө жолтоо болуп турду. Анан кафенин отундар жыйналган тарапка өтүп жылыгып кетип бир нерсе болобу же тамактанууга келгендер менен чырлашып кетип бир нерсе чыкпасын дедик. Корообузда саркынды суулар топтолчу чуңкур бар болчу. Ага түшүп кетсе дагы кокустук болмок. Ошол кечке жуук чакырганыбыздан кийин милиция алып кетти. Жыгылып туруп, ары-бери кыйкырып  жүргөн болчу. Колуна таш кармап жүргөнүнүн да көрдүк дешти, –дейт кафе кызматкери.

Жабырлануучудан, анын окуясы боюнча иштин жүрүшүнөн кабар алганы барган акыйкатчынын өкүлү жана кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлү прокуратура кылмыш ишти козгоону кечендетишине алымсынбай, окуяны акыр аягына чейин көзөмөлдөп турмай болушту.

Кызматтар эле эмес коомчулук да мындайа иштер менен кабарадар болуп, көзөмөлгө  алышы керек дейт акыйкатчынын облустагы өкүлү Хаитали Айкынов.

– Бул окуя боюнча айта турган болсок, прокуратура кызматкерлери өзү айткандар Нургазы Сарытаевдин оор жарат алганы өзү эле кылмыш ишин дароо ачууга негиз болот. Эле бирок алар эки жолу экспертиза дайындашып, ишти козгоону бир аз кечендетишти. Бирок булл окуяны биздин кызмат да ошол эле учурда коомчулук да көнүл сыртында калтырбайа көзөмөлгө алышыбыз керек.

Акыркы учурда коомчулукта да укуктук маалымат жогорулап жатат. Мурдараак күч кызматтары, укук коргоо кызматкерлеринен жабыркагандар  унчукпай кала беришчү. Эми болсо мындай учурлар дароо ачыка чыгып жатат.  Анны коомчулук менен атайын тийиштүү кызматтар көзөмөлгө алып мындай учурларга жол бербешибиз керек дейт.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: