© CABAR – Центральноазиатское бюро по аналитической журналистике
При размещении материалов на сторонних ресурсах, гиперссылка на источник обязательна.

IWPR Kyrgyzstan: «Активдүү жарандык поцизия. Жарандардын укуктары» лекция

Бишкек шаарында «Активдүү жарандык поцизия. Жарандардын укуктары»  деген темада  Бишкек Гуманитардык Универститетинин базасында «Лидер» жаштар клубунун мүчөлөрү үчүн лекция уюштурулду. Ага 40 студент катышты.

«Лидер» жаштар клубу Кыргызстан боюнча 300гɵ  жакын студенттерди бириктирет. Клубдун мүчөлɵрү КМУУ, КРСУ, КТУ, КГЮА, БГУ  сыяктуу жогорку окуу жайларынын, Нарын, Жалал-Абад, Ош шаарларындагы универститеттердин түрдүү факултеттеринин студенттери болуп саналат.

IMG_7835Лекцияны политолог, эл аралык мамилелер боюнча магистр жана жарандык активист Бурул Усманалиева окуду.

Лекциянын башталышында студенттер «жарандык активдүүлүк»  темасы боюнча өз ойлорун, өз пикирлерин ортого салышты.  Андан кийин лектор жеткиликтүү тил менен, мисалдарды келтирип, жарандык активист болуу эмне экендигин жана кандай укуктар бар экендигин, ошондой эле студенттерге ал укуктарды мыйзамдын чегинде кандай колдонуу керек экендигин кеңири айтып берди. Качан алар өз укуктарын мыйзам чегинде колдоно алышканда гана коомду оң жакка өзгөртүүгө боло тургандыгын айтты.

Жаштар митинг темасына кызыгууларын көрсөтүшүп, анын канчалык мыйзамдуу экендигин сурашты. IMG_7837

«Албетте,  ар бир адам өздөрүнүн нааразычылыгын жана ɵзү  же анын бир тууганы бийлик, соттор тарабынын адилетсиз мамилеге тушугуп жаткандыгы жөнүндө ачык айта алат.  Ал эми силердин милдетиңер активдүү жарандык позициясы бар адамга түшүнүү менен мамиле кылуу», – деди Бурул Усманалиева.

Лектор жаштарга Кыргызстандагы бир топ белгилүү жарандык активисттер жөнүндө айтып, андан сырткары дүйнөнү жакшы жакка өзгөртө алган дүйнөлүк инсандарды мисалга келтирди. Ал Мартин Лютер Кинг, Махатма Ганди, Маргарет Мид жана башка белгилүү инсандардын айткандарынан үзүндүлөрдү келтирди.  Студенттердин айтымында, Бурул Усманалиева тарабынан даярдалган лекция жаштарга чоң дем берип, алардын «Лидер» жаштар клубу аркылуу жарандык активдүүлүктү өнүктүрүү ишмердүүлүгүн андан ары улантууга кызыгуусун арттырды. Студенттер бул темада лекциялар түрмөгүнүн улантылышына катуу кызыктар экендигин билдиришти.

IMG_7898

 «Лекция мыкты болду, жарандык укуктар жөнүндө көп кызыктуу нерселерди билдим. Эң негизгиси, мен жаран катары өз укуктарыма жана милдеттериме байланышкан билимимди тереңдете алдым.  Ошондой эле, Бурул Усманалиеванын чечендик талантын белгилегим келет. Мыкты даярдалган лекцияны угуу өтө кызыктуу болду, лектор да маалыматты туура бере алды», – деп өз оюу менен «Лидер» жаштар кыймылынын мүчөсү Исабекова Гульшат бөлүштү.

Сообщить об опечатке
Текст, который будет отправлен нашим редакторам: